Чолпонкул Ашыров: Садыр – мансаптын курмандыгы эмеспи?

Убакыттын өтүшү менен Садыр Жапаров бийликтин курмандыгы болуп калышы толук ыктымал. Болгондо да чукул арада! Азырынча муну эйфория толкунунда калкып жүргөн өзү да, аны бийликке алып келген эмоциялуу жаалдуу топтор да аңдай элек. Бир эле учурда Президенттин жана Премьер-министрдин милдетин аткарууну колго алуунун өзү Садыр мырзанын саясаттагы дилетанттыгын гана көрсөттү.

Саясат илиминдеги татаал жолдор С.Жапаров сыяктуу дилетанттардын далайын туңгуюкка камап келген. Бийлик кумары деле адам акылын апийимдей айныткан кусур экени байыркы Греция, Рим, ошондой эле перс шахтарынын бийлиги орногон күндөн бери белгилүү.

Карт тарыхтын мисалына келсек, так талаштын арты далайынын башын жутканы бар. Ал эми учурдагы бийлик кризиси бир эле мезгилде Президенттин жана Премьер-министрдин милдетин аткарууга шымалана киришкен Садыр Жапаровдун алабармандыгы менен канчалык алыска барат – бул өтө чоң суроо! Себеби, өлкө казынасы болуп көрбөгөндөй тонолгон, карызга белчесинен баткан мезгилде абактан бошонуп чыккан адамды дароо эле бийликтин эң бийик сересине алып келип отургузуп койгон караламан кымгуут масса Садыр мырзанын тагдырын өтө опурталдуу оюнга түртүп койду.

Аны бийликке алып келген тобокелчил күчтөр эч бир жоопкерчиликти албайт, бийлик жоопкерчилигин Садыр мырзага гана жүктөштү. Бирок ошол милдетти жүктөп койгон массанын барымтасына калганын С.Жапаров азырынча аңдабастыр, аныгында буга чейин эч бир бийлик түзүмүндөгү көйгөйлүү маселелерди өмүрүндө көрбөгөн, билбеген үчүн; эми өлкөнү тар жол, тайгак кечүүдөн чыгарууда – өзүнөн өзү шашылыш чечимдерди жасоого аргасыз барат. Андан аркысычы? Кадр тандоодогу күтүүсүз чечимдери үчүн бармагын далай тиштейт. Себеби ал тобокелчил топтордун куру сүрөөнү менен келип бийликке отурган киши. Болгондо да кокусунан...

Ал эми бийлик институтундагы көрүнбөгөн айсбергдер менен бетме-бет кездеше келгенде – кимдердин гана айбаты кайтпаган. Бийликке жеткенге чейин тигини кылам, муну кылам деген убадалары ансыз да суу кечпей калууда. Көчөдө жана соцтармактарда “Алга, Садыр, алга!” деген сүрөөн топтор анын бүйүрүн канчалык кызытпасын, тилекке каршы “Аңга, Садыр, аңга!” дечү саясий күчтөр да бекер бөгүп жаткан жок.

Садыр Жапаровдун саясаттагы дилетанттыгын баамдап отурган күчтөрдүн ат жүрүштөрү азырынча тымызын көмүскөдө даярдалып, бийликке болгон көз артуулар, кызганычтар күчөп турган кези. Анан да эң кооптуусу – С.Жээнбековдун бийлигин күчтөндүрүп беребиз деген топтор азыркы парламент курамында отургандардын басымдуу көпчүлүгү экени баарыбызга белгилүү. Алар үчүн ыйык тутаар принцип, идея жок! Болгону гана Садыр Жапаровго келген убактылуу саясий ооматтын оош-кыйышы болуп турган учурда, андан кандай пайда көрүп калуу мүшкүлү менен башы ооругандар алар.

Ал эми Садыр мырзанын учурдагы эң чоң катасы – Президенттин жана Өкмөт башынын милдетин убактылуу аткарам деп, эки тизгин, бир чылбырды чогуусу менен колго мыкчып алгандыгы. Бийликтеги эки чоң институтту бир колго кармайм дегендин өзү – анын дилетант, алабарман мүнөздөгү саясатчы экенин гана түшүндүрөт. А мындай саясий фигуралар мансаптын гана курмандыгы болуп келген эмеспи...

Окшош материалдар

Комментарийлер (4)

  • - Т

    Дечү элем саясатты ыйык аккуу. Көкөлөп өзү да уччуу элди учурчу Көрсө ал бүркүт тура кан тармактуу. Алдынан учкандарды кагып салчу!! деп Түгөлбай Сыдыкбеков атабыз айтып кеткен эмеспи..

  • - Keldibay

    Бул Садыр Жапаров учун Жакшы эскертуу. Элдин унун укпаган учун Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековтон Куладыда!!!

  • - Келдибай

    Эми ушундай Ото Кыйын мезгилде бардык Жоопкерчиликти Бир Адам Озуно алгандыгы дагын туура деп Ойлоймун.

  • - Келибай

    Бизде башкаруу Президенттик-парламенттик деген мене Иш жүзүндө Президенттик башкарууда. Акаев убагында деле Өз каалаганын Жасады- Каалаган кишисин Премьер кылды. Парламент оюнчук болчу. Үзөнгү- Куушту- каалады бердирди- Парламент аркылуу, Кумтордү берди –Өкмоткө 31 процент пайда менен, Бакиев каалагандай башкарды-Парламент КЫҢКМыңк деген жок, Атамбаевтин айтканын Парламент Эч бир жок дей албады- Батукаевти бир күндө бошотту, иштин көзүн билбеген Исаковту Премьер кылды, Кыргыз газды БИР долларга сатты, Аэропорттогу кулаган учактын себебин да Тактай алышпады. Андыктан Жапаров Эки тизгинди Колго алды деген менимче туура Эмес- Ал буга чейин эле болуп келгенго. Аны көрмөмүшкө салуунун кереги жок. Ушундай ТУҢГУЮКТА чечкиндүү –акылдуу адам башкарганы туура. Бул көрүнүш Кыргызстан үчүн ТААҢ калыштуу эмес, себеби биз баякы эле Уруктууганчыл-таанышчыл доордон ӨТӨ элекпиз, качан биз Капитализмдин ӨЙДӨЫЛДЫЙЫН көрүп бышканыбыздан кийин гана чыныгы Парламенттик –демократиялык башкарууга өтө алабыз.

Комментарий калтырыңыз