Төөматек: Шайлоого аттанган партиялар мектепке чейинки билим берүүгө да кайдыгер...

Урматтуу окурман, мурда белгилеп кеткенимдей партиялардын программаларын субъективдүү көз карашым менен талдоону улантам.

Бүгүн партиялардын билим берүүдө өзгөчө балдардын өнүгүүсүнө сарпталган каражаттардын ичинен эң көп киреше алып келген мектепке чейинки билим берүү тууралуу убадаларына көз чаптыралы. 

Билим берүү тармагын жолго салбай туруп, өнүгүүнү ойлобой эле койсок. Билим берүү дегенде көпчүлүктүн, жада калса партиялардын аттуу-баштуу талапкерлеринин түшүнүгүндө мектептеги билим берүү жана жогорку окуу жайларды реформалоо деп түшүнүшөт. Бирок билим берүү бала бакчада башталат.

Мектепке чейинки куракта билим алуу эмне үчүн маанилүү?

Балдардын мээси эң ыкчам өнүгүп жаткан чакта аларга сапаттуу жана ар тараптуу байытылган билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуу алардын келечегине эң чоң инвестиция. Бала бакчадагы балдардын интеллектуалдык, академиялык, социалдык, эмоционалдык жактан өсүүсү менен эле чектелбейт. Муну экономикалык аспектиден да карасак болот. Мектепке чейинки куракта балага салынган 1 долларлык инвестициянын кайтарымы 6-8 эсе көп болорун Нобел сыйлыгынын лауреаты, экономист Жеймс Хекман өз изилдөөсүндө белгилеген. Ошондуктан азыр билим берүү тармагын оңдойбуз, экономикалык өнүгөбүз десек, негизги багыт катары мектепке чейинки билим берүүгө көңүл бурушубуз керек эле.

Өзүңүздөргө деле маалым, көпчүлүк мамлекеттик бала бакчаларда бир орунда эки, жада калса үч бала жаткан учурлар бар. Өкмөттүн 2018-жылдагы маалыматы боюнча бакчага барар балдардын саны (3-6 жаш) 608 миң болсо, анын 187 миңдейи гана барчу. 400 миңден ашык бала бакчага барбайт. Бул сандар 2 жылда көп деле өзгөрүп кетпеди. 1390 бала бакча иштегени менен көйгөйдү чечүү үчүн 250 орундуу 1600 бала бакча курулушу керектиги, курулушка 80 млрд сом керектиги белгиленген. Ал эми республикалык бюджеттен 2019-жылга социалдык мекемелердин (бала бакча, мектеп, оорукана ж.б.) курулушуна 3 млрд сом гана каралган. Мындан тышкары, мектеп курууга 80 млрд сом керектелген, т.а. 600 мектеп курулушу керек. Мектеп жана бакчаларды курууга керектелген  160 млрд сом өлкөбүздүн бир жылдык бюджетине барабар. Абал оор, түшүнгөнгө. Бала бакча жетишсиздиги кантип чечилет? Эми муну шайлоого аттанган партиялардын программасында бул маселеге канчалык көңүл бурулганына бир көз чаптыралы.

1. “Биримдик” партиясынын БШК сайтындагы программасында төмөндөгү сүйлөм бар: “Заманбап билим берүү жана илим - Кыргызстандын келечегинин ачкычы, ошондуктан биз билим берүү тармагын анын бардык деңгээлинде модернизациялоонун зарылдыгын жактайбыз.” Партиянын расмий сайтындагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча  бир канча сунуш болгону менен бала бакча жетишсизди боюнча эч бир сунуш жок.

2. “Мекенчил” партиясынын программасында мындай сүйлөм жазылган: “Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында да кардиналдуу реформа башталат.” Аны улай “Билимдуу улут - татыктуу келечек! Мектеп мугалимдерине акысыз кесиптик билим берүү менен жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жана мугалимди милдеттүү түрдө камсыздоо. Келечек муунга татыктуу билим берүүнү камсыздоо.” Бала бакча жетишсиздигине көңүл бурулган эмес.

3. “Ыйман Нуру” партиясы: Бала бакча маселеси боюнча сүнуш эмес сүйлөм да жок.

4. “Мекеним Кыргызстан”: Мектептеги билим берүү, мугалим жана жогорку билим боюнча сунуштары бар. Бирок бала бакча маселеси боюнча бир да сүйлөм жок.

5. “Реформа” партиясы: Билим берүү реформасы боюнча көп нерсеге токтолгон, бирок мектепке чейинки билим берүү тууралуу сунуш жок. Балким ушул сүйлөм менен бир нерселерди айткысы келгендир, бирок так эмес: “Камкордук кеңештеринин тутумун киргизүү жана бардык билим берүү мекемелеринде каржылык жана адамдык ресурстарды өз алдынча башкаруу”.

6. “Ата Мекен” партиясы: “Мектеп жана бала бакчаларда акча каражатын чогултууда, бөлүштүрүүдө ачык механизм, ата-энелер тарабынан көзөмөл системасын киргизүү. Акча окуучунун артынан жүрөт” принциби боюнча каржылоо механизмин киргизүү” каралган. Ваучердик каржылоо механизмин бала бакчага барган балдар үчүн да киргизүүнү көздөп көздөбөгөнү белгисиз.

7. “Замандаш” партиясы: “Билим берүүчү жана маданий программаларга каржылык колдоо” деген гана сүйлөм бар. Бала бакча боюнча конкреттүү бир сунуш жок.

8. “Бүтүн Кыргызстан”: Орто билим берүү, кесиптик билим берүү, мугалимдин статусун көтөрүү сунуштары бар, бирок бала бакча жетишсиздигине көңүл бурулган эмес.

9. “Социал демократтар”: Бала бакча жетишсиздиги боюнча сунуш жок.

10. “Мекен Ынтымагы” партиясы: Бала бакча жетишсиздигин жоюу боюнча сунуш жок.

11. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын аталышын айтканда кандай кыйналсам, программасын да окуп жатып кыйналып кеттим. Бала бакча маселесин чечүү каралган эмес.

12. “Ордо” саясий партиясы: “Бала бакчаларга, мектептерге, университеттерге, маданият жана илимге өзгөчө көңүл буруу. Булар - биздин эртеңки жолубуз. Аларга өзгөчө көңүл бөлүү менен келечекти аныктайбыз.” – деп белгилеген. Кантип көңүл бурулат? Шайлоо программасы кантип жазууну үйрөнүп алышса жакшы болмок.

13. “Бир Бол” партиясы: “Мектепке чейинки билим берүү мекемелердин иштөө мамилелерин карап чыгуу жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделинин негизинде жеке бала бакчалардын ачылышына түрткү берүү. 2025-жылга чейин ар бир баланын бала бакчага баруусун камсыздоо” деп шайлоо платформасы боюнча 40 беттик пдфте белгиленген. Негедир БШК сайтында же партиянын расмий сайтында бала бакча боюнча сүйлөм да жок.

14. “Республика” партиясы: “Мектептерди ваучердик каржылоосуна өткөрөбүз” деп белгиленгени менен бала бакча тууралуу сөз жок.

15. “Кыргызстан” партиясы. Бала бакча жетишсиздиги көйгөйүнө токтолгон эмес.

16. “Чоң казат” партиясы: БШК сайтындагы программада бала бакча эмес, билим берүү тууралуу бир сүйлөм жок. Партиянын расмий сайтындагы кенен программасында “Менчикке кеткен эс алуу жайларды, бала-бакчаларды, окуу жайларды кайра элге, т.а. мамлекетке кайрып берүү” деп белгиленген.

Шайлоого аттанган саясий партиялардын мектепке чейинки билим берүү боюнча (эгер болсо) түшүнүгү ушундай. Тыянак сиздики!

Бакытбек АБДУЛЛАЕВ

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Гулбайра

    Азыр партиялардын программасын окуган адам жокко эсе. Сизге окшоп жан келечек учун жан куйдуруп, талдап, сындап, кемчилик таап, өз оюн билдирип, көбүрөөк талкуу кылгандар болсо гана чыныгы лидерлер шайланмак.

Комментарий калтырыңыз