Кенжебекова Бурулкан: Эл уулу Элмирбек

Биринчи макала мында>>>>

Улуу акын Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгына кайрылып, өз дараметим жетишинче изилдөө жүргүзүүгө 2019-жылы камынып баштаган элем. Башкача айтканда, эл арасында көзү тирүү залкар адамдардын чыгармачылыгын жазгым келген.

“Кыргыз качан көзү өткөндөн кийин жакшы жагын көрүп, мактап жатып калабыз”,- деген ойдо арабыздагы адамдан баштаганды туура көргөм. Минтип ойлогон оюм ишке аша электе өкүнүп калам деп ойлогон эмес элем... Көп убакыт көр тирилик менен киришүүгө убакыт таппай келсем, акындын көзү өткөн соң жазууга колум барбай жүрдү.

Улуу акындын чыгармачылыгын жалпысынан үч бөлүмгө бөлүп караганбыз.

  1. Айтыштары;
  2.  Поэзиясы;
  3.  Кошоктору.

Ошондой эле айтыштарынын ичинен да эки бөлүмгө бөлүп кароону туура көргөнбүз. Бирок азыр аны да үч топко бөлүп кароону туура көрүүдөмүн. Себеби, акындын эми көзү жок. Адабият айдыңында экинчи өмүрү башталып отурат жана мурунку бөлүмүмдө акындан дагы далай чыгармаларды үмүт кылып устаттык айтыштарын же устаттык өнөрүнүн улануусуна үмүт артып, кошкон жок элем. Демек, айтыш өнөрү төмөндөгүдөй үч топко бөлүнүп отурат:

  1. 15 жаштан 25 жаштагы айтыштары;
  2. 25 жаштан 40 жашка чейинки айтыштары;
  3. Устаттык өнөрдөгү айтыштары.

Акындын жаш өзгөчөлүгүнө карап, идея-тематикалык жактан өз-өзүнчө кароо зарыл деген ойдомун.

Күлүк атты алыска чаап сына дегендей эл уулу Элмирбек Иманалиев акыныбыз казак акындары менен айтышканда өзгөчө толкуп, бар дараметин салып, өтө жогорку деңгээлде айтыша алган. Казак акын кызы Айнур Турсунбаева менен болгон айтышы ошол учурдун эң сонун айтышы десек да туура болот. Негизи кыз-жигит айтышы кандай болуш керек? Жигит тийишип турса, кыз жигиттин сөз ыргытканына “макул” деп сүйүүсүн билдире калбай, ары калчап, бери калчап баадиленүү. Ал эми бири-бирине ашыктык сезимдерин ачык айтышып ырдоо махабат айтышы болуп кетет. Аталган айтышта да Айнур Турсунбаева ар бир ыр сабына ойт берип качып, Элмирбек Иманалиев улам тийишип, акын өзү айтмакчы, элге жакшы маанай тартуулап өтүшкөн.

Элмирбек Иманалиев өзгөчө бир кылымда жаралуучу төкмө акын эле. Ар бир айтыштын ыргагына жараша обондорун да өзгөртүп, өзгөчөлөнтүп турган. Айтыш башталганда салтты бузбастан саламдашып баштачу эле.

“...Алдымдагы бууданым атырылтып чабайын,
Улуу-кичүү агайын учурашып алайын.
Жыйырма мүнөт убак бар андан көрө туугандар,
мында Айнурдун жайын табайын”,- деп улуу салтты бузбастан элге кайрылып алып, андан соң элди бир кызытып алуу максатта же элдин демине жараша Айнур акын кызга кайрылууга өттү жана обонунун ыргагын дароо өзгөртүп, күйгөн-секетбай ырларынын обонун чертти. Айнурду мактоо менен баштап:

“Суй салган соору сиздики да,
Суусаган жүрөк биздики...
...Чөлдөгөн жүрөк биздики”, - деп Айнурга өз жайын тамашага салуу менен ырдап өттү.

“Жети кабат жаннаттын перисиндей Айнурум”...

...“Чайга кошуп ичетин балга окшойсуң Айнурум”

... “Санаасы мага бурулуп сайрай берет дебегин,
Айнурду Элмир көргөндө жайнай берет дебегин,
Алтыным, айел сыйлаган эркекмин,
Анда кезекти беремин,- деп ырдап каршысында отурган акын кызга кезекти узатты.

Айтылып жаткан ар бир сабына көңүл буруу менен ырдап, кыз көңүлүнө жага турган саптардын гүлүн терип, ошол эле маалда акындык кааданы, жигиттик намысты сактап ырдоо бул өзгөчө жаралган гана акындардын кыз-жигит айтышында кездешет.

Айнур акын:

“Таласка былтыр барган элем,..
...Кыз көрбөгөндөй кыргыздар кырылып кала жаздаган...” – кыз каадасын салып ырдап келип, Талас шаарында болгон айтышы тууралуу жана “сөздүн көк парын тартышуу бүгүн экөөбүзгө буюрду” деген өңүттө ырдады. Ага Элмирбек Иманалиевдин жообу:

“Сен Таласка барганда,
Баарысы эле калган арманда.
Айрыкча жер тепкилеп жиберген,
Жеңишбек жетпей калганда,- деп Айнурдун жообуна кайра өзүнүн досун айтып, абдан сонун уйкаштыкка салып кайра өзүнөн ары өткөрүп койду. Бул акындын эң сонун чеберчилиги эмей эмне? Элге тартуулап жаткан маанайдан кайтпастан:

“Жазып кетчи бул жерден
Жанын сага арнаган жаш жигиттин капасын”, - деп ырдады. Бул да жигиттик маанайды көрсөтүп, элди бир дуулдатып өттү. 

Анда Айнур:

“Жүгүрө берме соңумдан тилинип калар таманың,
Болашакка дем болсам башка жол менен барамын.
Улутумдун улуу уулдарын казактан гана табамын,
Канагат карын тойгузат оолак жүр эми карагым”,- деп ырдады.

Айнурдун бул саптары да өтө олуттуу чыкты. Үй-бүлөлүү аялзаты эч убакта махабат айтышын курган эмес. Ал моралдык да, этикалык да жактан туура келмек эмес. Андыктан кыргыз акынына берген жообу жакшы болду.

Анда кыргыз акыны Элмирбек баягы ырдоо жүрүшүнөн жазбай, мактоо сөздөрүн арнап келип:

“Карагым сага жакпаймбы?
Ал тургай мында олтурган
Алыкең менен Абишиң-ай
Бүгүн жаштыгын эстеп жатпайбы”, – деп элдин көңүл буруп, эл үчүн ырдап жатканын эске салды.

Айнур Турсунбаева акырын:

“Жырларын теги коймады Айнурду издеп келдим деп,
Үч бала бар дейт үйүңдө аны да мына эл билмек.
Айелиңиз тагы бар көйнөгү калган желпилдеп,
Тойгонун билбес токтудай маңырай бербе Элмирбек”, – деп катуу кагып ырдады.

“Кыздары жоктай кыргызда,
Казактын келиншегине жармаштың.
“Булбулум” деп Айнурга өлең жазыпсың алгашкы,
Эн сыйламак тургай алтын куйсаң да бармазмын”,- деди.

Анда Элмирбек Иманалиев кыздын артынан жүгүрө берген боз бала эмес экенин билдирүү максатында:

“Көрүп турчу алдыңды,
Көңүл менен сөз айтсам кичине көтөрүлө калдыңбы?” - деп койго теңеген катуу сөзүнө өзү да ачуу туз кошкондой “кыз кезиң өтүп кетиптир”,- деп ырдап, ошол эле маалда жигиттин намысын тебелетпей сактап калды.

“Этегиңе жармашпайм,
Байыңа эле буюрсун.
Жөн гана эзилишип айтышсак,
Элдин эле жазып капасын,
Эл көңүлүн ачабыз.
Күйүп айткан жайым жок,
Жөн эле эл күлсүн деп жатабыз”, - деп башта башталган ыргагынан кайтып, кыз-жигит айтышуу кыялы экенин айтып, “экөөбүз канча ирет айтышабыз калкыбыз турса ынтымак”, - деп элдин ынтымагын ырдап өттү.

Ар бир акын менен айтышууда Элмирбек Иманалиевди мактоо менен бүтүргөн каршылашынын салтын бузбай, Айнур Турсунбаева да айтыш соңунда:

“Анасынан айландым
Элмирбектей уул тууган”, - деп акындын талантына баа берип, мактоо ыры менен жыйынтыктады.

Чындыгында биздин замандын улуу залкар акыны катары жашап өткөн акыныбыз Элмирбек Иманалиев ар бир эл аралык өткөрүлгөн айтыштарды кызытып айтыша алган. Ал эми бул Айнур Турсунбаева менен айтышкан айтышы кыз-жигит айтышынын накта үлгүсү болуп кыргыз-казак элинин арасында сакталып келе жаткан жана дагы деле сакталып кала бермекчи. Элмирбек Иманалиев өзү айткандай кыялындагыдай махабат айтышы болбосо да жогорку деңгээлде кыз-жигит айтышы болгон.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз