Абийрбек Абыкаев: Фокусник Жапыкеев & Сендвич & Митинг & Чокудагы Садыр

Куралат турмуш майдадан
Байкабайт аны майда адам

Кыргыздын белгилүү акыны Райкан Шүкүрбековдун бул жөнөкөй саптары терең философиялык ойду ичине батырган укмуштай таамай айтылган саптар экен. Чындыгында эле дүйнөдөгү бардык маанилүү нерселер майда-барат нерселерден башталат. Кандайдыр бир түккө татыбаган иштер дүйнөнү өзгөртөт.  

“Жашоо – бул чынжыр, ал эми жашоодогу майда нерселер анын бөлүкчөлөрү. Бир бөлүкчө бузулса, чынжыр үзүлөт” дептир дагы бир акылман.

Александр Флеминг деген окумуштуу иштеп жаткан лабораториясында бактериялардын үлгүсүн унутуп кеткен экен, кийин келсе ал көгөрүп, желелеп кетиптир. Анын жыйынтыгы пенициллин ачылышы менен бүткөн. Кокаин жалбырагынан жана Африканын жаңгагынан алынган адамдын сергитүүчү суюк дары чыгарып жатышып, байкоосуздан газдалган суу кошулуп кетип, андан азыркы дүйнөгө кеңири таралган “Кока-кола” суусундугу жаралыптыр. Айнек кайнатуучу аялы менен чатакташып кетип, жинденген аялы кайнап жаткан айнектин массасына алтын шакегин ыргытып жиберсе, ал суюктук ачык-кызыл түскө ээ болуп, рубин жаралган экен. Булочка бышырган Иван Филипов деген адам, губернатор ал бышырган булочкадан таракандын өлүгүн тапкандан кийин, мейиз кошулган булочкасын жасай баштайт.

Жазуучу Харуки Мураками: “Дүйнөдөгү маанилүү иштердин бардыгы майда-чүйдөдөн башталат” деп айтыптыр.

Мен бул нерселерди мисал катары айтып жатканым, акыркы жумада өлкөбүздө болуп жаткан жапжаш жигиттердин каны төгүлүп, баштары жарылып, көздөрү чыгып, ак үйүбүз кайрадан өрттөлүп, жарандык согуш чыга жаздап калган абалга жеткенибиз да ошол майда эле нерседен чыкканын белгилегим келди.

Чырдын башы шайлоонун адилетсиз болгону деп айтып жатпайбызбы. Ал эми адилетсиз шайлоо кайдан чыкты? Шайлоо башталгыча бир ай бою соцтармактарда добушубузду сатпайлы деген чакырыктар байма-бай жүрүп, элдин көпчүлүгү ага ынанып калгансыган. Кокус эл ичинен мен акча берген партияга салам деп ачык айткандар чыкса, аны жаман көрүп жатышканын байкап, кудай буюрса элдин пейили оңолуп баратат деп сүйүнгөн элем. Анан шайлоого жакындаганда “тиги партия баланча сом берип жатыптыр, берки партия андан кем эмес берет экен” деген күдүк сөздөр чыга баштады. Ал эми шайлоо күнү ачыктан ачык эле акча таратышып, арак суудай акты. Кечээ эле таза шайлоону жактап сүйлөгөндөр 2000 сомду көргөндө кечээ эмнени ойлоп, эмнени сүйлөгөнүн унутту.

Мына, ошол жарыбаган 2000 сомдун баасы – бүгүнкү болуп жаткан тополоң, төгүлгөн кан, ансыз да очорулуп турган экономикабыздын оңбогондой артка кетиши, эл аралык коомчулуктун көз алдында кадыр-баркыбыздын түшүшү болду го.

Эгемендүү мамлекет болгондон бери жогорку окуу жайларыбыздын саны ченемсиз өскөн менен билимсиздердин саны ошончолук көбөйдү. Окууга акча төлөп кирип, акча берип баа алып, билим албай, диплом алган билими жок “жогорку билимдүүлөрдүн” мууну өсүп чыкканынын далилин бүгүн көрүп жатпайбызбы. Бийликке жаштар келсин деген жакшы тилектерин бийлик бутактарына жылдырганга татыктуу билими бар жаштардын жоктугунан колдорунан жулдуруп жиберишти.

Деги биз эмне кандай элбиз?!

Бир эски анекдот эске түштү. Профессор студенттерине түшүндүрүп жатат дейт: адам маймылдан жаралган, мисалы, грузиндер шимпанзеден жаралган, ошондуктан фамилиялары Георгадзе, Кикабидзе, Миладзе деп бүтөт. Ал эми армяндар орангутан деген маймылдын тукумдары, алардын фамилияларын карагыла, Баграмян, Акопян, Петросян. Анда кыргыз студент суроо берет: а кыргыздар кайсы маймылдан чыккан? Ошол маймылдардын баарынын атасынан кыргыздар жаралган дептир профессор.

Кыргыздардын байыркы эл экенин бардыгыбыз билебиз. Демек, карып алжып бараткан элбизби? Атылган октон жалтанбай таш менен уруп жеңишке жетишүү бул таш доорунан бери ата-бабаларыбыздан кандан канга өтүп, жедеп жүрөгүбүзгө сиңип бүткөн эрдигибизби же карылыктан айнып, коркунучту сезбей баратканыбызбы?

Таза, туура сөздөргө жамынышып, өз кызыкчылыктарына келгенде куу түлкүдөй мант берген саясатчылардын сөздөрүнө бат эле алданып калганыбыз эмнени билдирет?

Башкасын кой, кечээки митингде сендвич, кока-кола сатып берем деп чөнтөгүнөн жүз сом алып ыргытып, беш мүнөткө жетпей 50000 сом чогултуп ала койгон Сыймык Жапыкеев деген фокусникке бир заматта арбалып калган элди айтпайсыңбы. Канча кишиге сендвич алып берип тойгузду экен ал эргул. Ошол эле Сыймыктын жанында жүргөн Максат деген жигиттин чет элдик адамдан төңкөрүш жасап берем деп 200 миң доллар аванс алып жатканын көргөзүштү го.

Түрмөдө ооруп туралбай калды деп жар салып жүрүшкөн Атамбаев баш болгон анын жан-жөкөрлөрү, кырдаалдан пайдаланып бошонуп чыгып алышып, үйлөрүндө жөн олтура беришпей, сопсоо дардалактап аянтка чыгышканын карабайсыңарбы. Түрмөгө түшкөндөн баштап чурулдатып жатып эл баатырына айланган Садыр Жапаровду бийликтин чокусуна жеткизишти, эми ал элге кандай күйгөнүн иши менен көрөзө турган мүмкүнчүлүк алды. Ал мүмкүнчүлүктү кандай пайдаланганын келечек көргөзөр. Мен Садыр Жапаровду көргөн эмесмин, анын кандай адам экенин билбейм, балким чынында эле татыктуу адамдыр. Бирок менин соода кызматкери катары билгеним: реклама – өтпөгөн товарды өткөрүү үчүн жаралат. Садырды кечке эле мактап, ал үчүн жүздөгөн адамдар митингге чыгып жүрсө, бир мүшөк унду салышып кой десең акча сурашкан жаштар кантип эле бекер, акча албай тээ Оштон Бишкекке ондогон автобустарды айдатып келишсин, анча акчаны ким, кайдан берип жатат деген күмөн саноолор болбой койбойт экен.

Кечээ эле сыйын көрүп, мактап жүргөндөр, Соке жанын ала качып үч күн көрүнбөй буктурмада жатканда, мурдагы эки президенттин артынан кетти деп ойлоп, анын артынан жамандап жибергенге үлгүрүштү. Андайлар шашып кетишкенин эми билип унчукпай күтүп, же кайра мактаарын, же тилдешерин билбей олтурушат. Садыр да мына ошол сыяктуу адамдардан алыс болот деп ким кепилдик берет?

Деги кимисине ишенебиз?

2000 сом түгөнбөчүдөй жанталашып алдык, анан эмне болду? Шайлоо бүтө электе күндөлүк керектелчү азык-заттардын баасы кескин көтөрүлдү. Бул эмне жөн эле болуп жатыптырбы, бул кандидаттардын элге тараткан эки миң сомун эселеп көбөйтүп кайрып алып жаткандары эмеспи. Акчасын бекер чачып алар жинди болуптурбу. Алар бийликке эл турмушун жакшыртам деп ниеттенип бараткан жок, өздөрүнүн байлыгын дагы андан ары көбөйтүш үчүн жулунуп жүрүшөт. Бийликти байлыгын көбөйтүш үчүн пайдаланышат.

Алган сайын алкымдары ачылып, көздөрүн май басып калат окшобойбу. Болбосо ошол эле Атамбаев үй-бүлөсүнө кенен жеткен байлыгын алып калып, карапайым мугалимдин бир эмес эки кылымга жетерлик айлыгына тете байлыгын Кыргызстандын карызына төгүп берип, силер мага тийбегиле, мен силерге тийбейин деп тынч жашай бербейби. Ойлоп көрсөңөр адамдардын бактылуу жашоодо жашоосуна көп деле нерсенин кереги жок. Андан мисал алып эки-үч жегичтин пейили оңолсо эле карызыбызды жаап салышмак. Антпей калышсын. Бул аткарылбаган кыял, утопия!

Деги биз кандай элбиз?

Аткан октон жалтанбай таш менен жеңишке жеткен баатырдыгыбыз, эрдигибиз болгону менен бир ууч шылуундардын жарыбаган тыйынына алданып калган акылы бар эси жок, эрдиги бар мээси жок маңыроо элбизби? Үч жолу кан төгүп, төңкөрүш жасап куйту-шылуундардын ордун алмаштырып койгондон башка эмне таптык?!

Балким бул маңыроолук эмес айкөлдүктүн белгисиби? Манас атабыз деле кезегинде Коңурбайга алданып, жеңишке жетерде ага бир аз күнгө тыным бер деп уруксат сурап келсе бере коюп, Алманбеттен тил уккан жери бар эмеспи. Аны аңкоо деп айтышка ооз барбайт, бирок анын айкөлдүгүнөн пайдаланган Коңурбай аны жарадар кылып жатпайбы. Балким элибиздин айкөлдүгүнөн Нукем (Нуралы Капаров) бир ырында айткандай Жолой, Коңурбай деп душмандарыбыздын атын балдарыбызга коюп жүрөбүзбү? Айкөлдүгүбүздөн кен-байлыктарыбызды өзүбүз бир чымчымына ыраазы болуп, башкаларга чөмүчтөп берип жаткан жокпузбу? Аңкоолук менен айкөлдүктүн чеги кылдай ичке немеби?

Деги биз кайда баратабыз?

Балким бул жерде элдин айкөлдүгүнүн да, аңкоолугунун да тиешеси жоктур. Маселе системада болуп жүрбөсүн. Бизге бийликти алмаштырган төңкөрүштөрдүн кереги жок, системаны толугу менен өзгөрткөн ыңкылап керектир. Ал эми ыңкылап кылуу үчүн даярдык керек. Даярданыш үчүн билим керек. Ыңкылаптын теориясын Маркс менен Энгельстен, Ленин менен Сталиндин эмгектеринен окуп үйрөнүү керек. А бизде бул тиш өтпөгөн эмгектерди кой, мындай темп менен жүрүп олтурсак, мектептер карантинге шылтоолонуп жабылып, ВУЗдар онлайн деген формага өтсө бара-бара тээ кылымдын башындагы жалпы билимсиздикке бара жаткандайбыз. Келечегибиз бүдөмүк. Алдыда таажылуу вирустун экинчи толкунун жүктөнүп каардуу кыш келе жатат.

Оо жараткан Кудай! Эл башкарган элитабызга ыйман берип, келе жаткан апаат оорудан сактап, элибизе жакшылыктарыңды бере көр!

... Айылда илгеркидей жанындагы казанда толтура сүт турса тумшугун малып койбогон токпейил иттер жок. Көчөлөрдө кошунанын баскан тоогу менен жумурткасын аңдып, ачка, таштандыдан тамак издеген иттерди тоотпогон  чөөлөр, кечкисин ызы-чуу болуп айыл ичине чейин кирип келишчү болду...

Оо, замана! Кайда алып баратасың?

11.10.20 20:12

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз