ТАЙПАДАГЫ ТАЛАШ: УЙКУДАГЫ УЛУТ – III

Мурдагы кезеңдерде коомдогу кайсы бир актуалдуу темалар тегерегинде тегерек үстөл аталышындагы жандуу талкуулар болор эле. Азыркы күндө андай тегерек үстөлдөрдөн да ыңгайлуу форматта талаш-тартыштуу баарлашууларды уюштуруунун ыкчам жолдору арбын. Андай ыкмалардын бирин Фейсбук аркылуу “РухЭш” сайтынын “Казына” тобундагы адабий эксперттер менен алгачкы жолу уюштуруп көрүүнү эп көрдүк. Аны биз “Тайпадагы талаш” деп атадык. Темабыз – “Уйкудагы улут”. Эмнеге дээрсиз, азиз окурман! Сөз оролу биздин талкууда…

Рахат Аманова: Бизде азыр нацизм дагы,  фашизм дагы жок, болсо да примитивный белгиси гана бар. Россиядагыдай атайы уюмдашкан скинхеддер кыймылы жок да? Улутчулдук менен ашынган радикал нацизм, фашизмдин айырмасы, илимий аныктамасы да бар.

Олжобай Шакир: Кантип нацизм жок?! Кырк чоро менен теңирчиликти дин катары каттата албай жүргөндөр нацист болуудан кайтпайт эй.

Абдысамат Сарала: Националист жана нацист болуп калабы ошондо?

Залкарбек Назарматов: Кап,  адабияттын айланасында кеп кылгандын ордуна улутчулдук менен динчилдикке буруп кеттик теманы…

Жолдош Турдубаев: Националист менен нацисттин айырмасы чоӊ. Ырас,  бизде Россиядагыдай неонацисттер же башка улуттагыларга зомбулук кылган,  кан төгүүгө чейин жеткен такырбаштар жок.  Бирок ушул кооптуу илдеттин вирустары бар.  Мисалы,  биз арийбиз деп керсейген,  башкаларды акаарат кылган,  атүгүл Гитлерди кумир туткандар бар.  Арасында таанымал эле инсандар айкырып жүрөт,  теледен,  гезиттерден,  интернеттен.

О.Шакир: Сталинизмди эңсегендер деле канча… Анын канкор бийлигин самаган саясий топтун жетекчилери да жок эмес.

Азамат Омош: Ишеним жөнүндө (дин) өтө аяр сөз ачыш керек.  Анткени ишеним тууралуу талаш кеткен жерде миң интеллектуалдуу деген адамда да жапайы инстинкти ойгонуп кетет.  Бирок ушул жерде мен өзүм көптөн бери байкап жүргөн бир нерсени айткым келди.  Ислам дини адамды билимдүү болууга чакырат.  Бирок бүгүнкү кырдаал исламдын бул принцибине караманча каршы келет.  Биз бүгүн исламдын ички философиясына эмес,  анын сырткы көрүнүшүнө басым жасап жаткандайбыз. Ал эми исламдын беткабын жамынган бүгүнкү биздеги абал болсо,  аймакты (өлкөнү эле эмес) дестабилизация кылууга багытталган былгытма бомба (бомба медленного действия) сыяктуу.  Эгер биз өзүбүздү Ислам динин тутунган чыныгы мусулманбыз деп эсептесек,  анда өзүбүз да билимдүү болууга умтулуп,  коомубуздун да билимдүү болушуна аракет жасашыбыз керек.  Билим аттестат,  диплом,  же илимий даража менен эмес,  кулкубуз жана адебибиз менен өлчөнгөн учурга жетишибиз керек.

Р.Аманова: Улутчулдук (национализм) — улут,  эл жана мамлекет институту пайда болгондон бери жашап келе жаткан эң негизги түшүнүк.  Мамлекеттердин аталышын карагыла.  Ошо мамлекетти түзгөн улуттун аты менен аталат.  Мамлекет пайда болгондон баштап улуттук болгон.  Улуттук мамлекеттердин пайда болуусунун бирден-бир себеби эле: улуттун өзүн-өзү сактап калуу кызыкчылыгына барып такалат. Бир улутту башка улут кырып-жоюп койгон толтура мисалдары бар адамзат басып өткөн тарыхый жолду кантип танып кетет элек? Бул жол адамзаттын эволюциясындагы эң маанилүү жол болгон. Өзүн-өзү сактап калууга жөндөмү бар, бардык кыйынчылыктарга иммунитети тубаса күчтүү эл гана жашап калды. Табигый тандоо бул.

Эволюциянын жүрүшүндө табигый тандоодон өткөн иммунитети эң күчтүү байыркы элдер гана ушул убакка чейин жетти.  Албетте,  жаңы улут, жаңы элдер да пайда болуп келген жана пайда боло берет,  тарыхый өнүгүүнүн шарты боюнча. Улутчулдук-улут пайда болгондо ошол улуттун каны менен кошо жаралган жана кан аркылуу бериле берген, улут кызыкчылыгын коргогон касиет десек да болот.  Ал эми нацизм,  ксенофобия, шовинизм – улутчулдуктун эң раликал түрү. Белгиси – өз улутун башка улуттан жогору коюу.  Кыргыздардын канында арий гаплогруппасына кирген (R1A) фактор – бул илимий факт. Бул фактыны элге жакшылап жеткиликтүү жеткире албаган илимибиздин эле чабалдыгы.  Ал эми бул фактыны интерпретациялап,  алымча, кошумчасы менен миф айта берүү – бул дагы ар кимдин деңгээлине жараша. Кырк чоро – нацист дагы, фашист дагы эмес. Алардын аракети эмоция менен агрессиянын жетегиндеги эле көрүнүш.

Ризван Исмаилова: Кырк чоронун ала өпкөлүк жайы өткөндөгү фактыларда таасын байкалды, бир четинен жаштарга мүнөздүү курчтук катары баалоого да болот.

Садык Алахан: “Биздин Улуттук илимдер академиясында жалаң интеллектуалдуу мутанттар менен интеллектуалдуу кылмышкерлер толуп алышкан” деп оюңа келгенди соктура бергенди койсоңчу, Олжоке…  Абдыке,  мына сен ДИССЕРТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН төрагасысың.  Мен башка диссоветтин мүчөсүмүн.  Абдыкерим (Муратов), досум,  биз дасторкон жайган талапкерди көкөлөтүп колдоп жүрөбүзбү?.. Олжоке,  бул сөзүңдү кайра ал.  Болбосо,  укчу жоопту угасың.

Р.Аманова: Агай, Олжобай анан жооп береттир, ага дейре сизге суроом бар.  Агай, жанагы интеллектуал мутанттарды жок кылуунун жолу бардыр? Илимди псевдоилимпоздордон тазалоонун жол-жобосун иштеп чыкса болот да?

С.Алахан: Чындык сен айткандай эмес.  Бул жерде Үмүт эже (Култаева) олтурат – илим кандай жасаларын кан-жанынан өткөргөн. Мына «Айтматовдун алгачкы аңгемелери» деген монографиям бар.  Каны жерге тамбай таланып кеткен.  Ушул китептин КОЛЖАЗМАСЫ жок.  Оозеки сүйлөгөндөй жазылган.  Бул жерде Жолдош иним чындыкты айтты – кайра бир сыйра карап чыгуу керек деп. Ошондой ыкмада жазылган.

О.Шакир: Ойго келгенди соктурмай эмес, Саке, чындык ушундай… А көрөк, жогорудагы оозеки илим жаратууга жасаган аракетиңиз туурабы, жокпу, ошого жооп берсеңиз жаман болбойт эле. Ал эми илимий даража үчүн банкет уюштургандардын жосунуна сиз эмне мынчалык кызаңдаганыңыз кызык. Кеп бул жерде сиздин адреске айтылбаса деле мени оозго келгенди урдура бергендей көргөнүңүз кызык экен… чын чычалайт болуп))).

С.Алахан: Сен ойлоп жаткандай,  мен алардын атына жамынгым келген жок.  Алар да ИЛИМДИН АДАМДАРЫ болгон үчүн гана,  сен илим чөйрөсүн таптакыр билбей туруп гана кеп салганыңдан улам аталды алардын ысымы.

О.Шакир: Ар кимди бетке карманбай, өз жүйөөңүздү келтирсеңиз, Садык байке. Үмүт эжекебиз менен Абдыкерим байкебизди арачы кылмак белек кепке. Биздин талаш полемикалык мүнөздө уланса дейм. Саал сабыр тутуп, өзүңүз айткан эле кепке жооп берсеңиз ынанымдуу. Кереги жок бу жерде; башкаларды бетке карманып, калыс кепке чакырыштын. Өзүңүздүн жүйөлүү кеп менен эле менин оозума келгенди соктура бермелигимди жокко чыгарып салганыңыз сонун боломок…

С.Алахан: «Монографияларды» жазуу башка,  илимге кызмат кылуу таптакыр башка…

Р.Аманова: Мына азыр абдан жакшы мүмкүнчүлүк болуп турат.  Садык агай, Абдыкерим агай,  Үмүт эже, Жолдош агай болуп илим чөйрөсүндөгү ахыбал тууралуу полемикага чыксаңыздар болмок. Биз угуп турат элек. Жогорудагы суроолор ачык боюнча калды.

О.Шакир: Коомдун кайсы бир жаатында адилетсиздик болуп аткан болсо, ошол адилетсиздик өзүнөн өзү оркоюп көрүнүп калат жалпыга. Мен ошол жалпы көрүнүштөн караганга акым бар го дейм… Ал эми өзүңүздөй илим чөйрөсүндө ак нанын таап жеп жүргөндөр (агер чын эле ак нан таап жүргөн болсоңор) адилетсиздикке күйүп-бышканыңардан деле, менин оозго келгенди оттоп койгонумду жокко чыгарып коюу кыйын эмес болсо керек.

А сиз дүйүм тамактын арты менен илимий даражага жеткен мансапкор илимпоздорду чыркырап коргоп атпайсызбы бул жерде…

Алар үчүн чычалап атканыңызда мандам барбы деп турмун, Саке…

Р.Аманова: Илим жаатындагы жалпы көйгөйлөр боюнча Ризва эже айтып атат.  Илипоздордун өз оозунан илимдеги ахыбал боюнча агынан жарылган талкуу күтүп атабыз. Илимпоздор унчукпай атышпайбы? Ким мутанттардын беткабын сыйрып чыгат?

С.Алахан: Мансапкор илимпоздорду эч ким коргобойт.  Мен тээ 2007-жылы эле андайларды «ИЛИМИЙ ИНВАЛИДДЕР» деп жазып чыкамын… Эл билет. Так что… Мындан ОН ҮЧ ЖЫЛ МУРДА эле.

Р.Аманова: Азыр ушу жерде илимдин адамы отурат. Алтооңуздар талкуу кылбайсыздарбы? Биз дагы,  эл дагы уксун?

А.Омош: Билими жоктор кеп кошсок болобу?)))

С.Алахан: Макаламдын аталышы «Илимдеги сальеричилик,  же…» Ушундай,  Олжоке. Р.Аманова: Мына 54 университет ачылды. Илимпоздордун унчукпаган макулдугу ачылды.  ЖОЖго110 балл менен өткөнгө уруксат берилди. Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен. 110 балл – 2 деген баа.

А.Омош: Эмнеге 2 деген баа? Негизи тесттен кабарым жок.

Р.Аманова: Эмне үчүн ушул көйгөйлөр боюнча азыр талкууга чыкпайсыздар? Биз уккубуз келет.

С.Алахан: «ИЛИМ жана ИРИМ» деген китебим чыгат жакында,  буюрса.

Жолдош Турдубаев: «Оозеки» илимге бир мисал.  Атактуу тилчи философ Гумбольдт эӊ мыкты эмгектерин лекция түрүндө эле саймедиреп кете берген экен.  Анын бир нече дилгир студенти жазып калып,  топтоштуруп,  басмадан чыгарбаса,  анын кээ бир теориялары өзү менен кошо көмүлүп жок болмок дешет изилдөөчүлөр.  Эми биздин илимий чөйрөдөгү жагдайга келели.  Садык агай менен Абдыкерим агайды мен сыйлайм.  Балким,  сиздер катышкан диссертациялык кеӊештерде Олжобай айткан жосундарга жол берилбей жаткандыр.  Бирок деӊгээли тайыз,  атүгүл турган турушу плагиат болгон диссертациялар азыр өтө арбын экендиги жашыруун эмес.  Чай берип «жактайбы»,  акчалай «май» береби,  кантсе да илимди бут аарчы кылгандар тайраӊдап жаткан доор азыр.  Муну эч ким жокко чыгара албайт,  тилекке каршы.

О.Шакир: Кубанычбек Нурбековдой тагдырга туш болгон саналуу гана окумуштууларыбыз болбосо, көбү өз жанын корчогонго да жарабаган илимпоздор толо бизде.

Р.Аманова: Башканы коюп Басагындагы ахыбал ушул, 110 балл менен 2 алаарларды кабыл алып атышат. Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен. Жалпы тестирлөөнүн минимум баллы 90 (2), а 110 балл 2 эмей эмне?..

А.Омош: Илимий даража алганда акча берилеби? Айтайын дегеним,  илим жактаган адамга мамлекет акча төлөп береби?

Р.Аманова: 90 балл алган окуучу ЖОЖго тапшырууга болбойт. Азыр кандидаттар минимум 20 миң айлык алат.

А.Омош: 90 балл алуу үчүн канча суроого жооп бериш керек?

З.Назарматов: Маселен,  мен аспирантурага тапшырайын деп кеңеш сураган кишилер: «Фу-у! Делать ничего… аны жакташ деген 4-5 миң доллар болот!» деп жооп кайтарышкан…

А.Омош: Аа,  айлыгы көтөрүлөт тура. Маселен,  мен аспирантурага тапшырайын деп кеңеш сураган кишилер: «Фу-у! Делать ничего… аны жакташ деген 4-5 миң доллар болот!» деп жооп кайтарышкан… )))))

Р.Аманова: 90 балл, почти тесттин суроосунун 4/1 араң жооп жазды деген сөз.

З.Назарматов: Бул менимче эч кимге деле жашыруун эмес.

Р.Аманова: Кандидаттыкты жактоонун ставкасы азыр 3-4 миң доллар.  Доктордук жактоо 5-6 миң долларды чапчыйт.

З.Назарматов: Ошол эми мыйзамдуу түрдө эмес да туурабы?

Р.Аманова: Бул да секрет эмес. Каяктагы мыйзамдуу?..

З.Назарматов: Анан илим жактаганды коюп,  катын-баламды тыңыраак багууга жанталашайын дейсиң да…

Р.Аманова: Темалары да шумдук примитивный. Атайы кандидат тилчилердин,  тарыхчылардын 50дөй эмгегин окудум былтыр, Кудай эле сактасын. Дал ушу «илимий» эмгектер боюнча кылмыш ишин козгосо болот экен деп койдум. Анткени мамлекеттин бюддетинен каржыланган ЖОЖдо илимий даража алгандар элдин акчасын жеп атат.

С.Алахан: Башканы коюп,  мен өзүмдү айтып берейин: 1.  Авторефератымды (5миң 500гө) универ чыгарып берди.  Өзүмдөн — 0, 00 сом; 2.  Гезитке жарыя бердим — 1500 сомго; 3.  Диссоветтин кассасына (чекти алуу менен) 21 000 сом төктүм.  ВАКка документтерди регистрациялоо үчүн — 300 сом.  Бүттү.  Баары 22 800 сом болду.  350 (үч жүз элүү) доллар…

О.Шакир: Бул мага жооп эмес!

Р.Аманова: Коррупциянын анабашы Ак үй менен Көк үйдөн ылдый эле илимий чөйрөдө гүлдөп өнүккөн. Булардын баарын кайдан билип калдым? Кандидаттык жакта деп калышты,  тияк-биягын карап туруп басып кеттим.

С.Алахан: И-и-и,  эми ЖОМОГУҢАРДЫ айта бергиле калпты-чынды аралаштырып…

Р.Аманова: Агай,  балким сиз тазасыз. А илим чөйрөсүндөгү өзүңүз айткан мутанттар кайдан чыкты? Илимий чөйрөдө банкетте чайлашып илим жактаганын да өзүңүз айттыңыз.

С.Алахан: Менин терминим «ИНВАЛИДДЕР».  «МУТАНТ» Олжокемдин термини…)))

Р.Аманова: А кайсы сөздү жомок деп жокко чыгарып атасыз?

С.Алахан: Мен өз чындыгымды өз жолумдун мисалында айттым.

Р.Аманова: Садык агай, сиз айттыңыз: «Бир жаш окумуштуу окумуштуулар кеңешин жыйып,  жакшылап бир банкет уюштуруп берсе,  бүттү,  жайыл дасторкон,  дүйүм тамак бергени үчүн эле илимий дарагасы көтөрүлүп,  анын да мурду асманга кайкайып,  анысы да чычайган илимпоз болуп чыга келет анан!!! »

С.Алахан: О-о,  кокуй,  аны цитата кылып айттым…  Жогору жакты кара…

З.Назарматов: 4-5 миңдик жашыл купюрлар жөн эле жерден чыкпагандыр…

Р.Аманова: Агай,  сизге эч ким,  эч нерсе деген жок. Мен айсбергдин үстүндөгү илим жаатындагы көйгөйлөрдүн бир четин айттым.

С.Алахан: Ровно түн жарым болуптур…  Жакшы эс алгыла…

Р.Аманова: Биз угалы. Илим адамдары талкууга алыңыздар,  илим жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулап бергиле деген сунуш болду.

Мээрим Көлбаева: Урматтуу,  агай,  эжелер! Сиздердин талкуудан улам оюңуздарга кошулуп кетейин дедим.  Садык агай туура айтат, азыр талап башка, чай бере салуу менен эле иш бүтпөйт.  Илим чөйрөсүндө иштеп жүргөн аттуу-баштуу агай-эжелерден тартып,  жаш окумуштууларга чейин сөз тийгизип атканыңыздарга жол болсун! “Бышкан ишке сынчы көп” деген ушу да.  Факты менен айтыңыздар ким «мутант» ким башкасы… Баарына эле көө жаба бербей…

Өзүңүздөр жетпей калган өңүттөн өрт чыгарбасаңар…

Р.Аманова: Илимий мутанттар тууралуу Садык агай айтты. А дегинкиси жалпы коомчулук билген көйгөйлөр айтылды.

О.Шакир: Бул тайпада («Казынада») биз менен кызматташып атканыңардын өзү – силерди мутанттардын катарында эмес дегендик. Бирок силер менен ийиндешип жүргөндөр жөнүндө кеп болууда.

М.Көлбаева: Кой аксагы менен миң…  Ошону дареги менен айтсаңыздар…

Р.Аманова: Эми «өзүңөр жетпей калган өңүттөн өрт чалбагыла» деген бул жекеликке өтүү. Биз угалы,  илимий чөйрөдөгү ахыбалды дедим. Анын эмнеси бар? Жай маектешели.

Мен конкретно үч проблеманы айттым.  1. ЖОЖдун 54 экендигин.  2. ЖОЖго 110 балл менен өтүп атышканын.  3. Илимий эмгектердин өзүм жеке карап чыккандарын, эч кандай илимге ачылыш алып келбегенин.

М.Көлбаева: Бир кезде ошондой…  Сиз ойлогондой болчу… Азыркы дисс.  кеңештердин отурумдарын онлайн аркылуу эле көрсөңүздөр кандай болуп жатканын.  Анан ишенесиздер.  Антпесе актанып айткандай туюп жатасыздар.

Р.Аманова: Дал ошо бир кезде 25 жыл ичинде канча илим жакталды экен… Биз ушул жана башка көйгөйлөрдү өзүңүздөрдөн угалы дегенбиз.

М.Көлбаева: Анча долларды ким берип кармалыптыр? Ачык фактысын айтсаңыз ынанат элек.  Жөн салды эле укканыңыздарды жаза бербей…

Р.Аманова: Биз угуп эле отуралы дедим жогоруда. Азыр айтылгандарды сиз өзүңүзгө албай эле койсоңуз. Бирок ушул проблеманын бар экени да чындык. Алтургай илимий даражаны мындай коюп,  катуу тийсе,  илимпоздор 54 ЖОЖдун кереги барбы, жокпу деген маселеде талкуу кылып берсеңер болмок.

З.Назарматов: Пара берүү жок деп ишендире аласызбы? Аспирантурага тапшырайын)))

М.Көлбаева: Агай,  мобул айткандарыңыздын дарегин тактап берсеңиз.  Сиз кайсы дасторкон менен кимдин илимий даража алганын билесиз же көргөнсүз? Бир беткей каралоо болуп калды мунуңуз…  Андай экен бир дасторкон жайып сиз да илимий даража алып койгудай экенсиз… Келиңиз таршырыңыз…

Бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилчү иш да…

Ал эми ЖОЖдорго кабыл алуунун баллдык системасына мен да каршымын… Ал жерде көйгөй көп болуп жатат.

Р.Аманова: Мына ушул суроолордун тегерегинде сиздердин окумуштуулар жамааты талкуу кылганы кызык болмок.

М.Көлбаева: Илимпоздор көп,  акча берип,  чай берип коргоп алды деген жалпы мүнөздөгү маселени ар бирибиз айткан менен айрым адистиктер боюнча илимий даражасы бар адистер бизде жетишпейт.  Казактардан,  өзбектерден чакырып алып коргогонго туура келет.  Өзүбүз коргоп алган соң баарына чек коё бергенден мурун адистерди,  жетишпеген адистиктер боюнча шакирттерди даярдоо милдети турат.

Р.Аманова: Анан 2016-жылдагы эсеп боюнча азыр 800 илим доктору, 3890 илимдин кандидаты бар экен. Андан бери да жамаатка окумуштуулар кошулса керек. Демек,  бизде 5 миңдей илимий ачылыш болуптур баш-аягы! Анда эмне үчүн бизде чаласабат муун өсүп чыкты деп коомчулук да кабатыр болууга акылуу.

М.Көлбаева: 800 илимдин докторлору ар башка тармактардан да.  Алардын ичинде техниктер,  медиктер ж. б. Калктын сабаттуулугун жоюуга тике да,  кыйыр да тиешеси бар деп ойлойм.  Сабаттуулук сиз айтып жаткан ЖОЖдор маселесине жакын дегим келет.  Албетте,  ал илимге да өз кедергисин тийгизип жатат.

Кеч болуп кетти.  Жакшы жатып,  жай туруңуздар!

Р.Аманова: Ооба,  жалпы саны айтылып атат.

Садык агай «калпты-чынды койгулабагыла» деп калды,  гуглга чыгып, темы диссертации в КР десеңер ИАнын электрондук сайты бар. Ошол жерден бардык тармактагы илимий эмгектер менен таанышсаңар болот. Мен өзүм 50 эмгекти ошо жерден окугам.

Ж.Турдубаев: Илимге принциптүү мамиле жасагандар бар,  аз болсо да.  Аларга биз айткан нерселердин тиешеси жок.  Эгер илимий чөйрөдө Садык агай менен Мээрим айткандай баары таза болбосо да,  тазалануу процесси башталган болсо,  муну колдош гана керек.  Бирок эгемендик жылдары жакталган диссертация,  монография аталгандардын баарын (кызматтык пайдалануу үчүн деген грифи барларынан башкасын) ачык сайтка ворд форматында илип,  кимдин илимге кандай салым кошконун элге көрсөтүш керек.  Акыркы эле жылдарда плагиат менен кармалгандар канча чыкты,  ашкереленбей жатканы канча.  Антиплагиат электрондук программасынын кыргыз тилиндеги тексттерди текшерген версиясы азырынча жок окшойт,  болбосо авторуна шилтеме жасабай эле көчүрө бергендер четтен чыгат эле.  Начар же уурдалган (плагиат) диссертацияларды колдоп,  пикир жазгандар ашкерелениши керек.

М.Көлбаева: Учурда сиз айткан сайтка жайгаштырууну бир канча жылдан бери эле УАК колго алган.  Антиплагиат иштерин да толук ишке киргизишти.

Ж.Турдубаев: «ЖОЖдорго кабыл алуунун баллдык системасына каршымын» деген кеп да айтылыптыр.  Анда илгеркидей оозеки,  жазма экзамендер болушу керекпи? Жок.  ЖРТ эле миң эсе жакшы – коррупцияга жол берилбейт мында.  Босого баллын жогорулатуу керек десеңер,  бул башка кеп.

Р.Аманова: ЖОЖго кабыл алуунун баллдык системасына каршымын деген жокмун. ЖОЖго кабыл алуудагы өтө төмөнкү баалл жөнүндө маселе айттым.

Мына,  агай, сиз айткан конкретүү сунушту колдойм. Ар бир ЖОЖ,  сиз айткандай ворд формасында өздөрүнүн сайтына өз жамаатынын окумуштуулары жактаган илимий эмгектерди коюш керек. ИАнын сайты сыяктуү.

Мен илимпоздордун өзүнөн сиз айткан конкреттүү сунуш болсо экен деп күтүп аткам. Анткени ИАнын сайтынан өзүмүн кесибиме байланыштуу 40 материалды,  геосаясат,  педагогика жана тил боюнча 10 материалды окуп чыгып,  азыр Жолдош агай айткан ойго келген элем.

Ж.Турдубаев: «Ал эми ЖОЖдого кабыл алуунун баллдык системасына мен да каршымын… Ал жерде көйгөй көп болуп жатат». Мээрим ушундай дептир.

ЖРТга каршы чыккан аксакалдар бар,  алардын каалаганы – мурунку паралуу экзамендерге кайтуу.

О.Шакир: Кары муун эмес, жаш муундун өкүлү дегендердин арасында да ЖРТди жерип, эски паракорчулук системаны эңсегендер канча. А алдыга умтулган коом, жаңы технология, жаңы баалуулуктарга ыктайт экен…

Ж.Турдубаев: Мээримдин «Өзүңүздөр жетпей калган өңүттөн өрт чыгарбасаңар…» дегени кызык болуптур.  Эгемендик жылдары диссертация коргогондордун арасында татыктуулары бар,  албетте,  аз болсо да.  Бирок жалпы деңгээл канаатандырарлык эмес.  Мисалы,  психология жана педагогика боюнча диссертация жактагандардын арасында «эмпатия» терминин билбегендер бар.  Айрым илимий даражалуу филологдордун китептеринде стилистикалык эле эмес,  грамматикалык да каталар жайнайт.  Расмий даражасы бийик,  бирок чыныгы деңгээли 3-курстун «4» менен окуган студентиникинен пас «окумуштууларга» ким суктанат? Илимдин кадырын кетирген мителерди ким жакшы көрөт? Калык Ибраимов кандидаттыгын кеч жактады,  бирок анын эч кандай расмий наамы жок кезде жазган эмгектери эле илим докторлорунукунан жогору болгон.  Мына ошол наамы жок кезиндеги Калык агайга суктансак жарашат.

О.Шакир: Ооба, Калык байке, Искендер Жумабаев, Рысбек Эшматов өңдүү эң күчтүү окумуштуу, адабиятчылар кандитат бойдон калышты, ал эмес адабият корифейи, белгилүү сынчы Кадыркул Даутов кандидат бойдон калды окшойт. Бирок булар билимсиздигинен эмес, жалган наамды сүйбөгөндөн го дейм. А булардын кыгына кыл сая албас мансапкорлор кантип доктор болуп калышкан…

Тайир Аширбай: Мени өкүндүргөнү: чоң илимий эмгек жазууну эңсеп жүрөм.  Бирок аспирантурада окубандан кийин,  айылда бармакты жара тиштеп кала берем да… Кесибим кыргыз тили жана адабияты мугалими болсо да,  медицина тармагы боюнча эки ачылышым даяр турат.  Жанагы коронавирус жана СПИД илдеттерин жүз пайыз жок кылуучу дары-дармектин вариантын ойлоп таптым.  Жаш кезимде Абу Али Ибн Синанын «Каноны медицины» («Тиб конунлари») китебин окуп,  үйрөнгөн жайым бар…

Ж.Турдубаев: Тайир,  коронавирус боюнча кичине чеберде,  медик же табып болбогондон кийин.  Ибн Синанын доорунда мындай вирус болгон эмес да.  Андан көрө адабият же тил боюнча илимий макалаларды чыгар,  кыска-нуска тезистер же эссе түрүндө жазсаӊ да болот.  Аспирантурадан окубаганыӊ эчтеке эмес.  Азыр интернет аркылуу билимиӊди өркүндөтүп,  дээрлик каалагандай темадагы илимий булактарды окуп-үйрөнүп,  тереӊ изилдөөлөрдү жүргүзө берсеӊ болот.

А.Омош: ЖРТнын бир аз суроолорун окуп чыктым эле,  начар түзүлгөн.  Түшүнүксүз. ЖРТ дегени,  деги эле тест дегени чынында так илимдерге эле жакшы болбосо,  гуманитардык сабактар боюнча начар эле окшойт.

Ж.Турдубаев: Азамат,  ЖРТ тесттеринде кемчиликтер бар,  аларды жоюш керек.  Бирок ал мурдагы экзамендерге салыштырмалуу баары бир жакшы,  челкейген курсактуу немелерден миӊ эсе калыс баалайт.

Р.Аманова: ЖРТнын суроолору боюнча көйгөй толтура. Так мисалдары менен айтайын деп аткам. Кол бошобой атат. Мектепте алган стандарт билим менен ЖРТдагы логикалык суроолордун ортосунда ажырым бар.

Ж.Турдубаев: Рахат,  маселе мектептеги стандартта.  Окуу китептердин сапатында,  мазмунунда.  Окутуу методикасында.  Мугалимдердин деӊгээлинде.

Р.Аманова: Ооба агай,  ошондо ортодо окуучу кыйналып калып атат.

Дагы мобу көйгөй бар. Мисалы үчүн,  азыр Дүйнө тарыхына 30 саат, Кыргызстан тарыхына 30 саат гана берилет.  Ошончолук саатты кыскартып ташташкан. Эми ошо 30 саатта программага толук өздөштүрүү мүмкүнбү? Жок. Анан окуу программасына жетишпей атып, калган дидактикалык маселерге кантип үлгүрүүгө мүмкүн?

Анан дагы Билим берүү министрлиги ушу тарых сабагын кыскартып жатып окуучулардын кызыкчылыгына балта чапкан. Анткени бардык ЖОЖдо жана МВД,  ж. б. эл аралык, филология факультеттерине тарых сабагынан кошо тапшырыш керек. Келип эле окуучулар кыйналып калып атат.

Т.Аширбай: Бээнин сүтү (саамал) денедеги коронавирустун белгилерин сүрүп чыгарат.  Ал эми СПИДге каршы жылкынын заарасынан дары жасасак болот!

P.S.  Мындан кийин,  Жолдош авам айткандай,  жалаң адабият менен машыгам.

Темабыз илим багытында болгондуктан,  бир аз четтен чыккан сөздөрдү айткандыгым үчүн кечирим сураймын…

А.Омош: Акырындап физика,  химия,  алгебра,  геометрия сабактарын англис тилинде окутууга өтүш (акырындап) керек.  Антпесе биздин окуулуктар эле эмес,  мыйзамдардан бери орусчадан эле «оппа» деп оодарылат эмеспи,  жок дегенде англисчеден оодарылса,  маалымат көп болот эле.

Р.Аманова: Дегеле СССР тушунда тарых сабагына өтө катуу көңүл бурулчу.  Тарыхчыларды мындай коюу эле…  Келечектин дипломаттары, юристтери, чекисттер, милиция кызматкерлери кайсы сабакты окуйт? Биринчи иретте тарых сабагынан ЖРТ тапшырып,  ушул тарых илимин окуйт.

А.Омош: Тарых демекчи… СССР убагында тарых нөлдөн жазылганда, кайра башынан бурмаланып.  Тарых – адамдын рухун өстүрүүчү да,  духун өлтүрүүчү да зор курал.

О.Шакир: Өз тарыхыбызды окутпаган, окутса да теңирден титири бурмалап келген СССР тарыхы курусун! Ал эми түпкү тарыхыбызга, баалуулуктарыбызга үңүлгөн тунгуч интеллигенциябыздын тагдыры эмне болду?! Баарын азыркы Атабейитке алып барып кырып салышканыбы?.. Баарын улутчул деген жарлык менен кысымга алып келген үчүн илим-билим, чыгармачыл чөйрөдөгү аксакал-көксакал муундагылардын баары суужүрөк болуп калышканы да ошондон.

Р.Аманова: Кыскасы, сабаттуу, кругозору кенен муунду тарбиялоодо тил,  тарых жана адабият, география сабактарынын ролу өтө чоң.

Р.Аманова: Тарых илими өтө татаал илим, илимий тактыкты талап кылган. Тилекке каршы, азыр тарыхый окуяны биртке окуп алгандар тарых жөнүндө сүйлөгөндү өнөр көрүп алышты…

Айсулуу Көкөева: Англис тилинде өтпөй эле,  табият илимдерин пропагандалағанға шыктуу,  тили ийкемдүү авторлор жазсын китепти.  Качанға чейин илимдерди бөтөн тилде үйрөнөбүз?

А.Омош: Ооба,  учуру келгенде айтпай койсом болбостур,  Олжоке ушул жерден «Эссе деген эмне» деген орусча макаланы ким которот деди.  Мен котором дедим.  Которуп баштасам,  эки күндөн кийин агай сайтка бир профессордун эссе жөнүндөгү макаласын жарыялады.  50-60 пайыз баягы орусча макаланын котормосу.  Сөзмө сөз.  Анан мен которбой койдум.  Экинчи копиянын эмне кереги бар деп.

О.Шакир: Ооба, эссе жөнүндө кыргыз окурмандарында түшүнүк аз экенинен улам Азакеге сонун материалдын шилтемесин салгамын, которуп берүүгө. Ошондон көп өтпөй Сулайман Рысбаев агабыз эссе жөнүндө жалпыга түшүнүктүү матреиалды авторлук чыгармасындай эле жөнөткөнүн көрүп, таңгалдым. Бирок таңгалсам да, ошол бойдон жарыяладым. Анткени биздин илимпоздор арасында бул нерсе кадыресе көрүнүш, кадыресе нормага айланганын кийин сөз кылуу үчүн атайы жарыяладым. Көп учурда кыргыз авторлорунун бири-бирин кайталаган чыгармалары, идеялары да жарыяланып жүрөт. Мен аларды кийин факты болсун үчүн атайы илип жүрөм… Эртеби-кечпи – ушундай көрүнүштөрдөн арылат болдук бекен деп…

А.Көкөева: XХl кылымдын адабияты деп жүрөбү башында? Кылымдын башына туруп алып,  XХl кылымдын адабияты деп салған болбойт ко…

Т.Аширбай: Бизде окуу китептерин окумуштуулар өздөрү жазышат.  Мугалимдерди өнөктөш,  авторлош катары кошуп алышса болбойбу? Окуучулар кандай материалды кантип өздөштүрөөрүн мектеп мугалимдери жакшы билишет.

Р.Аманова: Учурдан пайдаланып,  илгертеден бери көңүлүмдө жүргөн тилегими айткым келет. Келечекти жаркын маанай карайлы, кечке көйгөйдү айта бербей.  Менин тилегим мындай: мына филологдор, жок дегенде эки-үч тилди суудай билиш керек да. ЖОЖдо кыргыз тилчилерге кыргыз тилин 4 жыл окутканча англис, орус,  дагы бир тилди окутканга эмне үчүн болбосун? Тарыхчыларга англис,  орус,  кытай же башка тилдерди окутуш керек. Качанга чейин өз алкагында чакталган, чектелген билим бере беребиз? ЖОЖдо эки-үч тилде суудай сүйлөп чыккан филолог, тарыхчы же башка кесиптин ээси болсун, дүйнө таанымы кенен,  билимдүү адис болуп чыгат. Мына ушул маселени ишке ашыруу кыйын деле эмес.

О.Шакир: Азыр бизге англис, кытай тили сыяктуу эле араб тилин үйрөнүү өтө чоң мааниге ээ. Анткени элдик адабиятыбыздын башатында турган оозеки адабиятыбыздын өкүлдөрү өз чыгармаларын араб тилинде жазып келген эмеспи. О.э. тарыхый баалуу булактарыбыз да араб тилинде былк этпей жатса керек бизде. Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда арабча кол жазмалар бүгүнкү күндө толук ачылдыбы, жокпу – бул да чоң суроо…

Р.Аманова: Азыр биздин муун өз кесибибиздин алкагында гана адиспиз. Көп тилдүү билим берүүнү тил жана гуманитардык багыттагы кесиптердин баарына тез арада жайылтуу керек. Адам канча тил билсе, дүйнө таанымы кеңейип, ошончолук дүйнөгө көзү ачылат. Ал эми илим чөйрөсүндөгү чай-пай маселесин өздөрү чечсин. Мен келечекти карагым келет.

Жеке мага азыркы өсүп келе жаткан муунду өзүбүздөгү зыяндуу вирустардан калкалап калуу маанилүү.

О.Шакир: Мээрим жазып атпайбы, илимди жактоочулардын чай-пай бергенин факты түрүндө далилде дегендей. Аны факты түрүндө далилдеш үчүн окумуштуулар кеңешиндеги банкеттерди видеого же сүрөткө тартып алган күндө да, кайсы сотто далилденет?! Жөн эле чай ичип отурган көрүнүштү фактынын негизи кылуу мүмкүн эмес да, мүмкүн азыркы тапта андай көрүнүштөрдөн мүмкүн арылгандырсыңар. Бирок 90-жылдардан кийин мындай көрүнүштөр окумуштуулар арасында көнүмүш болуп калганына Мээрим менен Садык байкебиз эле көз жумду болуп келбесе, менин санаалаш, тилектештерим ыйлап эле жүргөнүн билем: илимий даражаны сатып алуу, чай уюштуруу жолу менен эле жактап калышканы жөнүндө…

Ж.Турдубаев: Мээрим:»Учурда сиз айткан сайтка жайгаштырууну бир канча жылдан бери эле УАК колго алган.  Антиплагиат иштерин да толук ишке киргизишти».  Менимче,  кыргыз тилиндеги тексттерди текшерген антиплагиат программасы жок же жетик иштегидей даяр эмес. Болбосо шагыраган кайталамаларды таап чыкпайт беле.

Р.Аманова: Мынакей,  жөнөкөй эле мисал,  Пушкин 3 тилде суудай билип,  дагы тияк-биягы 10 тилди эркин түшүнгөн.  Ломоносов 10 тилди (монгол, латын ирланд ж. б.) мыкты билген.  Грибоедов 9 (түрк, араб ж. б.) Европа тилдерин суудай билген.  Лев Толстой 12 тилди суудай билген (түрк, чех, латын).

Биз билимдүү муунду тарбиялаш үчүн тил маселесин колго алышыбыз керек. Азыр болсо өзүбүздүн эне тилибизди кыйратып билбей атабыз.

А.Көкөева: Бул илимпоздордун эле иши да,  программа түзүш…  А тексттер турат,  каалаған учурда жаратпай койсо болот.  Уурдоо үчүн жаза кылып,  ишин оңдотуу зарыл.  Илимий байлыкты коргоо жағынан Кыргызпатент да алсыз экен.

Ж.Турдубаев: Ууруларды окумуштуулар эле эмес,  жалпы окурмандар,  мектеп окуучулары менен студенттер да ашкерелеши керек.  Шилтемесиз пайдаланылган ар бир тезис,  абзац баштапкы булагы менен кошо элге жарыя айтылып турушу зарыл.

Р.Аманова: Илимге жаңылык киргизген улуу ачылыш болсо эч ким уурдабайт дагы.  Ал эми илимий макаланын деңгээлиндеги илимий иштерден уурдалган фактыларды ашкерлесе болот.

Т.Аширбай: Улдис Берзиньш аттуу латыш акыны (азыр көзү тирүү ) 30дан ашуун тилди билет.

Ж.Турдубаев: Рахат,  уурдашат,  эч тартынбай,  уялбай уурдашат.  Башкасын айтпаганда да,  Кеңешбек Асаналиевдин эле китептеринен уурдагандарды бир нече ирет көргөм.

М.Көлбаева: Жакынкы арадан бери кыргызча тексттер да антиплагиат программасынан өтө баштады.  Буюрса мындан ары бул көйгөй аз да болсо азаят деп ойлойм

Р.Аманова: Агай, билем уурдашат,  айтпадымбы, көрсөк айталы деп.

Р.Исмаилова: Абдан маанилүү асиреттешүү болуптур, мен киргенче…  Ар бир инсандын айткандарында жан бар,  кызыктуу нерселерди алса болот. Азаматсыздыр, казыначылар!

М.Көлбаева: Олжобай агай,  ар бир ишти коргоп,  калкалоодон алыспыз.  Бирок,  бир кумалак бир карын майды чиритип жатпайбы.  Мен ошого жаным күйүп жатат.  Ал эми иштердин сапатын арттыруу керектигине мен да кошулам.  Буга ошол иштердин илимий жетекчилери да мыктап киришип,  жоопкерчиликтүү болсо дей.

Комментарий калтырыңыз