- Жашоодогу эң жаман нерсе бул тарткан түйшүктөрүбүз, оорулар менен жакырчылык, кайгы-капа да эмес – бул бекерчиликте олтуруп зеригүү.
- Ар кандай өзгөрүүлөр, жаңы өзгөрүүлөргө жол ачат.
- Адамдар үч түрдүү жол менен калыптанат: бирөө бардыгына өз аракети менен жетет; экинчиси биринчилер жеткен акылды өздөштүрүп алышат; үчүнчүсү – өзү эч нерсеге жетпейт, жеткендердикин түшүнбөйт.
- Адамдар көбүнчө ички маанисине терең кирбей, сырткы көрүнүшүнө карай баа беришет. Бардыгынын көздөрү бар, бирок баарында эле көрө билүү жетишпейт.
- Жеңүүчү каалаганын жасай алаар жана айрыкча акыйкаттыкты тебелеп кете ала турган толук жеңиш эч качан болбойт.
- ... Куралданган пайгамбарлар дайыма жеңишке жеткен, а куралсыздар өлүп жок болушкан.
- Адамдардын көпчүлүк бөлүгү алардын абийирине жана мүлкүнө тийишмейинче жашоолоруна ыраазы.
- Адамдар өтө жөнөкөй, алар өз керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жаналекетке түшүп жүрүп, алдамчыларга өзүн алдатууга оңой эле жол беришет.
- Тил адамга анын ойлорун жаап жашыруу үчүн берилген.
- Башкалар менен жеңишке жетишкенче, өз адамдарың менен утулган жакшы, анткени башкалардын куралы менен алган жеңиш чыныгы жеңиш эмес.
- Алдыда эмне болорун билүү үчүн, өткөнгө көз жүгүртүү жетиштүү. Анткени адамзаттын кылган бардык иштери, бардык убактарда эле бирдей аракет кылган адамдар тарабынан жасалат, ошондуктан жыйынтык деле бирдей.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ