Лев Толстой: Адилет сот (конкурска №16)

АҢГЕМЕ

Алжирдин Бауакас деген падышасы кайсы бир шаарда чындыкты калптан шыр ажыраткан  жана эч бир митайымга алданбаган адилет сот бар деген кептин чын-төгүнүн текшермек болот. Ал соодагерге окшош кийинип, атка минет да ошол сот жашаган шаарга жөнөйт. Шаардын капкасына жете бергенде мунжу тилемчи жолун тосуп, кайыр сурайт жалдырап. Бауакас садагасын берип, атын теминип атса, тилемчи падышанын этегин чеңгелдеп, коё бербейт тармышып.

- Сага эмне керек? - деп сурады Бауакас дубанадан.- Мен сага садага бербедимби?

- Садага бердиң, бирок дагы бир сооп иш кыл, - деди мунжу. - Аттарга жана төөлөргө тепселип калбайын: мени атыңа учкаштырып, шаардын ортолугундагы аянтка жеткирип кой.

Бауакас дубананы артына учкаштырып алып, аянтка жеткирет. Ал аянтта аттан түшпөй коёт.

- Эмне отурасың? - деди Бауакас.- Түш, аянтка келбедикпи?

- Эмнеге түшөт экенмин, - ат меники болсо? - деди дубана жаагын жанып.- Атты жакшылык менен бербесең, сотко барабыз!

Булардын талашы эмне менен бүтөт деп аларды тегеректеп, көзү чачырыган эл жабыла кыйкырды:

- Сотко баргыла! Талашыңарды чечип берет!

Бауакас мунжу экөө ээрчишип сотко барышты. Сот даттанып келгендерди кезеги менен чакырып, ар биринин сөзүн шашпай укту. Ошондуктан Бауакаска кезек күтүүгө туура келди. Обол сот окумуштууну жана дыйканды чакырды. Алар катын талашып келишкен экен. Сот алардын сөзүн угуп бүтүп, бир саам ойлонуп, анан:

 - Аялды менин үйүмдө калтыргыла, а өзүңөр эртең келгиле,- деди.

Окумуштуу жана дыйкандан соң касапчы менен майкешке кезек жетти. Касапчынын кийиминде каткан кандын изи жайнайт, ал эми майкештин кийими майдын жугунан жалтырайт. Касап бир колуна акчаны мыжыгып алган, майкеш болсо касаптын акчалуу колун колунан чыгарбайт бекем кармап.

Адегенде касапчы сүйлөдү:

- Мен бул кишиден май сатып алгам. Төлөйүн деп койнумдан капчыгымды чыгарсам, ал менин колума жабышып, акчамды тартып алмак болду. Ошол боюнча сизге келдик: колумда капчык, ал болсо менин колумду кармап алган. Акча меники, ал – ууру.

 Артынан Майкеш  сүйлөдү:

- Айтканы калп. Касапчы мага май сатып алганы келди. Мен ага бир кумуруга толтура май куюп берсем, ал менден алтынды майдалап бер деп суранды. Мен акчаны майдалап алдына койсом, ал акчаны уучтап алып, качмакчы болгондо колунан кармаганга үлгүрдүм. Ошо кармаган бойдон ушу жерге жетелеп келдим.

 Сот бир аз ойлонуп, анан сөзүн айтты:

- Акчаны ушу жерде калтыргылга, өзүңөр эртең келгиле.

Кезек Бауакаска жана мунжуга жеткенде, Бауакас сотко эмне окуя болгонун айтып берди. Анын сөзүн дубана калпка чыгарды:

- Мунун баары жалган. Мен атчан шаарды аралап баратсам, ал жолдо отуруптур. Мени баланча жерге жеткирип кой деп суранганынан, улоомо учкаштырып, айткан жайына жеткирдим. Бирок ал аттан түшкүсү келбей, ат меники болчу деди. Бул калпычы экен.

 Сот ойлонуп туруп, баякыдай сөзүн айтты:

- Атты менин үйүмдө калтыргыла, өзүңөр эртең келесиңер.

Келерки күнү сот эмне өкүм чыгарганын угабыз деп көп эл чогулду.

Биринчи окумуштуу менен дыйкандын иши угузулду.

- Аялыңды ал, - деди сот окумуштууга кайрылып. - А дыйканга элүү балак урулсун.

Илимпоз аялын ээрчитип кетти, дыйкан жайында жазасын алды. Сот андан кийин касапчыны чакырып:

- Акча сеники,- деди. Анан  майкешти көрсөтүп, ага элүү балак урууну буйруду.

Ошондон кийин Бауакасты жана мунжуну чакырып, Бауакастан сурады:

- Сен жыйырма аттын ичинен өз атыңды тааный аласыңбы?

- Тааныйым.

- А сенчи?

- Мен да тааныйым.

- Артыман жүр, - деди сот Бауакаска жана экөө ээрчишип атканага киришти. Бауакас жыйырма аттын арасындагы өз атын көрсөттү. Сот андан соң мунжуну атканага чакырып, ага дагы өз атын көрсөтүүнү буйруду. Мунжу дагы жаңылбай жанагы атты көрсөттү. Ошондон кийин сот өз ордуна барып отурду да Бауакаска кайрылды:

- Ат сеники, ал атыңды. Мунжуга элүү балак урулсун.

Сот өкүмүн жарыялап бүтүп, үйүнө жөнөдү эле, Бауакас аны ээрчип алды.

- Сен эмне, менин чечимиме макул эмессиңби? - деп сурады сот.

 - Жок, мен ыраазымын сизге,- деди Бауакас. - Сизден билип алайын дегем: аялдын күйөөсү дыйкан эмес, окумуштуу экенин; акча майкештики эмес, касапчыныкы экенин; ат кайырчыныкы эмес, меники экенин кайдан билдиңиз?

- Аялдын жөн-жайын минтип билдим. Аны эртең менен өзүмө чакырып: “Менин сыя челегиме сыя куюп кой” дедим. Ал сыя челекти алып, таза жууду да бир тамчы тамызбай ага сыя толтурду. Демек, бул жумушка ал көнгөн экен. Эгер дыйкандын аялы болсо, сыя челекке сыя куйганды билмек эмес. Демек, окумуштуу туура айтыптыр. Акча кимдики экенин кантип билдим дебейимби? Акчаны кечээ кеседеги сууга салып койгом. Бүгүн суунун бетине май чыгып-чыкпаганын текшердим. Акча майкештики болсо, анда майлуу колу менен акчаны кармап, майдын изин калтырмак. Суунун бетинде май жок экен. Демек, касапчы туура сүйлөгөн экен... Аттын ээсин билүү кыйыныраак болду. Дубана сен сыяктуу эле жыйырма аттын ичинен атты ойлонбостон туура көрсөттү. Мен экөөңөрдү атканага атты тааный алар-албасыңарды билүү үчүн ээрчитип киргеним жок. Мен силердин кимиңерди ат тааныганын билүү үчүн атканага ээрчитип бардым. Сен аттын жанына барганыңда, ал башын буруп, сени жыттады; дубана атка колун тийгизгенде, ат кулактарын жапырып, бутун көтөрдү. Сен аттын чыныгы ээси экениңди ушинтип билдим.

Соттун сөзүн уккан Бауакас ага сунушун айтты:

- Мен соодагер эмесмин, мен Бауакас падышамын. Мен бул жерге сен жөнүндө айтылган сөздөрдүн чын-төгүнүн билгени келгем. Сенин даанышман сот экениңди көрдүм. Эмне каалаганыңды сура, баарын сыйлыкка берем.

- Мага сыйлыктын кереги жок; мен өз падышамдын мактоосун укканыма бактылуумун,- деди сот.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз