Жолдубек Качкынбаев: Кызганыч (№130)

АҢГЕМЕ

Моюнга жүктөлгөн милдетти аягына чыгарбай, түштөн кийин эле иштен чыгып кете бердим. Жолдо карай орошон ойго чөмүлүп, демейде жарым саатта жетип барчу үйүмө жетүү кыйын болду. Кесибимди канчалык жакшы көрсөм да, кээде жумушка баргым келбейт. Ишимди башка жерге котором деп, бирок такыр эле чыгына албадым. Же жолдошумдун таап келгенине шүгүр деп, ач кулактан тынч кулак үйдө жата албайт экенмин...

Иттер артыман үргөнүн токтотподу. Ичи тардык жана көралбастык адамдын табиятында бар нерсе окшобойбу. Бирок өлчөмү менен себеби ар адамда ар башка болорун байкадым. Оң тарабымда отурган Айданын ичи тардыгы ачык эле билинип турат. Томпоюп толмоч, кыска бойлуу, ак жуумал келин. Анын кулк-мүнөзүн беш жылдан бери жаттап бүттүм. Ал менин бир аз топтогон байлыгыма көз артып жүрөт. Саадат, азамат! Жакшы иштеп бутуна туруп алды, мен дагы аракет кылып, ал жеткен нерселерге жетейин, баарыбыз бардар турмушта жашайлы дебейт. “Менде жокпу, демек, анда да болбошу керек”,  – деп теңирден тескери ниет кылат. Ал өзүнө жакшылык тилебей эле, башкалардын бар нерсесин кыйратууну каалайт. Кез-кезде мени басынтып, артыман чубалтып ушак сүйлөп коёт. Анын оозунан жакшы сөз угуу кыйын. Бирок бул кыздын бир жакшы жери – мага ачык душман, карасанатайлыгы даана байкалып турат.

Ал эми сол жагымда отурган Үмүттүн котур ташы койнунда. Көрсө, Үмүт тымызын жайлайт экен. Анан калса ай менен нурдан бүткөнсүп сулуулугун айт. Кыяпатын көргөн киши ичинде арамдыгы бар деп такыр ойлобойт. Жаман сөз сүйлөбөйт, күчтүү тараптарымды мактап-жактап эле турат. Ал жанагы Айда өңдөнүп, менин материялдык жетишкендиктериме кызыкпайт. Керек болсо менден жакшы турат. Бул дүйнөдө кимге эмне жетишпесе, ал ошону издейт экен.

Үмүт мени иш жаатында атаандаш көрөт. Анда тигүүчүлүк жөндөм бар, бирок чыгармачылык менен издене албайт, жаңы нерселерди жаратуу жагынан аксайт. Мен аны мыкты дизайнер эмес, дасыккан тигүүчү катары билем. Кийим тигүү жагынан алдыга ат салдырбайт жана ыкчам кыймылдайт. Бирок дизайнер болгусу келип жүрөт. Албетте, бул өз каалоосу. Буга эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок. Бирок менин жинимди келтиргени – бул мени туурап, кайталап эле отурганы. Мен кандай машине минбейин, ал дагы ошондой машине айдагысы келет. Көтөргөн телефондорубузду айтпай эле коёюн, мен кийинген дүкөндөрдөн кийинет.

Башында маани берчү эмесмин, табитибиз бирдей го деп кубанып койгом. Кийинчерээк чыныгы жүзүн көрө баштадым. Жүзүмө жаркылдап күлүп сүйлөгөнү менен, артымдан канжар сайып жүрүптүр. Кечээ жакында эле аялдар үчүн дайындаган жазгы коллекциямды шылтоо кылып жетекчиликке барып, бетиме көө шыбаптыр.

Таңга маал ишке адаттагыдай эле күлүп-жайнап кирип келгем. Түшкө чейин жаңы көйнөктөрдүн үстүнөн иштедим. Кыздар менен көп деле баарлашкан жокпуз. Сөөмөт куруунун убагы эмес эле, анткени жакын арада болор көргөзмөгө даярдыктар кызуу жүрүп жаткан. Бир кезде жетекчилик мени өзүнө чакыртты. Маанилүү иштер бар болсо керек деп баргам. Көрсө, Үмүт чындыкка дал келбеген нерселерди келжиреп, менин ишмердигиме байланыштуу жалган маалымат бериптир. Анысын кайдан билейин, жетекчинин оозунан шумдук сөздөрдү угуп, үстүмөн муздак суу куюп жибергендей эле отуруп калдым. Эки бетим кызарып, уятымдан жерге кирип кетейин дедим. Бирок актанып, эч нерсени далилдөөгө ашыкпадым.

Бул маалыматтын жашыруун түрдө түшкөнүп айтып, кимден экенин айтпай койду. Бирок тынч отура алган жокмун, катчы менен болгон мамилем жакшы эле, ал кыз мага болгонун болгондой айтып берди.

Ушунчалык ызаландым, арабызда мындай адамдар бар экендигине ыйлагым келди. Азыр барып терисин тескери сыйрычу абалда элем, бирок өзүмдү кармадым. Адамдын табиятында болгон нерсени өлүп берип да өзгөртө албайсың. Эч нерсе болбогондой барып, анча-мынча оокат жайымды жыйнадым да, эч кимге кош дебестен чыгып кеттим. Үйгө жетер-жеткиче түрдүү ойлор курчап алды. Эттеп астанамды аттаар менен душка кирдим. Андан соң өзүмдү жаман ойлордон алаксытуу максатында сыналгыны сайдым. Экранды карасам эле кино башталып калыптыр, ага үңүлүп отура калдым:

Эки кошуна.

Көчөдөн атчаны да, жөөсү да тынбайт. Алар боз топуракты таптаганда чаң-санга чейин көтөрүлүп, бир саамга алай-дүлөй болот да, жел менен желпип учуп, кайра эле жерге түшөт. Ошо топурак-чаңды сапырып, көчөнүн так ортосу менен колуна баштык кармаган Айнаш келетат. Анын жашоосу кудайга шүгүр, үстүндө үйү, астында арабасы жана баарынан кымбат үй-бүлөсү бар. Жашы элүүдөн ашса да, ыркыйып арык. Жүзүнө бир аз бырыш түшпөсө эле, кыяпатында сөз жок: кашы-көзү чийилген, моюнунда бермет. Ага жанагы үйдөгү кичүү кыз кам көрүп жүрөт. Бирок жашоосу жайдары эмес. Аркы-беркини ойлой берип, ден соолугуна деле анча көңүл бурбай калган. Ал ушу Бакастын үйүнө келин болуп келгени, көр оокат менен алышканы-алышкан. Мына, азырда телпеңден тиги Бурмакан жеңесиникинен келетат.

– Ой, эмне мынча көпкө жоголдуң? – деди короодо чылым чегип отурган абышкасы. Айнаш колундагы баштыгын үйдө жүргөн кызга берди да, күйөөсүнүн жанынан орун алды.

– Ой, ылдыйкы жеңем кетирбейт, абамдар жаңы эмерек алган турбайбы, ошону жууду, – деди көңүл кош. Бир саамга экөө тең үн жок, сөз жок отурушту. Бирок унчугушпаганы менен абышкасы анын оюн айттырбай эле окуп турду.

Айнаш оокат кылам деген аял. Өзүнүн кыйындыгы менен эрин киши кылып, өргө сүйрөгөнү ырас. Таң, эки көзүн алайтып эле кошуналарын аңдып, алар менен атаандашып отурат. Ким үйүнө эмне оокат алса, үстүнө эмне кийсе Айнаш да ошону жасайт. Туура, элден кем болбош керек, элге тең болуш керек. Кыздары Москвада иштеп акчаны үзбөй салат. Эринин колу билет, айылдагылардын үй-жайын салып берген да ушу. Могу заңгыраган үйдү да мал-жанын сатып, өз күчү менен салды. Бирок экөөнүн куунак жүргөнүн көрүү кыйын. Анда-санда эле ээрчишип той-топурга, шеринеге барып калбаса, баштары иштен көтөрүлбөйт. Жайды жайлай, кышты кыштай жандары тынбайт.

Айнаштын атаандашканы тиги ылдыйкы жеңеси. Ал кошунасынын күйөөсү өкмөттө иштейт. Акчаны уучтап кармайт. Калган байлыктары тууралуу айтуунун деле кажети жок. Үйүндө мал-жанына каралашкан жардамчылары да жок эмес. Бирок тууган-туушкан, кошуна-колоңдор менен көп деле киришип-чыгыша беришпейт. Аларды эл деле жактыра бербейт. Анын үстүнө жанагы жеңесинин бир аз бой көтөргөн, анан мактанган жайы бар. Бирок ушунча байлыгы туруп, бир бирөөнө жардам бергенин эл көргөн эмес, же жанга көргөзбөй кайрымдуулук кылышабы, айтор, ал жагын кудайдан башка эч ким билбейт. Бирок эки кошуна ынак. Кез-кезде чай ичишет. Айылда болуп жаткан окуяларды талкуулашат. Анткен менен Айнашта жеңесине болгон кичине кызганыч жана ич күйдүлүк бар. Ал болгону кошунасына тең болгусу келет.

Эртеси эки кошуна ээрчишип базарга жөнөштү. Айнаштын эшигинин алдында эки жеңил машине токтоп турса да, ал жеңеси менен барууну чечти. Жолдо карай жеңеси алдыдагы пландары менен бөлүштү. Анын айтымына караганда, көл жээктен жер тилкесин алып, пансионат курушат экен. Ооба, жакшы. Күйөөсү акчаны күрөктөп таап, биттин ичегисине кан куят. А жанагы Айнаштын эри бир аз айдатма. Ким билсин, ал деле майлуу-сүттүү жерде иштесе, Айнашты алаканга салып багат беле. Бирок багып эле келетат, колунан келгенин жасап эле келетат...

Эки кошуна базарды түрө кыдырып, толгон токой нерселерди сатып алышты, бир сыйра кийиништи. Жеңеси намыянындагы акчасынын үчтөн бир бөлүгүн коротсо, кайран Айнаш ага теңелем деп болгон акчасын коротту. Бирок Айнаш ал акчага күйөөсүн дарыгерге көрсөтөйүн деп жүргөн эле. Бир аз кыжаалат болду, анткен менен айла жок, эми бир аз күтүп туруу керек.

Жер бетин таптап жүргөн адамдар өзгөрдү. Адамдык асыл сапаттар, руханий баалуулуктар, таалим-тарбия акырындык менен экинчи орунга жылып, материялдык баалуулуктар алдыга чыкты. Ай алмашып, жылдар жылган менен эч нерсе өзгөргөн жок. Баягы көр оокат үчүн күрөшкөн жашоо улана берди. Айнаш акыры өзү каалаган нерселердин баарына жетти, анысы аз келгенсип оюнда дагы бир нерселер бар. Бирок күйөөсүн эбак ээсине берген.

Жарыктык киши жашоонун жыргалын көргөн жок. Чүрпөлөрүн чоңойтуп, окутуп-чокутуп эми сыйын көрөрдө акырын кете берди. Өлөрүн билген жок да, өмүрдүн ширенкенин талындай кыска экенин билгенде, такыр башкача жашап, ден соолугуна да кам көрөт беле деген ой кетет... Жеңеси эрин темир тордун артына узаткан. Элдин казынасына кол салып, карапайым элдин акысына кирип, мамлекетке зыян келтиргени үчүн 15 жылга кесилди. Көр дүйнөгө көзү тойбой жүрүп, балдарына да жарытып тарбия бербептир. Азыр энесинин сөөгүн агарткандын ордуна, чачын агартып отурушат.

Айнаштын дагы бир арманы эркек баласы жок эле. Бирок жээндери аны өз энесиндей эле көрөт. Шордуунун өмүрү элге теңелем деп эле өттү. Убагында жокчулуктун айынан билим албай эле күйөөгө тийген. Кээде ушу мугалимдикин окуп албай деп өкүнүп калат. Өзү эле жанталашып окуйм деп чыкпаса, аны ким окутмак эле. Турмушка деле сүйүп-күйүп чыккан эмес, окууну бүтүп-бүтпөй ала качып кетишкен. Карыганда эл-жер көрөйүн десе бир жагынан ден соолугу, экинчи жагынан оокаты мүмкүнчүлүк бербейт. Анда-санда ыйдыйкы жеңесине түшүп кобурашып калбаса, үйдөгү килейген чарбасын башкарып жатат.

Эртең менен табият жашын төгүп, күн бир топко чейин жаады. Айнаш керебетинен кыбырап туруп келип, сүттөп ысык чай ичти. Аба ырайы таасир эттиби, айтор, эти ысып, шалдырай баштады. Бирок чочулаган жок, баягы кантым кайра башталган экен деп, дарысын ичти. Бу жолу дары жакшы жардам бере албай, жаны катуу кыйналды. Чочулаган кызы тез жардам чакырды. Бирок анысы да кечигип отуруп, бир саат дегенде араң келди да, Айнашты салып кетти.

Бул тасма да менин оюмду өзгөрттү. Өмүрдү элге теңелет элем деп, байлык топтоо менен гана өткөрүп жибергим келбейт. Атаандаштык, көралбастык, кызганыч деген нерселер жакшы сапат эместигин билебиз. Бул адамдын өзүнө гана зыян алып келет. Кийин акыретте да бул иштерибиз үчүн жооп беребиз. Мен эми баягы ишиме басып барбайм. Мени менен иштешкилери келип жүргөн башка да ишканалар бар. Алардын бири менен келишим түзөм. Бирок ал жакта да биз сыяктуу адамдар иштейт. Бу жолу болгон жашоомду ачыкка чыгара бербей, сырларымды бекем катып, өтө этият болом.

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Çilek

    Аңгеме өз максатына жеткен,ар бир каарман менен адамдык касиетти ачып берүүгө үлгүрұптүр. Жасалма образдар,жасалма окуя эмес. Конкурстту жарыялагандарга терең ыраазычылык! Коом көмүскөсүндө калып кеткен курч сөздүүлөр калкып чыгып атат. Рахмат!

  • - Роза

    Ангеменин автору чыгармачыл чойродогу Адам экенин баамдоого болот. Ангемедеги корком баяндоо абдан ынанымдуу,окуяны кубалап окуган касиетке ээ. Чыгарма мага жакты,терен психологизм,ой толгоолор,корком боек каражаттарды чебер колдонгон. Авторго ийгилик каалайм

Комментарий калтырыңыз