Сабахаттин Али: Айран (конкурска №22)

АҢГЕМЕ

Айылдан станцияга барчу жол, эриген карга аралашып тизеден баткак. Найза бою көтөрүлгөн күн, талааны каптап жаткан кар үстүнө чагылышып көз уялтат, бирок жолдогу кир суунун көлчүктөрүнө тийгенде кочкул сары өңгө айланып, тумчугуп жатты.

Таманы мыкталган чоң өтүктү жыңайлак кийген кичинекей Хасан, оң колундагы  кумураны анда санда тыныгып көтөрүп барат. Кээде сол колундагы цинктен жасалган кесени жерге таштай калып, оор жүктү денесине дагы да аз салмак бергидей кылып көтөрүп алгысы келет. Оозуна чейин айранга толтурулган кумуранын таман тарабы кадам шилтеген сайын тизесине урунуп, чыканагына чейин өткөрүп алган сабы колунан чыгып кетип алдына тоголонуп кетчүүдөй чайпалат. Өтүгүнүн аркасы кемшийип калгандыктан, баланын согончогу бут кийимдин өкчөөсүн эмес, түз эле баткакты басып жатты.

Жайы, кышы дебей ар күнү мажбур бара турчу эки сааттык жолу бул сапар дагы узарып кеткендей. Так эле жарым жолдогу кургап бараткан кичинекей талдар тумандуу ойлордун ичинде жаткандай.

Кичинекей Хасан жылдар бою көрүп жүргөн нерселерине кызыкпаган түр менен карады. Кургаган саздын арасында кайрак талааны тешип өтүп, жанына жеткичекти байкалбаган төрт кадам кеңдиктеги кичинекей дарыянын, катарлаш таштап үч тактайдан куралган көпүрөсү чөгүп кетчүдөй термеле баштаган.

Андан бираз өйдөрөк, кичинекей тирөөчкө жөлөнүп, талааны караган тегирмендин үнү угулбайт. Кыш күндөрү үч күн иштесе, беш күн иштебей, каалгасынын алдындагы жалбырактары төгүлгөн үч талы менен толук бойдон ээн калган үйдү элестетет.  

Хасан эч нерсе ойлонбой кетип баратты. Үйүндө кайтып келүүсүн күткөн эки кичинекей бир тууганы, төрт сааттык жолу бар алыстагы башкаруу борборунда иштеген апасы дагы оюнда эмес. Айранды сатуу же сата албай калуусу дагы оюнда эмес. Башында бир гана ой бар: бул жолду кайрадан басып өтүү, артка кайтууга мажбур...

Көпкө ыйлагандай үшкүрүнүп алды. Кесени кармаган сол колунун кесилип кеткен сырт жагы менен мурдун аарчыды. Көздөрү менен алды жакты караганда станцияга жакындап калганын көрдү. Эки тарабы жылаңач тоолор менен курчалган, узун талаанын так ортосунда турган, айланасындагы жалбыраксыз акациялар менен ого бетер аянычтуу көрүнгө имарат, ошол жерге кокустан ыргытылган ташты элестетет. Күндө эки маал өткөн почта поезд дагы маанисиз жерге токтодум деп таң калгансып, бир канча мүнөт тургандан кийин жөнөп жаткандагы ачуу үнүндө кубануунун белгиси байкалат.   

Кичинекей Хасан станциянын тактай менен тосулган чегине жеткенде бираз эс алды, кайрадан тактайдан куралган эшигинен аралап кирди.

Станция имараты менен темир жолдордун арасындагы төрт беш чарчы метр жерде, куржундарынын үстүндө отурган эки айылдык киши менен бөлмө ичинде бүрүшүп дубалга жөлөнгөн сакчыдан башка эч ким жок. Бул жер поезд келгенде түрдүү кебабчыларга, суусундук саткандарга, жер-жемиш саткандарга толор станциялардан эмес. Бирок жайында айланадагы айылдардан кара жүзүм, коон, дарбыз алып келген беш-он айылдык кишилер бул жерди жандандырат. Кышында болсо Хасан менен үч-төрт күндө бир жолу бир себет кышкы алмурут көтөргөн аксак карыядан башка эч ким келбейт. Поезд келген сайын тынчын алгандай түр көрсөтүп чыга калган станция кызматкери, жумушу бүтөр-бүтпөс дароо бөлмөсүнө кирип, бардык күнүн, он жылдык аккумуляторлуу радиосунан үн чыгаруу үчүн баш тартпай алышып өткөрөт.

Бүгүн кышкы алмуруттарын саткан карыя да көрүнбөйт. Кичинекей Хасан кумурасын жердеги нымдуу кумдун үстүнө коюп, темир жолду тиктеп калды. Ар күнү жүздөгөн адамды билбеген жерден алып, билбеген жерге жеткирген узун жана аягы көрүнбөгөн темирлердин арасында келип кеткен локомотивдердин калтырган кара май тактарын көрдү.

Ачуу ышкырык үнү менен силкинип алды. Станцияга келген поезд өзүнөн кабар берип жаткан. Локомотив так эле май тактардын үстүнө келип токтоду.

Хасан от алган машинадан бетер кумурасы менен кесесин кармай калып поезди бойлой чуркады, башы көтөрүп терезелерди карап:

– Айран, айран, таза айран! – деп кыйкыра баштады.

Жайкысын “муздак!” деп кыйкырат, азыр аба ырайы муздаганда, ар бир айран деген сөздүн башында “таза” деген сыпаттама бар. Эч ким башын көтөрүп караган жок. Поезддин бардык айнектери жабык, ачык турган бир-экөөндө чачтары боёлгон, жүндүү көйнөк кийген аялдар турат.

Кичинекей Хасандын көздөрү тешип өтчүдөй жабык айнектерди тиктейт, терезенин аркасынан бир кеседен айран ичер ден соолугу чың айылдыктарды, капчыктуу дүкөнчүлөрдү, уруксат менен бараткан аскерлерди, чаңкаган кимдир бирөөлөрдү издеди.  

Тигил башынан бул башына үч жолу чуркады. Кумуранын кырдуу түбү ичке буттарына тийген сайын оорутат, бирок жүзүн бираз бырыштырып:

– Айран, айран, таза айран!.. – дегенин улантат.

Төрт кесе, жок дегенде төрт кесе сатса. Иштеп тапкан он тыйынга үйүнө бир кара нан алып бармак. Анын келүүсүн төрт көз менен күткөн эки кичинекей бир тууганынын кыялы көз алдынан чагылгандай келип өттү. Кыйкыра баштады:

– Таза айран... Таза...

Апасы кызматчы болуп иштеген жеринен жумасына бир жолу, бир канча саатка келет.  Биртке жупка, пияз, кээде жарым бөтөлкө шербет ала келет. Бирок булар үч ач карынга  эки күнгө да жетпейт... Андан кийин эки бир тууганын кароо милдети Хасанга жүктөлөт. Бири экиде, беркиниси бештеги бул тарбайган балдардын бардык иштери, жепирейген кепеден колдоруна эмне тийсе жегенден башталат. Хасан ар күнү айран үчүн өзүнө керектүү уюткуну, алар жетпес, таппай турган жерге, шып менен дубалдын бириккен жериндеги үч кошконго катууга мажбур. Ар күнү станцияда жүргөндө, эки ач карын, өздөрү менен бир кепеде ачкачылык азабын тартып жаткан карыган эчкини жеп салабы деп коркот.

Көбүнчө кечкисин колтугуна катып келген нанды ортого коюп, айран куюш үчүн топурактан жасалган идишти алып келүүгө мештин жанына барып, кайра дасторконго кайтып келгенде былжырак нандан эч нерсе калбаганын көрчү. Өзү бир кесе айран ичип, ачкалыкка көнүп калган ашказанынын курулдаганына кулак түрбөй, эски кой терисинин үстүндө жаткан бир туугандарынын жанына, калбыр болуп тешилген, майланышкан жууркандын ичине кирип кетет.

Аны чыныгы коркууга салган, бир туугандарынын кудук сымал дайыма жеп жутуусу, эч тойбогон ач карындары эмес, колу бош үйүнө кайтканда, эки арбайган макулуктун бой жеткен көз караш, түпкүрү жок жек көрүү менен караганын эстегенде төбө чачы тик турат. Азыр дагы бул коркуу менен үнү жетишинче кыйкырды:

– Айран... Айран!..

Поезддин үчүнчү даражадагы вагондорунун бирөөнүн терезеси түшүрүлдү. Узун бойлуу, баш кийимчен, кыр муруттуу бирөө башын чыгарып:

– Кана бирди берчи! – деп үн катты.

Кичинекей Хасан кесени титирей сунду. Тигил адамдын кичинекей көздөрү кесенин ичине тигилип, сиңире сиңире ичип, суу кошулган айран муруттарынын учунан жакасыз көйнөгүнө тамчылап жатты. Кесени сунуп:

– Дагы бирди толтур!.. – деди.

Аны ичкенден кийин көйнөгүнүн чөнтөгүнөн ондукту алып чыгып сунду:

– Беш тыйынын кайтарып бер!..

Кичинекей Хасан:

– Жок да! – деп айланасын каранды. Станция кызматкеринен башка эч ким калган эмес. Ал дагы акырындан жумушу бүтүп калгандыктан поезддин кетишин күтүп жаткан. Кумурасын койгон жерине таштай салып, чуркап барып акчаны сунду:    

– Муногуну майдалап бересизби!.. – деди.  

Кызматкер жооп бербестен, аркасына бурулуп поездге кете берүүгө уруксат деген белгисин берди.

Поезддин терезесиндеги узун бойлуу адам колу менен көрсөтүп жатты:

– Болбойсуңбу! – деп бакырды. Кичинекей Хасан ал тарапка чуркады. Терезедеги:

– Келе ондугумду!..- деди.

Дароо акчасын сунду. Поезд акырындан жүрө баштаган. Акчасын кайрадан көйнөгүнүн чөнтөгүнө салгандан кийин аргасыз түр көрсөтүп:

– Майдам жок, эмне кылалы! – деди.

Вагон кичинекей Хасандан беш-алты кадам узап кеткен. Узун бойлуу адам терезеден чыга калып:

– Эй, жигит, мени кечир! – деп кыйкырды. Хасан бир нерсе түшүнгөндөй карап калган. Поезд ылдамдап узап кетти. Дөңгөлөктөрүнүн калдырагы арасынан тигинин үнү кайра угулду:

– Кечир эми мени, кечир мени!.. Кана эмесе!

Хасан бир нерсе деп күңгүрөндү. Кумурасын көтөрүп, станция дубалдарынын кар турбаган бир бурчуна бүк түштү.

Кар тоголоктоп ойноду. Үйүнө колу бош баргыча кечки поездди күтүүнү туура көрдү.

Сууктан тонгон колдорун ушалап, апасынын эчки кырккан кайчысы менен текшилеген кайраттуу чачтарын тырмады. Шамалдан көздөрү жашылданып, көк көздөрүнүн үстүндөгү кирпиктери дирилдеп жатты.

Кечке чейин ушул бурчта күттү. Анда-санда өйдө болуп тизелерин ушалап, кайрадан отуруп башынын ичиндеги боштукка көңүл бурат. Ойлонуусу жана болжолдоосу өзүнө кубаныч тартуулай албаганы үчүн, бул боштук ал үчүн эс алууга барабар. Бир канча жолу апасын ойлоду. Анын ыйлап жаткан жүзүн көргөндөй болду. Үч кичинекей баласын топурак кепеге таштап, башка айылдарда кара курсактын камы үчүн тытынып жүргөн байкуш аялга боору ооруду. Муну ойлонууга бир туугандары үчүн апасы менен тең тайлашып чуркоосу түрткү берди. Үйдөгү эки ачка макулук жумасына бир келген байкуш аялды дайыма жек көрүү менен тосуп алышат. Көтөрө келген булгурдан майсыз шорпо жасап жатып, шек алдырбай ыйлап алат да, үйдү бир сыйра жыйнап чыгып, кээде кечке чейин жүрсө да эч үн катпай үйдөн чыгып кетет. Хасан анын оозунан атасы же башка бир тууганы жөнүндө уккан эмес. Ансыз деле эс тарткандан бери кызыккан эмес. Жашоосун станцияда айран сатуу жана кичинекей бир туугандарын багуу деп ойлочу.

Дагы бир чоң коркунучу бар эле: апам да бир күнү үйгө келип, бир канча күн жүрүп, өзүнөн-өзү эле онтоп жатып дагы бир бала төрөй салып, он беш күндөн кийин аны да мага таштап кетип калса” деп жатты... Бул жаңы коногун тойгузуу милдети да жүктөлмөк. Айылдыктар алардын үйүнөн алыс болууну каалашат. Ушуга чейин эшигин бирөө-жарым ачып кирген эмес. Жашоолору мурункусунан да оорлошуп, күндөн күнгө сүтү тартылып келаткан эчкинин жардамы менен коркунучтуу күрөштү жеңип чыгууга аракет кылат. Бош убактыларында эчкини откорот, кар жааган учурларда дарыя жээгиндеги бир карыштан кыска, куураган чөптөрдү жулуп келет.

Жайкысын жумушу анчалык жаман эмес. Таңкы салкында жолго чыкса, чарчабастан жетип барып, кумурадагы айранын бүт сатат. Чөнтөгүнө толтурган майда акчаларындай, балким андан да көбүрөк кубандырган нерсеси кайтып баратканда жүгүнүн жеңил болгону эле.

Эртең мененки поездде бардык айранын сата албаса, кечки поездди күтөт, бирок станцияга эгин алып келген айылдыктар нан менен кошо кумурасын шыпкап салышат.

Кечки поезд саат төрт жарымда келгени үчүн жайкысын күүгүм талаш үйүнө кайтып барат. Бирок бүгүн поезддин келерине бир саат калганда эле станцияда алаамат башталды.

Чыкылдаган суукта караңгыга калып кайтып баратканын ойлоп титиреп кетти, дароо кеткиси келди. Бирок ошол маалда бөлмөсүнөн чыккан станция кызматкери поезд жакындап калганын түшүндүрдү.

Поезддин станция токтошу менен жүрүп кетиши бат болду. Хасан жабык терезелердин ичинен анда-санда көрүнгөн адамдардын караандарын карап, поезддин тигил башынан бул башына чуркады:

– Айран, таза айран! – деп кыйкырып, килейген өтүгү кумдарды кычырата басып, жааган кар кыйкыруу үчүн ачылган оозунда эрип жатты.

Вагондордун терезесинен агылып чыгып, жердеги көлчүктөргө чачыраган тунук жарыктар узап баратканда Хасан кумурасын көтөрүп, тактайдан жасалган эшикти жөлөй ачып үйүнө жөнөдү.

Караңгыга көнө эле көздөрүнө кар бүртүкчөлөрү уруп жатты. Кумуранын ичиндеги айран кадам шилтеген сайын чайпалып, кызыктай үн коштойт. Акырындык менен аркасынан кирген нымдуулук титирете баштады.

Эч нерсе ойлонбостон, эч нерсе сезбей жапайы жандык сыяктуу көнгөн жолун таап баратты. Кең таалага кирип барганда таманы менен кумурадагы айрандын үнүн коштогон үндөр чыкты. Алыс жакта үйүрү менен жүргөн жапайы жаныбарлар кабышып жаткандай.

Жүрөк үшүн алган коркуу каптап, калчылдап титиреди. Кадамдарын дагы ылдамдаткысы келди, бирок буттары бири-бирине чалынат. Сууктан муздаган буттары, кумура тийген ар бир жери мүнөттөр бою сыздатты.

Караңгылыктан бетин камчылаган кар менен шамалдан, тизесине чачыраган баткактан, уккан бейтааныш үндөрдөн коркту. Ачкалыгын, арбактай болгон бир туугандарынын коркунучтуу көздөрүн, чарчоосун унуткан. Дароо үйүнө жетип, коломтодо күлгө айланган отундардын кору менен жарык болуп турган топурак кепесине кирип, бир бурчка жашынгысы келет. Жатуу, эс алуу эмес жөн гана төрт дубалдын ортосунда болгусу келет. Түбү жок бул караңгылыктан, үндөрдөн эптеп качыш керек.

Бут кийимдери баткакка тыгылып калган. Жылаңаяк чуркап баратты. Чайпалган кумурасынан үстү башына, жерге айрандар чачырап жатты.

Алыс жактагы жапайы жаныбарлардын үндөрү барган сайын жакындап келаткандай. Болбосо орто жолдогу талдан жаңы эле өткөн. Чылпактуу көздөрүн караңгылыкты тешип өтчүдөй ачып, алды жакты карады. Эч нерсе көрүнбөйт. Түнкүсүн аба ырайы жакшы болуп турганда эле чет жакасына жеткиче көрүнбөгөн айылы, бул жолу жетүүгө мүмкүн болбогон уч-кыйырсыз жердей сезилди. Бир жерге камалып, кача албай калганын сезген жаныбардай чеги жок коркуу сезими пайда болду. Колундагы айран кумурасы менен кесесин ыргытып ийип чуркап жөнөдү. Тамагынан чыккан түшүнсүз үндөр кээде – Апа... Апа! – дегендей болсо, кээде – А... А... Аааh... А... – дегендей жаңырып жатты.   

Жаныбарлардын үнү да жакындап, жол жээгиндеги карлардын арасына ар түркүн издерин таштап, кайра көзгө көрүнбөй жоголот. Хасан буттары өзүн өзү көтөрүп жүрө албасын сезди. Коркуу болгон денесин байлап алгандай. Жылаңач буттары суюк баткактарды ар бир басканда чыккан үн, аркасына камчы сымал тийип, коркуусу күч алды. Тамагына бир нерсе тыгылып калгандай. Кесилген колдору менен көздөрүн аарчып, алды жакты карайын дегенде жерге кулап түштү. Турду, бирок беш-алты кадамдан кийин кайра кулады. Тамагынан чыккан үн дагы да бүдөмүк болуп бараткан.

– Апа... Апа! – деген үнү улам жакындап келаткан, кар үстүндө тайгаланган адамдардай элес калтырган жапайы жаныбарлардын үнүнөн эч айырмаланбай калды.   

Бүрүшүп жолдун баткагына оронуп жаткан денесин жааган кар көмүүгө аракет кылган сайын, бири-бирин ургулаган тиштеринин арасынан:

– Апа... Апаке... Апа! – деп күңкүлдөдү.

Ушул маалда бир канча жүз метр алыста, үйдүн жыгач эшигинин аркасынан шамалдын үнүн угуп, Хасанды күтүп жаткан эки бир тууганы коркуудан титиреп, айылдын айланасында тегеренип жүргөн карышкырлардын үнүн уккан сайын, бири-бирине жабышып ыйлап жатышкан.

(1938)

Түрк тилинен түп нускадан которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз