БАЛДАР БАШ КӨТӨРБӨЙ КИТЕП ОКУШАТ

«Китеп – билим булагы» коомдук фонду уюштурган «Китеп сааты» долбоорунун жардамы менен учурда 500гө чукул бала китеп окуп, окуганына жараша белектерин алууда. Бул долбоорго башынан бери катышкан балдар ушул кезге чейин 9-10дон китеп окушту…

Эмесе сөзүбүздү ушул долбоордун негиздөөчүсү Насыпбек Асанбаевге узатсак…

— Айтсаңыз, бул долбоор кандай иштейт, каякта иштейт? Эмне артыкчылыктары бар?

— Бул долбоордун иштөө ыкмасы өтө эле жөнөкөй.  Эч кандай деле укмуш формуласы, башка жактан алынган алгоритмасы жок. Тагырак айтканда, биз окута турган балабызга ар бир чейректе бирден китеп беребиз. Ошондо 4 чейректе 4 түр китеп окушат. Анан ошол окуганына жараша сынак алып, жыйынтыгын чыгарып белектерди тапшырабыз. Жалпылап айтканда ушундай.

— Ошондо кандай китептер окулат? Үйүнөн окушабы? Окуган-окубаганын ким көзөмөлдөйт?

— Биздин максат балдарды китеп окууга көндүрүү, китеп окуу адатын калыптандыруу болгондуктан, биз аларга өздөрүнө ылайыктуу эң кызыктуу китептерди окутканган аракет кылабыз. А балдар эмнеге кызыгат? Мисалы, азыр көп чыгып аткан өзүн өнүктүрүү китептерине кызыкпайт. Насаат айткан, акыл үйрөткөн китептерге кызыкпайт. Илимий макалаларга кызыкпайт, туурабы. Биз аларга мындай китептерди берсек, аларды китепке тартмак тургай, кайра үркүтүп алабыз. Ошондуктан, биз балдарга жомок китептерди, балдарга ылайыктуу жазылган кызыктуу аңгемелерди бергенге аракет кылабыз.

Аларды китепке кызыктыруу үчүн атайын эң кенже класстардан баштадык. Себеби, баланы ошол бала кезинен баштап тарбиялаш керек. Аларга жомок китептерди берип, шар окуганга, китепти чыдап окуганга, китеп деген сонун нерсе экенин туюнтканга аракет кылабыз. Колубуздан келишинче, эң сапаттуу, керек болсо башында сүрөттүү, кооз китептерди таратканга аракет кылабыз. Анан китеп менен кошо бирден шоколад беребиз. Муну менен биз алардын ишенимине киребиз. Себеби, азыр балдар эмес, чоң кишилер да бири-бирине ишенбей калды. «Китеп окусаңар белек беребиз» дегенге ишенбеген балдар чыгат.

Ушундан улам баштаганда эле балдарга куру кол барбай, бирден таттуу менен барып, китептерди жакшынакай кылып таратып келебиз. Анан ошол жерден балдарга, аларды окуткан мугалимге да өзүбүздүн иштөө ыкмабызды түшүндүрөбүз. Мындайча айтканда, биздин китептер балдарга биротоло берилбейт дейбиз. Демек, аны балдар колунан келишинче жыртпай таза кармаш керек. Андан сырткары, баланын аз да болсо туруктуу китеп окуган убактысы болуш керек. Бир күн кечке китеп окуп коюп, ошону менен бир ай китеп бетин ачпай жүрбөшү керек. Же бир күндө эптеп беш мүнөт карай калып, оромпой тээп кетпеш керек.

Аз да болсо туруктуу жасалган иштин натыйжасы көп болот. Ошон үчүн биз берген китептер мугалимдин көзөмөлүндө, мектепте, күнүгө, же күнүгө болбосо да, эки күндө бир жарым саат, бир саат ачып окулуп, кайра жыйналып турушу керек. А муну болсо ошол класстын мугалими өзү көзөмөлдөйт. Ал балдарга китебин таратып берип, аларды тынчтандырып окутуп, кайра жыйнап алып турат. Талап ушундай.

— Жакшы экен. Анан кандай болуп атат? Талабыңыз аткарылып атабы?

— Ооба, кудайга шүгүр. Аткарылып атат. Убакыттын өтүшү менен алар дагы, биз дагы калыптанып көнүшүп атабыз. Мисалы, биз башында күнүгө бир сааттан окуталы деп ойлогонбуз. Бирок, ал көп мектептерде ишке ашкан жок, жумасына минимум үч күн, болбосо төрт күн бир сааттан окутулууда.

— А эмнеге китептер балдарга калтырылбайт? Мунун максаты эмнеде?

— Мунун максаты, каражаттын, китептин тартыштыгында. Мисалы, биз китептерибизди балдарга таштай берсек, анда бул долбоор ишке ашмак эмес. Себеби, ага олчойгон акча керек. Азыр китеп сатып алуу да оңой эмес. Анан калса, балдарга окуткудай базарда китеп да жок. Натыйжада, биз көбүнчө китепти өзүбүз даярдап, 40-50 китепти өзүбүз чыгарып алабыз. А 40-50 китепти басмаканадан чыгаруу деген такыр эле көп каражатты талап кылат. Китеп 2000-3000деп чыгарып сатканда гана өз чыгымын актайт. Ал эми наркы даярдоо, жазуу чыгымын акташ үчүн дагы 10 миңдеп чыгарыш керек. Анан эми ойлоп көрсөң, биз 40-50 китепти даярдап, басмадан чыгарып алып, анан кайра балдарга тарата берсек түтөбүзбү?

— Демек, силер китепти да өзүңөр даярдайт экенсиңер да?

— Ооба, өзүбүз даярдаганга туура келип атат. Себеби, азыр балдарга ылайыктуу китеп жок. Китеп дүкөндөрүнө барсаңыз бүт эле диний китептер менен кантип акча табам, кантип бай болом деген китептер. Же убакытты кантип үнөмдөйм, канткенде мамлекетке реформа кылам деген китептер. А буларды балдарга кантип окутат элек? Кичинекей бала андай китепти ыргытып ийбейби.

Китеп деген ушундай тажатма неме болот экен деп экинчи карагыс болот. Ал эми жанагы жайнаган жомок китептерди карасаң, көбүнүн сырты эле башкача. Ичи ошол эле жомоктор. Дагы бир тобу болсо ката. Дагы бир тобу кызыксыз. Кыскасы, китеп табылбайт. Биз да башында базардан сатып алып эле окута беребиз деп ойлогонбуз. Көрсө андай эмес экен. Бизде балага окуткудай китеп жок экен. Эми, тиги өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй жалтылдаган, көз жоосун алган сүрөттүү шумдук китептерди айтпай эле койоюн. Жөнөкөй эле кара-ак түстө болсо да тыңгылыктуу китеп жок. Ал эми балдар үчүн аңгемелер, кызыктуу, курч окуялуу чыгармалар дегеле жок. Издесең да таппайсың. Ушундан улам өзүбүз даярдаганга туура келип атат.

— А кантип даярдайсыз? Баарын жазып чыгып атасызбы? Же жазуучулар менен иштешип атасызбы?

— Жок. Баарын кантип жазып чыгат элем. Жазуучуларга да жете элекмин. Алдыда буюрса, долбоорубуз кеңейип, кулачыбыз жайылып кетсе, жазуучулар менен иштешербиз. Себеби, аларга да бирдеме бериш керек да. Биз азырынча, тигинден-мындан эле чогултуп атабыз. Мисалы, кичинекей кезимде окуган «Белорус эл жомоктору» деген сонун жомок китеп бар эле. Ошону таап, терип туруп эки китеп кылып чыгардык. Чыгардык десе толтура чыгарып алып жыргап атат деп ойлобо. Биз жогоруда айткандай 40-50 эле даана, өзүбүзгө жеткидей эле чыгарабыз. Себеби, аны миңдеп чыгарганга бизде каражат жетпейт. Кадимкидей эле принтерден басып, сыртын мукабалатып алабыз. Андан сырткары, китепканадан издеп жүрүп, балдарга ылайыктуу чакан аңгемелерди чогултуп, «Былтыркы А» деген аңгемелер жыйнагын чыгардык.

Эң башында окутканга ылайыктуу болсун деп жалаң кыска жомоктордон турган китеп түзүп, аны сүрөттүү кылып шөкөттөп, «Бөбөк сенин жомогуң» деген китеп чыгардык. Андан сырткары, «Эр Төштүктүн» кара сөз түрүндө жазылган варианты бар экен. Апам өзү айылда китепканачы болуп иштеген, өзү да китепке аябай кызыккан киши эле. Анын үйдөгү китептерин аңтарып атып ошол «Эр Төштүктүн» кара сөз түрүндө жазылганын таап, аны тердирип, ага кошуп дагы бир-эки уламыштарды кошуп «Элдик чыгармалар» деген бир китеп чыгарттым. Кыскасы, ушунтип китеп түзүп атабыз. Анан ушундай эмгек менен чогулткан китептерибизди кайра балдарга таратып ийсек, иш жүрбөй калбайбы. Андан көрө бир китепти мугалимдерибиздин жардамы менен балдарга таза, тыкан карматып, бир чейрек окутуп алып, кайра башка балага бергенибиз жакшы болчудай. Тиги бала деле окуган китебин эмне кылат эле? Андан көрө кийинки берген китебибизди окусун. Же ата-энесине башка китеп саттырып алсын.

— Эми бул жагын го сиз эмгек кылып, чогултуп, чыгарып, таратып кетип атасыз. А нары жагы кандай? Балдар чындап эле ошол китептерди окуп атышабы?

— Баланын окуган-окубаганы бат эле билинип калат. Биз бир жылда 2 жолу жыйынтык чыгарабыз. Кышкы каникулдун алдында бир жолу, анан жайкы каникулдун алдында бир жолу барып, ар бир баладан сынак алып, окуган китеби боюнча сурап, тест алып, шар окутуп дегендей текшеребиз. Ошондо эле билинип калат. Андан сырткары, ошол окуган балдарга белектерди беребиз. Мисалы, канча балага китеп таратсак, ошонун баарына белек беребиз. Ушунун натыйжасында балдардын китепке кызыгуусу артат. Себеби, «биз ойлогондой окубасаңар эмкиде келбейбиз» дейбиз да. Ошондо эле алар белек алгысы келип калат.

Ал тургай окубаган балдардын айынан келбей калышабы деп бири-бирин сүйрөйт. Андан сырткары, атаандашуу пайда болот. Анткени биз жакшы окуган балага жакшы белек, начарыраак окуган балага начарыраак белек кылып таратабыз. Натыйжада, беркилер да жакшы окуган баладай белек алгысы келет. Анан ошончо белек берип атсак, ошондой элде жок китептерди таратып, ар бир китеп менен кошо шоколад берип атсак, бала деле кызыгат да. Ага кошумча болуп мугалимдери көзөмөлдөп турат.

— Баса, мугалим кантип көзөмөлдөйт аларды? Ал да өзүнчө түйшүк эмеспи?

— Туптуура. Албетте, биз аларга өзүнчө түйшүк болуп атабыз. Себеби, биздин талап боюнча алар балдарды сабактары бүткөндөн кийин, же бир бош убагында алып калып окутушу керек. Балдарга китептерин таратып, аларды тынчтандырып отургузуп, түшүнбөгөн суроолоруна жооп берип турушу керек. Кыскасы, өзүнчө түйшүк. Ошондуктан биз аларга дагы ушул кылганы үчүн кичине эмгек акы беребиз. Иштешип аткан мугалимдерибиздин дагы акыбетин бергенге аракет кылабыз. Анан калса, бир нерсе бербей туруп алардан кайра бир нерсе талап кылганга да акыбыз жок. Ошон үчүн биз менен иштешүүгө мугалимдерибиз дагы кызыкдар болушат. Биздин да алардын алдында жүзүбүз жарык.

— Жогоруда китеп тараткан балдарга баарына белек беребиз дедиңиз. Ошондо жаман окуганга да, жакшы окуганга да бересизби?

— Ооба. Кимге китеп берген болсок, кайра ошондон жыйынтык чыгарып, белек беребиз. Мейли ал жаман окусун, мейли жакшы окусун, кыскасы, китеп караган баланы куру кол калтырбайбыз. Себеби, кимдин ким болорун билбейбиз да. Ким билет, балким ошол жаман окуйт деген бала эртең жакшы окуп кетер. Балким, ага кичинекей бир нерсе жетишпей аткандыр. Балким, аны кызыктыра турган китеп колуна тие электир.

Ошондуктан, бардык балага белек беребиз. Эгер биз жаман окуган балага белек да бербей койсок, анда ал аз да болсо үмүтсүздүккө кабылышы мүмкүн. «Аа мен баары бир эч нерсе утпайм. Белектин баарын тигил жакшы окугандар алат» деген ойго кабылып, ошону менен китепти карабай коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз балдарды жалпы 4 категорияга бөлүп туруп жыйынтык чыгарабыз. Эң алдыңкылар, андан кийинкилер, андан кийинкилер жана андан кийинкилер. Ушунун натыйжасында артта жүргөндөр алдыга жылгысы келет, алдыраакта жүргөндөр эң алдыңкыга чыккысы келет. Же такыр алдыга жылгысы келбеген күндө да, биздин белегибизди алыш үчүн аракет кылат.

— Анан натыйжа кандай болуп атат? Балдарда көзгө көрүнөрлүк жылыш барбы?

— Балдарда жылыш бар. Кыйла эле жылыш бар. Мисалы, Кочкордун бир айылында китеп окутуп атканбыз. Бир жолу бир иш-чара болуп, келип катышып кеткиле дегенинен барып калдым. Дагы башка фонддор, райононун кишилери, мектеп директорлору барган экен. Анан кенже класстын балдары бир номерлерди даярдашыптыр. Карасам жалаң эле биз окуткан балдар жүрөт. Анан мугалимдерге биз окуткан балдар го десем, «Бизде жомок окугандар ушулар эле болуп атпайбы» деп күлүшөт. Жомок окуган, китеп окуган балдардын фантазиясы да, ой чабыты да өсөт. Бир нерсени кабыл алуусу да жакшырат да. Ошон үчүн андай баланы бир нерсеге даярдоо да оңой.

Андан сырткары, мугалимдер сүйүнөт. Бизде балдардын шар окуганы ылдамдады дешет. Мисалы, 2-3-класстардын нормасы бар. 2-класста окуган бала минутасына 40-60 сөз окушу керек. Биз барган класстагы балдардын көбү ошол талапка жооп берип калышат. Ал эми алдыңкы окуучулар такыр эле 100-130 сөзгө жетишет. Алар бир чейрекке берген китепти чейректин аягына чейин 2-3 сыйра окуп салышат. Анан мугалимдерге да байкалат балдарынын өзгөрүлгөнү. Мисалы, дагы бир эже айтат, «Башында балдарды китебиңерди ачкыла. Тынч отуруп окугула» деп тынчтандыра албай атчу элек, эми кадимкидей тымтырс болуп, баш көтөрбөй окуп калышты дешет. Башында убакыт бүттүбү деп чыдамы кетчү эле, эми дагы окуй береличи, азыр ушул бетти бүтүрүп алайынчы деп калышты дешет. Мына ушунун баары эле жакшы көрүнүш эмеспи. Андан сырткары, бизге да байкалат. Башында артта эле жүргөн балдар кээде кадимкидей алдыңкы орундарга илинип, жакшы белектерди ала башташат.

Мындан сырткары, өткөндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча республикалык деңгээлде конкурс өттү. Ошого башынан бери биздин долбоорго катышып келаткан, 5-класс болуп калган балдарды катышкыла дедим. Конкурс «Ак кеме» менен «Кылым карытар бир күн» чыгармасы боюнча болчу. Бул китептер 4-класска чейинкилер үчүн оорураак болот деп аларга айтканым жок. Анан жанагы 5-класстагы балдарым аябай кызыгып катышышты. Акчасын аябай баары тең китептерин сатып алышты. Бул дагы жакшы көрүнүш эмеспи.

Азыр китеп өтпөй турган убакта 200-300 сомдук китептерди балдар өздөрү эле жерге тийгизбей илип кетишти. Анан ошол балдар катышып, бир тобу жакшы ийгиликке жетиптир. Албетте, алдыңкы орунга чыга алышкан жок. Себеби, ага республика боюнча ар кандай кишилер катышты. Мугалимдер катышты, студенттер катышты, китепти илгертен бери сүйүп окугандар катышты. А биздин балдар эмне, тээ айылдагы мектепте окуган 5-класстын эле балдары да. Бирок, ошого карабай ортодон өйдө орундарга жетишиптир. Биз буга да сүйүнүп, ошол айылдын демөөрчүлөрү бар. Аларга айтып, жакшынакай белектерди тапшыртып койдук.

— Баса, ушул жерден бир суроо туулат. Жанатан бери көп эле жумушту айтып атасыз. Китеп даярдайбыз, белек беребиз, шоколад беребиз, ал тургай мугалимдерге да эмгек акы дедиңиз. Эми конкурска катышкандарга да белек бериптирсиз. Деги мунун баары канча каражат? Ким берет сизге? Кимдер сизди колдоп аткандар?

— Туура. Мунун баары каражат. Ушул биздин кылып атканыбыздын баары барып-барып тыйынга такалат. Азыр ушул Бишкектин мектебинен баштап, тээ Ат-Башынын айылдарына чейин кыдырып, жалпысынан 13 мектепке, 500дөй балага китеп окутуп, 20дай мугалимге каражат бөлүп атабыз. (Айлык деп айтканга да арзыбайт.) Демек, ошончо жерди жылына 5-6 жолудан кыдырып да чыгабыз. Ар кай жерге конуп-түнөйбүз, убакыт кетет, күч-кубат дегендей. Кыскасы, баары тең акча менен бүтөт. Демек, мунун баарын кимдир-бирөө каржылап турбаса кантип болсун.

Ушул жерден бизди түшүнүп колдоп-буттап, өз эмгектери менен тапкан акчасын аянбай; бирөөнүн балдары үчүн, эли-жери үчүн берип аткан бардык эже-байкелерге миңдеген ыраазычылык билдирем. Чынында аларга ошол окуп аткан балдар дагы, алардын мугалимдери дагы, ата-энелери дагы дайыма ырахматын айтып, чексиз ыраазычылыктарын билдиришет. Мен да аларга барганда дайыма кимдер колдоп, кимдердин арты менен ушул иш жүрүп атканын айтып турам. Себеби, бизди кайдагы бир эч ким тааныбаган Американын миллионери, же Канаданын өкмөтү колдоп аткан жок.

Бизди катардагы эле кыргыздын жарандары, атуулдары колдоп, ошолор өз мээнети менен тапкан акчаларын берип атат. Албетте, Американын миллионери берсе деле, ага дагы ырахматыбызды айтып, ыраазычылык билдиришибиз керек. Бирок, өздөрү тааныган жердештери, өздөрү көрүп жүргөн агалары, айылдаштары колдоп атса, ыраазы болуу сезими ого бетер күчөйт экен. Демек, биздин долбоорду ошол ар бир айылдын эле кулундары, өздөрү тааныган кишилер эле колдойт. Мисалы, 3 жыл мурун бул ишти баштап атканыбызда, Эсен Өмүракунов деген байке бар. Ошого айтсам аябай жактырып, айылда турган иниси Касым байкеге дароо айтты. Көрсө, бир атанын балдары атасынын атынан фонд ачып, айылда ар кандай кайрымдуулуктарды кылып жүрүшүптүр.

Натыйжада биз ошол «Өмүракунов Ырыскелди ажы ата» деген фонддун атынан Ат-Башы районунун Калинин айылынан 2 классты колго алып, жалпы 56 балага китеп таратып, окутуп баштаганбыз. Андан кийин муну өзүмдүн классташтарым илип кетти. Аларга да ырахмат. Өзгөчө Айбек Турдумбаев аттуу классташым өз чөнтөгүнөн акча чыгарып колдоо көргөздү. Башында иш жолго түшө электе, кетирген чыгымдарыбыз да көп эле. Ошонун баарын ушундай ак жүрөк, мекенчил кишилер жаап-жашырып турушту. Азыр да ошондой жигиттер, байкелер, эжелер бар. Колунан келишинче жардамдарын берип атышат. Кээ бири мен баланча айылда баланча балага демөөрчү болом дейт. Кээ бири ушул каражат менен өзүң каалаган мектепке барып иш кыла бер дейт. Кыскасы, ушунтип иш жүрүп атат.

— А иштин эсеп-кысабы барбы? Бир жылга канча каражат керек? Жөнөкөй жарандын алы жете турган суммабы? Же сөзсүз бай болуш керекпи?

— Албетте, эсеп-кысабы бар. Мен фонд ачтым, ушундай иш кылып атам десем эле эл «ме» деп акча кармата бербейт да. Канча акча керек, ага эмне кыласың, кандай колдоносуң деп сөзсүз сурашат. Андайда так-даана айтып бербесең эч ким ишенбейт. Ошондуктан биз дагы кызыккандарга бүт айтып бергенге даярбыз. Анан бул чынында көп деле акча эмес. Мисалы, бир баланы бир жыл окутуш үчүн болжолдуу 1000 сом кетет. Мындайча айтканда, 1000 сом менен бир бала 4 түр китеп окуп, 2 жолу белек алат. Ар бир китеп менен бирден шоколад алат. Окуткан мугалимине эмгек акы беребиз. Китеп даярдайбыз, айылдарды кыдырабыз. Кыскасы, кандай чыгым болсо ошонун баары ошол 1000 сомдун ичинде. Бирок, албетте, тээ Жумгалдын бир айылына барып 2 баланы окутуп койчу деп 2000 сом карматып койгон болбойт.

Негизи эле биз бир алганда толук бир классты алганга аракет кылабыз. Бир класста 20 бала болсо, ичинен 10 баланы окутуп, 10 баланы калтырып коюу адамгерчиликке да жатпайт, иштегенге да ылайыксыз. Себеби, аларды бөлүп окутуп, киргизип-чыгарып туруу мугалимдерге да ыңгайсыздык жаратат. Кыскасы, бизге демөөрчү болом деген киши болжолдуу 20-25 миң берет дагы, биз ага толук бир жыл 20-25 баланы окутуп, ар бир иш чарабызды сүрөткө, видеого тартып, кайра өзүнө отчёт катары жиберип турабыз. Ошол эле маалда, муну менен ошол кайрымдуулук кылган кишинин да аты чыгат, балдар да билим алат. Себеби, балдарга биз ошол кишинин атынан алкыш баракчаларын берип, жалпы мугалимдерге айтып турабыз.

Олжобай Шакир классташ-досу Өмүракунов Касым менен…

— Түшүнүктүү. Эми бул иштин келечегин, максатыңызды айтып, жыйынтыктасаңыз.

— Максатым – элибизде китеп окуу адатын пайда кылуу. Балдарга мектепти бүткүчө жок дегенде 40 китеп окутуп калуу. Анан ушул иш-чараны жалпы мамлекетибизге жайылтуу. Жарандарыбыз жаштайынан китеп окуганга көнүп, жаштайынан китепке кызыгып алса эле далай маселе чечилет деп ойлойм. Себеби, китеп окуган, окуганын түшүнө алган бала сабактарын да жакшы окуйт, ишин да жакшы аткарат, коомдун абалынан да кабардар болуп турат. Кайдыгерлик, сабатсыздык, чалагайымдык жана керек болсо ырайымсыздык да өзүнөн өзү жок болот. Себеби, адабий китептерде ушунун баары бар.

Маектешкен Жансакта САРБАШОВ

Комментарий калтырыңыз