Малика Жумадил кызы : Айдагы абышка (№138)

АҢГЕМЕ

Салкын жел согуп жерден күндүн ысык табы чыгып турду. Күүгүм кирип калган. Мындайда сейилдеген сонун эмеспи. Чоң жолду бойлоп келатып, чакан ашканага кайрылдым. Аарынын уюгундай ызылдап, ашканада эл көп экен. Элди аралап барып, төр жактан бош орундук тапканым менен, бул сапар жалгыз келгениме ыңгайсыз болуп турдум. Маңдайымдагы столдо, сакал-муруту куудай аппак абышка олтуруптур. Башындагы калпагы бөтөнчө бийик, кийген кийими да бир башкача. Тагынган көз айнеги тептегерек болгон ушул нур жүздүү карыя, мага негедир жомоктон чыга калган оң каармандай көрүндү.

Ал баштыгынан дыкат оролгон эски таарын алып чыгып, балкачасынан муштуму менен койгулап жумшартып, столго жайды. Жайылган таардын бетине шахматтын алтымыш төрт ак, кара чакмагы түшүрүлүптүр. Анан бир бирден хандарды, вазирлерди, жөө аскерлерди орду ордуна тизди. Тизилген шахматтарга карап, көңүлү тойгондой бир аз тигилип калды да, күрмөсүнүн төш чөнтөгүнөн саатын сууруп чыгып, көзүнө өтө жакындатып карап, столдун чекесине койду. Ушундан улам бирөөнү күтүп жаткан экен деп боолгодум.

Тамактанып бүтүп, үйгө баргым келбей, карыянын ар бир кыймылына көз салып, карап олтура бердим. Тамагын кырынып, оозундагы какырыкты эч нерсе болбогондой столдон ылдый эңкейе калып түкүрүп койду. Эмнегедир иренжиген жокмун. Тескерисинче, ал мага ушул турушу менен сүйкүмдүү көрүндү. Анын да күткөн кишиси келген жок окшойт, улам эки жагын каранат.

Ойлонуп кетиптирмин.

– Кызым!.. – деди бирөө бир маалда. Чочуп ордуман тура калдым.

Карыя мага айтып жаткан экен.

– Ии, угуп атам.

– Шахмат ойнойсуңбу? – деп кесе айтты.

– Ойнойм, – дедим кубана.

– Бери олтур!

Жакын барып так маңдайына олтурдум. Ал башка сөз сүйлөгөн жок. Сакалына түспөлдөш ак пешканы жылдырары менен шахмат талаасында оюн башталды.

Оюн жүрүшүндө мени эки жолу утуп алды. Эртеден бери унчукпаганынан, сөз баштап:

– Жакшы ойнойт экенсиз, – дедим.

Ал саамга унчукпай ойлуу олтурду да:

– Жакындарыңа баркың жок болсо кандай жаман! – деп, эми эле күйүп турган көздөрү жашылдана түштү. Күткөнүмдөгүдөй жооп албаганга, кайсалап сөз таппадым. Анын бул түшүнүксүз сөздөрү жүрөгүнүн тереңинен чыккандай туюлду. Мен аны аяп кеттим. Күнөөлүүдөй башымды жерге салдым.

Шахматтарды кайрадан тизип, ойноп баштадык. Чынында ойногум келбей турган. Андан көрө, анын эмнеге антип жооп бергенин сурагым келди. Бирок бул тууралуу аксакалга айта алган жокмун. Ал өз ойлору менен алек эле. Мунусунда мен жеңдим. Кубанып мактоо укчудай, анын жүзүнө тигилдим. Ал жанагы олтурган калыбынан бир топ өзгөрүлүп, кайратынан жана түшүптүр. Мен өзүмдү жемеледим. Көңүлүн жубаткым келип, эмне айтаарымды билбей турганымды сезип калгансып:

– Эми эмнесин айтайын, балам... Мени антип караба! Мен өлбөгөн бир чалмын. Каяктагы сөздөрдү сүйлөп, алжып калган экен деп ойлогон чыгаарсың, мейлиң, ойлосоң ойло!.. – деп үнү каргылданат. - Баарынан жаманы – өз балдарың өгөйлөп, өксүтүп кеткени тура. Бар туруп эсепке кирбесең, не пайда дегеним ошол, жаның карышканда айтыла турчу сөз экен. Сексенге таяп калдым, - деп унчукпай, тушубуздагы терезени тиктеп калды.

Терезени карасам Ай казандай чоң, сүттөй тунук.

- Мына көрдүңбү, ай да жалгыз. Ал бүгүн жерге жарык жүзүн толук көргөзүптүр, - деп бир маанилүү кеп айтчудай, оозун таптап барып, башка сөздөрдү айтып койгонсуду: – Заман бузулду... Арийне, шахматтай кылып ак караны бирдей жараткан Кудай – калыс зат, болгону убагында туура жүрүш жасап, туура жүрүш керек. Кара болбосо акты кайдан таанымакпыз деген кеп ушул.

Ата-энеңе кайрымдуу бол, кызым, Кудайды тааны, өзүңдү тап.

Унчукпадым. Унчукканда эмине?!

Бул сөздөрдүн эч бирине терең түшүнбөсөм да, көздөрүмө жаш толуп чыкты. Ирмесем эле агып кетүүгө даяр турган жашымды, кошо ыйлачудай болуп мени карап турган аксакалдан катып, кайраттандым. Көзүмө толгон жаш, кайра карегиме сиңип кеткендей болду. Мурда баам салбасам керек, азыр ал мага чоң атамды акыркы жолу көргөнүмдөгүдөй алдан тайгандай арык көрүндү.

Кокус эле оозума бирөө сала бергендей:

– Атаа! – деп жибердим. Ал эмне дейт экен дегенсип карап калды. Үнүм буулуп, эч нерсе дей албадым.

– Менин да сендей кызым бар, – деди ал жылмайып, мени жубатмакка. – А сен жылдыздуу кыз экенсиң. Кудайым бакыт берсин, чырак кыз!

Айтканыңыз келсин дегендик кылып, башымды ийкеп, ызат көрсөттүм.

– Түн болуп баратат. Үйүңө бар. Эртең келсең шахмат ойнойбуз. Анан сага бир нерсе айтып беремин, – деди.

Макулдашып коштошуп, сыртка чыктым. Ай жарык экен. Аялдаманы көздөй басканча, жомоктон келген аксакалдын жүзүн Айдан көрүп, аябай таң калдым. Анан аны "жомоктон келген чоң ата деп атап койсомбу же айдан келген абышка десемби" деп ойлонуп жатып уктап кетиптирмин, ойгонсом, жатакананын тушунан өтүп бараткан экем. Шашып, маршуткадан түшүп карасам, Ай жок, караңгы. Булутка кирип кетсе керек.

Берген убадам менен баягы жерге кайра келдим. Карыя жок экен. Эртеси кайра келдим, дагы жок. Анын айткандары, мени дайыма ойлондурат. Айды карап анын элесин көрө берем.

Айдагы абышканын мага айтып берер сөзү бар болчу!..

Окшош материалдар

Комментарийлер (4)

  • - Тынычбек

    Бул чыгармага мен 5 койдум.

  • - Баймурзаева Маширап

    Привет

  • - Баймурзаева Маширап

    Привет

  • - Баймурзаева Маширап

    Привет

Комментарий калтырыңыз