Гаухар Нурланбек кызы : Аалам жана энелер (№134)

Апакебай күндү тарттым,
Күндөй сенин мүнөзүң. 
Мээнетиңди алайын деп,
Мээрим төгүп сүйөсүң.
Күүгүм кечти жарык кылат, 
Күн элестүү сүрөтүң.

Баардык жанга тегиз чачса күн нурун, 
А сен каалап балаңа сөз жылуусун...  
Өлбөс болуп күндөй ысык илебиң,
Өзүңө өзүң эстелигиң тургуздуң.

Күндөй берип жылуулугун денеңдин,
Күн-түн дебей мен деп түйшүк жегенсиң.
Кирпик какпай бешигимди терметип,
Күндөй сулуу болсо экен дегенсиң.

Мен апаке, көлдү тарттым, 
Тазартсын деп сезимди.
Тереңине, тунугуна,
Теңештирип өзүңдү.
Көпкө карап турар элең, 
Көлдөн албай көзүңдү.

Күн чыкканда жээкке толкун шарпылдап,
Күүсүн кайрып көл көркөмү артылат.
Көлдөй терең,пейили кенен энекем, 
Көл элесиң көз алдыма тартылат.

Көк жал толкун көлбүп жаткан айдың көл, 
Асмандагы айдын, күндүн күзгүсү. 
Көл түспөлдүү айкөл, аруу жаралган,
Апакелер – сулуулуктун улгүсү.

Мен болсо энекебай, тоону тарткам,
Ак нардай козголбостон чөгүп жаткан.
Салмагың тоого теңеп кебелбеген,
Жазсам дейм бүтпөс обон, бүтпөс дастан. 
Апаке, актаар белем ак сүтүңдү, 
Азабың тең бөлүшүп кошо тартсам.

Айды өпкөн улуу тоонун чокусу,
Таңда, кечте жүгүнөөрүм тоо суусу.
Тоодой сырдуу, тоодой бийик энекем, 
Балдарынын “Бакыт” деген конушу.

Тоо мемиреп тынч болсунчу теребел,
Тосулбасын биз жашаган тоолуу жер.  
Укпайлы түк каргыш тийген согушту, 
Уулун жоктоп, ыйлабасын энелер!

Сууну тарттым, агып жаткан токтобой, 
Жашоо берген, жарык чачкан баарына.
Суудай өмүр берсин апа, Теңирим,
Перзенттериң ээрчип жүрсүн жаныңда.
Канаттуудай калкалайсың балаңды, 
Карабастан кара, сары, агына.

Суу бул – өмүр, дарылыгы мүрөктөй,  
Суусуз жашоо токтоп калмак күн өтпөй.  
Суудай таза, аруу дүйнө апалар,
Суу үстүндө аппак ак куу, чүрөктөй.

Суу океан, чалкып жаткан, суу деңиз, 
Гүлгө айланткан какыр чөлдү көз жеткис.
Энекелер суудай өмүр улаган,  
Энекелер, эмгегиңер өлчөп, санап, ченегис. 

Мен тарттым, апаке, токойду,
Көйкөлүп бой созгон бийикке.  
Чырпыгы уул-кызың ийилген,
Чынары өзүңсүң, энеке,
Тамырың жайылып дарактай, 
Түнөсүн кут менен береке.

Ак кайыңдын сулуу кыздай элесин, 
Арзып сүйүп, ыр жараткан Есенин.
Бүт жандууга мөмө берген табият, 
Энекемдей берешен зат экенсиң.

Жашыл токой, куш уялап кулпунган,
Жандуу кыймыл карап турсаң сыртынан.
Жаштык менен сайран турмуш көрүнөт, 
Жаратылыш, Эне экөөнүн тулкунан. 

Апаке, булут тарттым түрмөктөлгөн, 
Өзүңдүн чачыңа окшоп түйдөктөлгөн.
Жайып ийсе булуттар олоң чачың,
Жамгыр болуп жерге түз дүрмөттөлгөн.
Апакемдей ак көңүл ак булуттар,  
Кирин жууйт бүт жандын үймөктөлгөн.

Тоо башына булуттар уюп турат, 
Тоо томсорсо көз жашын куюп турат.
Энелер да булуттай жароокер зат,
Балдарынын абалын туюп турат.

Аскаларга булуттар тийип турат,
Абай карап, жер-сууну билип турат. 
Апалар да булуттай жумшак мүнөз,
Мээрим төгүп, балага ийип турат.

Жерди тарттым, туулуп өсүп көгөргөн, 
Бек кучактап, топурагын өбөм мен. 
Жердей эле сен да ыйыксың, энекем,
Маңдай сылап, ак өргөөмө бөлөгөн. 
Жаратканга ыраазымын миң мертебе...

Эне, Жерди эгиз кылып төрөгөн.
Жер, Энеде улуулук да, сулуулук,
Төрт мезгилдүү, түскө боёп кубултуп.
Эриш аркак бир-бирине жаралган, 
Эне жүрсө жер ажарлуу кулпунуп.

Эгер эне деңиз болсо чалкыгын,
Биз ээрчиген кайыгыбыз калакчан.
Эне, Жердин касиети керемет, 
Сактап турат бүт ааламды апааттан.

Жер-Эне, күн, тоо-токойлор бир бутактын данындай, 
Көл, суу, булут байланышкан бир адамдын канындай. 
Баары ыйык, ажырагыс бир денеге бириккен, 
Бир эненин жүрөгүндө согуп турган тамырдай!

АПА САГА ТИЛЕГИМ

Апакебай, койнуңда өсүп, чоңойгом,
Ала-Тоодой бийик болсун зоболоң. 
Кубулжутуп, куштар сайрап багыңда,
Гүлзар болуп, гүл аңкысын корооңдон.

Апакебай, бирге өтсүн күнүбүз,
Кубанычтын кучагында жүрүңүз.
Арабызда ак байбиче аталып, 
Аман-эсен дайым түгөл жүрүңүз.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз