Бактыгүл Чыныбаева: Пайдубал (№77)

АҢГЕМЕ

Жумаш чалдын балдары тың чыкты. Кичинесинен зирек чоңойгон уул-кызы тез эле чет тилдерди үйрөнүп, бири Түркия, экинчиси Германия, үчүнчүсү Орусияга иштеп кетти. Алардын алган айлыгы аябай көп окшойт, атасын да марытышты. Көк эшектен түшпөй, колхоздун сугатынан башы көтөрүлбөгөн Жумаш карыяга Жапонияда чыккан, рулу тескери бир Жип алып беришти. Айылдагы жепирейген тамын буздуруп, эми минтип келиштире эки кабат там салалы деп кеңешип, ошого азыр улуу уулу немистин борборунан пул жибериптир.

Эзели намазын таштабай, эч кимди алдабай, тынч өмүр сүргөн карыя бала-бакырасынын өнүп-өсүп, бутагы кенен жайылганына Алласына миң ирет шүгүр кылат. Чоң танын пайдубалын курууга уулу, кыздары огеле көп акча беришти. 80 миң сомго пайдубалын куруңуз дешти.

Жумаш тескери рулдуу Жибине минип алып, райборбордогу базардан цемент сатып келип, ишке шайма-шай киришти. А бирок балдарынын баары чилдей тарап, балдары ар кайсы өлкөдө иштеген үчүн карыяга кара күчкө толгон жумушчу табуу кыйын болду. Байбичеси менен ары кеңешип, бери кеңешип бир топ күн өтүп кетти. Акчасын салган балдары улам алыстан телефон чалышып, карыяны шаштыра беришти. Тамды жылуу маалда, күзгө чейин бүтүрүп алалы деп шаштылары кетет.

Жумаш карыя эми курулушчу издеп жолго түштү. Айылдагы курулуш кылган балдар дегеле купулуна толбойт. Качан болсо иштедик дешип, кечкисин шарактап арак ичип, эки-экиден кызымтал болуп отурушкан болот. Анан ушул оозунан арагы түшпөгөн эмелер эмнени кыйратмак деп, балдарынын изги тилегин аракечтерге карматкысы да келбеди. Өзүнө окшош намаз окуган, диндар курулушчулар алыстан келип, райборбордо иштеп жүрөт деп укканы бар эле. Аларды эки күн дегенде издеп араң тапты. Башына топу кийген, сакалы бетин каптап өскөн сомодой төрт жигит аксакал менен жылуу учурашышты.

- Таксырлар, - деп кайрылды Жумаш карыя аларга ызаат менен, - менин пайдубалымды түптөп бергиле. Тез бүтүрсөңөр ырас болот эле…

- Пулу туура келсе, пайдубалды бир базарда эле ары-бери кылабыз, аксакал, - деди сакалы үксүйгөн, топусу көгүш, олбурлуу жигит.

- Пулун алдын ала берем, айланайындар. Азыр эле берсем да болот, - деп сүйүнүп кетти Жумаш карыя.

Канча күндөн бери белине бекем оролуп, ашыкча жүктөй сезилген 80 миң сомдон тез эле кутулса, пайдубалы курулуп бүтүп каларын элестетип, сүйүнүчүн жашыра албады.

Тигил топту машинесине салып, тез эле үйүнө келди. Байбичесинин купулуна да толду окшойт бул балдар. Кагылып, тегеренип, күпкөгө каткан сүр эттен салып, шорпого талкан чалып, гүлчөтайын жайнатты. Жигиттер кужулдап, ал күнү кечке дубалдын жерпайын казышты. Катуу иштешет экен, жерпайды 4-5 саатта эле ары-бери кылышты. Муну көргөн абышка менен кемпирдин кубанычында чек жок. Алыстагы балдарына телефон чалышып:

- Намаз окуган, ыймандуу курулушчуларга туш болдук, кудайым да бизди сүйөт экен. Жерпайын бүтүрүштү, дубалы бир жумада даяр болот, - деп сүйүнчүлөп ийишти.

Жигиттер намаз маалында карыянын аркасына кырка тизилип туруп калышат. Аксакал аларды тапканына маашыр, эртеси 80 миң сомду бирден санап, карматып койду. Эми санаасы тынч, тоо боорундагы малын көргөнү кетип калды. Ал кетерде жигиттер цемент менен кумду аралаштырып, күжүлдөп иштеп жатышкан.  

Карыя тоодон кеч кайтты. Көз байланган маал. Келип эле курулушту карады. Эртең менен аттанарда жигиттер аралаштырып жаткан каретадагы цемент ошол бойдон бөксөрбөптүр. Бөртөйүп каткан анысы. Таң калды. Балким алар жакын эле жерде, светтин жарыгына иштегени ушинтип даярдап койгонбу деп, аралашманын ичиндеги күрөктү суурайын десе, анысы цемент менен цемент болуп каткан. Жүрөгү шуу дей түштү. Үйүнө шыпылдай кирсе, кемпири чоң казандагы кесмени чыгарып коюп, телевизор көрүп олтурганы.

- Кана курулушчулар?

- Сен жылганда эле мечитке намаз окуйбуз деп кетишкен, ошол бойдон...

- Көрүнбөйт сыртта. Каретадагы цемент эбак катыптыр го.

- Келеттир эми, кел, тамак ич.

Жумаштын тамагы деле аш болбоду. Кечки намазын окуп, дагы сыртка чыкты. Түндөн башка сыртта караан жок. Эртеси багымдатын окугандан кийин кайра курулуш четине келди. Цементтеги күрөк катыган бойдон турат. Ал күнү карыя тигилерди кечке күттү. Курулуш башчысынын номуруна чалса “абонент өчүрүлгөн” деген гана жоопту угат улам. Абышканын ичи түпөйүл болуп, жүрөгүн шектенүү бийлеп алды. Мечитке барды. Андагы имамдан топучан жигиттерди сурады. Имам башын чайкап, бейтааныш эч ким келген жок деди. Карыя дагы күттү, бир апта өттү. Бир ай өттү, кудай уруп… Курулушчулардан дайын жок.  

Пайдубалга деген балдары салган акчадан да кабар жок… Эң эле кыйыны – балдарына бул аңкоолугун айта албай кыйналганы. Ал өзү сыяктуу кудай деген пенделерди тапканына кубанганын эстеген сайын – жүрөгү тарам-тарам тилинет.

Эки айдан кийин гана үйдүн пайдубалын айылдагы Жумаш карыя жаман көргөн боз уландар ашар кылып эле бүткөрүп коюшту…

Комментарий калтырыңыз