Кыргызстандын саясий партияларына жана коомчулугуна кайрылуу

Кыргызстандын эли татаал тарыхый сыноону башынан өткөрүүдө. Биз бир эле убакта эң бир курч саясий кризисте да, ошол эле учурда түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Азыр өлкөнүн келечегин эркиндикке, өнүгүүгө жана коопсуздукка буруу мүмкүнчүлүгү колубузда турат. Ооба, азыр партиялар менен ар кандай таасир этүү топтору бийлик үчүн күрөшкө чыгышты. Криминалдык элементтер баш көтөрүүдө. Аларды бул тарап да, тигил тарап да пайдаланып кетүүгө аракет кылууда.

Айрым жерлерде жеке менчикти тартып алуу аракеттери күч алып, ишкерлер иштебей турууга мажбур болууда. Коронавирустан улам киргизилген карантин учурунда кыйла жабыр тарткан өлкө экономикасы да оор абалга кептелди. Алдыда кылычын сүйрөп кыш келе жатат, пандемиянын күчөп кетүү коркунучу да күчүндө. Өлкө зордук-зомбулук менен эл ичиндеги жарандык кагылышуулар баштала турган опурталдуу чекке жетип калды. Ошондуктан кысым, коркутуп-үркүтүү жана опузалоо жолу менен бийликке жетем деген күчтөрдүн бүгүнкү башаламан иш-аракеттери үчүн эртең эл жана мыйзам алдында жооп берер күн келе тургандыгын эстерине салгыбыз келет.

Биз бардык тараптарды акылга ченеп иш кылып, саясий амбицияларын артка таштап, элдик бийлик жалпы кыргызстандыктардын кызыкчылыгына кызмат кыла тургандай эркин, өнүккөн, коопсуз өлкөнү куруу милдетин баарынан жогору коюуга чакырабыз. Ошондуктан биз тез арада укуктук нукка кайтуу жана бардык процесстерди Конституциябыздын алкагында гана жүргүзүү боюнча төмөнкүдөй иш-аракеттер планын сунуштайбыз:

1. Элибиздин 4-октябрдагы шайлоодон кийинки башкы талабы – шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана жаңы, таза шайлоо өткөрүү болчу. Бул максатка жеттик. БШК шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Эми бардык партиялар менен саясий күчтөр демократиялык жол-жоболордун натыйжасында бийликке мыйзамдуу жол менен келүү үчүн жаңы шайлоого даярдык көрүүгө тийиш.

2. Көптөгөн партиялар менен саясатчылар шайлоону күтпөстөн эле өкмөттү түзүп, премьер-министрдин кызматын ээлеп калууну көздөп жатышат. Конституциянын жана өлкө мыйзамдарынын ченемдери сакталбаган, Парламент жана Президент тарабынан мындай чечимдер мыйзамдаштырылбаган шартта бул сыяктуу талаптардын легитимдүүлүгү шек жарата тургандыгы анык. Мындай жагдай ар кайсы талапкерлердин ортосундагы кагылышууга жана өлкөдөгү олку-солку, чыңалган абалдын күчөшүнө алып келет. Мындай партиялар менен саясатчылар Өкмөттү, бийликти колго алуу менен кийинки шайлоодо административдик ресурсту колдонууга аракет кылып жатышканы айкын. Буга жол берүүгө болбойт.

3. Кандай болгон күндө да азыркы Өкмөт “техникалык” гана өкмөт болууга тийиш. Министрлер кабинетин социалдык-экономикалык маселелерди чечип, жарандардын коопсуздугу менен коомдук тартипти камсыздап, саясат менен алпурушпай турган бейтарап адам жетектеши керек. Ошондуктан азыр премьер-министр катары келе турган адам Жогорку Кеңешке шайлоого катышпай тургандыгын, кийинки премьер-министр болуп шайланбай тургандыгын жана эч качан президенттикке ат салышпай тургандыгын расмий билдирүүгө тийиш. Ушундай талап жаңы Премьер-министрди дайындоо жөнүндөгү чечимге камтылышы керек.

4. Азыр бийликке жетсем дегендер өтө көп, бирок Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы менен Президент гана бийликтин мыйзамдуу шайланган органдары болуп саналат. Мыйзамдуулукту сактоо жана өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн муну түшүнүү жана моюнга алуу зарыл. Бийлик органдарына дайындоо жөнүндөгү бардык чечимдер ушул органдардын КР Конституциясына ылайык компетенциясына жараша жана ушул институттун өкүлдөрү болгон адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна күч менен кысым көрсөтүү болбогон шартта легитимдүүлүккө ээ болушу керек.

5. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарында коопсуздукту камсыздоо жана мыйзамдуу тартипти орнотуу эң маанилүү милдет болуп саналат. Бул үчүн укук коргоо органдарына мыйзамдуу ыйгарым укуктарды берүү зарыл. Президент өз ыйгарым укуктарынын алкагында УКМК төрагасынын кызматына криминал менен байланышы болбогон, коомчулукта кадыр-баркы бар жана ар кайсы партияга эмес, өз өлкөсүнө кызмат кылууга даяр болгон адамды дайындоого тийиш.

6. Президент, Парламент жана Өкмөт коомчулук менен кеңешүүлөрдүн натыйжасында өлкөдө мыйзамдуу тартипти орнотуу үчүн бардык күч түзүмдөрүнүн координаторун дайындоого тийиш.

7. Шайлоону шашылыш түрдө, туруксуздук күчөп турган маалда жана криминалдын таасири тийиши ыктымал болгон шартта өткөрүү ылайыксыз. Өлкөдө мыйзамдуу тартип орногондон кийин гана Жогорку Кеңешке шайлоону дайындап, өткөрүү туура болот.

8. Өкмөттү түзүүгө кызыкдар бардык саясий күчтөр тынчтанып, мыйзам алкагында гана иш алпарууга тийиш. Кыргызстан элинин аракети менен жаңы шайлоо өтө турган болду. Эми аны таза, адилет жана мыйзам чегинде өткөрүү зарыл. Бийликке жетүүнү каалагандардын бардыгы бул максатка кысымга алуу жана коркутуп-үркүтүү аркылуу эмес, Конституция менен мыйзамдардын негизинде, жалпы элдик шайлоо аркылуу жетүүсү керек.

9. Бүгүнкү күндө бир дагы саясий күч өлкөдө элдин толук ишенимине ээ боло элек. Бардыгынын тарапташтары да, каршылаштары да бар. Ошондуктан биз өлкөнүн сергек саясий күчтөрүн укуктук алкакта гана иш алпарууга чакырабыз. Бийликти КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана КР Президентин коркутуп-үркүтүү жолу менен тартып алууга аракет кылуу жакшылыкка алып барбайт. Мындай иш-аракеттерди элибиз адилет жана легитимдүү деп кабыл албайт.

10. Биз өлкөнү кризистик абалдан алып чыгууга байланышкан бардык зарыл маселелер боюнча орток пикирге келүү үчүн ар кайсы тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жана кеңешүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз жана бул жаатта аракетибизди жасап жатабыз.

Урматтуу кыргызстандыктар! Өлкөбүздү азыркы кризистик абалдан мыйзамдуулук гана алып чыгып, өнүгүү жолуна багыттайт. Саясатчылардын саясий амбициялары элибиздин тынчтыгы менен бакубаттуулугунун алдында түккө татыбайт. Биз Мекенибиз үчүн бардыгына даяр экендигибизди жана Кыргызстаныбызды жан-дилибиз менен сүйө турганыбызды көп ирет далилдегенбиз. Эми дагы бир ирет далилдей турган мезгил келди! Кыргызстаныбыз эркин, коопсуз жана өнүккөн өлкө болгондо бизге жаңы революциялардын кереги жок болот!

Бул – биздин максатыбыз. Ар бир чечимди биз, кимдир-бирөөгө каршы эмес, Кыргызстаныбыздын эркин, коопсуз жана өнүккөн өлкө болушу үчүн гана кабыл алышыбыз керек!

Роза Отунбаева, экс-Президент

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер

Рая Кадырова, жарандык коом

Абдыганы Эрекбаев, коомдук ишмер

Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер

Мусуркул Кабылбеков, коомдук ишмер

Ракыя Жусупова, жарандык коом

Гүлнара Искакова, элчи

Тамерлан Ибраимов, саясат таануучу Политолог

Болот Жунусов, элчи

Данияр Аманалиев, жеке ишкер

Эмил Жураев, саясат таануучу

Кеңешбек Сайназаров, жарандык коом

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз