Жыргалбек Турдукожоев: Шайлоо люстрацияга мыйзамдуу шарт түзөт

Эгин талаасындагы кара көсөөдөй же уйгактай болгон, элдин нааразычылыгын туудуруп келаткан бийликтеги эски жүздөрдөн кантип тазаланабыз? Анын ыкма, жолдору аз эмес, бирок дүйнөлүк тажрыйбада кеңири жана натыйжалуу колдонулганы – люстрация.

Көп жылдык тажрыйбадан жана ой толгоодон улам мен Кыргызстанда эч бир бийлик люстрацияга бара албайт экен деген тыянакка келдим. Себеби бийлик башында тургандардын тегерегиндеги же командасындагы көп адамдар, жакшы санаалаштары, туугандары, жээк-жааттары (балким, анын ичинде өздөрү дагы), люстрацияга кабылып калышы мүмкүн.

Учурунда Убактылуу өкмөт көп кемчиликтерди кетиргени тууралуу фактыларга таянып, мурда дагы айткам. Ал өкмөттүн эң чоң кемчилиги – бул тазалануу (люстрация) тууралуу декретти кабыл албаганы. Мындай чечим – революциянын, өлкөбүздө түзүлгөн коомдук-саясый, моралдык-психологиялык кырдаалдын талаптарына толук жооп бермек, ошондой эле баасы, маани, мазмуну жагынан тарых үчүн, айрыкча келечек муун үчүн унутулгус чоң сабак болмок.

Ушуга байланыштуу тарыхый чындыкты эскерип кетейин. 2010-жылы революциядан кийин тазалануу (люстрация) боюнча кыймылдар түзүлдү, бир нече долбоор сунушталды. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Т.Тургуналиев, башка бир топ тажрыйбалуу саясатчылар мындай документтин зарылдыгын зар какшап, ачык айтып чыгышты. Мен да бул маселе боюнча Р.Отунбаевага (ал мамлекетти башкарып турганда) өз учурунда атайын кирип, люстрацияны кечиктирбей жүргүзүү зарылдыгын айткан элем. Бул маселени Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен кезиккенде да козгоп жүрдүм, “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде бул темада атайын “тегерек үстөл” уюштуруп, позициямды ачык билдирип турганым да коомчулукка маалым. Тилекке каршы, биздин демилге Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан колдоого алынбады. Бул жаңылыштык коомдук өнүгүүбүзгө бүгүн да чоң тоскоолдуктарды, зыяндарды алып келүүдө.

Кыргызстанда өтүүчү алдыдагы парламенттик шайлоонун башка мамлекеттердеги шайлоолордон айырмаланган чоң өзгөчөлүгү бар. Шайлоо – өлкөдө ондогон жылдардан бери чечилбей келаткан проблеманы чечүүгө – люстрация жүргүзүүгө мыйзамдуу шарт түзөт. Бийлик жүргүзө албаган люстрацияны шайлоочулар ишке ашыра турган тарыхый учур келди. 5 жылда бир келүүчү мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаруу өлкөнүн өнүгүшүн дагы 10-15 жылга артка тарткан менен барабар экенин эсибизден чыгарбайлы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз