Бибинур Жыргалбаева: Сизди жүрөгүмдөн табамын... (№133)

АҢГЕМЕ

Күн мээримге толгон жылуу нурларын дүйнөнүн бардык бурчуна бирдей таратып, жашоону жандантууга киришип жаткан учуру. Жагымдуу соккон жумшак жел, жаагы тынбай сайраган чымчыктар, таңкы шүүдүрүм жамынган жапжашыл чөптөр. Бактылуу адамдардын дагы бир кереметтүү таңы атууда, алар үчүн таң кадимки өткөн күндөрдүн бири болор. Бир гана чоң көчөнүн орто ченинде жайгашкан, көк дарбазалуу чоң үйдө жаңыдан ойгонгон Сумаяга эмес. Күндө көнүмүш эркелеткен салкын жел, ашыгып келе жаткан мээримдүү күн нурлары Сумаяга бүгүн өгөйдөй  туюлду. Жан дүйнөсүндөгү туюмдар, сезимдер, тааныган адамдардын баары жоголду, эми алардын баары бул кыз үчүн бейтааныш.

Аппак таң менен кошо дүйнө кайра башынан жаралып, мурдагы бар нерселер өзгөрдү. Аткан жаңы күн менен жашоосу кайра биринчи чекиттен башталып кетти. Кечээ жашап өткөн жашоосун, өзүн, көздөрү мээримге толгон апасын, түн ичи корксо колдорун кармап уктаган бир туугандарын, үмүтсүз жашоосуна жарык чачкан досторун, деги койчу, баарын унутту. Мээсинде сакталып турган эскерүүлөр абага сапырылган чаңдай жоголуп кетишти.

*     *     *

- Ата, кетпечи суранам. Кайда баратасың? Биз сенсиз кантип жашайбыз?! Атоу, күнөөлүү мен болсом өзгөрөйүн, кетпечи... Сен каалаган нерсенин баарын жасайын, кетпечи суранам... - Атасынын күчкө толгон колунан тартып, безилдеп кичинекей сары кыз буурчак-буурчак көз жаштарды төгүп жатат.

Болгон күчү менен кармап турган атасынын колдорун коё бергиси келбейт, коё берсе өмүр бою өкүнөм деген күчтүү ишеним көкүрөгүн кармап тургансыйт. Ый аралаш атасы кайда басса ошол жакка басат. Анын бүт дүйнөсүндө болуп жаткан чоң, татаал өзгөрүү эч кимге маанисиз болду. Мотуракай колдору ачуудан муздаган денесин бүт жылытса да, атасы кичинекей кызга көңүл бөлүп карабады. Ал кыз кайсы бир маселени чече албай бири-бирине ачуу кыйкырышкан апа жана ата үчүн ортодо жөн гана ыйлап турган наристе болду. Өзүн болуп жаткан жамандыктын баарына күнөөлүү сезип, жан дүйнөсү кейип, ичиндеги муң кызды муунтуп жатканы эч кимге кызык болбоду. Өзүнөн бир а-аз улуу агасы жана эжеси көз жаштарын көрсөтүп ыйлоодон качып, өздөрүнчө ар жакта жүрүшөт. Үйдүн эң төрүндө адам үндөрү титиреңки чыгып, бөлмөдө башка үй-бүлөлүү болууну эңсеген ата, азыркы үй-бүлөнү сактоого тырышкан алсыз эне жана ортосунда эч нерсени түшүнбөгөн дүйнөнүн аруу периштеси.

Акыр аягы колун дүйнөнүн эң аруу алакандары жылытып жатканы менен эч иши болбогон ата, колун оңой эле тартып алып аркасына бир кайрылбай үйдөн чыгып кетти. Чырылдап ортодо калган бала чуркап атасына жетүүнү же ый менен өзүн муунтуп жаткан энесине барууну чече албай ортодо аргасыз, бар ааламдын оордугунда ыйлап жатты.

Арадан бир канча убакыт өтүп, ал күн баарынын эсинен кетти. А бирок ал күнү жан дүйнөлөр кабыл алган оор жаракаттар дагы эле ошол бойдон оорутуп барат. Баарына маалым, кантсе да бири-бирин аяган кишидей, өткөн окуяны бир да эске салышпайт. Мунусу да туура чыгар, ооруну айта бергенде жарааттар айыгып кетпесе же күтүп жүргөн инсан кайрылып келбесе.

Ошол окуядан тагдырдын катуу соккусун наристе туруп даамдаган Сумая көпкө көңүлү суз жүрдү, эч ким менен ачылып сүйлөшпөдү. Күндөр, сааттар ооруп турган жүрөктү бир аз айыктыргандай болушту. Сумая мурдагысындай чекелеп качпай, көчөгө чыгып курбулары менен  ойноп калды. Оюн дегенде баарын кечип кеткен бул секелектер кээде кошуна-колоңдун үйүн койбой кыдырып ойноп кетет. Бүгүн да ошентип Айшакандын үйүндө ойноп жүрсө керек, көчөдө көрүнбөйт. Ойнор жалгыз курбусу Сезим да так ошол үйдүн кызы эмеспи. Андан кийинки кызык да так ушул кошунанын куттуу үйүндө болду.

- Сумая, эми атаң келбейби?

- Келет.

-  Атаң, эми келбейт дегенин уккандай болдум эле.

- Жок, атам келем деп кеткен.

Бир саамга маек токтоп калды. Анан Айшакан кайра сөзүн улап, бир канча ирээт айтып кызды ызаланткан тамашасын айта салды.

- Сен Азаматтын өз кызы эмессиң да, ошого сени таштап кетти болуш керек. Эмне үчүн сен атаңа окшош каратору эмессиң? Апаңды да атаң сен үчүн таштап кетти. Агаң, эжең атаңа окшош, сен сарысың аларга окшошпогон.

- Жок, атам менен апамдын өз кызымын.

- Анан эмнеге сен атаңа да, апаңа да, бир туугандарыңа да такыр  окшош эмессиң.

Жымжырттык. Мындан аркы айтылган сөздөргө жооп таба албай, ойноого оюнун да, колундагы эски куурчакты да таштап кошунанын үйүнөн чыгып кетти. Көңүлсүз өтүп жаткан күндөрдүн эң коркунучтуусу, жакын жандардын ал кызга карап ар кайсы сөздөрдү айта бергени, айыпсыз апасын ар кайсыда күнөөлөгөнү. Анан эң коркунучтуусу, ойноп жүруп уккан Айшакандын суук тамашасы болду. Буга чейин да сарылыгына тийишип, ата-энеңдин өз кызы эмессиң дегени танктан чыккан октой жүрөгүн жаралаган эмес. Ызаланып, ичи от болуп жанып жаткан кыз үйүнө барууну каалабады. Жан сырларын каткан бир сыйкырдуу жерге барууну каалады. Жашоосунда болуп жаткан адилетсиздиктин баарына өзүн  күнөөлүү сезип, апасынын айыбы калп экенин далилдөө үчүн, күнөөсүн жуу  үчүн бир жай издеди.

Күндүн аптабы демиңди кайра ичиңе кайтарып, тандырдан чыккан оттун жалынындай болуп турат. Сумая үчүн мунун мааниси эми ичинде күйүп, жалындап жаткан өрт  күндүн аптабынан миң эсе күчтүү болуп жанып баратат. Эрте жазда, атасы айткандай бакыттын гүлдөрүн эсепсиз терип ойногон сыйкырдуу дөбөчөгө баратат. Ал жер Сумая билген эң сыйкырдуу, тынч жана керемет жер. Үйдүн тиричилигинен алаксып, убакыттын сыйкырын сезүү үчүн атасы балдары менен бул жерге көп келишчү. Бул жолу Сумая жалгыз, мурдагыдан көңүлсүз жана ичи ачууга толгон абалда келе жатат.

Күндүн аптабына моюн сунуп, астадан саргайып баштаган отоо чөптөрдүн арасында жалгыздап буттарын кучагына батыра кысып ызадан ыйлап олтурду. Козголууну, башын оорутуп бирдемелерди ойлонууну каалабайт. Ошентсе да акыркы уккан суук сөздөр кыздын кулагынан алыс кетпей кайталанып коюлган дисктей угула берди. Атаңа окшош эмессиң деген сөз перзент үчүн оор сөз эмес, сыноо болчудай. Мына Сумая да бул дөбөдө апасын өзүнүн башкача түсү үчүн таштап кеткен атасындай кара болуу үмүтү менен олтурат. Аны көп жолу уккан. Күндүн ысыгы денеңдин түсүн өзгөртүп коёт деген. Көптөр карайбоону каалашса, Сумая караюу максатында бир ордунан кемелбей атасынын түсүн алуу үчүн так төбөдө нурун ченебей чачкан күнгө бет карашып, жардам сурагандай олтурду. Күндөн атасына окшоштуруп өзгөртүүсүн жалына сурангандай. Күн дайымкыдай өз калыбында жаркыроодон адашпады. Ал арада көлөкөсүз калып, соолуу коркунучунда турган назик гүлдөй бир периште ордунан кыймылдабай, бүрүшүп олтурду.

Күндүн кереметин күтө соолуп бараткан бинапша гүлүнүн желекчесиндей наристенин апакай колдору эрксизден жумулуп, каруусу түгөнүүдө. Андан кийин бир тамчы көз жаш араң чыгарууга үлгүргөн көзү жумулуп, гүлдүн кийинки желекчеси сабагынан үзүлдү. Желекчелери төгүлүп, жалаң калган сабак өңдүү кош аяк жерден суурулуп, учтары кургак катуу куурайлардын арасына тоголотту. Эбак жумулган көздөр эми ачылбады, күчү түгөнгөн кол менен буттар кыймылдоого жарабады.

*     *     *

Караңгы,  чытырмандуу токой, орулбай адам боюна келген чөптөр. Коркуудан калтырап, жүрүүгө буттары баш бербей, үн чыгарууга дарманы жок токойдун калың өскөн жеринде бир кыз жалгыз турат. Айланасын бир канча ирет тез-тез бурулуп карап, токойдон чыгууга, коркунучтан арылууга жол издейт же бир күндүн чекит болуп түшкөн нуру болсочу... Тирүү жан көрүнбөйт, токойдун ичи мемиреп, эч нерсе менен иш албай тынчтыгын сактап турат. Бул тынчтык кызды ого бетер чочулатат. Кайда келип калган, кантип бул жерге келип калганын такыр түшүнө албай башы маң. Акыркы ирээт кайсыл жерде болчу?! Жок, мээсинде сакталган маалыматты таба албады. Бир канча ирет кадам шилтеп көрүүгө аракет жасады,буттары бир кадам түгүл ордунан козголбоду.

Кыздын жүрөгүн коркунуч ээлеп алды. Аргасыз ийинин таштап турган бир кез арт жагынан угулар-угулбас  жаңырык угулду. “Сумая, кызым келчи мага. Сумая...” – деген сөздөрүн дааналап укту. Аркасына кылчайды. Алыстан жарык шоола менен бир инсан узун бармактуу алаканын созуп, көздөрү менен кызды өзүнө чакырат. Сумаяга бул инсан тааныштай, бирок эстей албады. Эмнеси болсо да жүзү жылуу инсанга колун берип жардам сурамак болуп, колун кере сунду. Ал инсандын колуна колдору жеткиче ызы-чуу түшкөн бөлмөдөн ойгонуп кетти. Алгач көргөнү аппак шып, анан эки ак халатчан медайым, дагы 2-3 бейтааныш жүздөр.

Өмүрүндөгү оор бурулуш мына ошол күнү башталган эле. Жанын күрөөгө коюп жарыкка алып келген асыл апаны, жүрөгү элжиреп жарыкка келгенине кубанган жалгыз атаны эстей албай, кучагына кысканда эч кандай жылуулукту сезбей,  өзүнөн алыс түрткүлөгөнү. Жанына жан адамды жакындатпай ыйлап, күн артынан күн уктап, алыс дегенде айлап эскерүүлөрүнүн кайрылып келген күнү.

*     *     *

Бөлмөгө бир жан кирди. Сумая дагы бир ирет апасын тааныбады. Апасы дароо сезип, ал апасы экенин айтып жанына олтурду. Башка перзенттерден өзгөчө сезимтал кызын бооруна басты. Эненин мээрими астында бардык ооруу да, кемчилик да алсыз болот туура. Жүзүнөн тааный албаса да, кандайдыр бир жакындык бар экенин сезди, ал аялды өзүнөн алыстатпады. Апасы жакын келип кыздын маңдайынан жылуу сүйдү, апасынан өзгөчө керемет жыт келди. Апасы кызын бооруна бекем кысты, жакындашкан эки жүрөк бирдей сокту. “Апа, билесиңби, мен сенин жылуу алакандарыңды, алгач ирет кучактаган ошондогу жылуу көкүрөгүңдү, майда чачтарымды жүзүмдөн алган алакандарыңды, мурдума тийип мени жыттаган кырдач мурдуңду азыр да эстей алам. Ал менин жүрөгүмдө, аны эстөө үчүн эс-тутумдун кереги жок. Сенин жүзүңдү гана унутам, ыйга толуп, мен үчүн бырыш баскан жүзүңдү гана унутам. Кай бир күнү сенин көзүңдөн аккан кандуу жаштар менин акыл эсиме, көзүмдүн карегине батпады, аны менин эс-тутумум батыра албады. Ал мен үчүн оор болчу. Сенин мээримиң, сенин жылуулугуң гана менин жүрөгүмдө калды. Ошон үчүн сенин жүзүңдү кай бир күнү эстей албасам, сени көрүп апа дей албасам мени кечирчи, жөн гана келип мени кучактап, керемет жытыңдан жыттатчы. Ошондо мен сени акыл-эсимден эмес, жүрөгүмдөн издеп, ошол жактан таап чыгам.”  

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Роза

    Уй-було койгойун баяндаган, инсанды ойго салчу ангеме жазыпсыз. Чындыгында чондор учун эн жонокой корунгон окуялар наристелер учун чон койгой болуп саналат, ал эми суйонуп турган эки аска тоосунун бири-бирине карама-каршы болуп калышын айтпай эле койсо болот... Бала учун бул- трагедия... Жашоосунун кыйрашы... Андан сырткары дуйнодогу эн таза, аруу сезим-эненин балага, баланын энеге болгон махабаты да жакшы бояндалыптыр. Бир караганда мурунку койгойлор эле айтылгандай корунот, бирок калем жардамында журок тубундогу сезимдерди мыкты ачып бере алгансыз. Темасы да мазмунду экен. Мага ангеме аябай жакты, рахмат. Талантыныз ташкындай берсин.

Комментарий калтырыңыз