Эдуард Успенский: Жолборс чыкты сейилдеп (конкурска №21)

Балдар ырлары

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты!
Жабылбай калган капастан
Жолборс чыкты капыстан.
Жөнөдү анан сейилдеп,
Ойлободу жейин деп.

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты!
Көчөнү келет жөн бойлоп,
Кишилерге тийген жок.
Көргөндүн  баары качышты,
Кайдадыр безип атышты.

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты!
Бирөөсү бакка асылды,
Үй-үйгө баары жашынды.
Башкасы чыкты чатырга,
Бир киши жатты такырда.

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты!
Балатыга барып чыккан
эки кемпир оюнчуктан
айырмасыз болуп калды.
Шаар элсиз аңгырады.

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты!
Жолборс көрүп шаар ээнин,
Ойлоду: “Тынч го тегерегим,
Кой, кайтайын зоопаркка,
Шаңдуу да, элдүү ал жакта”.

Сергей Михалков: Сүрөтчү Пил

(тамсил)

Сүрөтчү Пил бир күнү пейзаж тартты,
Дал өзүндөй келиштирди чар-тарапты.
“Балким жакшы болбой калып жүрбөсүн” - деп,
“Начарлыгын эл көрүп күлбөсүн” - деп,
Көргөзмөгө жөнөтөрдө алдын ала,
Түшсүн деп кемчилиги айкындала,
(Келди анан  ачык-айрым пикир укку,
Сактанды алыс таштап укурукту.)
Көрсөттү досторуна бул сүрөттү,
Ага удаа ой-санаасы дүрбөп өттү:
“Туурабы же туура эмеспи бу кылганым?
Деги кандай бул ишиме сын угамын?
“Жарабайт” деп жактырбай карашабы?
Же болбосо көкөлөтө макташабы?” -
Ошентип эмгегинин бетин ачты,
Достору көз жүгүртө жарданышты.
Крокодил сөз баштады көз чаптыра:
“Баары жакшы, бир гана көл жок тура...”
“Көл жоктугу кырсык эмес,- деди тюлен.-
Кар жоктугу кемчилик эмне деген?!”
Ал аңгыча крот алды сөз тизгинин:
“Кардан дагы маанилүү бир нерсенин
Унутпайлы бар экенин, чындыгында
Казгыдай жер кыртышы жок ко мында!”
Корк-корк этти аңгычакты чочко курдаш:
“Бул жерде көрүнбөйт ко бир дагы аш?..”
Ар кими минтип оюн айтып калды.
Мунун баарын пил курдаш эске алды,
Аларды сүрөтүнө бүт батырды,
Бир топко түйшүктөнүп, бүттү акыры.
(Ал тургай аюу келип калбасын деп,
Пейзажына кошту ал чоң бал челек.)
Досторуна көрсөттү ал: “Мынакей”,- деп,
Ойлошту: “Чалыныптыр чалмакей!- деп...”
Жаш досторум, бул жоругун кылбай пилдин,
Кеңештерди акыл менен талдай билгин,
Эгерде жагам десең баардыгына,
Ишенип кой, өзүң зыян тартарыңа.

Генрих Сапгир: Алмалар жөнүндө

Көрүнүп көзгө дапдаана,
Алмалар өстү бакчада.
Кимдердин кандай иши бар?
Бакчада жөн-жай өстү алар.
- Бийик, - деп чычкан муңайтты,
- Төмөн, - деп бирок ат айтты.
- Эң жакын деди таранчы,
Үлүл: - Жок алыс, карачы...
Музоо болсо санаада:
- Аз, жетеби мага да?
Жөжө деди: - Оо мунун,
Чоңдугун көр, оорлугун...
Мышык айтты: - Кычкыл неме
Керек деги кимге, неге?
- Мындайды таппайм, - курт сүйлөдү.-
Кыдырсам да бүт дүйнөнү.

Валентин Берестов: Мышыктын күчүгү

Мышык бала багып алды,
Мыймый эмес күчүктү.
Татынакай бойтойгон бир,
Али көзү бүтүктү.

Самыны жок, суусу да жок,
Мышык уулун киринтет –
Тили менен жалап-жуктап,
Сүйөрлүгүн билинтет.

Ал жаласа тез тазарат,
Баш, көз, моюн, далылар.
Эне мышык чынында эле,
Абдан таза жаныбар.

Эне бакты түйшүк менен,
Өткөрүп көп айларды.
Натыйжада күйпүл күчүк,
Чоң дөбөткө айланды.

Байкуш эне күчү жетпейт,
Сапсагайды жуунтканга.
Капталына бою жетпейт,
Жалап-жуктап чыкканга.

- Уулдун мойнун жууш үчүн,
Далысына чыгуу керек,-
Деп үшкүрөт мышык эне,
- Деги эмне кылуу керек?

Итке дешти : - Өзүң жуунгун,
Түйшүктөнтпө энеңди.
Сууга түшүп, мойнуң жышып,
Таза карма денеңди.

...Дөбөт жуунат көлмөчөдө,
Ташка боюн сүргүлөйт.
Эне мышык кум үстүндө
Бейкапар, тынч үргүлөйт.

ТАЙГАЛАК

Адам жүрбөй, жылбай калат,
Анткени бут тайгаланат.
Абдан жакшы жыга алат!
Сыйгалантып жатса дагы,
Эмнеге эч ким кубанбайт?

ОЮНДАН СОҢ

Бирде уруштук, элдештик,
Кээде туруп мелдештик.
Анткен менен акырында,
- Дос бололу, кел! – дештик.

Алмашты оюн оюнга
Алар да чыкты соңуна.
А бирок да достуктун
Бүтпөгөнү сонун да!

ЭЧКИ

Эчки жылып үйгө кирди,
Ушунчалык ачкабы?
Шыпыргыны бутап ийди,
Килемчени жалмады.
Терезеге тартылган
Калтырбады парданы.
Үстөлдөгү дептерден
Жарты барак калбады
Жашыл өңдүү сүрөттү,
Чөп деп жалмап салганы...
Туулган күнүн куттуктап,
Берсем сыйлап гүлдесте.
“Тамагыңа рахмат!”- деп,
Жеп кирген дагы эсте.

МИШКА - МАМАЛАК

Эх мамалак, мамалак,
Балдар сага таң калат:
Кышы бою уктадың,
Балатыга чыкпадың,
Калың карды кечпедиң,
Чана, лыжа теппедиң,
Кар чабышып ойнобой,
Эч нерсени ойлобой,
Кышы бою жатасың,
Коңурукту тартасың.
Эх мамалак, мамалак,
Балдар сага таң калат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз