КОНКУРСКА: АДАМ БАРБЫ?.. (№70)

АҢГЕМЕ

Асылдын айылга келгенине бир жумадан ашып калды. Лондон четиндеги Оксфорд университетинин шаарчасында биоинженерия тармагында илимий ишин жактап, жугуштуу ооруга каршы чыгарган вакцинасын эл аралык илимий коомчулук мыкты табылга деп атап, көңүлү жайында эле.

Мындай даражасы менен эң кымбат эс алуучу жайларга энесин ээрчитип, Гаваилеп, жок эле дегенде океандагы кайсы бир аты шумдук аралга барганы акчасы деле мол. Бирок Асыл үчүн тоо койнундагы атасынын эски үйүнөн өткөн эс алуучу жай жоктой. Ушул үйдө уктаса гана уйкусу канып, денесиндеги ар бир клетка эс алганын туят.

Август айынын ортосунда иниси чөп чапканы талаага чыгып кетет. Атасы каза болгонуна көп болду. Бирок ал дайым отуруп, эс алчу чакан дивандагы тери төшөктө атасынын жыты дагы деле сиңип калгандай. Асыл ошол тери көлдөлөңдө куш уйку салып жаткан. Апасы алыстагы кызы келгенине жетине албай, анын жанынан чыккысы келбей, маңдайында ийик ийрип отурган. Аңгыча сырткы эшик тыкылдап калды. Экөө тең чочуп кетишти.

— Капырай, үйгө эшикти какпай эле киришчү эле го, же англичанка деп сени агаларың тамашалап жатабы?.. Асылайым, тур сен карачы ким экен, — деди ак жуумал байбиче тамаша чынга аралаштырып.

Асыл далиске чыгып, сырткы эшикти ачып, алдындагы узун ак дамбал, сакалчан жигитке таң кала карады.

— Жакшысызбы, байке? Кириңиз.

— Адам барбы үйдө? – корс этти мейман.

Айылга эшикти какпай эле кирген тууган, колу-коңшуга көнгөн Асылдын таң калуусу ого бетер күчөгөнү менен бул үн өтө эле тааныш сезилди. Тээ алыстан чыгып, мезгил бүктөмүндөгү кайсы бир жакын кишинин үнүндөй. Үн чыгарган адам да Асылга таптакыр табышмак. Бангладешпи, Пакистанбы, айтор бир өлкөнүн кийимин кийип, сакал койгон узун бойлуу жигитти кайдан көргөнүн, бул жагымдуу үндү кайдан укканын Асыл эми дароо эстеди. Ал өзүнүн 10 жыл чогуу окуган классташы Мирландын үнү болуп чыкты.

Мектептин акыркы эки жылында экөө бири-бирине арзуусу артып, жетелешип кыз-жигит да болгон эле. Мирланды тээ алыстагы Англиянын тумандуу, жамгырлуу кечтеринде көп эстечү. Эстеген сайын жүрөгүн жылуулук каптачу.

— Салам, Мирлан, — деди кыз акырын.

— Алейкумсалам, Мирлан болбой калганыма беш жылдай болду. Атым Шүкүр, — деди тигил коңур үнү менен.

Асыл жигиттин кара көздөрүнөн мектептеги жылуулукту көргүсү келди. Аны менен сыр чечише отуруп, сүйлөшкүсү келди. Кур дегенде үйлөндүбү, балалуу болдубу, бактылуубу – сурайын деп умтулганында жигиттин оозунан кайра:

— Адам барбы? – деген сөз чыкты.

— Апам бар, мен бармын, кир үйгө.

— Жок, мен кире албайм, эркек киши издеп келгенмин. Иниң же агаң келсе айтып кой, эртең жума намаздан калбай барсын, дарс өтөбүз! – деп шарт бурулган жигит сыртка чыгып кетти…

comments (1)

  • - Бек

    Бул аңгеме түшунүксуз болуп калды башы менен аягын кесип салганбы же мен туура эмес түшунуп жатам

Комментарий калтырыңыз