Бектур Корошбек уулу: Тоолор бизге түбөлүктүү күзөтчү (№139)

КАРЫНДАШЫМ ДЕП КОЁМ ЭЛГЕ ДАЙЫМ

Жан дүйнөмдө жашаган жүрөктөшүм,
Жаным сен саат, секунд, мүнөттөшүм.
Сезимдер бийлейт чындап музыкада,
Сен барда кантип бакыт күн өтпөсүн?!

Ак сүйүүбүз антыбыздан тандырбасын,
А сен – меним сүйүп тапкан тагдырлашым.
Асыл жарым апакемдин ордун алып,
Анда нан жап, айланып тандыр башын.

Басып, чуркап жетемин үч аттасам,
Бал сыяктуу куюлам кучактасам.
Таарынбайсың татынам ээ. Сени түндө
Танга чейин жүрөгүмө ушактасам.

Кече – жылдыз, бүгүн – күн, эртең – айым,
Кереметим керме каш эркетайым.
Кай бирөөлөр сурашса сен жөнүндө,
Карындашым деп коём элге дайым.

КЕЧЕ ТҮНҮ

Сүрдөнүп сүйүүдөн айлам качкан,
Сезимдер дүйнөмдү жалмаңдашкан.
Таңдагы алтын күн, түн, жылдыз, айы
Табият таалайыма жардамдашкан.

Кошулганбыз сүйүүсү улуктарга,
Окшош эле сүйүүбүз тунук карга.
Күбө болбой табият сүйүүбүзгө,
Жылдыз, ай жашынды булуттарга.

Неге жолтоо сүйүүсү тунуктарга?
Мен капамын жамгырга, булуттарга.
Мага керек табият. А таарынычты,
Мен аракет кыламын унутканга.

АЙЫЛЫМДЫН ЭСКИ, ЖАҢЫ ЖАШООСУ

Жайлоосунда жайылышат баары мал,
Жада калса чет элдерге таанымал.
Чоңойушкан чоң залкарлар бу жерден,
Чоңко айылдан Элмирбекти таанып ал.

Канат акем боорду эзип күлдүрөт,
Каткырбастан жылмайыңкы күн күлөт.
Чоңко айылым ушул сыяк адамдан
Чолпон болуп таанылган да дүңгүрөп.

Тоо койнунда жүргөн кездер эстелип,
Тоо боорунда тоголонгон күндөрү.
Жыттаганда акылыңа эс келип,
Жыпар жыттуу тогуз кабат гүлдөрү.

«Тоноп аны кетпесин» - деп айтпастан,
Тоо азыгын биз күтөбүз бышсын деп.
Тоого чыгып томсоргонсуп кайтпастан,
Толо кучак, тоюп курсак ышкын жеп.

Айланасы чиймеленип оюудан,
Апакемдин туш кийизи курактан.
Жанталшып туздуу тамак тоюудан,
Жата калып суу иччү элек булактан.

Кулундары кишенешип желеде,
Кулундары тизмектешип байланып.
Бээни сааган рахмат айтып жеңеге,
Бейбаш балдар кымыз ичет айланып.

Тоодон ылдый көз чаптырып карасаң,
Укмуштуудай айыл турат келчи деп.
Көзүң менен алысырак карасаң,
Көк-Бел деген көлүм турат мелтиреп.

Учурунда улуу тоонун төрүнө,
Укмуштуудай кылып жолду түзөтчү.
Төрт тараптан тосмо болуп көлүнө
Тоолор бизге түбөлүктүү күзөтчү.

Бүчүр ачып бак-дарактар жайнашкан,
Бүгүнкүдөн укмуш эле кечеги.
Чоң коосунда эли тыгыз жайгашкан,
Чоңко айылым эки тоонун этеги.

Аял, эркек, кыз-уландар шаңкылдап,
Айылыма суктангандар конокто.
Кенен жана үнү сонун шарпылдап,
Кен-Туулуктун суусу агат колотто.

Таңгалтырар айылымда жарышып,
Тал-теректер баштан этек тизилет,
Таңдан кечке жетишпесез таанышып
Таанышууга келип кетиң бир ирет.

Чөп чабыкта талаа түздө эл жайнап,
Чөмөлөлөр ар кай жерде томпоюп...
Түштөнүүгө эли анда бел байлап,
Кылкылдаган семиз болгон кой союп.

Жоомарт элге оомат келип турчу эле,
Жогун анда коңшусунан суратып.
Ашар менен анда көңүл бурчу эле,
Алкымынан  чөптү  чалгы сулатып.

Айыл ичи шумдук эле илгери,
Азыркысы мурункудан бөлөктөй.
Атам барда укмуш эле бир жери,
Атам дагы дүйнө салды көп өтпөй.

Аттиң, көптөр жоготушат дайынын,
Айылымдан калаасына бүт барып.
Адамдарын тоого тушап айылым,
Алсаң экен шаардан бизди куткарып.

Ак элечек апаларга ай баткан,
Асылдарды кимдер гана сүйбөгөн.
Чоңко айылда ак сакалын жайкалткан,
Чоң аталар кеткен экен дүйнөдөн.

Коңшу-колоң бир-биринин иши жок,
Колтугуна жашынышкан кишилер.
Мурункудай мыкты мүнөз киши жок,
Мурундары өйдө болгон кишилер.

Жаш балдар да жайдаңдашып ойнобой,
Жаңы шымдын бүтүн болуп аласы.
Алыстарда ата-энесин ойлобой,
Аша чабып тентип жүрөт баласы.

Айыл ичи мемирешип жылышпай,
Ак шоолалуу, бирок шаңсыз таң атат.
Ырыскылуу майрамдары кызыктай,
Ыр, күлкүсүз өтөт шаани шарапат.

Эки кабат там салабыз деп элдер,
Эң керемет тал-теректер кыйылды.
Кылым баскан тарыхты кой дегендер,
Кыргызымдын каада-салты тыйылды.

Жылкылары бирден тоонун төрүндө,
Желесине кулундары байланбай,
Чаңызгытып тракторлор чөбүндө,
Чалгы илинип шыпта турат кайралбай.

Көк асмандын тунук бетин өпкүлөп,
Көк тиреген тоолор урап пасайып.
Шаңкылдашып кыз-уландар көп күлөт,
Шаркыраган суусу калды азайып.

Кой көбөйтүп төл аларда бу жазда,
Кошунамдын козулары бүт өлүп,
Булбул сайрап суу ууртаган бу сазда,
Булак көзү калган экен бүтөлүп.

Эчен короо кой жайылчу кошулуп,
Эки тоону ээлеп баары алып кыр.
Керешкеден, зымдан болуп тосулуп,
Кең талаада да бир топ тарып калыптыр.

Чөп нымдашып жерден чыккан буусуна,
Тоо боорунда төрт түлүктүү мал оттоп,
Тобоо, дүйнө, жада калса суусуна,
Тоо чөбүнө пул төгөсүң налоктоп.

Айылымдын бул керемет жашоосу,
Бүгүнкүдөн мурункусу сонундай.
Айылымдын эми жаңы жашоосу
Айтканымдай азыркысы момундай!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз