Жетиген Асанбек: Зарыктырган сот адилеттиги

Октябрдын жетисинде Свердлов райондук сотунда мурдагы баш прокурор Аида Салянованын сот бийлигиндеги ченем-ченсиз мыйзамсыздыктан улам созулуп келаткан соту болмок. Сот процесси белгиленген убакытка, саат 14:00гө 10 мүнөт калганда сот Жыпара Сабырованын жардамчысы телефон аркылуу процесс жылдырылгандыгын билдирген.

Бул боюнча жардап турган тарапташтарына Салянованын адвокаты Рабига Садыкова маалымдады. Эч себепсиз каралоо, эч себепсиз создуктуруу – адам укугун наадандык менен тебелөө.

Аида Салянова мамлекеттик жогорку кызматта элге ак эмгек өтөгөн белгилүү инсан. Ошого жараша ага карата кылынган бул кыянаттыктар, сот процесстери эл көзүндө өтүп, бүтүндөй бир мамлекеттин сот бийлигиндеги чалды-куйдулук, чектен чыккан мыйзамсыздык алаканга салгандай айкын болуп турат. Жогорку кызмат орунда болгон көрүнүктүү инсандарга ушундай мамиле болсо, адилеттикке жетпей кор болгон карапайым канчалардын көз жашы төгүлүп, канча жан ачыткан кыйноолор болуп атты экен?

Ушу тапта тактысы тайып турган Жээнбеков ажолук мөөнөтүнүн үч жылында, эмне, муну көргөн жокпу? Катардагы ар бирибизге айгине болуп турган жагдай ажого байкалбай калдыбы? Билдирүүлөрүндө өлкөдөгү башаламандык бүгүн гана боло калгандай түр көрсөткөнү ары түшүнүксүз, ары таң каларлык.

Жакшылыктан үмүт үзбөй келип, дагы да үмүттөрүн таш капкан тарапташтары чечкиндүү, чечүүчү кадамдарга барууга белсеништи: “Башкаларчылап түн ичинде каракчыдай барып актатууну күтүп атышабы? Эмне үчүн мыйзам чегинде иш кылгандар кордолот? Эгерде ушундай жүзү жоктук улана берсе, анда биз да тиешелүү кадамдарга барабыз!”

Милдетин аткаруудан баш тартып, жумушуна келбей койгон сот Сабырованын бул жоругу мыйзамсыз экенин белгилеген Салянова ачууланып турган тарапташтарынан дагы бир жума бирге күтүүнү суранды. “Башкалар басып алуу, коркутуу-үркүтүү менен иш кылгандыктан мамлекеттин коопсуздугу коркунучта турганда, мыйзамды сыйлап, мыйзам жолу менен гана аракет кылып аткандарды булар да сыйлашы керек. Мыйзамдуу чечим чыгарып берүүлөрү керек. Андай болбогон күндө колдоочуларымдын келишин суранып, эл чогултууга туура келет, элдин гана үнү менен аракет кылуу калды” – деген Салянова кандай болгон күндө да мыйзамдуу гана жол менен чечүү аракетин көрүүнү туура көрөрүн билдирди.

Соттун эмки отуруму 14-октябрга белгиленди.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз