Калык Ибраимов: Бийлик кумары (Президентке кыйытма)

Бийлигиӊ – баш кошушкан аялыӊдай,
Аны сен эч ким менен бөлүшпөйсүӊ.
Дөөлөттүн туу чокусу опурталдуу,
Андан сен оӊой менен жөн түшпөйсүӊ.

Алдырбай жаман-жакшы айткандарга,
Башыӊды көтөрбөсөӊ – таажыӊ түшөт.
Ажылдап ар кай жактан асылгандар,
Аргаӊды кетиришет улам күчөп.

Көрө албай туу чокуга жеткениӊди,
Тагыӊды талашкандар көп болушат.
Жалгызсыӊ, жаза тайсаӊ кадамыӊдан,
Сени алар баса калып жеп коюшат.

Такты бир, дөөлөтүӊ бир, өзүӊ да бир.
Аларды ажыратып бөлө албайсыӊ.
Кечээги жоро-жолдош, дос-жарлардан -
Алыстап, көпкө дейре көнө албайсыӊ.

А бирок арга канча, бийлик деген –
Жытыгып жыты сиӊген жакыныӊдай.
Сен андан кете албайсыӊ, ал да кетпейт,
Кызганчаак, кылыгы күч катыныӊдай...

ПАНДЕМИЯ

Ааламга кан айлантып, жан салган материя -
жаралганы бактерия, микроб, вирустардан.
Оожалып жашоо-турмуш огожо гумустардан,
туу чоку Олимпинде адамзат туруп калган.

Бүр алып бир клетка-амёбадан урук-заты,
буралып өөрчүй берген өлөрман клеткасы.
Канында кайнагандан жайнаган микрозат,
ошондон татаалдаган табигый генетикасы.

Ал жашайт ыбырсыган микро-ааламында,
сыр эмес азыр ага “генетикалык коду” дагы.
А бирок “Ковид” деген вирустун апаатында,
Үйдөн чыкпай бүрүштү го үлүлдөй кутудагы.

Демек, адам кудуреттүү демиург-кудай эмес.
Ал макулук кулпенде - табигат жасап койгон.
Кокус “Ковид” же да бир дабасыз микробдон,
кутула албай жер жазданат жасат бойдон.

Жаралгандан канына кошо бүткөн адатыбы,
Адамзаты негедир арыла албайт уруштардан.
Жан дүйнөсүн аруулап, тазартпаса айланасын -
Жаратылыш өч алат, тумоо жайып вирустардан.

ТИРҮҮЛҮККӨ ТИЛЕК

Оомал-төкмөл, өзгөрүлөт бу дүйнө.
Анда, сөзсүз, жоготуулар көп болот.
Ошентсе да абийириӊден айрылба,
Ансыз сенин адамдыгыӊ жок болот.

Опоосу жок, оодарылат дүнүйө,
Сөз жок, анда унутуулар көп болот.
Бирок ыйык парызыӊды унутсаӊ –
Ата-энеӊ да, Мекениӊ да жок болот.

Берээриӊин баарын бергин, аяба.
Сараӊ болуп, көӊүлдөрдү калтырба.
Бирок дагы, бирок дагы эч качан –
Намысыӊды, намысыӊды алдырба!

Бийиктерге жетпедим деп кейибе,
Жашоо - арман, акырында кетесиӊ.
бийиктердин эӊ бийиги, ошондо–
өз өмүрүӊ экендигин сезесиӊ.

ПЕНДЕЛЕРГЕ КАЙРЫЛУУ

Оо пенделер, жалпыӊарга кайрылам:
Көӊүл калды шаттыктан да, кайгыдан.
Түшүнө албай түбүӊ түшкүр дүйнөнү,
Мен бир күнү баарыӊардан айрылам.

Мен ааламдын албан сырдуу экенин,
Акыл эмес, жүрөк менен сеземин.
Бирок анын билсем дагы бир тобун,
Адамды мен анча билбейт экемин.

Акылмандар а жөнүндө көп айтты.
Кээде адашса, кээде бираз төп айтты.
Бирок дале аӊдай албай келемин,
Адам өзү аалам дешип нени айтты?

Адам-аалам купуясын тил безеп,
Ким аӊгарып, биротоло ким чечет?
Акыл-илим тааный албайт, бир гана –
Чечсе аны - жүрөк менен дил чечет.

КУУ ТУРМУШ

Турмушта боло бербейт,
Баары эле ойдогудай.
Ал сага тойкана эмес,
Күн  сайын тойлогудай.

Жашоодо болот баары:
Жамандык, жакшылык да.
Башыӊдан көп иш өтөт,
Жашчылык, масчылыкта.

Көбөсүӊ бир учурда,
Кутурган дөбөт болуп.
Чөгөсүӊ анан кайра,
Какшыган чөөт болуп.

Түгөӊгүр бу турмушуӊ,
Түгөӊгүс түк сыяктуу.
Түбү жок түбөлүктө,
Бир көргөн түш сыяктуу.

ТЫНЧ УКТА

Кокус бирөө жаман тилин тийгизсе,
Теӊелбегин, Будда сыӊар унчукпа.
Көрө албастын чырагына май тамат,
Сен чычалап, эки ортодо чыр чыкса.

Турмуш кыстап турса дагы чыдагын,
Чындык изде чымырканып “Дао”дон.
Акыйкатты жерден издеп таппайсыӊ,
Ал табылат тээ асмандан – ободон.

Жерден алып, көргө салса байкагын,
Катыгын бер, же болбосо - унчукпа.
Эӊ жакшысы, маани бербей андайга,
Андан көрө алаксыбай тынч укта.

КАКОФОНИЯ

Чалды-куйду, чар учкандай чаржайыт -
Ойлорумдан башым ооруп шалдайып,
Уктай албай көз жүгүртсөм асманга -
Оо ободон ай муӊаят – кимде айып?..

Уктайын деп тумчулансам күч үрөп,
Түндү жарып, тынчымы алып ит үрөт.
Ал аз келгенсип, итиркейди келтирип,
Сыртта бирөө какырат да, түкүрөт.

Ал аӊгыча бирин-бири “чү-чүлөп”,
көчө жактан жаштар өтөт күтүрөп.
А мен байкуш итатайым тутулуп,
Төшөгүмдө ооналактайм бүжүрөп.

Айды карайм, ал мелтейип унчукпайт.
Коӊшу бактан кыздын үнү кыӊкыстайт...
Шундай түндө, айтчы мага, оо досум -
Кандай адам, кантип анан тынч уктайт.

ӨМҮР

Эгер сенин сезимдериӊ-ойлоруӊ,
Куурабаса куу турмушта кур бекер.
Анда жашооӊ ачуу эмес, болгону:
Жашооӊ анда реалдуу – кумшекер.

Жашоо бизге бир берилген белек ко,
Өстүрсүн деп жаӊы уруктун үрөнүн.
Ошон үчүн мен өмүрдү өлгөнчө,
Жаным менен жакшы көрүп сүйөмүн.

АКЫР ЗАМАН, АКЫРЕТ

Кыямат деп, акырет деп адамзат,
Алдын ала камдай берет белетти.
А менимче, ар адамдын өлгөнү,
Ал өзү үчүн акыр заман эмеспи.

Чыгат дешет о дүйнөдө суракта,
Ар адамдын эсеби да, чоту да.
А чындыгы - өмүрүӊдүн өчкөнү,
Ошол өзү акыреттин соту да.

АДАМЗАТТЫН КӨЧҮ

Узак жолдо чөлдү кезген кербендей,
Ата-энелер көч башташат башында.
Анан алар кумга сиӊген сууга окшоп,
Караан үзүп жок болушат закымда.

А соӊунан урпактары көч улайт,
Ата-энеси басып өткөн из менен.
Анан бир күн алар дагы өчүшөт,
Алдын ала аныкталган тизмеден.

Куруп калбай улансын деп уругу,
Ата-энелер курмандыкка чалынат.
Арманы күч Адамзаттын жашоосу,
Жаралгандан мына ушинтип агылат.

ЖАШОО ТҮЙШҮГҮ

Өтөөр-кетээр өмүр чиркин барында,
Карый элек күүлүү-күчтүү чагыӊда,
Күлүп-жайнап жашаганга не жетсин –
Жаркылдаган жарыӊ болуп жаныӊда.

Бирок жашоо сени койбой жайыӊа,
Шай оодарып, сынап турса дайыма,
Айлаӊ барбы, андан кантип качасыӊ?
Башка түшсө чыдайсыӊ да  баарына.

Ошон үчүн көп санаага алдырбай,
Кур убара убайым жеп кайгырбай,
Жашоо үчүн кара жанды карч уруп,
Атырылып жүрүү керек айгырдай.

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Поклонник поэзии

    Намек был вполне справедливый и своевременный, и он в конечном счете осуществивлся. В этом и состоит идин из главных назначений Кассандры-поэзии.

  • - Поклонник поэзии

    Намек был вполне справедливый и своевременный, и он в конечном счете осуществивлся. В этом и состоит идин из главных назначений Кассандры-поэзии. По поэму автор ив предыдущем своем цикле стихотворений под названием "Маскарада-шайлоо" предупредил наших правителей и и избирателей, но к великому сожалению, они не читают "РУХ-Эш" или совсем неравнодушны к всему этому..

Комментарий калтырыңыз