Шайлоого аттанган партиялардын талуу жери

Парламенттик шайлоо алдында кайдыгер эмес шайлоочуну ойго салган көп суроолор пайда болууда. Алардын айрымдары булар:

Кайсы партияны тандасам жаңылбайм же “Баарына каршы” добуш берсемби? Кантип туура тандайм? Кайсы партия жеңип чыгат? Парламентке бийликтин партиялары келген жакшыбы же оппозициядагы партиялардын жеңгени жакшыбы? Тизмедеги талапкерлерге карап добуш берсемби же берген убадаларына, программаларына ишенсемби? Партиядан партияга көчүп, бир партияга туруктуу кызмат кылбаган адамдар бийликке барса элге, коомго кызмат кылабы? Ж.б.у.с.

Азыркы шайлоочу мындан 5-10 жыл мурдагы шайлоочу эмес. Азыркы шайлоочу – саясий аң-сезиминин деңгээли, жарандык жигери кыйла жогору шайлоочу. Ошондуктан жогоруда саналган суроолорго ал өзү туура жооп тапканга кудурети жетет. Бул суроолор шайлоочу катары мени дагы ойлонтууда. Мен дагы азыр өзүмө ошол сыяктуу көп суроолорду берип, жооп издегенге аракет кылуудамын. Айрыкча шайлоонун үгүттөө этабында менде бир аз башка өңүттөгү суроолор пайда болду. Алардын бири – парламентке өтсөм деген кээ бир саясий партиялардын асмандагы айды алып беребиз, ойду омкоруп, тоону томкоробуз, өлкөнү кризистен чыгарабыз, гүлдөтөбүз, коррупцияны жоёбуз деген ж.б. убадаларына ишенүүгө болобу? Кантип, кандай ресурстар, каражаттар, жолдор менен ал убадаларынын өтөөсүнө чыгышат?

Коалициялык көпчүлүктү түзөбүз деген, негизинен бийликке ыктаган партиялар ал убадаларын аткаруунун кээ бир жолдорун, ыкмаларын баяндаган менен аларды ишке ашыруучу ресурстары, күчтөрү жөнүндө конкреттүү айта албай жатышат. Андай негизги ресурс, күч – бул парламент түзө турган Өкмөт, анын курамы жана түзүмү, жалпы эле аткаруу бийлиги. Өлкөнү, экономиканы өргө тарткан да, көргө тарткан да мамлекеттик бийликтин ушул бутагы. Ооба, шайлоого аттанган партиялар жаштарды тизмеге киргизип, бетине кармап, аларга таянабыз деген ниеттерин билдирүүдө. Бирок парламентке келсе, Өкмөт курамына кимдер кирерин, Өкмөт башчылыкка кимди көрсөтөрүн бир дагы партия күн мурунтан айта албай кыйналууда. Кааласа дагы айта алышпайт. Эмне себептен?

Өздөрүнүн каржылык, администрациялык ж.б. мүмкүнчүлүктөрүнө ишенген айрым партиялар парламентке келгенде өз алдынча боло албай, олуттуу маселени чечүүдө, анын ичинде Өкмөт курамын түзүүдө өздөрү тандабаган долбоорго же талапкерге добуш берерин жакшы билет. Демек, Өкмөттү түзүү, кызматтан кетирүү ал партиялардын (эгерде шайлоодо жеңип чыкса – эртеңки депутаттык фракциялардын) колунда эмес. Алар адаттагыдай мыйзамдарда каралбаган, бирок иш жүзүндө салтка айланган квота менен өздөрүнүн бирин-экин кишилеринин өкмөт курамына киргизилгенине ыраазы болот да, алардын эркинен сырткары чечилген талапкерлерди колдоп беришет. Өзүбүз күбө болгондой, өздөрү бекиткен депутаттык фракциялар иштей албаган Өкмөттү өз алдынча кетирүүгө эрки жетпейт.

Ошентип, шайлоого аттанып, көпчүлүк мандатка ээ болобуз, коалициялык көпчүлүктү түзөбүз деген партиялардын эң талуу жери же бечаралыгы – алардын көз карандылыгында, омбу-домбулугунда. Парламентте ушундай күнкорлук, омбу-домбулук өкүм сүрүп турганда өлкөнү кризистен чыгаруу, гүлдөтүп, өнүктүрүү, парламенттик мамлекетти куруу, коррупцияны жоюу жөнүндө сөз – куру кыял, өзүн өзү эле эмес, элди алдоо.

Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ, публицист

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Исмаил

    Депутатыкка алдыңкы эки орундуу алган партияларды гана өткөзүү керек, алар көпчүлүктүү түзүп жоопкечиликти алгандай болсун, андай болбосо аларың биз гүлдөтөбүз, жыргатабыз деген куру убадаларды бере беришет, кийин биз азчылыкты түзүп калдык, биз өзгөртөлүү жасайлы десек, добушубуз жетпей калды деп актанышат. Алар биригип алып шайлоого барышты каалашпайт, анткени жоопкечиликтен качышат, ошондуктан бийликтин партиялары, оппозициянын партиялары да 3-4 төрт партияларга бөлүнүп алып барышты каалашат, алар үчүн 5 6 партиянын өткөнүү пайдалуу, кийин актануу үчүн.

Комментарий калтырыңыз