Тазабек Усубалиев : Энелердин жүрөгү (№136)

Мен ушул чыгармамды Улуу Ата-Мекендик согушта Мекен үчүн баатырларча курман болгон жоокерлерге,  Тылдагы күжүрмөн эмгекчи апаларыбызга жана Ленинград блокадасынан алынып келинген жүз элүүдөн ашык жетим балдар-кыздарды багып чоңойткон баатыр апабыз Токтогон Алтыбасарованын жаркын элесине арналат.

1943-жылдын январь айы. Ладога көлүндөгү 30 чакырым "Өмүр жолу" өзгөчө сүрдүү эле.  Таң атканча каардуу бороон токтогон менен күндүн көзү көрүнбөй табийгаттын дагы бир табышмагын күткөнсүйт.  Кечээги  бомбалоодон кийин Ленинградга өтүүчү жалгыз жолду тазалап,  түздөө иштери жүрүп жатты.  Ага лейтенант Василий Егоров зениттик батареясын катарга тизип,  кечээги  болгон атышууда көргөзгөн артыкчылыктарын дагы бир жолу кайталап:

- Эми жоокерлер зениткаларды 30 кадамдан ары жылдыргыла,  өтүп жаткан колоннага залакабыз тийбесин.  Эмне үчүн дегенде фашисттик учкучтар биринчи бизге кол салышат,  алардын оюнда бизди талкалап туруп анан колоннаны ээн эркин бомбалап,  аткылап жабыркаган Ленинградга тамчылаткан мүрөктүн суусун чачыраткысы келишет.  Чамдагыла,  азаматтар чамдагыла! "Мессерлердин" келер убагы болуп калды,  - деп дүрбүсү менен туш тарапка көз салып, тээ алыста жылып келе жаткан колоннанын караанын көрдү. Кечээги  салгылашта Василийдин батареясы 3 "мессерди" жана бир бомбалоочу самолётту атып түшүрүшкөн эле.

*     *     *

Люда таң атканча уктаган жок,  Василиса менен Василийди улам кымталап төшөк менен жаап,  экөөнү кучагына кысып,  денесинин жылуулугу менен жылытып жатты.

Сааттын жебеси жетиден өтүп калганда буттарынын сайгылашып ооруганынан тизелерин колу менен ушалап ийип туруп кетти. Бөлмө ичинин сууктугунан дем алганда ооздон чыккан буу кадимкидей көрүнөт,  анын үстүнө жука төшөк кагылган терезенин ичинен ар кайсы жеринен ырылдап суук кирет,  бир жума мурунку катуу бомбалоодо көчө жактагы терезенин айнектери бүтүндөй күбүлүп калган эле. Тамдын түбүнө орнотулган буржуйкага кечээги жарып даярдап койгон шкафтын калдыктарын отун кылып жагып, кичинекей мискейге суу куюп коюп койду.  Үч күн мурун кайын атасы чанага бир кап отун сүйрөй келип неберелерин эркелетип,  көпкө сүйлөшүп олтурду.

- Кызым,  балдарды алып биздикине эле келсеңчи,  үйүбүз жылуу,  отун жетет, - дегенине болбой койгон.  

- Ата, бул жерде эле тура берели,  силердикине барганда бир бөлмөдө кантип жашайбыз,  анан да нанга келип кетүү мындай суукта оор болуп калат ко,  аз калды,  бир аз чыдасак душмандарды кууп чыгышат,  биз жеңебиз! Э балдарым, - деп кызы менен уулун бооруна кысып биздин атакебиз "Өмүр жолунда" немистин самолётторун өткөзбөй салгылашып жатат деп көптөн бери чыкпаган көкүрөктөгү бугун чыгара ыйлап алган. Немистер менен болгон дүйнөлүк согушта бутунан жаракат алып таяк менен сылтып басса да дене мүчөлөрү чымыр,  күүлү-күчтүү бул адамды алтымыштан өткөн чал деп эч ким айтпас эле.

Егор согушка чейин балдар ойноочу сейил бакта эмгектенчү.  Согуш башталгандан бери ээн калган сейил бакка бомбалоодон кийин дайым келип тынчтык кездеги балдардын бакытка бөлөнгөн жүздөрүн көрүп,  жетелеп келген ата-энелерин кучактап, каткырык күлкүлөрүн уккусу келип,  келечек ээлери ушул кичинекей бөбөктөргө гана эмес бүткүл Совет элине түшкөн кара түндү ойлоп көзүнөн жаш чыкпаса да өксүп-өксүп алып, сейил бакты жаңырта үнүнүн жетишинче кыйкырып-кыйкырып фашисттерге болгон жек көрүүсүн чыгарып алып кеткиси келер эле. “Жолдо баратып куураган иттин балдары биринчи дүйнөлүк согушта куйругун жулдурган дөбөткө окшоп каңшылап качтыңар эле,  эми эмне кайра катылдыңар,  эми башыңарды жоготуп каласыңар,  Россиянын кең талааларында карга-кузгунга жем болуп” - деп өзүнчө күбүрөнүп үйүнө кетчү эле.  Быйылкы кыштын башында ушундай күндөрдүн биринде сейил бакта олтуруп көнүмүш болуп кулакка сиңип калган аба тревогасын укса да терең ойго батып олтура берип,  бомбалоо башталганда эсине келип:

- Атаңдын көрү, мен эмне олтурам, мээме жара чыккыр! - деп сөгүнүп алып,  кемпирим эмне болду деп үйүн көздөй таягын таянып аксалаңдап жарылып жаткан бомбаларга карабай чуркаган.  

Егорлор жашаган беш кабат үйдүн тып-тыйпылы чыгып урандыга айланган эле.  Үмүтүн үзбөгөн Егор бомбадан калкалоочу жайларды карап, тааныштарынан суратпай койгон.  Жанбиргесинин курман болгонуна көзү жеткен соң сейил бактагы жумушчулардын эки бөлмөлүү үйүнө коштуруп калган.

*     *     *

Мискейдеги суу боркулдап кайнап чыкты, Люда кайын атасы алып келген каптагы акыркы үч-төрт отунду буржуйкага салып,  кечээгиден калган эки кесим нанды майдалап, мискейге салып бир тике кайнатып сары майдай сактап жүргөн жалгыз чакмак кантты салып аралаштырып даяр болгон нан боткосун чыгарып койду.  Күрүлдөп күйгөн буржуйкадан чыккан ысык илеп бир заматта бөлмө ичин мемиретип жылытып,  денени калчылдатып үшүткөн Ленинграддын ызгаар суугу жоктой болуп,  бирпаска адам баласынын кантамырларын бир калыпта иштетип,  болкулдап соккон жүрөктү муздаткан каардуу согуштун илеби да сезилбейт. Түнү бою уктабай,  Ленинградга каттаган жападан жалгыз "Өмүр жолун" советтик жоокерлер менен бирге коргоп,  салгылашып жаткан өмүрлүк жолдошу Алексейди эстеп жаткан сөөккө жеткен кычыраган суукта,  каардуу бороондо муз каптаган Ладога көлүнүн үстүндө суук тийип оорубай,  ок жаңылып жарадар болбой, аман-эсен жүрөт болду бекен деп көз жашын төгүп жатты.

Анын үстүнө бөлмөнүн сууктугу жана буттарынын ооруганына чыдабай түнү бою онтоп,  көздөрүнүн төгүлгөн жылуу жашка нымдалышкан кирпиктерин какпай, таң атырса да эмнегедир жайдары эле. Жаңы ойгонуп кичинекей Василийди кучактап беттеринен өпкүлөп, өзү кичинекей болсо да мен эжесимин дегенсип, инисин эркелетип жаткан беш жаштагы Василисаны көрүп, сезиминде чалкып жаткан энелик мээрими төгүлүп, балдарына болгон жүрөктөн чыккан ысык сүйүүсү Люданын татынакай маңдайына жылуулук менен жылмаюуну жаратты.

- Менин периштелерим тургула үй да жылуу, тап-таттуу болгон ботко да даяр, - деп маңдайы жарыла күлүп: - Тезирээк кийинебиз! Болбосо бизди тамак күтүп калды, - деп балдарын көкүрөгүнө кысып бираз олтуруп, энелик бактыга бөлөнүп, бетиндеги жылмаюу өзүнө жарашып, далысынан ылдый түшкөн алтын түспөлдөш сары чачтары татынакай келбетин ого бетер сулуу көргөзүп, жомоктогу суу перисине окшошуп турду.

Люда балдарын тамактандырып бүткөн соң тышка кийген жылуу кийимдерин кийгизип:

- Жүргүлө, менин периштелерим! Таза аба жутуп сейилдеп келели, - деп маңдайы жарыла күлүп, Василийди бооруна кыса көтөрүп, кызын жетелеп үчүнчү кабаттан түшүп көчөгө чыгышты.

Көчөнүн аркы бетине жаңы эле орноткон самолёт атуучу зениттик куралдын тегерегине кум шыкалган, каптарды тизип жоокерлер жүрүшөт, андан бираз өйдөрөк нан берүүчү жайда эчак эле кезекке турган кары-картаңдар, балдарын көтөргөн же жетелеген аялдар. Тестиер балдар менен кыздардын аягы түгөнбөй уламдан-улам узарып жатты. Таңга жуук токтогон бороон-чапкындан кийин күн көрүнбөй бозоргон асманга окшоп,  күнүгө бомбалоодон ачкадан, сууктан тоңуп өлгөн миңдеген жашоочуларын жоктоп, мүңкүрөп турган Ленинграддын кайгысын эч ким бөлүшө албай, миллиондогон жашоочуларынын кайгысы, кубанычын ичине батырган улуу шаардын тагдыры бир гана жараткандын колунда эле. Ачуу чыккан сиренанын үнү көчөлөрдө жаңырып Аба тревогасы, бомбадан сактоочу жайга жашынгыла деген үн улам-улам кайталанып жатты.

Жаңы орноткон зенитканы асманга буруп, куралды октоп фашисттердин самолётторун күтүп жаткан жоокерлердин, башка элдин катмары шашып-бушуп бомбадан сактоочу жайга чуркашты. Бирин-бири тебелебей, жөөлөбөй,  кары-картаңдар менен согуштун майыптарын, жетелеп кичинекей балдарды көтөргөн балдардын, кыздардын жоокерлердин ушул көрүнүшү Улуу Совет элинин ынтымагын, биримдигин айгинелеп турду. Жалпы элдин арасында балдары менен Люда да баратты.

*     *     *

Өмүр жолдун он биринчи чакырымында фашисттик самолёттор менен биздин самолёттордун айыгышкан салгылашуусу жүрүп жатты. Немистердин бир бөлүгү жүк ташыган колоннага үстөкө-босток абадан кол салып жатса, бийиктен бомбалоону самолёттору истребителдердин коштоосунда Ленинградды бомбалоо аракетинде эле. Советтик эр жүрөк учкучтар күч жагынан биртоп аз болсо да каармандык менен пулемёттон ок жаадырып артынан кубалап, бетме-бет маңдайынан чыгып аткылап, немистердин айласын кетирип, бирде асманга тип-тик уча, бирде кызыл жылдыздуу канаттары менен чимириле айланып, абадагы согуш өнөрүн бийик даражада көргөзүп, Ленинград фронтунун аба мейкиндигин жан аябай коргоп жатышты.

Колоннаны кайтарган конвойдун командири капитан Матвеев колоннаны баштаган, биринчи жүк ташуучу машинеде келе жаткан. Алды жакта жол жээгиндеги Алексейдин батареясы үчтөн-үчтөн каз-катар тизилип, колоннага кол салган фашисттик самолётторго ок жаадырып колоннаны коргоп жатты. Зенитканын атуучусу кыргыз жигити Касымдын оң ийинине ок жаңылган соң ага лейтенант Егоров зенитканы өз колуна алып, эки канатына орнотулган ири колибрдеги пулемёттон аткылап келе жаткан немистик самолётту каршы алды.

Кызыл жалын, кара түтүн каптап, бираз мурун эле кайкып учуп ажал бүрккөн самолёт Алексейдин үстүнөн жараланган ажыдаар өңдөнүп ачуу үн салып, жүз кадамдай алдыга барып муз үстүнө жарылды. Касым өзүнүн жарадар экенине карабай Зениткага асылган Алексейди жерге түшүрүүгө аракет кылып жаткан. Колоннанын асты Алексейлердин зениткасынын катарына жетип калган. Алдыңкы машинада келе жаткан Александр зенитканы кучактаган Алексейди портупея курчаган бушлатынан тааныды, айдоочуга токтобой;

- Айдай бер, мен азыр, - деп машинадан секирип түшүп Алексейди көздөй чуркады. Канжалаган Алешаны Касым жерге жаткызып:

- Жолдош командир, эмне болуп кетти?! - деп бушлаттын топчуларын чечип жаткан экен. Чуркап келген Александр тизелей калып Кызыл жылдыз, Күжүрмөн Кызыл Тоо ордендери тагылган пулемёттун эки огу тешип кеткен, канжалаган төшүнө башын коюп:

- Досум, эмне болуп кетти! Фин согушунан деле тирүү келбедик беле, эми өзүбүздүн жерден ушундай болобу? - деп көз жашын төгүп сүйлөп жатты.

Эсине келген ага лейтенант араң чыккан каргылданган үнү менен:

- Тургун, Саша, мен болбой калдым! Ата-Мекенди коргоп жатып курман болуу татыктуу өлүм! Бир гана өкүнүчтүүсү, жеңишти көрбөй калдым. Үй-бүлөмө көз салып кой, мени тирүү деп салам айтып, балдарымдын маңдайынан өөп кой, тээтиги баштыкты ала барып бергин. Анча-мынча тамак-аш бар, - деп тунарып бараткан көздөрү менен көргөздү да ууртунан чыккан кан менен бирге акыркы деми чыгып кетти.

Көк жал баатырдын сүрү бар, ачык калган көздөрүн душманга болгон жек-көрүүсү менен курман болгон кан досунун кайгысы калчылдаткан карылуу колу менен жаап, асманга карап үнүнүн баардыгынча кыйкырып-кыйкырып алды. Ийнинен алган жаракатына карабастан жарылуучу ири октор шыкалган лентаны орнотуп жаткан артиллерия сержанты Касымга көңүл бурбай:

- Берлинге чейин чогуу барып, фашисттердин уюгун талкалап, күм-жам кылабыз деп сүйлөшпөдүк беле. Ушундай болот беле, досум! - деп күбүрөнүп отурду.

Жарым айдан бери жеген тамагынан үнөмдөп чогултуп койгон кесим нандар менен он чакты чакмак кант, эки банка кашасы салынган Алешанын аскер баштыгын алып түбөлүккө кош бол досум деп акыркы жолу жерде жаткан баатырдын келбетин карап алып, өтүп бараткан колоннанын акыркы машинасын көздөй чуркады. Артиллериянын ага лейтенанты Алексей Егоровдун өз аймагын сырттан келген жырткычтардан коргогон токой падышасы арстандыкындай алп жүрөк атуулдук ар-намыс, эли-жерин жаны менен сүйгөн советтик жоокердин патриоттуулук сезими бар эле.

*     *     *

Ленинград эки жолку бомбалоодон кийин көчөлөргө түшкөн бомбадан калган оюктар ээн калып, жетимсиреп, балдардын оюну менен күлкүлөрүн, кубанычтарын сагынган сейил бактарды, Нева дарыясын жээктеп эс алган ар курактагы эл менен жетелешип баскан сүйүшкөндөрү жок кунарсыз тынчтыкты, бүткүл дүйнөгө атагы чыккан Тициан, Ван Гок, Леонардо да Винчи, Пикассо, Васнецов, Левитан, Верещагин жана башкалардын колунан жаралган кайталангыс шедеврлерди көрүүгө дүйнө жүзүнүн ар улуттары келип кезеке турган Эрмитаж ээнсиреп, анын ордуна көчөлөрдө сууктан жана ачкалыктан алы кетип алсырап, нанга кезекке турган жүдөгөн элдин мойнуна түшкөн оор тагдырды ичине ката албай, бугун чыгарып ыйлай албай томсоруп турду. Кечке жуук кар жаап, бороон башталды. Людалар турган үйгө бомба жарылып, үйдөн чыгууга үлгүрбөй калган жашоочулардын сөөктөрүн жашырган үйүлгөн урандылар сумсайган көрүстөнгө окшоп, арасын аралаган бороон үнү ызылдайт.

*     *     *

Кыштын бүгүнкү кыска күнү бүтөйүн деп күүгүм киргенде гана нанга турган кезек келип, кичинекей Василийди колуна көтөрүп, Василисаны жетелеген Людмила карточкаларын өткөзүп, тиешелүү нандарын алды да бираз арыраак турган отургучка көчүк басты. Уулун тизесине отургузуп, тыбыт жоолукту башына салып, калың пальтосунун тышынан кайчылаш байланган Василисаны чогу кучагына кысып ойлонуп отурду. Уктап бараткан, сыздап ооруган буттарын кызын кучактаган оң колу менен ушалап-ушалап:

- Менин татынакай периштелерим,  жүргүлө, эми кечке отура бербей чоң атаңардыкына баралы. Өткөндө конокко чакырган, - деп уул-кызынын беттеринин өөп эркелетип сейил бакты көздөй жолго чыгышты.

Караңгы түн менен кошо албууттанган кар аралаш бороон башталып, ички туюму барба дегенге болбой баласын көтөрүп, кызын жетелеген эки караан катуу бороондон көбүктөнгөн толкундарды жиреп, океан үстүндөгү куткаруучу жалгыз кайыкка окшоп көк беттигин салып кыбырап жылып баратты. Бет маңдай соккон аяздуу шамал жараткандан ушул пенделерине боору ооругансып, барбагыла-барбагыла деп шыбырагансыйт. Жүрөгү опкоолжуп, бир жамандыкты сезгенсип, бороонго каршы кадам ооруган буттарына чыдабай, улам токтоп балдарын кымтылап, энелик мээримин төгүп:

- Мына балдарым, бираз калды. Чоң атаңдын кант салынган ысык чайынан ичебиз, - деген Люданы үзүлбөгөн үмүт, сейил бакты аралап өткөн жалгыз аяк жолго салып жетеледи. Кайнатасынын айтканына көнбөй койгонсуп эстеп, карыган кишини капа кылгансып өзүн күнөөлүүдөй сезип, эми деле кеч эмес, балдарым аман-эсен болсо Алексейим Жеңиш туусун көтөрүп келгенде, баардыгыбыз ушул сейил бакта Жеңиш майрамын майрамдайбыз! - деп астыда эмнелер күтүп турганын билбестен, аягы жок кыялга батып күчтөнүп, чымырканып кайнатасы турган үйгө жакындап келатты.

Үйгө жакындап калганда Люданын башына оор сокку тийгенсип денгиреп барып жанында турган карт-дарака жөлөндү. Талкаланган үйдүн астында калган кайнатасын көрбөсө да сезимтал аялдык ички дүйнөсү айтып турду. Астыга койгон ой-максаттары, жакшылыкка жоруган кыялдары, кайгыдан жана өкүнүчтөн аккан ачуу жаш менен бирге жашылданган көздөрүнөн агып жатты. Кылдай ичке чынжырчалар менен байланган үмүтү асмандан түшкөн чагылгандай чарк үзүлдү. Эмне кыларын билбей кайгырып турган Люданы;

- Апа, качан жетебиз? Ачка болдум, - деген Василисанын акырын чыккан үнү селт эттирди.

Ушуну эле күтүп тургансып, төшүнө кучактап турган уулу да кыңкыстай баштады. Көзүнөн аккан жашты аарчып ийип эч нерсе болбогонсуп:

- Менин татынакай чүрпөлөрүм бираз эс алып, анан барабыз азыр нан жеп алалы, - деп тизелей отура калып кызына жылмайды.

Таразага тартылып бир бөлкөгө жетпеген нанды алаары менен койнуна салып койгон. Дененин табы менен жылыган нандын бир сындырымын кызына карматып:

- Жей гой, кызым, мен болсо иниңди тойгузайын, - деп оозуна салган нанды майдалап чайнап, уулун оозу менен тамактандырып жатты.

Бороон акырындап басаңдап, жааган кар токтоп сейил бак ичи кунарсыз тынчтыкка бөлөндү.

*     *     *

Узун түндүн жарымы өтүп, бозоргон асман ачылып, өз огунда жылып бараткан ай көзгө сайса көрүнгүс карангылыкка өз жарыгын чачып,  түнкү асман кооздугун даңазалап жылдыздар жымыңдашат. Кыш чилдеси күчүнө кирип, январь айынын кычыраган түнүндө табийгаттын таш боор суугуна чыдабай, кээ бир бактардын шактары карс сынып, кылычын кындан сууруп тамырга жеткен аяздуу суук өз өкүмүн жүргүзүүдө. Уулун бооруна кысып, Василисаны тизесине отургузуп кучактап терең ойго батып, Люданын жумулган көздөрүн тыбырчылап ыйлаган уулунун жана:

- Апа, үшүп атам чоң атамдыкына качан барабыз: - деген кызынын үнү ачты.

- Менин берекелерим, менин татынакай балдарым, - деп эркелетип, башындагы тыбыт жоолугун чечип: - Көзүмдүн тирүүсүндө мен силерди эч качан үшүтпөймүн, - деп үстүндөгү пальтосун чечип жатты.

Карт даракка жөлөнүп, ооруган буттарын сунуп, ийип отурду да, эки баласын тыбыт жоолук менен кымтылап, үстүлөрүнө сөөккө жеткен сууктан калчылдаган колдору менен пальтону жаап бооруна кысты.

- Эми жылып калдыңарбы? Мен силерге "Кар ханышасы" жөнүндө жомок айтып берем, - деп суукка урунган тамагынан каргылданып шыбырап чыккан үнү менен Андерсендин жомогун "илгери-илгери"- деп баштады.

*     *     *

Ленинградга тамак-аш жана башка керектүү жүктөрдү ташыган колонна фашисттердин самолётторуна кабылып, Ладогага чөккөн эки машинасын калтырып, таңга жуук гана келди. Жүк түшүрүүчү жайга келген соң Александр өз жардамчысына колоннаны тапшырып, өлөрүндө берген Алексейдин аманат баштыгын алып шашылыш жөнөдү. Алексейдин үй-бүлөсү турган урандыга айланган үйдүн жанында каңырыгы түтөп, бираз турган соң ички туюмуна ишенип сейил бакты көздөй чуркады. Алексейдин атасы сейил бактагы жумушчулардын үйүндө турарын акыркы жолу келгенде Людадан уккан. Сейил бактагы күрткү баскан жалгыз аяк жолдо чуркап келаткан Саша балдарын пальто менен жаап кучактап, бакка жөлөнүп отурган жылаң баш Люданы алыстан тааныды. Энтигип чуркап келген Саша отурган Люданын жансыз денесин көрүп, эмне дээрин билбей тизелеп отуруп калды. Пальто астында ыйлаган баланын;

- Апа, турчу, ойгончу! - деген кыздын үнү кулагына эми жетти. Аяшынын пальто тышынан балдарын кучактап катып калган жансыз колдорун аяр бошотуп, үшүп калган балдарды кучагына алды.

- Саша байке, апамды ойготчу, ойгонбой койду, - деп Василиса аяш атасынын кучактап ыйлап жатты.

- Ай Люда, Люда! Жок дегенде сен тирүү болсоң эмне?! Ушундай оор күндөрдө балдардын көргөн күнү эмне болот? - деп көз жашын тыя албай ыйлап турду.

Люданын татынакай бетине аккан көз жаштары тоңуп, январь айынын эртең мененки аязы тийген күндүн ушул отурган сулуу айымдын жамалына түшүп, бак арасынан тийген күн нуруна чагылышат. Алтын түстүү чачтары сыдырым желге ырахаттангансып бирде жамалың сыласа, бирде далысына түшүп деңиз жээгинде ыйлап отурган суунун перисиндей сезим калтырат. Бак аралаган сыдырым жел баатыр эне жөнүндө оданы жар салып ырдап, тээ алыска желип бараткансыйт. Жараткан аял затын алсыз кылып жараткан менен бүткүл аял затына тийиштүү назиктик менен тазалыкты жана энелик мээрим менен баатырлыкты кошо жараткан экен.

*     *     *

Балдарды табыштап өткөзүп коюп, эвакуацияга даярдык көргөн жайдан кечке жуук чыккан Саша күтүп турган машинага отуруп колонна турган жайга жөнөдү. Оңдой берди болуп күндүз эс алып, колонна түнкүсүн жолго чыксын деген буйрукту эртең менен келгенде алган. Сейил бактан балдарды алып келген соң төрт жоокерди алып барып сейил бактын бурчуна кызыл дуб багынын жанына Люданын сөөгүн коюшкан.

*     *     *

1988-жылдын айы. Фрунзе шаарындагы Жаш Гвардия бульварындагы орундуктарынын биринде алтын түстүү чачтары далысына түшкөн көгүш түстөгү беретка менен өз костюм юбка кийген, колунда кичинекей айымдардын сумкасын кармап, орто жаштан өтүп калган курактагы айым олтурду. Советтер Союзундагы эң кооз жашыл шаар аталган борбор шаардын ушул бульварындагы кооздукка суктанып, элүү жашка чыгып калса да сулуулуктун издери кете элек ажарында сүйүнүч менен кубанычтын жылмаюусу жарашып турду. Арыраакта он сегиз, он тогуз жашка чыгып калган жигит өзү менен тең чамалаш илбериңки татынакай кызга күлкүлүү бир нерселерди айтып күлдүрүп келе жатты. Василисанын маңдайындагы отургучка келип колундагы жеп бүтө элек пирожкини кагазы менен чогу отургучтун артына ыргытып ийген жигит, колтуктаган кыз менен чогуу отургучка отурушту. Маңдайында отурган маданияттуу кийинген орус улутундагы айымдан ыйбаа кылган кыз, чогу отурган жигитти чыканагы менен укуп, айтып аткан күлкүлүү окуяны токтотуп, бир саамга унчукпай отуруп калышты. Уялып кеткен эки жаш эми эсине келгенсип жарыша: "Здравствуйте" деп саламдашышты. Ууртунан жылмайган Василиса "Саламатчылык балдарым, кыжаалат болбосоңор, келгиле чогу сүйлөшүп отуралы" деп кыргызча кайрылды. Кыргызча тап-так сүйлөгөн айымга таң калгандарын жашырбай бирин-бири карап алган эки жаш басып келип "Саламатсыз, эжеке"деп дагы бир жолу учурашып жанына отурушту.

- Балдарым деп кайрылсам капа болбогула, менин дагы силерге окшогон уул, кызым бар. Кичүүсү кыз, азыр Ленинградда окуйт. Эгерде убакытыңар болсо өзүм жөнүндө айтып берейин! - деп Василиса жылмайды.

- Макул, апа, биз дагы университеттин экинчи курсунда чогу окуйбуз, менин атым - Айжан, бул жигиттин аты  - Жеңиш, дем алыш күндөрү ар дайым келип таза аба менен дем алып, эс алып кетебиз, - деп кап-кара узун чачтарын экиге бөлүп өрүлгөн,  төшүнө комсомолдук значок тагылган кара-каш, бакырайган кара көздүү татынакай кыз өзүнүн апасындай болгон ушул сулуу айымга жакындап ыктай отурду. Василиса:

- Мен Ленинградда төрөлгөм, - деп сөзүн баштады. Өзү көрүп эсинде калган канчалаган адамдардын түшкөн бомбадан, ачкадан, сууктан жана оорудан өлгөндөрүн айтып отурду. Ленинградга каттаган жападан жалгыз өмүр жолун коргоп жатып баатырларча курман болгон атасын,  чоң атасыныкына жетпей сейил бакта өзүнүн кийимдерин чечип, иниси экөөнү жаап жылытып отуруп кырк градустан ашкан суукта тоңуп өлгөн апасы жөнүндө кайраттуулук менен айтып, көзүнөн бир тамчы жаш да чыккан жок. Атасы менен апасын, жоголуп кеткен инисин эстеп сагынып,  эвакуацияга кетерде аяш атасы Саша таштап кеткен сүрөттү көргөн сайын ичиндеги кайгынын жашын жаш кезинде эле ыйлап бүтүрүп салган.  Көздөрүнөн тамчылаган жашты аарчып, “апа кечиресиз, мен азыр”- деп чуркап барып жанатан Жеңиш ыргытып ийген пирожкини алып келип сумкасына салган Айжан "кечириңиз бизди" деп Василисаны кучактап бетинен өөп, кучагын жайганда апанын колтугуна ыктады.

- Иним экөөбүздү апам курактуу бир аялга табыштап, чөнтөгүнөн аяш атам, апам, жаңы төрөлгөн Василий жана мен болуп чогу түшкөн, артында Александр, Алексей, Людмила, Василиса, Василий 1941-жыл 1-май деген жазуусу бар сүрөттү мага берип, мен силерди табам, сөзсүз табам деп экөөбүздү кең көкүрөгүнө кыса-кыса кучактап,  өпкүлөп, кылчак-кылчак карап, колун көтөрүп: “Кызым, сен чоңоюп калдың, Василийге көз сал, - деп эми дагы эки жылдык оор согушка аттанып кеткени дагы деле эсимде деп сөзүн улады. Ошол каргашалуу күнү душмандардын бомбалоосу болуп ар кайсы жерге жашынып бири-бирибизден адашып кеткенбиз. Түн киргенде майыптар, аялдар, жаш балдар менен чогу астына саман төшөлгөн вагонго отуруп кайдадыр бир жака жол жүрдүк. Көк беттенген фашисттер биз бараткан паравозго  ыгы келгенде асмандан кол  салып жатышты. Кудайдын буйругу менен эртеси түшкө маал Москва шаарына келдик. Фашисттик командование Москва, Ленинград, Сталинград шаарларын алыш үчүн тандалма аскерлерин үстөкө-босток жөнөтүп турган. Ушул аталган үч шаарды багынтсак  Советтер Союзу өзүлөрү багынып беришет деп ойлошкон. Жолдо көп жүрдүк терезелери жок вагондо кайда бара жатканыбызды билбей жолдогу станциялардан токтогон, аскер кийимин кийген бизди узатып бараткан орто жаштагы аял ысык чай алып кружкага куюп, бир кесим нандан таратып берип , берекелерим аз-аздан жешиңер керек өзөгүңөргө түшүп кетет-деп канчалык катаал көрүнсө да, энелик мээримин төгүп, баштарыбыздан сылап эркелетип вагондун бурчуна отуруп алып бир нерселерди кобурап сүйлөп ыйлап отураар эле. Акыры жүрүп ушул Фрунзе шаарына келдик. Бизди күтүп турган жүк ташуучу машиналарга түшүп атканда бизди узатып келген аскер аял биз менен коштошуп жатып:

-Балдарым коркпогула бул жерде согуш болбойт!Аман эсен болсок көрүшөөрбүз-деп колун булгалап кала берди. Ошол кезде мен алты жашка чыгып калгам. Рыбачьеден баржага түшүп азыркы Светлая Мысь айылына келип түштүк. Биринчи жолу тегерегин тоолор курчаган, кышта тоңбогон туп-тунук керемет Ысык-Көлдү көрүп ушул кооздука таң калгам. Бизди Тоня апа тозуп алды. Ал кезде  сен курактуу орусча так  сүйлөгөн  билимдүү татынакай кыз кези эле. Бизди ат арабаларга салып алып жолдо ката тоолорду көргөзүп, көл түбүндө канчалаган кылымдар мурун шаар болгонун, жомок кылып айтып берип,  мен чоңойгон, билим алган Күрмөнтү айылына келдик. Бизди көргөнү жалаң аялдар, жаш балдар, улгайып калган кары адамдар келишти. Бойго жеткен жигиттер менен аскер курагындагы эл катмарынын баардыгы согушта эле. Үч,  төрт жаштагы андан чоңоюп калган он бештей чогу келген кыздардын, балдардын өңдөрүн көрүп аялдар ыйлап,  өзүлөрү менен кошо ала келген сүт, айран, картошка, нандарын берип жатышты. Бизге бирааз тамак берип эс алгандан кийин мончого алып барып жуунтуп, элдер берген таза кийимдерди кийгизип, жып-жылуу үйдө ак шейшеп салынган төшөкө жаттык. Мен ошондо этибар албаптырмын, мончого түшүп атканда баштарыбыз чоң, арыктагандан аркайган сөөктөрүбүзгө  чапталган терибиз эле калган эле. Ошентип күндөр өтө берди бир ай дегенде өзүбүзгө келип,  күлкүбүз чыгып ойноп калдык. Мен болсо сүрөттөгү атам, апам, Василийди күндө жатаарда көрүп жатып алып ыйлай берчү элем. Тоня апа биздин жаныбызда турган сельсоветине секретарь болуп иштечү. Жумуштан кийин дайым биз менен болуп, окугандардын сабактарын текшерип кичинекейлерине жомок айтып берип көбүнчө биздин бөлмөгө келип жатчу. Мен окуй электе эле байпак түйгөндү үйрөткөн. Биз чогу отуруп алып байпак түйүп, элдер берген байпак, мээлей,  кийим-кечелерди  эжекелер менен бирге посылка кылып фронтко жөнөтөөр элек. Мен болсо алардын арасында эрке кыз болуп байпак, мээлейлерди бүктөп жардам берчүмүн. Ыраматылык апам мугалим болгондуктан төрт жашымда эле окуган, жазганды үйрөнүп алгам. Өзүм токуган байпактын ичине атама кат жазып салып койчу элем. Жума сайын Тоня апа атаңдан келди деп кат алып келип берчү. Биринчи катта:"Кандай кызым?жакшы жүрөсүңбү?жакшы окуп, тил алчаак бол. Сашка байкен силерди Кыргызстанга кетти согуш бүткөндө кайра келишет деп айтты. Василий жөнүндө кам санаба азыр чоң атаң менен сейил бакта жашашат, силер адашып кетип калып Василий кетпей калыптыр. Чон атаң издеп таап сейил бакка алып кетиптир. Татынакай кызым болуптур көрүшкөнчө сак саламатта бол. Согуш бүткөндө келип алып кетем, баса кызым сенин салган жылуу байпактарыңды алдым чоң ырахмат, беттериңди өөп атаң Алексей!"-деп жазыптыр. Ушуга окшош кыска каттар жума сайын келе берчү. Эки, үч барак кылып эмне болгондугун баардыгын жазып Тоня апага берчүмүн. Тоня апа катты окуп,  азаматсың мен барып салып келейин деп чөнтөгүнө салып койчу эле. Ленинградтан келген биз окшогон ар кайсы жаштагы балдарды Тоня апа ар дайым өзү барып алып келчү. Алар келгенде бизди тозгондой элдер чогулуп тамак-аштын кийим кечелерин алып келишип, боору ачыган аялдардын ыйларын көрүп бизда ыйлаар элек. Кээ күндөрү кара кагаз келиптир, тиги апанын баласы же тиги эженин жолдошу курман болуптур деген сөздөр айыл ичине тарап элдер чогулуп, угузуп, кайрат айтып аялдар менен балдардын ыйы менен коштолчу. Согуштан майып болуп же колун же бутун жоготкон жоокерлер келгенде элдин баары чогулуп, агамды көрдүңбү?, уулума кезиктиңби?жолдошум силер менен жүрдүбү?согуш качан бүтөт?-деген суроолорду жаадырып ар курактагы адамдардын кээ бирөөлөрү ыйлашса, кээ бирөөлөрү  майып болсо да тирүү келди деп кубанышып айыл ичинде кичинекей майрам болоор эле. Мен ошондо кыргыз элинин ынтымактуулугуна, берешен,  айкөлдүк менен сабырдуулугун көрдүм. Мен кыргызча толук үйрөнүп сүйлөп калган кезим эле. Мурунтан эле бирде аймагын, бирде сүтүн,  нанын көтөрүп бир апа тез-тез келип турчу. Күздүн ошол күнү төрт,  бешөөбүз болуп эшиктин алдында ойноп жүргөнбүз, бир чака жыты аңкыган кыпкызыл болуп бышкан алмаларды көтөрүп келип:

-Келгиле балдарым алма жегиле!-деп ортобузга койду. Биз сүйүнгөнүбүздөн:

-Ырахмат апа балдарды чакыралыбы?дедик.

-Менин берекелерим баарыңарга алып келдим чакырчы кызым!-деп мени карады. Мен кубанган бойдон үйгө чуркадым, баратканда Тоня апанын:

-Балдар силер ынтымактуу болгула!Баардыгыбыз боордош тууганбыз, бири-бириңерге жардам берип бир нан болсо да бөлүшүп жегиле деген сөздөрү кулагыма угулуп, азыр эле айткансып турду. Биз баардыгыбыз апаны тегеректеп алма жеп отурдук. Апа болсо четинен ар бирибиздин башыбыздан сылап маңдайыбыздан өөп, кайгы тарткан көздөрүнөн жаштары агып:

-Менин берекелерим жей койгула мен дагы алып келем, менин да силердей балдарым бар, алар ач болсо да мен бармын, туугандар бар, эл бар а силерчи?!-деп буркурап ыйлап турду. Апа кеткенден кийин Тоня апа келип:

-Бул  Зейне эженин жолдошу 41-жылы согушта курман болгон, кечээ болсо Ленинграддын астында курман болгон улуу баласынан кара кагаз келген деди. Ушундац болгон бирде кайгынын, бирде кубанычтын күндөрү өтүп жатты.

*     *     *

1945-жыл. Январь. Варшава.

 Варшаванын борбордук көчөсүндө мурда болуп көрбөгөндөй поляк элинин көптөн күткөн жеңиш майрамы асманга атылган салюттар менен коштолду. Немецтик баскынчылардан бошоткон Советтер Союзунун эр жүрөк жоокерлери, согуштук техникалары ушул борбор шаардын кең көчөсүндө өтүп жатты. Шаар тургундары жапырт көчөгө чыгышып жоокерлерди куттуктап,  кичинекей балдар, кыздарды көтөргөн,  жетелеген бошотуучу аскерлерге бийик кабаттуу үйлөрдүн терезелеринен  "Бошотуучу Совет элинин жоокерлери!" деген жазуусу бар кооз баракчаларды жада калса кышында өсүүчү үйдөгү гүлдөрүн кыркып ыргытып жатышты. Азап тозок менен учу кыйыры жок жолду басып Берлинге бараткан Совет элинин улуу армиясын сүйүнүчтөн аккан көз жаштары менен кол булгалап узатып турушту. Варшавадан чыга бериште Колоннага тизилип басып келе жаткан жоокерлердин аскерлер ботальонунун командири майор Александр Матвеев ротанын командири менен алдыда келатып, Зениттик батарея турган жерге басып келди. Жолдош майор старшина. . . дегенче болбой 

-Токтот токтот мен сени таанып турам. Атың ким эле?-деп ойлонгончо болбой

-Старшина Касым Мамбетов жолдош майор деди.

-Отур!Чылым чегели!-деп чөнтөгүнөн бири куту тамеки алып чыгып берди. Сунуп жатып: Кечээ Войска Польскогонун офицери берген деп отура кетти.

-Мен чекпейм жолдош майор деди отуруп жаткан Касым. Тамекисин күйгүзүп кере-кере соруп түтүнүн буркуратып үйлөп салып:

-Касым сен мени Саша деп эле айтчы. Согуш да бүтүп калды. Сен экөөбүз курдаш эле экенбиз, андан көрө кандайсыңар?Алексейдин батареясы кандай?-деди.

-Аай Саша баары болот. Согуштагыдай бир гана Алексей жетишпейт. Жакшы жигит эле, -деп жер карады.

-Ооба Касым ал менин кан досум эле. Фин согушунан бери чогу келгенбиз, -деп тамекисин үстөкө-босток тартып унчукпай калды.

-Биздин полкто Алексейдин батареясы деп азыркыга чейин айтышат, -деп Касым сөзүн улады. Алексей менен согушкан жалгыз мен эле калдым,  көбү  "Өмүр жолунда" курман болушту. Калгандары жарадар болуп госпитальдарга кетишкен. Мен дагы Алексей курман болгондо ийинимден алган жарааттан эки ай дарыланып өзүбүздүн ушул эле батареяга келдим. Ээх. . . Согуш-согуш эмнени гана кылбадың!-деп асманды карап ойго батты.

-Ооба Касым биздин тагдырыбызга ушул жазылган Ата-Мекенди коргоо ыйык парз, эми чымырканып бир секирсен Берлинге жетебиз. Ошол жерден Жеңиш майрамын майрамдайбыз!Болуптур эми жеңишке чейин аман-эсен болгула!-деп Касымдын далысынан таптап жолго чыкты. Ленинградтан бери ысыка күйүп, суука тоңуп жеңиш менен жоготууларды башынан өткөзгөн жакында болуучу жеңишке шыктанып катарын бузбай басып бараткан батальондун артынан чуркады.

*     *     *

Ойго батып отурган Василисанын көздөрүнөн нур чачырап татынакай, ажарына жылмаюу пайда болду. Жеңишке жылмаюу менен телмире карап:

-Сен Жеңиш күнү төрөлгөнсүң го?Атыңа затың жарашып деп сөз узатты.

-Ооба апа менин чоң атам  да Смоленскийде согушуп, ошол жерде жарадар болуп калган экен. Мен 9-майда төрөлгөндө чоң атам атымды коюптур!-деп Айжанды карады.

-Балдарым ошол бүткүл Европа Совет эли майрамдаган Жеңиш күнү ушул күнгө чейин көз алдымда!-деп сөзүн улады. Биз мектепте элек. Ар дайым аскер кийимчен, согуштан бир буту жок келген почтальон ата минген атын  көчөлөрдө чапкылап: "Жеңиш!Биз жеңдик!Туугандарым жеңиш,  жеңиш!-деп үнүнүн баардыгынча сүйүнчүлөп жар салып марага чаап бараткан чабандестей талаада иштеп жүргөн эмгекчилерди көздөй атынын оозун коё берди. Айыл ичиндеги элдин баары  көчөлөргө чыгышып,  кары-картаңдар, бала көтөргөн  келиндер жаш балдар, кыздар  "Баардыгы  фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн!-деген ураан астында күнү түнү эмгектенген жалпы эл кубанычта эле. Оюнкараак жаш балдар ары бери чуркашып, бирин-бири кучактаган кыз-келиндердин, баласы же жолдошу курман болгон апалардын ушуга чейин кыйынчылыктан жана кайгыдан ыйлаган көздөрүнөн алгачкы жолу жеңиштин сүйүнүчтүн көз жаштары агып турду. Төрт жылдан бери бүткүл Совет элинин үстүнө түшкөн караан түндү жарып чыккан бүгүнкү тогузунчу майдын тынчтык тартуулаган нурлары унутулгус болуп жүрөгүмдөн орун алды. Мен алтынчы класста окуп жүргөм. Бир күнү мектептен келе жатсак сельсоветтен бала көтөргөн мени тааныган эже:

-Бери келчи сиңдим деп чакырып алып, сени бир аскер киши издеп сельсоветке кирип кетти. Атаң окшойт дегенде көтөргөн сумкам кайда калды билбейм чуркаган бойдон жөнөдүм. Сүрөтүндөгү атамдын кандай болуп калганын элестетип:"Кызым сени алып кеткени келдим. Василий күтүп атат"-деп мени кучактаганын кыялданып сельсоветке кирип Тоня апанын бөлмөсүнө жакындаганда апанын ыйлаган үнү угулду. Эшиги бирааз ачылып калган экен. Тыңшасам:

-Жолдош полковник мен кызымды бербейм, анын эч кимиси жок, мен эчак эле Ленинградка кат жазып кабарын алгам!-деп ыйлап мына анын атасына жазган каттары,  жүрөгүн оорутпаңыз, мен азыркыга чейин атасынын атынан кат жазып берип турам!деген үндөрү менин ушуга чейин үзүлбөгөн жападан жалгыз үмүтүмдү үзүп, учу кыйыры жок кыялдарымды алда кайда учурду. Мен ыйлаган бойдон билинбей маңдайдагы балдар үйүндөгү өзүмдүн бөлмөмө барып эчким менен сүйлөшпөй, атамдан келген жалган каттарды кармалап отурдум. Акыркы таянычым атамдын жок экенин кайгы тартсам бир четинен Тоня апамды аядым. Мага окшогон атам согушта деген балдарга болгон энелик мээримин, камкордугун,  өзү жебесе да алып келип берген тамагын, жайкысын ат арабаларга отургузуп алып Ысык-Көлгө,  Күрмөнтүнүн үстүндөгү жайлоолорго алып барып эс алдыргандарын көз алдымдан өтүп жаткан тасмадан көрүп отургансып ушул ыйык эненин жүрөктөн чыккан жылуу сезимдерине ыраазы болуп, кайраты менен эрдигине таң калдым. Ошол күнү аяш атам болуп Тоня апамдыкында конокто болдук. Тоня апамдын жолдошу ушул айылдын ат чаап, улака түшкөн  мыкты жигиттердин бири эле. Тоня апа түйүлгөн байпак, кийим кече салынган посылкаларды фронтко жөнөтүп жүргөндө Тоня апанын байпагын кийген жоокер менен кат алышып, таанышып  согуштан кийин баш кошушкан. Кошуналары келип кой союп, боорсок жасап, дасторкон үстүнө дүйүм тамактын баарын коюп кымыз ичип  кыргыздын залкар күүлөрүн чертишип Ленинградтан келген аяш атамды таң атканча коноктошту. Кыргыздын ушунчалык жөнөкөй,  ынтымактуу,  айкөл, кылымдарды карыткан салт-санаасын калтырбай аздектеп үч кылдуу комуз менен Улуу көчмөн кыргыз элинин баскан жолун баяндаган күүлөрүн, ооз эки чыгарманын дүйнөдөгү атасы "Манас" эпосун угуп ушул кичинекей элдин улуулугуна таң калган аяш атамды эртең ат араба менен Светлая Мысь айылына алып барып баржага салып узатып ийдик. Аяш атам кетээрде:

-Кызым сен жакшылап окуп!Келип турам, окууну бүтсөң Ленинградтан окутам деп баарыбыз менен коштошуп керемет Ысык-Көлдүн үстүндө сүзүп бараткан баржада кол булгалап узап бара жатты. Кийин мектепти бүткөндө Ленинградтагы Тоо-Кен  институтун бүтүп, аскерден келип мени менен чогу окууга тапшырган кыргыз жигитине турмушка чыктым. Азыр Кудайга шүгүр бир уул, бир кызым бар. Уулум үйлөнүп бир баланын атасы. Кызым Ленинградта  Мединститутта окуйт. Жолдошум Менделеевдин таблицасындагы баардык кендерди өз койнунда сактап жаткан кыргызымдын чокусун ак кар баскан улуу тоолорунда кең издеп кызмат кылат. Мен болсом бул жерде геология институтунда кызматтамын. Отставкадагы генерал аяш атам кечээ сүйүнүчтүү кабар айтып:

-Бүгүнтөн калбай  Москвага учуп кел!деп буйрук берген, -деп тамашалап ынтаа коюп угуп отурган Жеңиш менен Айжанга карап баардыгы каткырып күлүп калышты. Кырк беш жылдан бери көрбөй өлүү тирүүсүн  билбеген менин Василийди тапкан экен. Мен эки сааттан кийин учам деп Василиса баштан өткөн тагдырын, кайгысы менен  кубанычын баштан аяк айтып берип, тарыхта калчудай болгон ушул баянды аяктады. Манас аэропортуна каттаган автобуста отурган алтын түстүү чачы далысына түшкөн татынакай айымды узаткан эки жаш көпкө чейин кол булгалап турушту.

*     *     *

Мындан бир ай мурун.

Александрдын небереси үйлөнүп,  үйлөнүү-үлпөтүндө отурушкан кичүү небересин кызы бир жигитти жетелеп келип:

-Генерал чоң атаң менен тааныштыр деп жанымды койбой койду, -деп тамашалап:аты Антон Афганистанда кызмат кылган деп уялганынан жашыра албай ары басып кетти.  Экөө бирааз сүйлөшүп отурган соң:

-Биздин  артилериялык полктун командири биздин жердеш эле Егоров Василий деп айтып бүтө электе

-Ким дедиң?кайра кайталачы?-деп генерал тура калды.

-Ооба Василий Егоров иэ Афганистандан биздин армия чыгып жатышат, алар чыкты болуш керек. Ал айткан биздин дивизия Казакстанда, -деп тайсалдаган жигитти 

-Сен чын айтсаң анда мен үчүн эң жакшы кабарды айттың, -деп Антонду кучактап далысынан таптап жатты.

 Василийдин табылышына  бакма апасы Ирина Борисовна себеп болгон Василийдин мурунку аты Геннадий болгон аны Гена деп кыскартып чакырышчу. Гена мектепти бүтөөрдө паспорт алууга даярданып жүргөн. Апасы Ирина кечинде тамака отурганда:

-Уулум мен сага айтпай жүргөн бир сырымды айтайын. Сен ук дагы туура чечим кабыл ал деп сөзүн баштады. Анда Ленинград курчоого калып блокада убагы эле. 1942-жылы өпкөсүнө суук тийип, уулум чарчап калган, атаң согушта болчу. 1943-жыллвр январь айында эвакуация убагында мен ошол жерде иштечүмүн. Орто-Азияга кетчү адамдарды даярдап жатканда бир капитан чининдеги офицер сени жана эжеңди алып келип ата-энеси жок томолой жетимдер, -деп бизге тапшырып аты-жөнүңөрдү жазып берип шашып согушка кеткен. Ошол күнү бомбалоо болуп кымгуутта адашып кетип эжеңди жоготуп алгам. Ошол бойдон табылган жок. Атаң 1945-жылы согуштан кайтканда айткан жокмун. Согуштан контузия алып келген жолдошума чарчап калган балабызды угузуудан айбыгып көңүлүн бузгум келген жок. Биз балалуу боло албадык,  атаң байкуш согуштан алган жараатынан кыйналып жүрүп каза болгонун өзүң билесиң. Сен Егоров Василий Алексеевичсиң!-деген.

*     *     *

Зымырап жүрүп бараткан кап-кара волганын ичинде отставкадагы генерал лейтенант менен Василиса бара жатышты.

-Саша ата,  болуңуз кечигебиз тез айдаңыз!-деп чыйпылыктаган Василисага

-Биз аскер адамдары тактыка үйрөнгөнбүз, кам санаба, убагында жетебиз, -деп аяш атасы рульда келе жатты. Домодедово аэропортуна келип токтоло замат волгадан чыккан Василиса аэровокзалды көздөй чуркады. Вокзалдын ичине кирээри менен төр жакта  чачын ак басып улгайып калган апаны колтуктап, колуна чоң чемодан көтөргөн шыңга бойлуу офицер басып келе жатты. Бир саамга туруп калган Василиса сүрөттөгү атасына куюп койгондой окшош бир тууган инисин дароо тааныды.

-Василий!-деп болгон үнүнүн баардыгынча кыйкырып алып инисин көздөй чуркады. Кырк жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу көрүшүп,  кучакташышып, турган эжеси менен инисинин көрүнүшүн сүрөттөп айтып берүүгө эч кандай сөз жетпейт эле.

-"Менин Василийим, менин бир тууганым!"-деген сөздөн башка эч нерсе айта албай, иниси экөө кучакташышып көпкө турушту. Жаштайынан ыйлап жүрүп жаш чыкпай калган көздөрүнөн, кырк жылдан ашык убакыттан бери ушул күндү зарыгып күткөнсүгөн, сүйүнүчтүн жаштары Василийдин кең көкүрөгүнө тамчылап жатты. . .

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз