Поэзия: Кызырга жолугуу

  • 23.12.2023
  • 4195

Белгилүү орус калемгеринин бир айтканы эске келет, аны жалпак тилге салсак, мааниси мындай: Гомердин мезгилинен бери жазылган эсепсиз көп ырлардын баарын кара сөз түрүндө айтып берүү кыйын деле эмес, ушунун өзү музыка дүйнөсүндө - музыка, прозада – проза кандай таңкыс болсо, поэзия дүйнөсүндө поэзия андан бетер сейрек экенин тастыктайт. (Вячеслав Пьецух. Рассуждения о писателях. Товарищ Пушкин. Китепте: Русская тема. Глобулус, 2008).

Бул жаңы деле пикир эмес, адабий чөйрөдө эбактан бери айтылып жүргөн кеп, атүгүл буга атайын критерий да ойлоп табышкан. Мисалы, тиги же бу автордун үч жүз-төрт жүз ырынан поэзия дегидей бир кокуч бирдеме чыкса, ошону акын деп атаса болот дешет.

Байыркы афиналыктар маал-маалы менен жазма акындарды чогултуп, атайын кароо-сынак өткөрүп турушкан экен. Ошондой сынактардын биринде жюринин курамына кирген атактуу филолог жана сынчы Аристофан Византий (Aristophan Byzantii) – кадимки "комедиянын атасы" Аристофандын адашы, андан эки кылымдай кийин жашаган – бир акындан башканын баарын мелдештен чыгарып салууну талап кылат. Себебин түшүнтүүнү сурашканда өзү башкарган Александрия китепканасынан бир таңгак кагаз-жазмаларды көтөрүп келет, карап көрүшсө акындар жарышына катышкандар тымызын көчүрүп алган тексттердин баары мурда жазылган нерселер экен.

Иши кылып, бу турмушта ыр жазгандар көп болот экен да, алардан акындар аз чыгат экен. Эмнеге мындай дейсиз го?! Ким билет, балким, Сократтын кеби туурадыр. "Поэзия дээринен табышмактуу келет жана ал биринчи жолуккан адамга эле ачыла бербейт", -деп айткан экен ал. Акын болуш үчүн ага канча ирет жолугуу керектигин, тилекке каршы, Сократ айтпаптыр. Бир эмес, миң ирет кезиксең да ал түгөт сага медили түшпөсө көңүлү жок селкидей түк бой салбай койушу мүмкүн.

ГОРАЦИЙДИН СӨӨМӨТҮ

Поэзия, арийне, Аристотелдин атактуу "Поэтикасынан" – биздин заманга чейинки төртүнчү кылымдан– алда канча мурда эле пайда болгону шексиз. Айтылуу философ болгону өз дооруна чейин калыптанып, көпчүлүккө ашкере болуп калган тажрыйбаны гана жалпылап, акылдын "жаргылчагынан" өткөрүп, теориялык мааниде сомолоп-сомдоп чыккан.

Арадан үч кылым өткөн соң Гораций гекзаметр менен 476 ырдан турган трактат жазат, анысы "Пизондорго экмет кат" ("Послание к Пизонам") деп аталат. Азыр ал негизинен "Поэзия өнөрү жөнүндө" – "Об искусстве поэзии"- "Dе arte poetica" – деген аталышта белгилүү. Гораций биринчи кезекте акынга философиялык билим талап кылына турганын, анткени "акылгөйлүк гана чыныгы адабий өнөрдүн негизи жана булагы болорун" белгилеген. (Мудрость — вот настоящих стихов исток и начало! Всякий предмет тебе разъяснят философские книги, а уяснится предмет — без труда и слова подберутся)."Бирдеме жазардан мурда туура ойлонгонду үйрөн", - деп кеңеш берет ал. Сөздөрдү кылдат тандап алуу абзел, бул үчүн тилдеги өзгөрүүлөрдү кыя кетирбей байкап туруу зарыл, жаңы пайда болгон сөздөрдү жерибеш керек. (Как листы на ветвях изменяются вместе с годами, прежние все облетят, – и слова в языке точно так же – гибнут, состарясь, одни, расцветают и крепнут другие).

Ошентсе да Горацийдин эң башкы сөөмөтү анын аныктамасында турат: поэзия бир эле мезгилде толкундатып, үйрөтүп жана ыракаттантып турууга тийиш - "поэзия должна одновременно волновать, учить и услаждать". Башкача айтканда, бир ырдан ушундай үч таасир алсаңыз, ошол поэзия болот.

Горацийдин бул аныктамасын укпагандар, укса да кабыл албагандар көп болгон, азыр деле, айрыкча массалык поэзия, же постпоэзия деп аталып аткан мезгилде буга ого бетер маани берилбей калды. Маселен, Маяковский сөздөрдүн туура жазылышы, грамматика, а түгүл поэтика деген түшүнүктөргө "түкүрүп" да койгон эмес. (Рита Райт). Кайсы бир кечеде анын ырын угуп отуруп, абройлуу филологдордун бири орус тилин ушунчалык да мазактайбы деп итатайы тутулуп, жүрөгүн мыкчып, аз жерден жыгылып кала жаздап, теңселе басып залдан чыгып кеткен экен. (Корней Чуковский).

Ошондой кыйкымчыл, поэзия өңчөй бийик идеалдардан гана турушу керек деп эсептеген таза "эстетик-аристократ" бир окурман акынды жекирип, "сенин ырларың сезимди жылытпайт, толкундатпайт, эч кимге жукпайт" деп айтса керек, Маяковский буга жаалы кайнап: "Менин ырларым жылыткыдай меш (печка) эмес, толкуткудай деңиз эмес, жуккудай чума эмес!" – деп колун шилтеп, буркулдап басып кетиптир.

ТУУРАМА АДАТТЫН ТУУНДУСУ

Андай болсо бу поэзия деген балакет деги өзү эмне? Ал кайдан чыккан, кантип жаралган, ким ойлоп тапкан жана кантип жасалат? Буга эч ким эч качан так, таасын жооп тапкан эмес. Поэзия, Платон айткандай, бу дүйнөнүн өзүндөй эле улуу табышмак бойдон калып келатат. Болгону бу тууралуу жосмолдоп, жоромолдоп, жондото айтылган гана пикирлер бар.

Алардын бири мындай: кишиге тил бүтө электе эле ал миңдеген жылдар бою табигый ыргактын (ритм) таасири менен жашаган. Бул ага айлана-чөйрөсүнөн – суунун шарынан, шамалдын шоокумунан, куштардын сайрашынан, жамгырдын шатыр-дабырынан жана башка ушундай көптөгөн көрүнүштөрдөн такай сезилип турган. Кулагына тынбай куйулуп турган ошол ыргактардын айрымдарын кайталап, көмөкөй-көөдөнүнөн ар түрдүү тыбыштарды чыгарган, аңчылыкка чыгарда, айбандар менен кармашарда аларга окшоп күркүрөгөн, өкүрүп-бакырган, алардын кыймыл-аракетин туурап, дене-боюн ар түрдүү ийкемде кыймылдатканды үйрөнгөн. Андан бий жаралган, анын соңунан барабан ойлоп табышкан. Кийин музыкага сөз кошулган. Байыркы гректерде б.з.ч. V кылымда белгилүү учурларда, азыркыча айтканда, чоң бир даталарда гана поэтикалык чыгармалар жазылып, алар музыка менен бийдин коштоосунда аткарылган.

Экинчи божомол деле ушу мааниде, атап айтканда, киши баласына тил бүткөндөн тартып ал табийгаттагы улуу касиетке– керемет гармонияга көңүлү бурулуп, анын миң сандаган кубулуштарын кайталагысы келген. Музыка, сүрөт, адабият– дегеле искусствонун бардык түрлөрү түпкүлүгүндө дал ушул мүдөөдөн жаралган. Бекеринен байыркы грек ойчулдары көркөм өнөрдүн баарын ошол туурама (подражательство) адаттан чыккан деп эсептешпесе керек. Маселе бу жерде болгону эмнени туурайт, эмне менен туурайт, кантип туурайт дегенде гана турат.

Сөздөгү ыргак, ыраат, ыдыр, уйкаш өңдүү касиеттер киши баласын айрыкча кызыктырган. Жаш кезинен ушуга ынтаасы түшкөндөр поэзияны түзүп, кийин аны ар түрдүү ыкмаларга салып, импровизациялап байыткан, өркүндөткөн. Турмуш фактыларын, өз оюн ыр түрүндө туюнта билүүнү өзгөчө бир жөндөмдүн белгиси деп билишкен.

Латынча "поэзис", грекче "poiesis" – жаратуу, жасоо дегенди билдирген экен. Ал эми "art" сөзү көркөм өнөрдү, анын бардык түрүн туйунткан, ошол эле учурда анын "эпчил", "айлакер", "алдамчы" (ловкач, плут, мошенник) деген да маанилери болгон дешет. (Көркөм өнөрдөгү, анын ичинде адабияттагы халтурщиктериш жүзүндө ушундай эмеспи). Орусча "искусство" эзелки "искус" – чеберчилик, тажрыйба, практика маанисиндеги түшүнүктөн таралыптыр.

Түрк тилдүү элдерде ырдын баштапкы түрү "туюг" деп аталып, чагатай доорунда араб-фарсы поэзиясынын күчтүү таасир-таалимине кабылыптыр. Муну түрктөрдүн поэтикалык жанры катары Алишер Новойи ("Мезан ал-авзан" – "Весы размеров"), андан соң Бабур ("Аруз рисоласи" - "Трактат об арузе") аныкташкан. Туюг азыр айрым түрк тилдери менен бирге бизде "баят" аталат. Чагатай доорундагы поэтикалык терминдерден (аруз, мухамма, мусаддас, местезад, рубаи ж.б.) бизге газел – казал болуп кирген.

Кыргыздарда ыр кураштыруунун байыркы формасы кандай болгону, ал эмне деп аталганы белгисиз. Бардык элдердегидей эле эзелки кыргыз ырлары деле примитивдүү мүнөздө, "эмнени көрсөм, ошону ырдайм" таризинде, "формасыз маанайдын" (Генрих Вёлфин) туундусу болгону шексиз.

Алмустактагы кишилердин көзү машинанын караңгыдагы эки фарындай болуп такай сырткы дүйнөгө тигилип турган, алар өздөрүнүн ички дүйнөсүнө үңүлүп караганды билген эмес, анткени ал кездеги номонун тукумдарында "мен" деген аң-сезим болгон эмес. Мындай сезим эки камералуу акыл-эс бузулгандан кийин гана жаралган. (Жулиан Жейнс -Julian Jaynes."Происхождение сознания в процессе слома бикамерального разума" -"The Origin of Consciousness in the Breakdown of the Bicameral Mind", 1976).

Эго (лат.б.грек. ego - "мен") деп аталган ошол аң-сезимдин жаралышы киши баласынын насилинде жанар тоо атылгандай эле окуя болгон. Ошондон тартып мурдагы Homo чындап sapiens (лат. sapio – акылман) боло баштаган. Эго тышкы жана ички дүйнөнү байланыштырып,Ид – аңгаал, өңчөй инстинкт чөйрөсү менен Супер-Эгону – морал, ыйман, абийир, идеал чөйрөсүн жалгаштырып, ортомчулук милдет аткарат (З.Фрейд).

ПОСТПОЭЗИЯ: СУЛУУЛУК ДҮЙНӨНҮ САКТАБАЙТ

Бирок бул тарыхтын баары, илимий теориялар, анын ичинде философиялык, таза адабий концепциялар – алар жүздөп, миңдеп саналат – айланып келип поэзия эмне деген соболго так кесер жооп айта албайт, ток этер түшүндүрмө бере албайт. Кайра көп нерсени чаташтырып, чиелентип, татаалдантып салат. Айталы, Иммануил Кант ар кандай искусство эстетикалык ой-санаадан жаралат, ал болсо канааттанууну, ыракат алууну билдирет, мындай ой-санаада эч кандай кызыкчылык болбойт, ал таптакыр бейтарап болот деп ырастаган. Лев Толстой болсо эстетикага кирген түшүнүктөр – сулуулук, жакшылык, акыйкат ж.б.у.с. – бир-бирине дал келбей турганын көрсөтүп, аларды бөлүп-бөлчөктөп салган. Көркөм чыгармачылыктын насилин туура аңдап-билүү үчүн алды менен андан "бардык ишти чаташтырып турган сулуулук түшүнүгүн алып салуу керек" – "откинуть путающее все дело понятия красоты", - деп талап кылган. ("Что такое искусство?").

Ушул көз карашты карманган эстетик-илимпоздор да көп. Алардын ыспаттарына ишенсек, бу жашоодо объективдүу түрдө, өзүнөн өзү эстетикалык касиетке ээ болуп турган эчтеме жок, анын ичинде искусство, поэзия да ушундай. Демек, алардын насили дегеле эстетикалык касиетке ээ эмес. Аларга болгону рухий сезим-туюмдар гана ушундай түспөл берет. Байыркы доорлордо ошол сыйкырдуу жана табышмактуу рухий феноменди аңдай албай, аны жерден башка жактан келген касиеттей эсептеп, сулуулук деп атап алган.

Көбүнесе муну кудайдын керемети катары түшүнгөн, ушундан улам поэзия далай заман бою, өзгөчө ортокылымдарда жалаң жараткан күчтү даңазалап, диний идеяларды ташбыйкаттап турган. Акындар өздөрүнүн ички дүйнөсүн, эгосун деле кыйла кечигип таанышты. Буга Данте, Петрарка өңдүү соңку ортокылым акындары негиз салды. Андан кийинки Агартуу доорунда поэзия негизинен адамды тарбиялап, анын көзүн ачып, боштондукка чыгаруу мүдөөсү менен арпалышып, абыгерчилик тартты.

Эми болсо – XXI кылымда - сулуулук дүйнөнү сактап кала албай турганы айкын болду, атүгүл сулуулук өзү мокочого айланып кетти дешет. Азыркыдай ыпылас, адилетсиз, абийирин жаба токунуп минип алган заманда поэзия, жалпы эле көркөм өнөр сулуулук менен элдин "көңүлүн жубатууну" адамды алдоо деп түшүнүп, идеалдаштырылган сулуулуктан баш тартып, жашоонун жылаңач сүлдөрүн тастайта ачып, аны сындаганга, жээригенге ыктап, антиэстетикалык позицияга өтүп алды. (Arthur Danto – Артур Данто. What Art is? – Что такое искусство? 2018).

Үстүдөгү кылымдын жуп башталышында Жан Бодрийяр постмодернизм баарын баары менен – акты көк, сулуулукту жексурлук, адалдыкты арамдык ж.б.у.с. менен аралаштырып, чапыраштысын чыгарып, чалды-куйду кылып таштаганын байкап, искусство, анын ичинде поэзия өлүп калганын, болгону ал азыр өлгөндөн кийинки формасында гана жашап жатканын эскерткен эле (Хора. Журнал современной зарубежной философии и философской компаративистики. 2009. № 2).Анын улутташы, француз философу Ален Бадью азыркы көркөм өнөрдү "буктурмадан чыга калып кол салган" күчкө теңештирет.

ЖАҢЫ БОТКО: HIGHBROW + LOWBROW

Жалпысынан алганда соңку кездери поэзия, көркөм адабият эле эмес, күлдү маданияттын күнү бүткөнү жөнүндө көп айтыла баштады. Динчил такыбадай ага табынып, үмүт артып отургандын ордуна маданий акыл-эсти сынга алуу зарыл деген илимпоздор көбөйдү, "постмаданият" деген түшүнүк кеңири таралды. (Жон Сибрук –John Seabrook. "NoBrow: The Culture of Marketing – the Marketing of Culture" – Культура маркетинга. Маркетинг культуры. 2001).

Постмаданият "ноубрау" (nobrow) феноменин жаратты, ал элитардык, тандамал маданият (highbrow –культура не для всех) менен массалык, төмөнкү (lowbrow – низшая культура) маданиятты аралаштырып жиберди. Алардын ортосундагы карама-каршылык жоголду, эгер мурда көңкү маданият үч бөлүктүү – жогорку маданият, интеллектуалдык орто деңгээлдеги маданият жана массалык маданият – болсо, азыр анын баары модалуу жана модасыз делинип, эки түргө гана жиктелип калды. Эң кызыгы – сейрек болсо да маданияттын алдыңкы үлгүлөрү эки тараптан тең жарала калып жатат. (Peter Swirski-Питер Свирски. "From Lowbrow to Nobrow " - От Lowbrow к Nobrow. Журн. "Критическая Масса ", 2006, № 1).

 Билинбегени менен бизге, кыргыздарга деле постпоэзия келди. Ыр жазмай демейки иш болуп калды, ал массанын эрмегине айланып баратат. Поэзиядан ыйман кетти, анын ыйыктыгы жоголду деп ыйламсырагандар арбыды. Дүйнөдө болсо буга жооп болгудай тенденциялар пайда болду.

Ошондой концепцияларды жумгактап айтканда, алардын мааниси буга келип такалат: поэзия, көңкү эле көркөм өнөр эгерим ыйык болгон эмес, тескерисинче, өзүнө мүнөздүү келбеген озуйпа-вазийпаларды акырындап өңгөлөрдөн тартып алып, дин сыяктуу өзүн ыймандын бирден бир уюткусу кылып көрсөтүп, философия өңдөнүп бу болмушту, тагдыр-жазмышты, айлана-чөйрөнү интеллектуалдык жактан интерпретациялоо милдетин да өзүнө алып, натыйжада көркөм адабият рухий казынадан жашоонун окуулугуна (учебник жизни) айланып кетти. Буга көбүнсе адабият билермандары, айрыкча сынчылар көп шыкакчы болушту. Алар акын-жазуучуларга рухий-эстетикалык касиеттерге караганда негизинен коомдук-саясий талаптарды көп коюп, көркөм адабиятты өз насилинен алейне эле алыстатып салышты.

Өткөн кылымдын эң таасирдүү жана таалимдүү маданий философу аталган Валтер Бенямин (Walter Benjiamin) өзүнүн бир эмгегинде көркөм чыгармачылыктын эч качан жана эч кандай шартта ыйыктык деген түшүнүккө тиешеси болбогонун жана болбой турганын эскерткен эле. Анын айтымында, "ыйык" деген сөздү диний мааниден тышкары ар кандай көрүнүшкө карата колдоно берүү беллетристикалык көйрөңдүктөн башка эчтемени билдирбейт. (В.Беньямин. Франц Кафка. – М., 2000). Ага чейин тээ эзелки заманда Платон көркөм өнөрдү кадимки предметтин эле бир түрү таризде эсептеп, ал аңдам-таанымга, болмуштагы акыйкатты тактап-тапканга дегеле жарабай турганын айтып, ушундан улам болочоктогу идеалдуу мамлекеттен акындар менен сүрөткерлерди кубалап салууну сунуш кылган.

Орустардын улуу акындары арасында поэзияны кол өнөрчүлүктүн бир түрүндөй көргөндөр да болгон. Маселен, М. Цветаева өзүнүн бир китебин "Ремесло" (1923) деп атаптыр. Анын В.Брюсов жөнүндө "Эмгектин баатыры" аттуу очерки бар, анда Брюсовдо акындык насил жок экенин, бирок карандай эмгектин аркасында акын болгонго жетишкенин белгилеген. Акын кол өнөрчүдөй эле өз иши жөнүндө көп нерсени билиши керек, устадай эле талыкпай узанып турушу зарыл. Брюсов болсо "акындар ырларын оңдоп-түздөп, кертип-жонуп, эң жогорку ийге жеткириши керек", атүгүл "кыял да эмгектенүүгө тийиш"деп эсептеген.

Поэзиядагы ыйман маселесине келсек, муну Пушкиндин доорунда эле талашып-таңашып көрүшкөн тура. Ошол эле Пушкиндин: "Поэзия ыймандан өйдө турат, бери эле дегенде бул башка иш",- деп айтканы кеңири белгилүү.

XVIII кылымда орустарда Иван Барков деген болгон экен, замандаштарына ал "уятсыз акын" болуп таанылып, ошондон улам унутулуп калган. Пушкин ошол "ыймансыз" авторду жогору баалап, цензурасыз заман келгенде Барковдун багы ачылат деп айткан экен. Акындын айтканы келип, өткөн кылымдын этегинен тартып анын ырлары бир канча басмалардан миллионго чукул нуска менен чыгып, окурман журтуна таратылды. Былтыр эле жарык көргөн бир жыйнакта Барковдун, ага кошо М. Лермонтовдун, Пушкиндин өзүнүн ошондой ылгый ыймансыз ырлары жүрөт (Озорная классика для взрослых. М.,Рипол.2019).

Эсенбай НУРУШЕВ

(Уландысы бар)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз