Рахат Аманова: Сыйкырдуу  дүйнөгө саякат

Айзат Кудайберди кызынын ырларын биринчи жолу былтыр окудум. Ачыгын айтайын, үч-төрт ырына кадимкидей арбалдым. Анан ушундай чыгармаларды секелек кыз жазганына таң бердим. Мен эле эмес, Фейсбуктагы адабият айдыңындагы ыр күйөрмандары Айзатты кызуу куттукташты.Мынакей, окурмандар абай салып, ырахат алып, кунт коюп окуган бир ырды мисал келтирейин.

Алдыда күз...
Сентябрдын сепкил баскан жүзүндө,
Ишенимдүү айтылбаган сүйлөмдөр...
Даамын унтуу бүгүн ичкен кофемдин,
Уктап калуу угуп жатып Шопенди...
17-күзүм кирип түшүмө.

Эгерде өзүм окубасам ушул саптарды 17 жаштагы кыз жараткан десе ишенбес элем. Акыйкат, Айзаттын бул ыры ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү бап келген, толук кандуу бүткөн чыгарма. Чыгарма деп айтканымдын да жөнү бар, анткени чыгарма жаратуу оңой эмес. Анткени чыгарманы жаратуу үчүн чыгармачыл дарамет керек. Адатта, акындар өмүрүндө жүздөгөн ырларды жазышат. Бирок ошол жазылган ырлардын айрымдары гана адабият айдыңынан өз ордун табат. Бул ыр ошондой чыгармалардын бири, Айзаттын учурдагы чыгармачылыгынын туу чокусу деген ойдомун.  Мунусу эмнеси менен өзгөчө деген суроо туулат эмеспи.

Айзаттын бул ырын окуп атып, «Ажайып дүйнөдөгү  Алиса»(«Алиса в Стране чудес») аттуу өлбөс-өчпөс  чыгарманы жаратып койгон англис акыны, прозачы, математик Чарльз Лютвижен Дожсондун (Льюис Кэролл каймана аты) атактуу ушу жомогу эсиме түштү. Акыйкат, өлбөс-өчпөс сыйкырдуу жомокту жаратып койгон жазуучуга дүйнөнүн сыйкырын көрө билген жөндөмүнө математик болгону, турмуштук тажрыйбасы ж.б. да таасир бергендир.

Ал эми көпөлөктөй жаш кызга учурдагы ыр атмайдын көбүн көчкүдөй басып калган күчтүү ырлар кайдан келди? Дээрлик абстрактуу саптарга реалдуу сезимдери менен көпөлөк кыздын дүйнөсү сыйып кеткени кандай? Көндүм сөздөр менен “сүйдүм”, “күйдүм” деп сүрөттөп айтпай, толкуп-ташкан сүйүү абалын жалаңкат салыштыруунун күчү менен айтып бере алганы эмнеден? Ички сезимдерин түрдүү ыргакка салып туруп бергеничи? Азыркы кезде «пепси, попса мууну» деген жаштар арасынан поэзияда ушундай жарылууну күттүк беле? Жок. Акыйкатымы айтайын, башканы билбейм, мен күткөн эмесмин. Көрсө, көрөңгөлүү муун келатыптыр. Айзат мене жаштардын айрымдары, адабияттагы күтүүсүз ачылыштары менен таң калтырып коюшту. Жогорудагы суроолордун үстүндө ойлонуп, бул кызга сыйкырдуу саптарды жаратканга кудурет себепчи болгондур деп тыянакка келдим. Башка түшүндүрмө табуу кыйын.

Андан ары кудум Алисанын ажайып дүйнөсүндө жүргөндөй арбалдым. Анткени ырдын өзгөчө табияты арбап жетелеп кете берет. Саякат да абдан кызык, саптары улана түшсө экен дейсиң. Себеби, улам окуган сайын жаңы түстөгү көшөгөлөр ачылып, кубулуп турат...

Алдыда жаан,
Жаайт дешкен бейшемби,
Октябрдын ойго оролгон түндөрү.
Жамгыр жаайт, бүт тытмалап денемди,
Келсе эгер ушул күнү,
Сыртка чыгып,сырым төгүп,
Бирөө менен жеңил бийди бийлегим,
Кантээр экем мен эми!..

Кубулган саптардын артында ким же эмне көрүнөт? Жаш кыздын дүйнөсүбү? Жок. Бул ырдан жетилген аялзатынын купуя сезими ыйлап да, ырдап да турат! “Сүйүү” деп бир сөз айтпай ырдаган ырды айт... Үңүлүп карасаң, жан-дүйнөсү жанчылган, ачык айткысы келбеген аялуу сезимдерин айбат сөздөргө сыйдырып коюп, айтаарын айтып коюп өзү коомай карап турган аялзаты көрүнөт… “Алдыда куз...” деп күздө жаанга, кышындасы карга анан жаз менен жайга айланган аялуу жан дүйнө каалгып, учуп журөт...

Алдыда кыш...
Куштар кетип жылуу жакка
Калат ж-а-алгыз мен сүйбөгөн каргалар,
Коркунучтуу көзү менен капкара...

Жылуу сезимдердин учуп кетип, “Коркунучтуу көзү менен капкара...” каргалардын калганы да өзгөчө туюнтма – жалгызсырап карайлаган сезимди таамай берген. Төмөнкү саптарда болсо, башкалар баласынткан асылкечтин ичинен өсүп жетилгенин чебер айтып койгон. Баласынткан балаты дүйнөдөн качан эле учуп чыкканын ачыктайт.

Тентектигим жоголгонун тез билип,
Таарынса бир Аяз Ата таарынсын!..

Ал эми акырына жакындаганда каармандын кымгуут дүйнөсү башкача ыргак менен берилет. Келгин куштар менен “өлгөн байчечектер” көркү жок көктөмдү – сүйүүсүн жоктогон жанды айтып ыйлайт…

Алдыда жаз...
Куштар келет,
билбейм кайсы тараптан,
Каргаларды унуттуруп дос болгон,
Эң чыдагыс убакта...
Бир талаада өлөт миңдей байчечек,
Мага арналып терилбей...
Кечээ жазган ырлар бүгүн окулбайт,
Кечээ сезген бакыт бүгүн жок!...

Адатта, чоң адамдар баласынтып мамиле жасаган бийкечтер менен боз уландардын дүйнөсү канчалык жетилип, ак-караны ажыратып каларын, Айзаттын ырларын окуган ар бири моюнга алууга аргасыз болот. Ооба, Алисанын ажайып дүйнөгө саякатын айтып жатканда акын кыздын жаш курагын да эске алдым. Мындай карасаң, көчөт кыз  деген менен, Айзаттын ырлары сүйүүнүн түрдүү абалын, ал абалдагы аялатынын абалын укмуш ачып берип жатпайбы.

Каармандын дүйнөсүнө сүңгүп киргендеги психологиялык драманы, акын кыз мезгилдин жана табияттын кубулуштары менен чебер салыштырып, туюнтуп бере алган. Кудум Алисанын саякатындагы каармандар сыяктуу эле, ырдагы жандуу, жансыздын баары кубулат. Кубулат да, ошо кубулгандын баары сезим дүйнөсүнө саякатка кызмат кылат.

Күн түбүндө,
Күн өткөрбөй кыялдуу,
Күндүн сөөгүн көмүп салып,
Кышта мен,
Жолоочудан жомок сурайм,
Укташ үчүн тынчыраак.
Түшкө кирбейт деңиз көздүү Капитан...

Мынакей, муногу саптарды ким кандай кабыл алат билбейм, бирок «Күндүн сөөгүн көмүп салып» жана «Түшкө кирбейт деңиз көздүү Капитан...» деген саптар менен көмүскө каармандын образы ишенимдүү ачылган. Көмүскө каармандын образын жана ортодогу мамиленин таржымалын купуя боюнча калтыргысы келген үчүн абстрактуу сүртүмгө өтөт. Ал сүртүмдөр түрдүү боёк менен боёлгон үчүн да,  жандуу болгон үчүн да өзүнө тартып түрат.

Ооба, ак ыр менен эркин ыр жазганда акындар кенен-кесири төгүлүп алганга мүмкүнчүлүк алышат. Бирок бардык эле учурда максатына жетүү мүмкүн эмес. Анткени ак ыр менен эркин ыр акынга канчалык эркиндик берсе, жоопкерчиликти да ошончолук артат. Фантазиянын максимализми укмуш саптарга түртүшү мүмкүн же тескерисинче, минимализмден супсак саптар жаралышы мүмкүн. Ал эми секелек кыз Айзаттын бул ырында бардыгы орду менен берилген, эч кандай ашкере жасалган саптар да, кунарсыз саптар да жок.

Анан дагы айта кетчү сөз бар. Ооба, Айзаттын бардык ыры укмуш эмес. Алисанын дүйнөсүндөй саякатка жетелеген төрт ырын окудум. Калган ырларын да шашпай иштеп чыгыш керек. Жаш акындардын учурдагы ырлары кийинкиге мыкты трамплин гана, дагы өсөт, жетилет деген ойго мен анча кошулбайм. Себеби, акын да өсүү менен бирге өзгөрүп отурат. Азыркы жазылган ырлар кийин жазылбайт. Ошон үчүн учурда келген ар бир сапты, ойду сая кетирбей дыкат иштеп чыккан жакшы. Алгы сөзгө ылайык Айзаттын ырларын окуган окурмандар акын кыздын потенциалы күчтүү экенин, буюрса ыр дүйнөгө  өз үнү менен келген акын экенин баарыбыз кубануу менен кабыл алдык.

Мага өзгөчө жаккан Айзаттын бир ырына саякат жасап, дагы бир жолу канааттануу менен окуп чыктым жана мындан ары да акын кызга чыгрмачылык ийгиликтерди каалап кетем.

30.08.2020

"Азаттык"

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз