Жазгүл Турганова: Жылтырак өтүк (№135)

ЭССЕ

Бул өтүктүн кандайча аталаарын алигиче билбей келем. Жылтырак өтүк, жылмакай өтүк, же апам айткандай "чулки сапожка". Айтор бул кадимки эле жылтыраган, жылмакай, лакталган кооз өтүк эле. Такасы жоон келип, сырттан караган адамга өтө салмактуу сезилсе керек. Бирок чындыгында эле апамдын бул өтүгү аябай оор болчу. Мүмкүн мен кичинекей болгонгобу, салмагынан бутумду так көтөрүп басуу кыйын эле.

Апам чечип койгондо шып эле кийип көрчүмүн. Нары-бери каадаланып басайын дегеним менен, салмагынан буттарым талып, кайра чечкенге туура келчү. Апам бул өтүгүн кийип алып эки жарым, үч чакырымдай алыс жайгашкан жумушуна кетчү. Ал мектепте мугалим болуп иштечү. Кичүү иним төрөлгөнүнө эки ай өтүп-өтпөй апам тез эле жумушка чыкты. Эртең менен эрте кетип, күүгүм кирерде келип жүрдү. Түштөнүү убагында келип бөбөгүмдү бешиктен чечип эмизип, мага ар кандай көрсөтмөлөрдү берип анан кетет. Шаша-буша жылтырак өтүгүн кийип жатканында жанында карап турчумун. Ушул өтүктү кийгенинен улам апам көзүмө өтө бийик, абдан күчтүү көрүнүп, ансайын апамдын өтүгүнө суктанып калам.

Мен да кийин чоңойгонумда апамдай мугалим болсом, анан бутума дал ушул апамдыкындай жылтырак өтүк кийип, бийик болуп бассам деп кыялданар элем. Кечке чейин бөбөгүмдү көтөрүп алып апам айткан жумуштарды бүтүргөнгө шашам. Эми апам келгенде менин кылгандарымды көрүп кубанат деген ой мага ансайын күч бергенсийт. Күүгүм талаш сумкасын колуна кармап, бир жагына саал кыйшайып, илбериңки баскан апамдын карааны аркы бурулуштан көрүнөрү менен так секире сүйүнөм. Бөбөктөрүмө алаксыганча апам келип калат. Чаалыккан жүзүнөн жылмаюусу билинер-билинбес көрүнүп, кичинекейлерин алмак-салмак эркелетип, шуудурата жыттап алат. Үйгө кирери менен өтүгүн чечкенче шашат.

Байпагынын алдынан көнөктөй болуп шишип кеткен буттары ак барсак болуп калганын көрүп өзүмчө бушайманданам. Неге мындай болуп калды экен? Кийимин алмаштырган апам шаша-буша ымыркайын эмизип, далбастап уй сааганга чыгат. Үй оокаттарын бүтүргөнчө сумкасы толо дептерлерин алып чыгып жазганга киришчү. Ошентип апамдын түйшүк толгон дагы бир күнү соңуна чыгат. Жатаар алдында атам апамдын жылтырак өтүгүн мешке жакыныраак жерге жайып коёт, кыязы кургасын дегени го.

Ала шалбырт жаз болгону менен биз жашаган чөлкөмгө жашыл жаздын толук келиши оо көпкө чейин созулат. Ошол узак жаздын ар бир күнүндө апамдын жумуштан кайтканы алигиче көз алдымда. Мүмкүн ошол жылдардын катаалдыгынанбы, айтор татынакай, жылтырак өтүгүн чечип, ак барсак болуп шишиген буттарын меш түбүнө кактаган апамдын улутунган элеси дал бүгүнкүдөй көз алдыма сакталып калыптыр. Бала болсом да ошол кыйын кезеңдин апама тийгизген таасирин балалык жүрөгүм менен сезип, аясам керек.

Жай келип каникул башталганы апам да эс алууга чыгып, элеттин эзели бүтпөгөн жумуштары менен алек. Тээ капчыгай оозунан сербеңдеген атчан адамдын карааны көрүнүп, ал атынын башын туура биздин үйгө бурат.

- Ой эжеке, жакшы турасызбы? Бала-чака аманбы? Байке жакшы жүрөбү? Айыл-апа тынчпы? - деп суроону үстөккө босток берген бул адамдын жүзүнөн эле тоо аралап, жайлоодон келгенин боолголосоң болот. Толмоч жүзү күнгө тотугуп, туурулуп калса да күлмүңдөгөн көздөрүнөн шайдооттук көрүнүп турат. Ыкчам кыймылдап, ээрдин кашындагы эки чоң чаначты этияттап жерге түшүрө баштайт.

- Жакшы, тынч элебиз, өзүңөр жакшысыңарбы? Жакага түштүңөрбү?

- Жо-ок эжеке, балаңызды алып кеткенге келдим да, каникул башталыптыр, эми сиздин карамагыңыздан биздин карамагыбызга өткөрүп кетейин дедим. Күзгө чейин жайлоодо жаныбызда болсун. Оокат, мал-жанга да үйрөнсүн дегеним го.

Ошондо гана ал киши апамдын бир окуучусунун атасы экенин баамдадым. Ал киши сүйлөп да жатты, бажактап күлүп да жатты.

- Эжеке, сизге рахмат, жыл бою балабызды карап, окутканыңызга. Болбосо ким билет, кандай болот. Биз мынтип жыл бою тоодон түшпөйбүз. Балдардын кантип чоңоюп калганын деле билбей калдык. Тарбияны да, таалимди да өзүңүз берип жатасыз. Сизге кудайым күч-кубат берсин. Колуңузга да, пейилиңизге да береке. Бул кымызды ооз тийип коюңуздар эжеке, - деп бапылдаганы бапылдаган.

Чаначтарды үйгө киргизип, нан ооз тийген бойдон жолуна түшөт. Апам барбалаңдап сүйүнүп, чаначтарды бошотуп, ичине кургак чай, жаңы бышырган көмөч нан, тунук момпосуй, кир самын салып дайындап коёт. Ал чаначтын ээси уулун артына учкаштырып алып тоону көздөй жол тартып баратып, биздикиндеги чаначтарын кошо ала кетет. Апам шашылган тейде инимди жиберип айыл-ападагы улуу муунду, чал-кемпирлерди кымыз ичүүгө чакыртат. Жаңы бышкан нан менен чаначтан жаңы куюлган кымыздын жыты буруксуп, каңылжаарды өрдөйт. Келген меймандар шашпай кымыз ичишип, өткөн-кеткенден кеп салып отурушат.

Кымыз кимден келгенин сурашат, апам жүзү албырып бир окуучусунун ата-энеси алып келгенин божурайт. Аксакалдар ансайын апамдын эмгегинин жерде калбасын, андай эмгекчил мугалимдер дайыма сыйга татыктуу экендигин, карапайым калк аны баалашарын айтып алкашат. Дасторконго ар бир аксакал бата тилеп, апама кайра-кайра ыраазычылыктарын айтып тарашат. Апамдын сүйүнүчүндө чек жок. Кудум баягы өтүгүнөн суу кирип, буту көнөктөй шишип, он эки чакырым жол басып, керээлден кечке кезерип, чаалыккан кездери таптакыр эсинен чыгып кеткендей.

Андан бери канча суу акты, канча түн кирип, канча таң атты. Заман да өз нугун таптакыр бөлөк нукка бургандай. Апакем да улгайгандан улгайып барат. Баягы жылмакай, жылтыраган өтүгү кайда калды экен... Же оокатка сарамжалдуу атакем жыгач үкөктөрүнүн бирине салып сактап койду бекен. Же тамтыракайы чыгып, эбак таштандыга кеттиби? Айылга барганда сурайм деп канча жолу унутта калат. Ошол өтүктү шаардагы бут кийим саткан көп дүкөндөрдөн карап таппай койдум, окшошураагы да чыкпады. Кыялым орундалып мугалимдик кесипке ээ болгонум менен мага бир нерсе жетишпегендей. Ошол апамдыкындай өтүктү кийбесем, апамдай мыкты мугалим боло албай калчудай сезим ар дайыма мени менен жашап келет.

Капырай, базарга барсаң миң сандаган өтүктүн түрү бар, бирок таптакыр апамдын өтүгүнө окшошпойт десең. Башка өтүктөрдөн айырмаланган бир башкача касиети бар окшойт. Ошол себептен апам өтүгү күзгү-жазгы кийүүчү өтүк болсо деле, кар кете элек үч чакырым каткалаң жолду төрт жолу басып, таманынан өткөн сызга, ичиркенте ичине кирген сууга кайыл боло жумушуна барып, кара жанын карч уруп иштесе керек. Ошол катаал 90-жылдардын серт күндөрүндө, жумушсуздуктун, айласыздыктын чырагына май тамызбай, балдарым боор көтөрсүн деп, жумушунан кыскарып калган атамдын жеңилин жерден, оорун колдон ала, жанталаша иштегени да ошондон беле.

Таң аткандан күүгүм киргенче али эне сүтү оозунан кете элек кичине балдарга жык толгон класска өзгөчө бир сүр менен мээримин кошо ала кирип, балдарга окуганды, жазганды, санаганды койчу, адамгерчиликти, адам болууну үйрөтүп, ар бирине мээримин төгүп, темирдей бек тарбиясын бергени да балким өтүгүнүн касиетинен беле, таң...

Ошол бөжүрөгөн сары ооз окуучуларынан мыкты-мыкты адамдар чыкты. Апамды тээ алыстан көрүп, чуркап барып ийилип учурашып, таазимин аяшпайт. Антишкен сайын апам бул менин баланчаев түкүнчө деген окуучум деп сыймыктанып калат. Же ал муун башка беле. Ошол апамдыкындай кайратты, ошондой эркти азыр өзүмдөн да, башкалардан да издеп таппай келем. Эмнеси болсо да апамдыкындай өтүктү таап кийишим керек окшойт. Ошондо дал апамдай чынчыл, эмгекчил, эрктүү, мыкты мугалим болуп чыга келермин, азыркы даяр оокатка чиренген, чала сабат, максатсыз муунга татыктуу билим берермин. Же балким бул кесип дал ошол апамдын өтүгүндөй жылтырап, жылмакай көрүнгөнү менен, кийгенге келгенде салмагы оор, сызды да сууну да оңой өткөрө турган нары ыңгайсыз, нары жука бир нерсе го.

Азыр да бул кесипти аркалагандар ошол ыңгайсыз өтүктү кийгенине карабай, кабагым-кашым дебей, тимеле бир сонун нерсеге ээ болгонсуп, айланадагыларга бийик көрүнүп жүрө алышабы? Же тамандан өткөн сызга, суукка чыдабай, колун шилтеп, келечек муунга кайдыгер карап, өзүнүн чала сабаттыгы аз келгенсип, жанындагыларды да өзүндөй тарбиялап, анысынан да абдан пас, акылы тайыз көрүнүп, коомго да ошол калыбында кабыл алынгандарчы, аларды жылтыраган өтүккө тактыгы жоктор деш керекпи...

Жашоонун өзү баш аягы көрүнбөгөн бир даңгыр жол экенин, ал жолго түшкөн ар бир пенде өз арабасын өзү тартып, тамтыракайы чыккан, ар кай жери ысык-суук, жаан-чачында жешилип, оюлуп калган жерлеринен өзү билгениндей буйтап, айланып өтүп, бардык кыйынчылыктарды артка таштап, акыры жашыл чөптүү, тунук суулуу оазистерге жетиши керек экендигин билбесе керек. Ал эми жайдыр кыштыр жалтырак өтүгүн чечпеген апам өзүнүн окуучуларына азыноолак даңгыр жолдун оош-кыйышын туура баамдаганга, колдон келишинче жеңилдетип басып өткөнгө үйрөтсө керек.

Улам убакыт өткөн сайын заманыбыз жакшырып, жашообуз кыйла жеңилдиктерге жетишип келет, анткен сайын адамдардын аң-сезими, адамгерчилиги тайыздап барат. Тээ мурдагыдай жай кийгенин кыш киймек турсун, жайында бешти, кышында бешти кийип чалчактаган заман келди. Бирок мурдагыдай баласына билим берип, ааламды таанытканы үчүн миң мертебе алкыш айткан ата-эненин ордуна, тарбиясыз баласынын жосунсуз кылыгына куштарланып, мугалимге наалат эле эмес каргыш айткан ата-эненин заманы келип калыптыр.

Заман мени өз нугуна салар бекен же мен өз нугумду заманга салып кетер бекенмин. Аттиң, кандай болгон күндө да апамдын жылтыраган жылмакай өтүгү бул дүйнөдө, бул жашоодо жападан жалгыз, бир эле нускада болсо керек. Апамдын өзү сыяктуу. Апамдын көп баскандан көнөктөй шишиген, нымдан улам ак барсак болуп кеткен буттары сыяктуу. Апамдын дүйнөдө эч кимде жок кайраты, эрки сыяктуу. Карааныңдан кагылып кетейиним, алтын апам сыяктуу...

30.05.2020

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Гүлзат

    Кызыктуу жазылыптыр. Алкыш. Иллюстрациядгы сүрөттүн авторун, булагын жазып койсоңор. Билишимче Улуттук Көркөм Өнөр Сүрөт Музейинде турат, автору Чуйков же Флекман?

  • - Маметова Зуурабу Алимбековна Санта

    Ыйлап отуруп окудум,ото таасирдуу журоктон жулунго жете турган чыгарма болуптур Откон кездеги эмгеги АК мугалим, азыркы эмгеги АК мугалим ,айырмасы жок мугалим.А тамга тааныткан,тарбия бергенден тажабаган мугалим. Кандай Асыл жандар мугалим деген

Комментарий калтырыңыз