Лев Толстой: Сыйлык (конкурска №17)

Котормочудан: Жомокто айтылган чындык

Жомоктун керемет касиети бар: жомок турмуштан алынат, элдин бай тажрыйбасынын негизинде жаралат. Жомоктордо айтылган көрүнүштөр бүгүнкү жашообузда да жолугат. Улуу жазуучулардын көбү да жомокко кайрылышкан. Мисалы, Чыңгыз Айтматов бала кезинде уккан жомогунун негизинде “Чыпалак бала” деген жомокту жазган. Атактуу “Британ энциклопедиясында” белгилегендей, “бардык доорлордун залкар жазуучуларынын бири” деп таанылган Лев Николаевич Толстой да бир нече жомоктун автору. Дүйнөнүн абийри деп да айтылып жүргөн Лев Толстойдун котормо боюнча конкурска түшкөн төмөнкү жомогун назарыңыздарга сунабыз.

Мужук сербаа таш таап, падышага алып жөнөдү. Падыша сарайына келип, падышанын жан жөкөрлөрүнөн өкүмдарга жолуктуруп койууну сурана баштады. Падышанын бир жөкөрү мужуктан падышаны эмне максат менен көргүсү келгенин сурады. Мужук асыл баа таш алып келгенин айтты. Аны уккан жөкөр мужукка шарт койду:

- Жакшы, мен падышага айтайын. Бирок падыша сага берчү сыйлыктын теңин мага бересиң. Эгер андай убада бербесең, сени падыша менен жолуктурбайм.

Мужук шартка көндү. Жөкөр анын келгенин падышага айтып, экөөнү жолуктурду. Падыша асыл ташты алып, мужуктан сурады:

- Мужук, сага кандай сыйлык берсем?

- Мага элүү камчы урдур, башка сыйлыгыңды каалабайм. Азыр эле сенин жөкөрүң менен сыйлыкты тең бөлүшөбүз деп макулдашканбыз. Ошон үчүн мага жыйырма беш, ага жыйырма беш камчы урулсун, - деди мужук.

Падыша боору эзилгенче күлүп, жөкөрүн сарайдан биротоло кууду, а мужукка миң сом берди.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз