Батукаевдин иши боюнча Салянованын күнөөсү канчалык негиздүү?

Кылкылдап аянтка чогулгандагы эл мүдөөсү кайрадан уурдалды. Улугудай мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоонун эби-сынсыз жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы гана бар эле. Ылайыктуу учурду күтүп буктурмада жаткансыган ар кандай топтор өз кызыкчылыгына пайдаланып, чоң кылмышкерлердин көбү эркиндикке чыгарылды. "Биз Атамбаевди бошотуу үчүн чогулган эмес элек да" деп шаабайы суугандар нес.

Ал эми кечээ элдин добушун, укугун коргоп, жандарынан кечип койгон Сайкалдай баатыр кызыбыз Элвира Сурабалдиева, жараат алганына карабай эл менен жүргөн жалындуу жаш саясатчылар Жанар Акаев, Элдар Абакиров, Тилек Токтогазиев, Урмат Жаныбаев жана башка жаштарды сүрүп салганга даяр ар ким жулунуп, бүгүн бийликке келүүгө ашыгууда. Муну көрүп каңырык түтөйт. Эл, мамлекет, адилеттик деген адамдардын эсине адегенде ак жерден тиришумдуктай жасалма кылмыштар коюлуп аткан уул-кыздары келет эле го... Эмне үчүн бийликтен көп запкы көргөн Текебаевди, Салянованы актоону ойлобойбуз, эл дегенде эт-бетимен кетип атам деп көкүрөгүн муштагылап аткандар?

Саляновага коюлган айып, коррупция далилденген жок. Аны жогорку бийлик өкүлдөрү менен кылмыштуу макулдашууга барган деп айыпташканы менен, тергөө ишинде кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилгенде өзгөрткөн прокурордун көрсөтмөсүнөн башка эч кандай далил жок. Жогорку бийликтин эч бир өкүлү менен кылмыштуу сүйлөшүү болгон эмес, далилденген жок. "Атайын операция" боюнча иш алпарышкан Ш.Атаханов жана анын кеңешчиси Бекенов сотто Батукаевди бошотуу боюнча Аида Салянова менен эч кандай жолугушуу, талкуулоо, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр ж.б. болбогонун көрсөтүштү.

Атамбаев да бир нече жолу эл алдында Салянованын Батукаевди бошотууга эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Прокурор Акматалиевдин көрсөтмөлөрү бири-бирине карама-каршы жана олку-солку. Тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн сотто кармай алган жок. Салянова башынан эле Батукаевдин бошотулганы тууралуу ал учуп кеткенден кийин билгенин билдирип келет.

Тергөө менен кызматташууга макулдашууда (Салянова ал кызматташууга макулдашуудан баш тарткан) айтылган Батукаевдин маселеси тууралуу Атамбаев менен сүйлөшүү ал бошотулгандан кийин болгон.

Акылга сыйбаган дагы бир жагдайды белгилеп кетпесек болбойт. Аида Салянованын иши боюнча айыптоо актында "... тергөө тарабынан аныкталбаган Кыргыз Республикасынын жогорку бийлик өкүлдөрү менен..." деген мүнөздөө бар. Ушунун өзү Саляновага козголгон иштин канчалык негизсиз, жөнсүз, маанисиз экендигин көрсөтүп турат.

Жетиген АСАНБЕК

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз