Кыргыз Республикасынын азыркы жана мурдакы Президенттерине жана байларына

Азыр биздин өкмөт өтө кыйын акыбалда турат.

Үч президентти бийликтен кууп түшүрдүк. Ал үчүн өздөрү, туугандары жана ач көздүк күнөөлүү.

Илгерки президенттер жана алардын жөкөрлөрү элдин эсепсиз акчасын өлкөдөн чыгарып кетишти. Алмазбек Атамбаев качып кетпеди, бирок уурдаган акчаларын кучактап олтурат.

Азыр Кыргызстаныбыз ЧООҢ КРИЗИСтин алдында турат.

Андыктан,

  1. Аскар Акаев уурдаган акчаларын казынага кайтарып, биздин элди тышкы карыздан кутултуп, анан Кыргызстанга келип  жашай берсе жакшы болот эле.
  2.  Курманбек Бакиев, Максим Бакиев, Данияр Үсөновду да уурдаган акчаңарды кайтаргыла дээр элем (Бул жерде айта кетер нерсе: Курманбек Бакиев качканда, анын үйүнөн кап-кап КУМ АЛТЫН табылганын как баш саясатчы Өмүрбек Текебаев шардана кылган, бирок ал кайда кеткенин бүгүнгө чейин эч ким билбейт). Алмазбек Атамбаевдин мен миллиардермин деп мактанып жүргөнүн билебиз (Бул киши  акчаны өтө жакшы көргөнүн “Чет өлкөдөн инвестиция алгандан коркпогула!” деп айтканынан эле билсе болот). Ал өзү бир ӨЗГӨЧӨ киши – уурдаган акчаларын  ЖӨН ЭЛЕ кайтарып коюшу да мүмкүн.
  3. Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Албек Ибраимов, Аскар Шадиев ж.б. да уурдаган акчаларын кайтарып, элдин алдында жүздөрү жарык болсо жакшы болот.
  4.  Биздеги байлар Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабанов, Нариман Түлеев, Кубанычбек  Жумалиев, Акматбек Келдибеков, Темир Сариев, Тайырбек Сарпашев, Акылбек Жапаров, Азамат Арапбаев, Райымбек Матраимов жана башкалар, ошондой эле акаевдик приватизация маалында завод-фабрикаларды, автобаза, МТСтерди иттей арзан баага сатып алган ошо кездеги чоңдор дагы Ата мекенибизди тышкы карыздан куткарууга өз салымдарын кошсо жакшы болор эле.
  5. Кумтөр маселесин убагында Садыр Жапаров туура көтөргөн. Анын тараткан ролигинде (2013-жылы болсо керек) Кумтор кенинин ҮЧТӨН БИРИ  акцияга сатылып кеткени, ошондо деле кендин үчтөн бири - 3 миллиард доллар болгону белгиленген. Андан бери да ал акциялар кеминде 1 миллиард доллар болду го (баары 4 миллиард доллардан ашты). Ошол акция кимдерге сатылган - ошону ачыктап (кимдер сатып алганын – эл билсин), аны элге кайтаруу керек. Ошол сумма деле биздин тышкы карызды төлөп коёт.
  6. Кыргызстандагы бардык кендер мамлекеттин менчигине кечиктирилбей кайтарылып, Жогорку кеңештин көзөмөлүнө алынышы керек.

Келдибай Алымкулов, профессор, ф.-м.и. доктору (СССР илимдер академиясынын, Москвадагы – Стеклов атындагы математика институндагы Илимий кеңеште 1991-жылы жактаган), КР илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө катчысы.

Окшош материалдар

Комментарийлер (9)

  • - Айтбу

    Ооба, агай эн туура айткан

  • - Аширбаева Айжаркын

    Карыздан кутулуунун туура жолун сунуштапсыз агай

  • - К.Алыбаев

    Туура сунуш

  • - ТУРГАНБАЕВ таалайбек нурдинович

    ТУУРА ЖЫЙЫНТЫК,СУНУШ,КОЛДОЙБУЗ

  • - Сулайманов Бактыбек.

    Агай туура сунуш киргизген. Колдойбуз!

  • - Канат

    Эн туурв

  • - Толонбай

    Келдибай агай абдан туура айтыпсыз мыйзамсыз тапкан байлыктарын кыргыз Эли, кыргыз жери учун кайтарышсын, мен сизди колдоймун

  • - Сулайманов Завур

    Келдибай агай эң туура айтыпсыз. Мыйзамсыз мамлекеттин казынасына кол салгандардын баарын жоопко тартып мыйзамсыз топтогон байлыктарын мамлекетке кайтарсын.

  • - Марат Чамашев

    Эн туура, тизмени узартыш керек. Бешене тер менен таппай, бир жерде жетекчи болуп туруп арам дуйно тапкандар куссун дагы эл алдында анырандабай, кысчу жерин катуу жумуп, журт ичинде зорго басып журо турган болушсун. Бул бардык тармактагы жетекчи болуп журуп байыгандарга да тиешелуу. Кепканарды баса кийип, жок дегенде адамдарды коргондо озунорду онтойсуз сезип, кадамынарды санап баскыла

Комментарий калтырыңыз