Жером Дэвид Сэлинжер: Банан балыктар (конкурска №23)

НОВЕЛЛА

Мейманкана Нью-Йорктон келген жарнама агенттиги боюнча токсон жети адамга жык толуп, анысы аз келгенсип шаар аралык байланыш тилкесин да ошолор тынымсыз бошотпой ээлеп алышты. Мейманканада 507 номердеги кызга апасы менен сүйлөшүү үчүн телефон тилкесин эртеден бери, түштөн кийинки эки жарымка чейин  күтүшкө туура келди. Бирок ал убактысын текке кетирбей аялдар журналын окуп олтурду. Окуп жаткан журналынын аталышы – «Секстин күңгөй-тескейи». Тарагы менен щёткасын сууга чайкап, саргыч боз костюмундагы тактарды тазалады. Блузкасына жаңы топчуларды кадады. Калына чыккан түктөрдү терди. Оператор аял чалган маалда, ал айнектин текчесине олтуруп, сол колуна эми эле лак коюп бүтүп калган.

Башкаларга окшоп телефондун коңгуроосун күтүп олтуруп, бүт тиричилигин унутуп калган адамдардан эмес. Телефондон коңгуроо келгенге чейин бир топ иштерин бүтүрүп алды чыйрак кыз. Тим эле ал эрезеге жеткенден бери күндө телефон менен сүйлөшүп көнүп калгандай.

Телефон шыңгырап жатканда кыз тырмактарынын учун кичинекей кисточканын жардамында ай түрүндө боёп жаткан. Андан соң лак куюлган бөтөлкөнүн капкагын жаап, ордунан туруп, боёктору кургай элек сол колу менен чайкап, оң колу менен терезеде турган тамекинин күлүн түшүргөн идишти телефон турган үстөл үстүнө алып келип койду. Тыкан жыйнаштырылган керебеттин үстүнө олтурду да, телефон беш-алты жолу шыңгыраган соң, трубканы колуна алды.

- Алло, - деди кыз жылаңач денесине кийген халаттан боёгу кургай элек сол колун алыс кармап. Колундагы шакеги ваннада калган.

- Сизге Нью-Йорктон чакыруу бар, айым,  - деп жооп берди оператор айым.

- Ыракмат, - деди кыз чакан үстөл үстүнө тамекинин күл салгычын коюп жатып.

Трубкадан аялдын үнү угулду:

- Мюриель, бул сенби?

Кыз трубканы кулагынан алыстатып:

- Ооба, апа. Кандайсың?

- Сени ойлой берип өлө турган болдум. Эмне бир чалып, мен жакшы жетип алдым деп койбойсуң?.. Амансыңбы деги?

- Мен сага мурунку күнү кечинде, кечээ кечинде чалып көрдүм. Бул жердеги телефон…

- Деги тынчсыңбы өзүң, Мюриель?

Кыз трубканы кулагынан алыстатып, жооп узатты:

- Менде баары сонун. Өлгүдөй ысып жатам. Флоридада Күн кайнап жатат…

- Эмне чалбайсын, айланайын?! Мен сени ойлоп кыжаалат…

- Болду, кыйкыра бербечи, апа. Дүлөй адам жок,  – деди кыз. – Сага бир эмес, эки жолу чалдым. Келер замат…

- Мен атаңа сени кечээ чалып калар дегем. Жакшысыңбы деги, Мюриель? Чынын айтчы, бай болгур.

- Мен жакшымын, айланайын. Менде баары жайында. Токтотчу такмазаңды.

- Качан жеттиңер?

- Билбейм. Шаршемби күнү эртең менен келдик окшойт.

- Ким айдап барды?

- Ал өзү айдап келбедиби, - деп жооп берди кыз. – Толкунданбай өзүңдү карма. Эң сонун айдап келди. Мен өзүм да таң калдым.

- Ал өзү айдап бардыбы? Мюриель, сен мага эмне деп сөз бердиң эле?

- Апа, - кыз анын сөзүн жулуп кетти, - Мен сага айттым го. Ал бир жакшынакай эле айдап келди. Келер-келгиче элүүдөн ашырбай келди. Бир да жолу…

- Жол жээгиндеги даракты сүздүрүп жибермей жини кармаган жокпу?

- Сонун эле айдап келди. Токтотчу ашыкча кеп-сөзүңдү. Менин жолдун ак сызыгынан чыкпай айда дегенимди угуп, сен айтып жаткан дарактарга көңүл да бурган жок. Айтмакчы, атам машинасын ремонтко бердиби?

- Жок, кайдан. Бир көрсөткөнүнө эле төрт жүз доллар бересиң дешиптир.

- Апа, Симор атама анын баарын өзүм көтөрөм деген. Эмне эле болуп жатасыңар, билбейм.

- Макул, көрө жатарбыз. Ал авто-унаа айдап баратканда, деги бардык эле жерде өзүн кандай сезип калды?

- Сонун, апа.

- Сени ажына дебей элеби?

- Жок. Мага азыр жаңы ат коюп алган.

- Кандай?

- Сенин аны менен ишиң канча?

- Айта берсең. Сенин атаң…

- Жарайт, жарайт. Ал азыр мени Мюриель сөйрүк дейт,  – кыз күлүп жиберди.

- Ошол кантип болсун, Мюриель. Ушунун эмнеси күлкүлүү? Эмне деген шумдук бул! Жерге киргир. Мээсинен айныса ошол да. Мен кантип…

 - Апа, - кыз сөздү жыра тартты, - Угуп тур мени. Мага ал Германиядан салып жиберген китеп эсиңдеби? Немис акындарынын ырлар жыйнагы болчу. Мени эмне кыл дегени турасың? Башым катып, бирок…

- Ал китеп сенде?

- Койчу?

- Чын. Ал менде турат. Фредди жашаган бөлмөдө. Сен аны мында калтырып, мен аны коёрго жай таппай… Эмнеге? Ага бул китеп керек бекен?

- Жок. Болгону ал биз жөнөп жатканда, мени окуп чыктыңбы деп сураган.

- Ал китеп немис тилинде жазылган да!

- Ооба, билем. Ага баары бир, - деди кыз буттарын учкаштырып. – Ал ырларды кылымдын улуу акыны жазган имиш, мен анын котормосун табышым керектигин же немис тилин өздөштүр деген, мынаны карасаң.

- Шумдук, айланайын, шумдук. Жинди да. Атаң мага кечээ кечинде айтат…

- Азыр, апа, азыр, – деди да терезе жакка барып, ал жердеги диван үстүнөн тамеки алып келип түтөтө баштады. – Апа.

- Мюриель, эми мени угуп тур.

- Айта бер.

- Атаң доктур Сиветский менен сүйлөшүптүр.

- Ии, анан?

- Ага бүт баарын айтып бериптир. Атаңды менден жакшы билесиң.  Баягы даракты, терезени… Чоң энесинин өлгүсү келип жатканы тууралуу анын тантыраганын. Вермуддан алып келген сүрөттөрдү эмне кылганын… Кыскасы бүт баарын.

- Ии?

- Ошол анан. Чын айтайын, тиги доктур аскердик бөлүктүн аны ооруканадан айыкты деп чыгарып жиберишкени кылмышка тете иш дептир! Симор толук айыккан эмес, аныңар эртеби-кечби кайра эле ооруп калышы толук мүмкүн деп наалыптыр.

- Биз конгон мейманкананын психиатр врачы бар экен, - деди кыз.

- Ким экен ал? Аты ким?

- Билбейм, Ризер дешкендей болду окшойт. Айтууга караганда өтө күчтүү врач имиш.

- Ал жөнүндө укпаптырмын.

- Мюриель, сен бизди туура түшүн, кызым. Сени ойлоп, сар-санаабыз менен байып кете турган болдук. Атаң кечээ эртерээк баса беришсе деле болот эле деп безилдей берип, кулак-мээмди жеп таштады. Кокус анан…

- Мен ары-бери барбайм, сабыр кылып тургула бир аз.

- Мюриль кызым, айланайын. Доктур Симор күйөө балаңардын талмасы кармап калышы мүмкүн деди. Балээ болуп…

- Мен эми эле келдим, апа. Эмне болуп жатасың? Жыл бою иштеп, араң эмгек өргүүсүнө чыгып, бул жерге келсем, кайра эле түйүнчөктөрдү артынып, жөнөп калышым керекпи, – деди айым. – Азыр эч кайда чыга албайм. Анүстүнө Күнгө куйкаланып күйүп, ары-бери чуркаганга алым деле жок.

- Ошончолук да Күнгө күйөсүңбү анан? Мазды эмнеге сүйкөнбөдүң? Сумкага салгам аны. Карасаң сумкаңдын…

- Сүйкөндүм аны. Баары бир күйүп калдым.

- Өлгөн турбайсыңбы? Бүт бойдон күйүп калдыңбы?

- Бүт бойдон, апа. Чоло жерим жок.

- Иий, кокуй!

- Эчтеке эмес. Өлбөйт кызың.

- Айтчы, анан ошол психиатр врач менен сүйлөштүңбү?

- Ии, бир аз эле.

- Эмне деди ал? Аны менен сүйлөшкөнүңдө Симор жаныңда беле?

- Океан бөлмөсүндө пианино ойноп олтурган. Биз келгенден бери эки түн катары менен пианино ойноп чыкты.

- Ии, тиги врач эмне деди анан?

- Көп деле сүйлөшкөн жокпуз. Өзү сөз баштап калды. Анын жанында бинго ойноп жаткам. Бир маалда тиги бөлмөдө пианино ойноп олтурган сенин күйөөң эмеспи деп сурап калды, ооба, ал менин күйөөм десем, күйөөң бир аз оорукчан эмеспи дейт. Анан айттым…

- Эмнеге антип сурады экен?

- Билбейм, апа. Мен ойлойм, анын кубарган ыраңын көрүп, ошентип сурады го, - деди кызы. - Бинго ойноп чыккандан кийин аялы экөө мени чайга чакырышты. Мен макул дедим. Аялын көрсөңүз укмуш эми. Эсиңдеби, баягы экөөбүз «Бонуиттен» көргөн көйнөк? Сен айткансың ошондо, мындайды кийиш үчүн арыкта, арыкта деп безилдеп…

- Жашыл көйнөк беле?

- Аялы ошондон бирди кийиптир. Менден утур-утур Симор Мэдисон авенюда баш кийим саткан дүкөнү бар  Сюзанне Гласска тууганчылыгы жок беле деп сурап коюп жатты.  

- Ал бир нерсе деп айттыбы деги? Тиги доктурду айтам.

- Эчтеке деле айткан жок. Анүстүнө барда ызы-чуудан улам түзүк деле баарлаша албадык.

- Ммм. Ал доктурга Симор чоң энесинин отургучу менен эмне балакетти кылганын айтпайт белең.

- Жок  кайдан. Мен өтө деле такып сураган жокмун, - деди кыз. – Мен ага дагы жолуксам керек. Кудайдын куттуу күнү бардан көрөм аны.

- Ал сага Симор бул жүрүшүндө бир балээнин үстүнөн чыгат деп айткан жокпу деги? Анын азабын анан сен тартып.

- Жок, чынын айтсам, - деди кыз. – Антип айткыдай ал сага көзү ачык беле. Азыр айттым го сага, биз бардагы ызы-чуудан улам түзүк деле баарлаша албадык деп.

- Болуптур. Көк күрмөңдү кийип жатасыңбы?

- Ооба. Далысы бир аз сүрүлүп калыптыр.

-  Ал жакта кандай кийинишет экен?

- Шумдук. Тим эле укмуш кийинишкен.

- Жаткан бөлмөңөр кандай?

- Жакшы эле. Жашаса болот. Согушка чейин жашаган бөлмө бизге бул сапар буюрган жок, - деди айым. – Бул жылы элдин деле кебетелери келишип калыптыр. Тамактанган жайда жаныбызда кимдер олтурат, бир көрүшүң керек эле да. Тиги үстөлдө. Кебетелери азыр эле тоодон түшө калышкандай.

- Ооба, азыр бүт жерде эле ошондой. Юбкаңды кийип жатасыңбы?

- Чак келбей жатат. Мен сага ошондо эле айткам, бул мага узун деп.

- Мюриель, каралдым. Э мейличи, эмне болсо, ошол. Деги өзүң тынчсыңбы, садагаң кетейин?

- Жакшымы-ын айланайын, жакшы-ымын! – деди кызы. – Муну менден эки жүз жетимиш төрт жолу сурадың.

- Үйгө али кайтпайм дечи?

- Жок, апа.

- Атаң мага кечинде кызым кургур бир жерлерге барып, өзүнчө да эс алып келсе, бар акчамды аянмак эмесмин дейт. Өзүнчө эс алып, кемеге түшүп дегендей. Атаң экөөбүздүн ойлогонубуз эле сенсиң, чырагым.

- Ай, жок ыракмат, - деди кыз буттарын түшүрүп. – Апа, бул сүйлөшүүнүн наркы да бир топ болуп кетти окшойт. Бүтүрөлү кепти.

- Симорду согуштан келгиче күтүп, канча азап да чегип жүрдүң. Бул жерде жаштык кылдың окшойт, кызым. Билбейм…

- Апа, болду сөз бүттү, - деди кыз. - Симор да келчү маалы болуп калды.

- Кайда жүрөт ал?

- Жээкте.

- Жээкте? Өзү жалгызбы? Жүрүш-турушу жакшы элеби?

- Апа, - деди кыз, - ал мурда адам өлтүрүп жүргөндөй айтасың да…

- Эчтеке эмес, кызым. Эмне болду сага?

- Өзүң кеп төркүнүн ошого келтирип жатпайсыңбы. Ал кумда жатат болгону. Ал тургай үстүндөгү халатын да чечпейт.

- Халатын эмне чечпейт, ботом?

- Билбейм. Аппак денеси Күнгө ылжырап күйүп кетпесин десе керек.

- Ой, тобо! Ал Күнгө бир аз күйгөнү жакшы эмеспи. Түшүндүрүп айт сен.

- Симордун кежирлигин билесиң да, - деди кызы кайрадан бутун учкаштырып. – Чечинсем денемдеги татуировканы келесоонун баары тиктей берип тажатат деп, көнбөдү.

- Эмне анын денесинде татуировкасы бар беле? Аскерде жүргөндө сайдырса керек да.

- Жок апа, жок кагылайын, - деди кызы ордунан туруп. – Мен сага эртең чалайын ээ. Макулбу?

- Мюриель, угуп тур мени! Мени угуп жатасыңбы!

- Угуп атам. Айта бер, - деди кызы салмагын оң бутуна таштап.

- Кокус анын оорусу кармап, дагы жиндилик салып баштаса, дароо бизге чал, макулбу? Уктуңбу дейм?

- Симорду тынчтантып коюшка күчүм жетет, апа.

- Ырас айтасыңбы, кызым?

- Ооба, апа.

- Жакшы ойноп, куунак эс алып кел, кызым. Тынч-аман келишиңди тилеймин. Тынччылык эле болсунчу, ылайым. Ач олтурсаң да, тынч олтур дейт.

- Жарайт, апа, - деди кыз, - Макул, жакшы туруңуз. Атама бизден салам айтыңыз.

Кыз телефондун трубкасын ордуна койду.

⃰      ⃰      ⃰

- Симор байке! Сүйүктүү байке! – секелек кыз улам кыйкырып, олтурган жеринде бирөөнү издеп жатты. Сибила Карпентер апасы менен бирге эс алганы келген. – Апа, баягы жакшы байке көрүнбөйт да?

- Ай тентек, болду эми тынч. Чарчата турган болдуң мени.

Карпентер айым Күнгө жыдып күйүп калбаш үчүн, Сибиланын далысына, денесине мазь сүйкөп жатты. Үстүнө саргыч купальник кийген Сибила килейген үйлөнгөн шардын үстүндө океанды карап олдоксон олтурду.

- Бир караган адамга тим эле сонун жибек көйнөк кийип алганбы дейсиң. Жанынан карасаң жарашыктуу купальник, - Карпентер айымдын жанында олтурган айым сүйлөй кетти. – Байламталары бир сонун жасалыптыр.

- Ооба, куп жарашып калыптыр кызыма, - деди Карпентер айым. – Сибила тынч олтурчу, кызым. Болду эми.

- Жакшы байкени көрдүңбү? – деп сурады Сибила.

Апасы мындан тажагандай үшкүрүндү. Сүйкөнүп жаткан маздын бөтөлкөсүн ордуна салып, анан кызына кайрылды:

- Эми бара кой, жарыгым. Сен ойноп кел. Ага чейин апаң кафеге кирип Хаббель айым менен бирге мартини ичип келсин. Сага бүгүн зайтун ала келем.

Ал жерден чыккан соң Сибила дароо жээкти көздөй чуркады. Жээкти аралай чуркап, Балыкчылар Күркөсүнө бет алды. Жолдо баратып токтой калды да, ылайлуу топуракта мөңкүп кетип, жыгылып бара жаздап, дагы чуркап жөнөдү.

Андан ары чейрек миль аралыкты чуркап өтүп, анан жээкти көздөй чукул бурулуп андан ары жолун улады. Жолду катар элеңдеп бирөөнү издеди. Жээкте жалгыз жаткан дөмпөйгөн караанды көргөндө гана басыгын жайлатып, ошол жакка басты.

Кумдуу жээк. Бул жерде сууга түшкөн адамдар көрүнбөйт. Адамдар топ-тобу менен түшкөн жээк мындан бир топ алыс жерде. Болгону үстүнө халат кийген адам сүлгүнү башына жаап алып, көмкөрөсүнөн жатат. Халаттан тыртайган, тарамыштуу арык буттар чыгып турат. Буттарга татуировкалар тартылган. Көмкөрөсүнөн жаткан адамдын кумда жаткан кебетеси бир кызыктай. Көргөн адам көмкөрөсүнөн кулап өлүп калганбы деп ойлойт. Же маспы деп ойлошу мүмкүн.

- Сууга түшөбүзбү, байке, - Сибила жакындап келер замат сурады.

Тиги көмкөрөсүнөн жаткан сөлөкөт ошондо гана тирүү экени билинип, буттары серпиле түшүп, сүлгү астынан башы акырын кыймылдады. Капталына бурулганда сүлгү жерге кулап, жашы жыйырма жетинин тегерегиндеги жаш кишинин башы көрүндү.

- Кандайсың, Сибила?

- Сууга түшөбүзбү?

- Мен сени күтүп жаткам, - деди тиги. – Эмне жаңылык?

- Эмне дейсиң? – деп сурады Сибила.

- Эмне жаңылык дейм?

- Атам эртең учак менен бизге келатат , - деди да, кумду буту менен чачырата тепкилеп кирди.

- Ай акырын, бетиме чачпай, чечек, - деди киши Сибиланы кызыл ашыктан кармап. – Жакшы экен анда. Демек, атам да бизге келатат дечи. Мен атаңдын келишин саат сайын күтүп жатам. Саат сайын.

- Баягы эже кайда? – деп сурады Сибила.

- Билбейм, жүрсө керек бир жерде, - деди киши, чачындагы кумду колу менен күбүп. – Айтыш кыйын, Сибила. Ал эжеңдин жүрбөгөн жери жок. Бир карасаң чачын боётуп чачтарачканада олтурган болот. Бир карасаң соопчулук катары жетим балдарга тартуулайм деп, бөлмөсүндө куурчак токуп олтурган болот.

Киши көмкөрөсүнөн жаткан. Муштумдарын түйүп, биринин үстүнө бирин коюп, ага ээгин таяна жата кетти.

- Сүйлөп берчи дагы, тили ширин Сибилам, - деди ал. – Купальник сага куп жарашыптыр. Ушундай асман көк түстөгү купальниктер мага ушунчалык жагат да.

Сибила ага таң калып карады. Анан эңкейип, өзүнүн курсагын тиктеди да:

- Тууйа эмес. Бул сайы түстө, - деп түзөттү. – Сайы түстө болуп туйат ко[1].

- Кана, кана. Жакын келчи, шириним.

Сибила бир кадам алдыга жылды.

- Аа, туура, туура. Сары түстө, - деди киши. – Мен ушундай келесоомун да.

- Сууга түшөсүңбү? – деп сурады Сибила.

- Мен муну дыкат ойлонуп көрөйүн, Сибила чоң эне. Мен сиздин бул сунушуңузду өтө дыкат ойлоноюн.

Сибила бул киши кээде башына жаздык катары колдонуп жүргөн резина матрасты буту менен түртүп көрсөттү:

- Үйлөш керек муну.

- Эң туура айтасыз. Муну үйлөгөндө да өтө чоң кылып үйлөш керек. 

Ал ээк алдындагы муштумун тартып алып, ээгин кумга таяп жата кетти. – Сибила берекем, - деди киши. – Сен аябай сүйкүмдүү Сибиласың. Ии, өзүң жөнүндө айтып берчи, - деди колдорун созуп, Сибиланын буттарын кызыл ашыктан кармап. – Мен текечермин. А сенчи?

- Шэрон Липшюц сен ага пианинодо ойноп бергениңди мактанып айтты, – деди Сибила.

- Шэрон Липшюц?

- Ии, - Сибила көңүлдүү баш ийкеди.

Киши анын буттарын коё берип, чыканагы менен жер таянып, колуна башын жазданып жата кетти.

- Жакшы. Ал кандайча болгонун айтып берейин: мен пианино ойноп олтургам. Сени карасам көрүнбөйсүң. Анан эле сырттан Шэрон Липшюц кире калып, жаныма олтура кетти. Эмне кылышым керек эле, кет ары деп түртүп жибермек белем.

- Түртүп жиберсең болмок.

- Ой, кой айланайын. Андайга менин колум барбайт, - деди киши. – Мен эмне кылдым анан, билесиңби?

- Эмне кылдың?

- Мен аны көргөндө сени элестетип, жаным эргип олтура бердим.

Сибила олтура калып, кумду чукулап кирди.

- Кеттикпи сууга түшкөнү?

- Жарайт, - деди киши. – Сууга чумкуй алсам керек.

- Кийинкиде ал жаныңа барса түртүп жибер.

- Кимди түртүп жиберейин, күчүгүм?

- Шэрон Липшюцти.

- Аа, Шэрон Липшюцти айтасыңбы? – деди киши. – Эмнеге ага кабагыңды карыш салып, өчөшүп калдың, күчүгүм?

Киши бир маалда ордунан ыргып турду, океанды тиктеген калыбында Сибилага кайрылды:

- Сен билесиңби, бүгүн экөөбүз эмне кылабыз? Бүгүн банан-балык кармасак кантет?

- Эмнени?

- Банан-балык.

Ал үстүндөгү халаттын белдемчисин бошотуп, халатын чечти. Анын аппак, арык, куркуйган жону Күнгө жаркырай түштү. Кийген трусасы асман көк түстө. Халатын эки бүктөдү, анан үч бүктөдү. Андан соң көзүнө кум түшпөс үчүн бетине жаап алган сүлгүнү алып, кумга жайды. Сүлгүнүн үстүнө үч бүктөлгөн халатын койду. Эңкейип, жерде жаткан үйлөнмө резина матрасты алып, оң колтугуна кысты да, сол колу менен Сибиланы жетеледи. Экөө үндөбөстөн океанды көздөй жетелешип жөнөштү.

- Сен бир да жолу банан-балык көрө элек болсоң керек? – деп сурап калды тиги бир маалда.

Сибила башын чайкады.

- Сен эчтеке көрбөптүрсүң, досум.

- Мен эчтеке көргөн эмесмин.

- Кандайча эчтекени көрбөйсүң, күчүгүм? Көрүшүң керек да. Сага караганда болгону үч жарым жашта болсо да Шэрон Липшюц көптү көрүптүр. Кайда жашарыңды билесиңби деги?

Басып бараткан Сибила кокусунан токтой калып, андан колун жулуп алды. Киши да токтой калып, элейип аны карады. Сибила эңкейе берип, жерде жаткан деңиз үлүлүнүн кабыгын алды да, аны кызыгып карады. Анан ыргытып жиберди.

- Конектикат, Кайагай токой, - деди да, курсагын алдыга чыгарып, керсейе жөнөдү.

- Аа.  Конектикат, Кайагай токойдо жашайсыңбы? – анын сөзүн кайталады шериги. – Коннектикут, Карагай токойдо жашайт турбайбы досум.

Сибила шеригине карады.

- Ооба, ошондой, - деди Сибила шашып-бушуп. – Мен  Конектикат, Кайагай токойдо жашайм.

Сибила андан озунуп, бир нече кадам алдыга өттү да, оң бутун көтөрүп, сол буту менен кумда секирип ойной баштады.

- Сен баарын түшүнүктүү айтып бербедиңби мага. Көрсө сен акылдуу да турбайсыңбы.

Сибила бутун жерге түшүрдү.

- «Кичинекей ыдыңкара Самбону» окудуң беле? – деп сурады кишиден.

- Ушул да сурообу, досум? – деди киши. – Мен кечээ эле окуп чыккам аны.

Ал эңкейип, Сибиланы кайрадан колунан жетелеп жөнөдү.

- Сага жактыбы? – деп сурады киши.

- Арстандар даракты айланып чуркап жүрө бериштиби? – деп сурады Сибила.

- Алар токтобостон чуркашты окшойт. Мынчалык көп арстанды өмүрү көргөн эмесмин.

- Ал жерде болгону алты гана арстан болгон, - деди Сибила.

- Болгону алты?! Алты арстан азбы сага?

- Мом жагабы сага? – деп сурады Сибила.

- Эмне жагат? – деп сурады киши. – Мом дейсиңби?

- Ии.

- Айтпа. Жакканда да кандай дейсиң. Сагачы?

Сибила башын ийкеди.

- Зайтунчу? – деп сурады Сибила.

-Зайтун дагы. Мом менен зайтун. Мен аларсыз тура албайм.

- Шэрон Липшюц да жагабы сага?

- Албетте жагат, - деди киши. – Анын эч качан мейманканадагы кичинекей күчүктөргө тийишпегени жагат. Мисалы, Канададан келген аялдын кичинекей итин качан болсун мээрим төгүп эркелетет. Ишенесиңби, кээ бир кичинекей кыздар ал итти таякча менен ургулап ойношот кээде. Шэрон эч качан андай кылбайт. Эч кимди капа кылбайт, эч кимге тийишпейт. Мага ошонусу жагат.

Сибила мелтиреп, унчукпады.

- Мен шамды чайнаганды жакшы көрөм, - деди Сибила бир аздан кийин.

- Аны элдин баары жакшы көрөт, - деди киши бир бутун сууга салып. – Аай-иий, муздак ко!

Ал үйлөнмө резина матрасты суунун бетине таштады.

- Бир аз күтө туралы, Сибила, - деди киши. – Жүр эми, кеттик ары көздөй.

Алар суунун деңгээли Сибиланын белине жеткенге чейин суу бойлоп басышты. Андан соң киши Сибиланы көтөрүп, матрастын үстүнө көмкөрөсүнөн жаткызды.

- Башыңа кепка кийип албапсың, - деди киши.

- Мени коё бербе, - буйрук бере сүйлөдү Сибила. – Бекем карма.

- Ал жагынан эч кам санабаңыз, Карпентер айым, - деди киши. – Суудан көзүңдү албай карап тур. Банан-балык көрүнөт. Бүгүн банан-балык кармоого эң ыңгайлуу күн.

- Эчтеке көрүнбөй жатат, - деди Сибила.

- Ал жагы түшүнүктүү. Алар өтө сак болушат, - киши матрасты түртүп баратты. Суунун деңгээли  кишинин көкүрөгүнө жетти. – Бечаралардын өмүрү кыска болот, Сибила. Өтө аянычтуу өлүшөт анан. Билесиңби ушуну?

Сибила жок дегенсип, башын чайкады.

- Ал бечаралар көптөгөн банандар өскөн үңкүрдүн ичине сойлоп киришет. Кирип баратышканда кадимкидей эле балык. Анан үңкүргө кирер замат чочкого айланып кетишет. Себеби, менин билишимче бир балык өзү эле жетимиш сегиз банан жейт имиш.

Ал матрасты горизонтко карай түртүп баратты.

- Андан кийин банандан ичи жарылгыча жеп, чандайган балыктар сүзүп кирген тешикке кайра батпай калышат экен. Ошончо чандайган немелер кантип чыга алышмак.

- Ыраак барба, - деди Сибила. – Анан?

- Эмне анан?

- Банан-балыктар эмне болушуптур анан?

- Аа. Сен банандан ичи жарылгыча жеп, тешиктен сыртка чыга албай калган балыктарды айтасыңбы?

- Ии.

- Андан аркысын айтышка дитим чыдабайт, Сибила. Алар өлүп калышат.

- Эмнеге?

- Банан безгек оорусу башталат. Өтө жаман оору.

- Толкун келе жатат! - деди Сибила тынчсызданып.

- Биз алардан коркпойбуз. Биз алардын мизин кайтарабыз, - деди киши, - Биз деген тайманбас эки баатыр.

Ал Сибиланын буттарын матраска кысып кармады. Келген толкун матрасты өйдө көтөрүп, Сибиланын бетине толкундун эпкини чачырап, саамайын сылап өттү. Сибила кубанычтан каткырып жиберди.

Матрас жай калкый түшкөндө, Сибила саамай чачтарындагы сууну колу менен сыгып, көзүн аарчып:

- Мен бирөөнү көрдүм.

- Эмнени көрдүң, күчүгүм?

- Банан балыкты.

- Оо, Кудай! Оозуна банан тиштеп алыптырбы?

- Ооба, -деди Сибила. – Алтоону.

Киши Сибиланын салаңдап турган суу бутунан кармап, анан таманынан өптү.

- Иий, бутум кыкы-ый, акылсыз десе!

- Кыкы-ый эмес. Жүр эми, кайталы. Жетет сага ушул.

- Жок! Туралы дагы бир аз.

Киши матрасты жээкке чейин түртүп келди.

- Кийинкиде мындан да ыраак жерге алпарам, - деди киши секелек кыздын көңүлүн алгысы келип.

Маанайы кыйла көтөрүлө түшкөн киши матрасты кум үстүнө таштады. Сүлгүнүн үстүнө калтырып кеткен халатын алып, далысына илди. Сүлгүнү алып, жылмайган калыбында колдорун аарчып кирди.

- Кеттим анда, - Сибила жөнөп калды.

- Кеттиңби?

- Ии.

- Эртең да келесиңби? – киши бул секелек кыз менен биротоло көрүшпөй кала тургандай, үмүт менен сурады эмнегедир.

- Келем. Сенчи?

- Сөзсүз.

Секелек кыз келген жагына чуркаган бойдон кетти. Киши аны жылмайган боюнча тиктеп, турган ордунда селейип карап кала берди. Узап бараткан кыз бара-бара кичинекей караанга айланып, анан көрүнбөй калды. Ал узап баратканда, кишинин жүзүндөгү жылмаюулар да акырындап суюла баштады. Ал көрүнбөй калганда, эми эле жүзүндө жылмаюу уялаган кишинин бети томсоро түштү. Андан соң халатын кийип, сүлгүнү далысына илди да, үйлөнмө резина матрасты колтугуна кысып, мейманкананы көздөй ыргылжың жөнөдү.

Мейманкананын жертөлөсү аркылуу кирчү эшикте мейманкана башкармалыгы сууга түшкөн адамдарды бул жактан киргиле деп лифтти көрсөтүп жатыптыр. Киши лифтке кирди. Анын артынан мурдуна мазь сүйкөгөн бир бейтааныш жаш аял кошо кирди.

- Эмне адамдын бутун көрө элексиңби? – киши көздөрүн олурайтып сурады жанагы кыздан аны тиктеген калыбында. Лифт өйдөгө жылып баратты.

- Эмне дейсиз, байке?

- Адамдын бутун көрө элексиңби дейм?

- Мен сиздин бутуңузду тиктеген жокмун, - бейтааныш аял тултуюп тескери бурулду.

- Ммм. Демек сен бутумду тиктебесең деле, мен бутумду тиктедиң деп, бет тырмачылык кылып жатыпмын да анда. Адамдар эмне жинди болуп калышканбы, түшүнбөйсүң!

- Опей, байке.

- Тообо кылдым, - Киши бейтааныш жаш аялды көзүн акшыйтып караган боюнча калды.

- Мен чыгып кетейинчи, эже, - бейтааныш аял лифтти жүргүзүп бараткан аялга кайрылды.

Лифтерша аял лифтти токтотту. Лифт токтоор замат бейтааныш аял лифттен атып чыгып, артын карабай шашып жөнөдү.

- Мен эмне бутумду тиктейсиң десем, сиздин бутуңузду тиктеген жокмун дейт кайра, тообо кылдым эй, – киши өзүнчө сүйлөнүп баратты. – Бешинчи кабаттын ачкычын бере салгылачы.

Киши ачкычты алып, коридор аркылуу бөлмөсүнө жөнөдү. Бөлмөгө баш багаар замат мурдуна булгаары чемодандын жыты менен тырмактын боёгун кетирчу лактын жыты урду. 

Бөлмөгө киргенде диванда бейкапар уктап жаткан келинчегин көрдү. Уктап жаткан келинчегин бир топко үн-сөзсүз, мелтиреп карап турду. Андан соң чемоданды ачып, кийимдердин арасынан пистолетти сууруп чыкты. Винтовкасын сууруп алып, бир сыйра көз жүгүртүп чыкты да, кайра ордуна салды. Пистолетти дароо дүрмөттөп жиберип, бош турган диванга олтурду. Уктап жаткан келинчегине дагы үңүлүп карады. Андан соң пистолетти чыкыйына такады да, өзүнүн башын өзү быркырата атып таштады.  

Англис тилинен которулду.

Чыгарма тууралуу котормочудан кыскача нускоо:

Ж.Д.Сэлинжердин  «Банан-балыктар» (англис тилинде «A Perfect Day for Bananafish»; түз которгондо «Банан-балыктар үчүн ыңгайлуу күн»)  новелласы 1948-жылы «The New Yorker» адабий журналына жарыяланып, чыгар замат окурмандар тарабынан жылуу  кабыл алынган. Авторго бул чыгармасы дүйнөлүк атак-даңк алып келген.

Негизги каармандардын мүнөзү жана жашоодогу орду диалог аркылуу ачып көрсөтүлгөн. Чыгармада согуштан кайтып келген жаш адамдын жалгыздыктын тозогуна түшүп калган кездеги трагедиялуу жашоосу чагылдырылган. Экинчи Дүйнөлүк Согуш маалында Симор аттуу жаш жигит аскерге чакырылып, анын Мюриель аттуу сүйгөн кызы аны аскерден келгенге чейин күтөрүн айтат. Аскердик кызматын АКШнын Германиядагы фашисттерге каршы согушкан аскер бөлүгүндө өтөп жүрүп, психикалык жактан жабыркап, үйүнө кайтып келет. Аны аскерден келгенге чейин күтөм деген сүйгөн кызы Мюриель ал кайтып келгенде ага турмушка чыгат. Бирок жаш жубайлардын үй-бүлөлүк жашоосу жаш Симордун кайгысын андан бетер ырбатат. Психикалык оорукчан болуп калган Симорду көргөндө кыздын да, кыздын ата-энесинин да мамилеси акырындап сууп баштайт.  

Чыгарманын башындагы диалогдон көрүнгөндөй; кызы менен сүйлөшүп жаткан апасы күйөө баласы Симордун психикалык абалын кызынан тынбай сурайт. Бул жерде кыздын апасы күйөө баласынын абалына кейип, тынчсызданган жери жок, апасы кызына залалы тийбесе экен деп кабатыр. Күйөө баласын утур «жерге киргир» деп наалып, кызын «жаштык кылып, ушуга тийип алдың» деп урушат. Мюриелдин Симорго болгон мамилеси бир сөз менен айтканда – кайдыгерлик. Чыгармада көрүнгөндөй, ал Симорго аскерге кете элек кездеги сүйүүсүнүн күчү менен гана тийип алган. Андан соң Симордун психикалык оорукчан абалын көргөндө бара-бара кыздын ага болгон мамилеси өзгөрөт, б.а., Симор оорукчан абалынан улам коомдон өгөйлөнүп калган. Эс алууга келген жерде деле Мюриель бөлмөдө тырмактарын боёп, сыртта ар ким менен бинго ойноп, барда эс алып, өзү менен өзү. Симордун абалы ал үчүн анча маанилүү эмес. Ал тургай эс алуучу жайдын психиатр врачы менен таанышып, алар күйөөсүнүн оорукчан абалы тууралуу кеп козгошкондо, Симорду ага көрсөтүп, ден-соолугун бир текшертип коюш келинчегинин оюна да келген эмес.

Симор эс алуучу жайда Сибила жана үч жаштагы Шэрон Липшюц аттуу секелек кыздар менен таанышып калат. Адамдык баалуулуктарды ушул секелек кыздардан көрүп, алар менен чогуу эс алып, жаны кадимкидей эргип жыргайт. Пианинодо ойной билип, адамдык баалуулуктарды өзүнө терең сиңирген Симор Германиядагы согушта адамдардын таш боорлугун, мыкаачылыгын, жырткычтыгын көргөндө психикалык жактан жабыркап, алты саны аман майыпка айланат. Мекенине кайтып келгенде айланасындагы бир кездеги кыйышпас жакын адамдары андан өздөрүн оолак кармап, мындан улам Симордун кайгысына дагы кайгы кошулат.

Бул жерде адамдардын эки жүздүүлүгү, куулугу Симордун жан-дүйнөсүн андан бетер эзип жиберет. Анда чоң адамдарга болгон жек көрүү сезими пайда болуп, чоң адамдар ага бара-бара таш боор, мыкаачы, куу, эки жүздүү болуп көрүнө баштайт. Өзү да алардан алыстап, жалгыздай баштайт. Эс алуучу жайда жан-дүйнөсү периштедей таза, куулук-шумдугу жок наристе кыздар менен чогуу эс алганда гана өзүнүн чоң адамдар менен бирге жашоосу тозок жашоо экенин сезип, мындан ары чоң адамдар менен бирге күн кечирүү өтө азаптуу экендигин андаган соң, мейманканадагы бөлмөсүнө келгенде өзүн өзү атып салат.

Банандарды жеп, андан соң банандын безгек оорусу менен ооруп өлгөн банан-балыктар аркылуу Симордун образы берилген. Көп окуп, көптү билип, музыкага кызыгуусу артып, пианинодо ойной билген, адамдык баалуулуктарды терең өздөштүрүп, жашоонун жакшы жактарын көрө билүүгө ынтызар жаш жигит согуштагы жырткычтык менен мыкаачылыкты көргөндө акыл-эсинен айнып, жашоого болгон кызыгуусу жалп өчүп, адамдарга болгон таарыныч, жек көрүү сезими менен жашап жүрүп, эң акырында бул «үңкүрдөн» чыгуунун жалгыз жолу – өлүм экенин сезет.   

Новелла 1948-жылы жарыкка чыгып, бүгүнкү күнгө дейре өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эмес. АКШ 1964-1975-жылдары Вьетнамда,  2003-2011-жылдары Иракта, Ооганстанда согуштук аракеттерди жүргүзгөн. Согуштун кесепети АКШ тарапка да оор тийип, бир нече миңдеген жоокерлер колу-бутунан ажырап, майыпка айланышса, психикалык жактан жабыркап согуштан кайткан жоокерлердин арасындагы стресс жана депрессия бир топ кайгылуу кесепеттерди алып келген, б.а., мекенине кайткан жоокерлердин айрымдары баңгиликке, ичкиликке берилип, айрымдары өз өмүрүнө өздөрү кол салышкан.

Согушка жөнөр алдында АКШга ант берип согушка кирген жоокерлер майып болуп, психикалык жактан ооруп калганда мамлекет үчүн кереги жоктой четке сүрүлүп, айрым мунжу жоокерлер өз туугандарына батпай, коляскага олтуруп көчөдө кайыр сураганга өтүшкөн. Өзгөчө АКШ-Ирак согушунда мекенге кайткан АКШ жоокерлеринин арасында баңгилик, алкоголизм жана өз өмүрүнө кол салуу фактылары болуп көрбөгөндөй көп катталган. Ошондо гана АКШнын Коргоо министрлиги Саламаттыкты сактоо жана Социалдык министрликтер менен бирге бул маселе боюнча демилге көтөрүп чыккан. Ага ылайык согуштан кайткан жоокерлердин саламаттыгы медициналык жактан текшерилип, алар кадимки жашоого толук кандуу аралашып кеткенге чейин алар менен психолог жана психиатр врачтар чогуу иш жүргүзүп, жүрүш-турушун көзөмөлдөп турушкан.

1979-1989-жылдары мурунку СССР мамлекети Ооганстанда он жыл бою согуштук аракеттерди жүргүзгөн. Ооган согушунда майып болуп, психикалык жактан жабыркап кайткан жоокерлердин арасында да жогорудагыдай кайгылуу тагдырлар, фактылар болгон. Дүйнөдө ар дайым Тынчтык болсун!

[1] Тууйа эмес. Бул сайы түстө, - деп түзөттү. – Сайы түстө болуп туйат ко - Туура эмес. Бул сары түстө, - деп түзөттү. – Сары түстө болуп турат ко. Секелек кыздын тили жакшы чыга элек, тагыраагы каткалаң «Р» тамгасын айта албайт. Бул диалогдун ушул жеринде көрсөтүлгөн.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз