Жетиген Асанбек: Бейбаштар сүрөп чыккан Садыр баатыр эмес

Октябрдын бешиндеги түндөн берки тирешүү Садыр Жапаровдун пайдасына чечилип, жаалданган тарапташтары жеңишти аянтта күрү-күү менен майрамдап аткан чак. Бул кабарды угарым менен фейсбукта пост жаздым: "Раим камалып, “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” катышпай, “Мекенчил” белчеден пайыз мандат албай шайлоо таза өтүп, саясий соттолгондор толук акталса гана куттуктайм".

Ай, куттуктабай каламбы деп корком...

Бул маселе каралган ЖКнын кезексиз жыйынындагы Садыр Жапаровдун орчун маселелер боюнча пикирлеринен төмөнкүлөргө көңүл буруңуздар:

- Кечээ "Раим камалат" деген сөз чыккан, бийликке келатканда, келгенден кийин, бүгүн "Иши менен таанышам, карайбыз. Угушумча күч органдары издеп атышат". Курсан Асановду кармаган күч органдары кечээ эле мечит-штабында отурган Раимди издеп бушайман болуп атышат имиш.

- Кумтөрдү алуунун кажети жок, анткени алтын жок.

Анда эмне, жер казып ойноп атышабы?

- Атамбаевди жанындагылары атты.

А Тилекти, премьерликке Садырдын дээрлик биринчи атаандашын ким атты? Аны да Атамбаевдин жанындагыларбы? Ушуга ишенелиби?

Айтып қелем, кагаздагы бардык мыйзам жүрөктөгү абийир мыйзамынан түшүрүлөт. Митингде лидерлер шайлоочуларынын добушун коргоо үчүн окко, соккуга, адеби жок абийирсиздердин сөгүүсүнө төшүн тосуп чыгышты. Сокку да, ок да, сөгүү да алышты. Эл шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн чыккан, өлүмгө баш байлап чыгышкан. Курмандык болду. Садырдын мына ошол күрөшүп женгендерден максатты жулуп кетип, бейбаштардын сүрөөсү менен, атаандашын эсин оодара чаап бийликке келиши абийирдин мыйзамы менен болгон жок. Абийир мыйзамы ар кандай конституциядан жогору. Садырдын бийликке келгени мыйзамсыз.

Башкалар ээлеп алса да, бул "жеңиш" баатырлардын ордун алмаштыра албайт. Эл деп окко, соккуга, жемеге каршы тайманбай чыккан Жанар, Тилек, Эльвира, Урмат, Наталья, Эльдар ж.б. жана аларды коштоп жүргөндөр – чыныгы баатырлар. (Ооба, алар жаңылышты. Жаңылбаган эч ким болбойт. Ал тууралуу сөз кезекте). Алардын күрөшүн бейбаштардын сүрөөсү менен уурдап кеткен Садыр баатыр эмес.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны Алтынбек Сулаймановдун эл нааразылыгына себеп болгон шайлоонун өтүшү тууралуу жана депутат айымдын Кумтөр боюнча суроосун эске албаганда, өкмөт башынын талапкерлигин кароо эмес, мурда чечилген бул суроонун жолун түзөп коюу болду. Буга кудуңдап куттуктоо айтып жиберип атышкан бүчү (кнопка) баскычтардын өнөкөт кошомат өлөңдөрү күбө. Бүчүбаскычтардан мындан жакшы чечим күткөн да эмесмин. Ал эми мындай абийирсиз "соодага" катышпаган чыныгы эл өкүлдөрү – «ата мекенчилерге» дагы да алкыш. Бардык кысым, кыйынчылыктарга карабастан ариетти бир сөөм да ылдыйлатпай бийик тутуунун жаркын үлгүсү ушул.

Баатырлар адилеттик үчүн күрөштү улантышат, мен буга ишенем. Бул тынымсыз боло турган күрөштө акыркы жеңиш дайыма адилеттик тарапта. Адилеттик – түбөлүк жеңүүчү. Ким адилеттик үчүн күрөшөт, ким аларга бут тосот, маселе ошондо.

Окшош материалдар

Комментарийлер (3)

  • - Айнагүл

    Коррупцияга белчесинен баткан бул системанын ичиндеги Жогорку Кең ештин депутаттары баатырлар экен да. Миндеген эл катышкан жерде Жанарды, Элвираны же Тилекти премьер министр болсун дебей, Садырды болсун деп жатса ичип-жегенге аралашпаган, бул кылмыштуу, мыйзамдуулук деп өздорү күкүктөй сайраган менен өздөрү тебелеп жүрүшкөн, элдин пикирин өздөрүнүн пайдасына чечкиси келген депутаттар баатырлар экен да.

  • - Жетиген

    Бул системанын ичинде баатырлар болушу мүмкүн эмес деп айта албайбыз. Баатырлар болгон, бар, дагы да болот. Миңдеген элдин арасында мыйзамдуу жол менен системаны өзгөртөбүз деп келаткан Жанардын, Эльвиранын, Тилектин да миңдеген тарапташтары бар болчу, алар азыр да бар. Аларды жамандаганга кемтик таппганда ар кандай акылга сыйбаган ушак, жалаалар менен жабылган коом алып келген адам эч качан баатыр боло албайт. Кара күчтүн баатырыбы, инвесторлорду качырып, мамлекеттин экономикасы кармалып турган ишкерлерге бүлүк салып аткан ОПГларды кармап келип камасын, колу-бутун тушасын, калкка коопсуздук түзсүн, акылдын баатырыбы, мыйзамдуу жол менен акталып, эл менен тең катар программасын коюп келсин. Анан бир жиниккен сүрмө топ менен кошо делбеленип кетпей.

  • - Азиза

    Садыр Жапаровду бейбаштар эмес эл колдоду. "Ата Мекенчилер" кыйын болсо 5 жыл бою бийликте отурушту бир нерсе озгорттубу? Өзгөрүү болгон. Буга чейин экономиканы эмнеге көтөргөн жок. Эл карантиндик кризисте жатканда тарап кетишпеди беле. Эч ким баатыр эмес.

Комментарий калтырыңыз