Алан Маршалл: Аксак Динго

  • 28.10.2020
  • 4458

АҢГЕМЕ

Тим Сюлливан – жетимиш беш жаштагы карылуу бакжагай абышка. Буурул тарткан калыӊ чачын кастарлуу шапкеси менен бастыра кийип алат. Күн нуру менен шамалдан тоборсуган жүзү аскадагы бодур ташты элестетет. Башкалар менен көп ачылып сүйлөшө бербеген, сүйлөсө да жай сүйлөгөн жайы бар.   

Тим Автралия Альпысынын этегиндеги Жиндабин кыштагында жашайт. Бул жерде аны итинен бери тааныйт. Ал жапайы ит – динголорго аӊчылык кылат, мингичине капкандарын артынып алып, жаш кезинин көбүн тоодо өткөрдү.

Ал жанын аӊчылык менен бакчу. Досторунун урматы, мактоо сөздөр, акчанын көптүгү – мунун баарын ага аӊчылык алып келчү. Иттин терисине толгон каптарды артына тоодон ойго түшкөндө, сый-урмат менен акчага карк болор эле. Шаӊгыраган капкандарын канжыгасына байланып алып, айылдын чок ортосунан көйрөӊдөнө өткөндү жакшы көрчү. Ашкананын оозунда турган кишилер ага алыстан кол көтөрүшөт:

– Арыба, Тим?

Спорт тор бешмант кийген, жазы кырбылуу шапкечен малчылар аны сыраканага алып барып сыйлашат. Дингодон жатыркаган малчылар анын капканына динго түшкөнүн билишет да, ага беш фунт стерлингден колуна карматышат. Тимдин ар бир сөзүн кызыгуу менен угушат, анын ийгилиги же жолунун болбогону алардын ишине түздөн-түз тиешелүү. Талаа-түздөгү ээн  жолдо кезигип калганда атын тизгиндеп, өткөн-кеткенди кеп кылышат.

Коюна кол салган дингону жок кылып берет деген үмүт менен биринен бири озунуп аны конокко чакырышат.

– Гихидеги үйүмө бир жумага келип кетсеӊ боло.

– Ханкобанда сага үй табылар.

Ал доско достой мамиле кылганды билген мыкты жигит, ага таянса болот...

Элдин ага кылган мамилесин көргөн Тим Сюлливанда сыймыктануу, өзүнө ишенүү сезими акырындык менен арта баштаган.

Ал дингого жарым кылымдай убакыт аӊчылык кылды. Дингонун изи менен кишинин буту сейрек баскан алыскы тоолорго чейин барды. Малчылар айдаган жолдун баарын беш колундай билет. Аз-маз ойдо калган динголорду жетүүгө кыйын болгон жерлерге чейин житире кууйт, ал жактан ойго түшкөндөн корккон динголор майда кеӊгурунун эти менен өлбөстүн күнүн көрүшчү. Тим өз ишинин устаты эле.

Зайыбы каза болгондо Тим алтымыш беш жашта эле. Токтоо, жылдыздуу, толугунан келген айымдын белдемчисиз жүргөнүн эч ким көргөн эмес. Амандашардан мурда колун абдан тазалап сүртүп, анан сунат. Жайын уккан соӊ конок камын көрүп, ашканасында күйпөлөктөп калар эле. Анын сөзүн эки кылбаган зайыбы тууралуу айткан күйөөсүнө улам көз кырын салып коёт.

Жубайынын көзү тирүү кезинде Тим өзүн жаш сезчү. Айрым учурда куйругун карматпаган дингону аӊдып, жумалап үйгө келбей калса да зайыбы оюнан кетчү эмес. Өз үй, өлөӊ төшөгүнө келгенине кубанган Тимдин оюна кайра эле тоодо ат үстүндө аӊ уулаганы түшө баштачу.

Байбичеси акка моюн сунар менен Тим күтүүсүздөн картая түштү. Жонунан бирөө тонун сыйрып алгансып, колтугуна муздак жел кирип үӊкүйүп эле калды.

Үч кар баскан үндүкчөсүнөн басканы да жайлап, алдыдагы күн тууралуу ойлонгондун ордуна өтмүшүн эскерчү болду.

– Дем алыш күнү кечинде уктай албай  чыгам, Нэл эске түшөт. Жекшемби сайын түшкү тамакка куурдак жечүбүз.

Тим аттары менен капкандарын сатып жиберди. Аӊчылык кылганын токтотуп, карылык жашоого моюн сунду. Азык-түлүк дүкөнүнөн кайтып келе жатканда алдынан жолуккандар салкын көз караш менен карашат.

– Мобул чалды кара. Кекирейет ко! Аты ким эле? Мурда дингого аӊчылык кылчу беле? Өз ишин билчү дешет, дагы кыйын экен, өзүн таштабаган!

Тим эски тааныштары мурункудай дос мамиледе болушат деп ишенчү, бирок малчыларга ал кызыгуу жаратпай калды. Андан эч кандай пайда жок... Өзүнүн өтмүшүн бежиреп жадаткан катардагы пенсионер.

Башта ал кызмат кылган кишилер андан кача башташты, көчөдөн кетип баратышып, баш ийкегенге жарабастан түптүз өтүп кетишет. Коомдогу алган орду акырындык менен ага түшүнүктүү боло баштады.  

– Таанымаксанга салганы мага катуу тийди, сарайында бир ай жашабадым беле. “Коркпо! Сенден карыз акча албайм, сыра менен да сыйлабай эле кой. Сага учурашкым гана келди, болгону ошол”, – деп айткыча жанынан өтүп кетти.

Мындай көрүнүш Аксак Динго Жыландуу-Түздүктөн Карлуу-Дайра чөлкөмүнө орун которуп келип, короо-короо койго кол салганын токтотконго чейин уланды.

Аксак Динго Карлуу-Токой чөлкөмүндөгү Косюско жайытында сегиз жыл катары менен шимшип жүрдү. Ал тууралуу аӊыз Боз-Жылкыдан тартып Кууш-Дайрага чейин тарады. Анын улуганы Чоӊ-Саздан угулганы, изин кой жолдон көрүнгөнүн кеп кылышат. Ал жарган койлордун сөөктөрү Карлуу-Тоонун этегиндеги саздуу түздүктү кесип өткөн дайра жээгинде чачылып жатты, ал турсун өзүн Монаро өрөөнүндө жүргөнүн көргөндөр бар экен.

Аксак Динго – бураӊдаган куйругу кыска, күрөӊүнөн келген чоӊ канчык. Жаш кезинде шыйрагы капканга кырчылып, бир гана манжасы калган. Ага аӊчылык кылган малчылар майып шыйрагынын изинен таанышчу.

Салмагын алдыӊкы шыйрагына салып бир аз сылтып чуркайт. Аксаганы эчак сезбей калган ооругандан же манжалары жоктугунан да эмес. Атайын аксагандай сезилет, чаалыкпас күчүнүн сыры так ушул сылтып чуркаганында жаткандай.

Ууга жалгыз чыгат. Кээде өрөөндө жойлоп бараткан дөбөт анын улуганын укканда каккан казыктай катып, тумшугун аба жара өйдө көтөрө көктү көпкө искеп, анан шарт кайрыла анын артынан токой аралай жылаӊач чокуга, канчыктын хандыгын көздөй жүрүп берет. Бирок аны ээрчиген иттер ага окшоп батыл же амалкөй эмес же капканга түшөт, же болбосо сары кар түшкөндө ачкалыктан өлүшөт.

Токой бүткөн бөксө тоолордо көктөм алдындагы булоолонгон жумшак кыртышты жарып, көк шибер жашоого баш бага баштайт. Кой баккандар коюн ушул жакка жайып, “Карлуу-Токой” аталган өкмөттөн ижарага алынган жайытта жайлашат.

Биринчи атчан тоонун чокусунда пайда болор менен Аксак Динго кол жетпес оолак жерге из жашырып, куйругун түйөт дагы ошол жактан канабайранын жасай берет.

Март айында, кыш түшкөндө чабандар койлорун ойдогу сарайлардан анча алыс эмес дайыма көгөрүп туруучу жайыттарга алып келишет. Ал жерге жапайы иттер тумшугун батыра алышпайт.

Кышында бийик тоолуу жайыттарда бир дагы кой калбайт, калыӊ кар, күрткү чөптү жаап калып, жапайы иттерге да кыйын болуп калат. Бирок Аксак Динго жанын багуунун жолун тапчу. Бороондуу түндө эртеӊ менен изи билинип каларын билсе дагы, туристтер тыныкчу үйлөрдүн жанындагы таштандыларды чачат. Биринчи карга чейин тоодо кармалган аӊчылардын бири айдап баратканда калып калган койлор менен жанын багарын айткан жайы бар. Тоӊгон кардын үстү менен желе жорткон Аксак Динго кар басып калган койду тез эле таап алат. Койдун жылуу демин сезип, коркконунан топтошуп калган койлорго жеткиче шамдагайлык менен карды шилеп кирет. Анан ал ысуулай этке тумшугун матырат. Жайында анын карааны эки күн өткөрүп, үчүнчү түнгө караганда жаан-чачындуу аба-ырайында койлордун үмүтсүз маараганы шамал менен кошо жутулуп кеткен учурда пайда болот. Аптыга дем алганы башка үндөрдүн арасында угулбайт. Шамал улуп, толгон айдын бетин булут жапкан бороондуу түнү жайыттан элүү койдун канына забын болду. Томсон токоюнда Тим келгенге чейин бир жума бою өз билгенин кылды.

Анын ар бир кылыгы бардык койчуга белгилүү, койго кол салган ыкмасы кылмышкердин манжа изиндей ага айгак. Карлуу-Токойдогу кекиртектелген койлор тууралуу окуя бул чөлкөмдө аӊыз кеп катары көпкө айтылып жүрдү, бул Аксак Динго ылакап аты коюлганга чейин болгон. Жапайы ит адегенде коркконунан өзүн жоготкон курмандыгын сүрдүккүчө жандай чаап жүрдү. Жедеп чаалыккан жандык жыгылганда гана чагылгандай тездик менен тамагына тиш салды. Колкосуна бата түшкөн тумшугун дароо тездик менен артка тартканда, курган койдун моюну кырс дей түштү.

Тирүү калган койлорду чабандар бир орунга чогултуп, кайра санап чыгышса, көбү жок болуп чыкты. Тамтыгы кеткен койлордун тарптары тереӊ капчыгайларда, аскадагы тар жаракаларда чачылып жатты. Алардын көбү качамын менен тереӊге түшүп кетип ажал тапкандар эле.

Ачууланган чабандар жоготууларын эсептеп, сөгүнгөнү да бар, сүйлөнгөнү андан көп. Жол боюндагы сыраканага чогулуп алышып, муруттарынан сыранын көбүгүн сүртө өч алуунун жолун ойлонуп жатышты.

– Колума тийсе элеби, көрсөтөм ага...

– Короомо жакындап көрсүнчү, Меррейге чейин кууп барбасам майнаке болоюн.

Аксак Дингонун айынан бир далай акчасын коротушту. Ар бир кандуу кол салган сайын, ар бир кекиртектелген жандык сайын ал чабандардын көзүнө ары жаалдуу, мыкаачы, ары кекчил көрүнө берди. Кыскасы ал чабандардын бирден-бир жексуруна айланды.

Бири-биринен жыйырма чакырым алыстыкта кырылган койлорду да андан көрүштү.

– Шейшембиде Гроггин капчыгайынан көп койду жарып кетиптир.

– Ошол эле күнү ал Чоӊ-Сазда да болгон экен.

Ал бардык жарылган койлордун, жапайы иттердин каракчылык жүрүштөрү үчүн жооптуу эле!

Чабандар айткандай ал эптеп эле кырыш керек. Кандан жаалданган кан ичкич жырткыч... Ырылдап барып короо койго барып бир тиет, астынан чыккан курмандыгынын кокосуна тиш салат, ага ыраазы болбой так ортодогу койлорго чагылгандай тездик менен секирип барып жаӊы курмандыгына чап жармашат. Жаалдуу ыркырак, тиш салуу, жулунган кекиртек...

Чабандардын элестетүүсүндө ал тулку боюнан тартып, арсайган тишине чейин канга боёлгон. Сыраканадабы, өргүүдө болобу, очок тегеректеппи, айтор бири-бирине ит тууралуу сөз кылышат. Эл арасында  айтылгандай бул жырткычтын көздөгөнү – бирди жеп, миӊди кырыш керек.

Адегенде Австралияда койлор жаӊы пайда болгон учурда динго негизинен кеӊгуру менен азыктанчу. Кеӊгуру кууган иттен оӊой эле качып кутулуп кетет. Дарактардын же тоого жакын жерде үйүрү менен бейкапар жайылып жүргөндө гана кеӊгуруга коркунуч жаралат, мында жапайы ит акырын өӊүп келип кеӊгуру эсин жыйгыча басып калат. Калгандары кылчайбастан дыр койгуча эки же үч кеӊгуру ордунда калат.

Тамаксыз жашоо жок экендиги баарына белгилүү. Олжого марыш үчүн ар бир учурду колдон чыгарбаш керек, мындай учурлар күн сайын эле боло бербейт. Эки кеӊгурунун эти менен бир топко чейин азык издебей жашаса болот.

Мына анан тоодо койлор пайда болду. Душманынан качып кутула албаган алсыз жандык дингонун курмандыгына айланды. Өлтүргөндөн ыракат алыш үчүн эмес, мындан миӊ жыл мурда эти менен тамактан жаныбарлар учкаяк учурдан калган инстинкт буга түрткү бергендиктен күчүнүн келишинче биринин артынан бирин өлтүрөт.

Аксак Динго киши койгон капкандан, уудан, октон буйтап кеткенди билгендиги, маштыгы, шамдагайлыгы менен жашап келет.

Ал кишиден коркчу, бирок тээ илгери ата-бабалары – үй иттери кара кожоюндары менен алгач Австралиянын жээгин аттаган күндөн бери анын кандайдыр бир кишиге болгон жакындыгы сакталып калган.

Айрым учурда ал мал айдаган кишилерге, ал турсун жалгыз-жарым жолоочуга бир далай аралыктан көз салат. Түнкүсүн жалындап күйгөн отту карап алып созолонто, кээде үзүп-үзүп улуйт.

Ал өлкөнүн бул тарабындагы аӊчылардан аман калган бирден-бир таза кандуу динго. Бирок анда кишилерден эч кандай өч алуу сезими жок, кандай деген күндө да анын азыгы – короо-короо койлордун арасында.

Аӊчылар анын аркасынан сегиз жыл бою жүрүштү. Адегенде терисине, анан абдан кымбат баш терисине кызыгышты, анан жыйырма, элүү, жүз фунт сыйакы үчүн аӊдышты... Алардын арасында чабандар, шаардык тургундар, күнгө тотуккан жаштар, сакалдуулар да бар эле. Аӊчылыкка топтошуп алып аттарына артынып же эвкалипт бадалдарын мылтык менен жиреп жөө аттанышат. Жалгыздап же машаалуу мылтыгын ийинге салып, атын жетелеп, чытырман токой, тушардан келген чөбү ширелүү көк шибер аралап, ар тарапты серепчилеп карап, бирде тереӊ капчыгайга түшүп аӊчылык кылышат. Топтошкон иттер анын сары изине түшүп, ээлерин кубанткысы келишет. Тик өйдө жалгыз аяк жол менен кыбырап бараткан аттардын капталында капкандар шыӊгырайт.  

Аӊчылар уу, талкаланган айнек салынган тоголок камыр, сыйыртмак, капканды өздөрү менен алып алышкан... Алар жапайы австралия жылкысы брамбини өлтүрүп, эки капталынан бир аз кесип, мээлей менен таасири күчтүү уу салышты. Койдун, уйдун бүкүл этине уу зат салып көрүштү... Кыйкырыктап үн салып, чынжыр менен бадалдарды сыдырышты, каршы жагында чыгып калабы деген илгери үмүт менен мылтыктарын оӊтойлото кармап жолдоштору күтүп турушту.

Аксак Динго болсо алардын ар бир кылык-жосунун алыстан көз кырын салып карап турду.

Кабагына кар жааган аӊчылар кыштакка кур жалак кайтышты, такыр жеӊилишпегенин, тескерисинче, жеӊишке жетишкенин көбүртүп-жабыртып айтып беришти. Тегерегиндегилер тетири ойлоп калышпасын деген таризде эмнени гана айтышкан жок, жалган айтышты, мактанышты.

– Эки атып жер кучактаттым, – дейт Тед Артур, – бутуна араӊ турду, Кичи-Туайнга да жетпейт болуш керек, ошол жактан жан берет.

Тед Боз-Жылкы өрөөнүнөн аны бута атым аралыктан учуратып, аткан огу жаза тайганын жашырып койду... Ит менен сары изине түшчү неме жантайма боор ылдый салып уруп жөнөп, калыӊ алтыганага из жашырган.

Тед аттын омуроосуна салып топ алтыганага жеткенде Аксак Динго башка жагынан суурулуп чыгып, бактын арасына житип кетти. Ал жактан кан чачыраган жалбырактардын үстүндө чымын-куюн боло тегеренип жаткан өз итин таап алды.

Аксак Динго Сары Тейлор койгон үч татканчты түкүрүп таштады, Жек Бейли дагы бир манжасы капканга калып калганын карганып ишендирүүгө аракет кылат.

Бирок Тед, Сары Тейлер, Жек болобу кимиси болбосун бардыгы Карлуу-Токойго барышса токойдон, тоого барышса тоодон башка чапкан немедей куру кол кайтышканын коюшкан жок.

Анан беш чабан Тимге бастырып келишти. Өз машиналарын дарбазанын жанына коюшуп, эшиктин такылдагына жооп күтүп, эшикке каз катар тизилип туруп калышты. Тим ичке кирүүсүн өтүндү. Баары эски көздөр, кайсы бир кезде аларды дос катары эсептечү.

Алар абалкыдай ымалада болууну каалагандай анын колун бекем кыса учурашышты.

– Тим, Аксак Динго тууралуу сени менен масилеттешкени келдик, – деп бирөөсү сөз баштады. – Кечээ менин жети коюмду кекиртектеп кетиптир, өткөн жумада Жектин беш кою жок. Шашылыш чара көрбөсө болбой калды. Койго тийгенден кийинки тирүү калганы үрккөн бойдон туш тарапка чилчесинен тарап кетип жатат, коюм кемигенден кемип барат. Сенден башка ага эч кимдин күчү жетпейт, ушуну колго ал эми, баатыр. Сеникиндей тажрыйба менен анын куйругун бат эле кармайсыӊ. Жок, жок, коё тур, аягына чейин уксаӊ, – Тимдин бир нерсе дээрин байкап шашкалактай кошумчалады, – тынч оокат кылып жатканыӊды билебиз, бирок...

Алар ага жагынышып, аӊчылык талантын мактап-жактаганын коюшкан жок. Аксак Дингонун баш терисин ал гана алып келе тургандыгын бир ооздон белгилешти. Так ушундай! Алар баарын өзүнө алышты, курал-жарак, ок-дары менен камсыздап, ал турсун ат мингизер болушту. Дингонун терисине жүздөгөн фунт беришет. Ал бул иште каркыбар да, көӊүлүӊ калкыйт тим эле. Катуу бороон-чапкында бийик аска-зоодон түшкөнүн, токсон төрт чакырым аралыкты ат менен бир күн жүрүштө өткөнүн кеп кылышты.

– Мындайды көргө муштум менен да кулата албайсыӊ! – деди бирөөсү башкасына. Мындай неме оӊой менен өлбөйт, албайсыӊ.

Жааган мактоолорго Тим кулак каккан жок, кепесинин дубалын карап гана туруп берди. Илгичтерде эмнелер гана илинбеген, эски жүгөн, дат баскан сынык капкан, дингонун териси, түркүн түскө боёлгон тыгындар же үлүл кабыгы менен алкакталып оӊуп кеткен сүрөттөр, журналдардан кесилип алынган жылкынын сүрөтү түшүрүлгөн таш жазмалар... Ал бул жерге олтуруп алып, ушул турган буюмдун баарын карай берчү.

Ушунун баарында анын бүтүндөй жашоосу камтылган. Терезенин ары жагынан тоолор көрүнөт, суук жана жалгыздык өкүм сүргөн чокусун көздөй кеткен боорунда жалгыз аяк жол созулат. Ушул жаман тамга көп келген жалгыздыктын өзү.

“Мындайды көргө муштум менен кулата албайсыӊ”, – деп ойлоду.

Алардын сөздөрү аӊ-сезимине жагымдуу таасир этти. Бекерчиликтен пайда болгон какшоо, сыздоо, сайгылашуу, зарына сыяктуу чап жабышып, аягына чейин ээлеп алыш үчүн белгини гана күтүп турган бардык оорулар капысынан түп-орду менен жок болду. Эски көр-жер сымал достугун ыргытып салгысы келген ушуларга эмнеге жөндөмдүү экендигин көрсөтпөсө элеби. Аларга кайра керек болгон экен. Эч кимдин колунан келбептир да? Эми анын колунан келет!

– Терисин колуӊарга алып келип берем, – деди ал.

Аны сыраканага алып келишип, марттык менен сыйлашты, бул кудайдын каарын кантип кармашты бардыгы билгендей кеӊеш беришти.

– Аны зааранын жыты менен жазгырып келип капканга түшүрсө болот, – деди жубайы токойдо жашагандан чарчап, Мельбурнга көчүп кеткен малчылардын бири, – ал ушул изди кубалап миӊдеген чакырымды чуркап өтүүгө даяр.

Тим ооз ачкан жок. Аны кармаштын бардык жолу эми ага белгилүү эмеспи. Күүлөп калган канчыкты байлап туруп, астына коюлган каӊылтыр темирге чогулган заарасын бөтөлкөгө куюп, тыгындап койсоӊ, дөбөтү сенин капканыӊа түштү же бута атымчалык жерде десеӊ болот. Бирок бул аӊкоо кеп канчык тууралуу болуп жатканын аӊдабайт окшобойбу. Канчыкка бул жарабайт.

Тим эмне кылыштын жолун дароо ойлонуштура баштады. Башынан өткөргөн жеӊиштерин эске салды, дингонун адаттары, өзгөчөлүктөрү, бардык кемчиликтери ага белгилүү болмоюн, көшөргөн көктүгү менен айлап аӊдыганы аӊдыган... Азыр да так ушундай кыла турган болду.

Төрт күндөн кийин Риде өрөөнүн кесип өтүп, Берлиске алып барчу жол менен кыялап жүрүп отурду. Жанында Карлуу-Тоону чүмкөгөн кардын ээриндисинен топтолгон Гихи өзөнү агат. Тим Жапайы-Уй түздүгүнөн анча алыс эмес малчылардын кепесине аттын башын бурду. Ал жактан койлорун жайлоого айдаган малчылар Аксак Дингонун изин бир канча ирет көргөн жайы бар.

Малчылар айткандай ал бир дагы койду толорсуктай элек. Боз-Жылкы өрөөнүнөн ойду көздөй желе жортуп баратканын көп көргөнүн, кышка чейин эле арыктап калганын бирөөсү саймедирейт.

– Колуӊда курал жок экенин сезет, – дейт койчу. – Бир курдай кырк кадамчалык аралыкта тык токтоп, мени карап калды, мен тууралуу ойлонуп жатканы кабак-кашынан байкалат тим эле.

Тим малчылардын кепесинде эки ай баш калкалады. Бул жер анын ордо үйү болуп берди, тегерекке чыгып жол чалып келет. Аксак Дингонун сары изине түшөт, алоо оттун жанында олтуруп алып улуганын тыӊшайт.

Кечкисин от кашында олтуруп ал тууралуу көпкө ойлончу. Ага кандайдыр бир таӊ каларлык жан тартуу сезими пайда болду. Ал эл айткандай ырайымсыз, жаалдуу жырткычпы? Тим кумарлана ууга чыгып, жанын аӊчылык менен бакчу эмес беле. Капканга түшкөн дингону маашырлана карар эле. Андан соӊ кантип өлтүргөнүн эске салчу эмес. Тегерегиндеги адамдардын өлүм баасы менен табылган кубанычы көӊүлүн көтөрүп кетчү, бирок бул ойлорду башынан оолактатчу.

“Адилеттик үчүн айтып коюш керек, дингого алганда сен машсыӊ, бүткүл Австралия боюнча дингонун артынан сая түшкөн сендей мыкты аӊчыны таба албайсыӊ”.

Акыры Тим Аксак Дингону көрдү. Жиндабинден сатып алган шаймандарын артынып алып келатканда жолго жакын жерде үйүлгөн таштар көзүнө чалдыкты. Бири-бирине жөлөнгөн зор шагыл таштардан турган жаракалар дингого эӊ сонун баш калканч болуп берери анык.

Тим шашкан бойдон тизгинди ыргытып, издерин кылдаттык менен абайлап карай баштады. Изинде тырмактарынын орду түшчү эмес. Жашынын өтүшү менен ары-бери чапкылап жүрүп, тырмактары да сүрүлгөн экен, тырмагынын изи даана түшкөн жаш динголордукундай эмес, топуракта жумшак таманынын тагы гана калчу.

Ооба, Аксак Динго бул жерде болгон экен, мынакей издери. Ал болжогондон да жашы улуу экен. Карап жүрүп Тим кетилген тамандын изин тапты. Ал шарт бурулуп таштардын арасынан көрүп каламбы дегенсип тоо боорун карады. Дал ушул учурда динго анын сол жагындагы жаракадан атып чыга зор жалпак таштын үстүнө бир секирип чыгып, аны караган бойдон көз ирмемге катып калды. Мылтык болсо атта артылуу. Ит турган жеринен көз ачып-жумганча аска соруп кеткендей жок болуп кетти. Ал бактардын, бурчуктардын артына Тимден атайын жашына боортоктоп баратты.

Экөө кийин бир канча ирет бетме-бет келишти. Анын болгон адаттарын жакшылап изилдеди. Аксак Динго – куюлма ышкыбоз. Адегенде байкатпай из жашырып кеткендин ордуна таш үстүнө туруп алып, аны бир топко чейин байкайт. Тим үй иттери менен үйүгүшүп ал тукумдаган башка динголорго да туш болду, бирок аларга кызыккан жок. Ал астына бир гана максатты койду – Тим сыяктуу эле бул чөлкөмгө атагы чыккан Аксак Дингону жок кылуу.

Тим иттин сары изине көпкө чейин түштү. Дингонун катуу чуркарын билчү. Мурдун жерге жакындата тилин бир жагына салаӊдатып, жалгыз аяк жол менен желе жортот, ондогон чакырымды чаалыкпастан артка калтырат. Аӊчылыкка чыккан сайын жаӊы жолду тандайт. Артка өз чөлкөмүнө кайтып келатып, ашыкчу эмес, көк чөптө оонап жата кетет же дүмүрдү жыттайт, бул кыймылы менен башка иттердин көӊүлүн өзүнө бурдура аларын билет. Ансыз дагын кой аралап, кардын кампайтып келаткан, шашпаса деле болот.

Айлуу түндөрдө Аксак Дингонун кай бир убакта токтой калып, тумшугун көктү каратып созолонтуп улуганы Тимдин тынчын алып, кооптондурчу. Дингонун улуганына кабатырланганына көп жыл болсо дагы бул адаты басаӊдаган жок. Канчыктын ар бир муӊдуу улуганы арылгыс жалгыздык менен кусалык сезимин жаратат. Бул алардын жалпы сезимдерин билдирип, жүлүндөн сызылып чыккан жандуу макулуктун кыйкырыгы эле.

Тим аскалуу зоодон төмөн түшүп, шалбаага келип такалган эски кой жолду таап алды. Бул жерде короо-короо койлор жайылып жүргөн болот. Ушул жалгыз аяк жолго эки капкан койду, жакшылап жашырып, учуру келгенге чейин калтырды. Качандыр бир убакта Аксак Динго ушул жерден чуркап өтөт. Айлар өтүп, жаан жаап, күн нуру илебине келтирип, бир дагы жырткыч байкабагандай болуп калат. Капкандар болсо жата берет.  

Андан соӊ Аксак Динго жакында эле жортуп өткөн кой жолду издеди. Тоонун кашатынан изин таап алды, таптак, даана түшкөн экен, жаан дагы, шамалдын да мурду тие элек экен. Ал бөксө тоону бойлогон жолду тандап, түздүккө чыккандан жана суулардан өткөн жалгыз аяк жолго түшкөндөн жаа бою качат. Мал айдаган жолго жетип, бийик тоолуу буткулдуу шалбаада өздөштүргөн адаты болгон алдыӊкы буттарын салмактуу таштап, чакырым артынан чакырым калтырат. Ушул жолго Тим “н” тамгасындай болгон капкан койду. Жалгыз аяк жолдун эки жагында коюу өскөн чөптүн капканга ылайык жерин тандап, Аксак Динго башка жакка бурулуп кетпестир.

Дингого салынчу капкан коёнго коюлчу капканга окшош, болгону бир аз чоӊураак, жабылганда жаагы өтө тыгыз чаппаш үчүн экиден пружиналуу, андыктан иттин шыйрагын кырчып салбастан кыпчып калат.

Тим брамбинин каны каткан эски мээлейин кийди, жолго кап коюп, жанына капканды койду да эски бычак менен тегерете тереӊ сызык сызды. Андан соӊ этияттык менен чымдан кесип алып, бир катмарын чыгарып капка ооштуруп койду, чымдын бир бөлүгү мурунку ордуна алып барганга оӊой болуш үчүн жердин үстүндө, бир бөлүгү чөптүн үстүндө жатты. Оюлган аӊчага капкан ченегендей туура келди.

Тим капканды берилип орнотту. Бул иште анын тажрыйбасы мол, анан калса колу да эптүү. Ушул тапта ал өз өнөрүн жакшы билген, сүйгөн бардык адамдар менен чогуу болгондой сезди өзүн, алардын достук колдоосун сезип жатты. Топуракка колун тийгизген жок, чымдын ар бир чымчымын бычак менен жылдырып жатты. Пружинага топурак шыкалып калбас үчүн тээктин алдына этияттык менен бир тутам чөп койду. Кагаз калдырттап жакындап келаткан итти чочутпас үчүн коёнго салчу капкандай кылып, тээкти кагаз менен жапкан жок.

Ушундай чебердик менен Тим капкандын чынжырын жашырды. Ар бир тизмекти бир кесим зым узартып турат, ага атайын тандалган бутактуу жыгач бекитилген. Капкан анчалык оор эмес, андыктан динго шыйрагын кырчытпастан бир канча убакытка чейин сүйрөп жүрө берет.

Капкан менен чынжыр чүмбөттөлгөндөн кийин Тим капта калган топуракты кийин жылып туруп кагып салды, чачылган топуракты чогултуп, капканды кап менен сүртүп-сүртүп койду. Изди жашырыш үчүн бычак менен түшкөн жалбырактарды чогултуп, тегерете уйдун кургаган жампасын чачып таштады.

Өйдө боло өз колу менен жасаган ишке маашырлана карап турду. Капкан жерде канчалык көпкө турса, дингону кармаганга ошончолук мүмкүнчүлүгү бар.

Эки күндөн кийин Тим буктурмасынын жанынан өтүп баратып, көзүнө эч нерсе чалдыктыра алган жок. Төртүнчү күн дегенде жаан-чачындуу түндөн кийин атын жакын жерге байлап, бир далайга чейин эмгектенген жерди көз жүгүрттү. Эки капкан чабылган, үстүнө таш, кесек чымдар ыргыган, жек көргөндүн белгисиндей тим эле. Аксак Динго кыязы, тумшугун жерге сала чыйыр жол менен желе жортуп келатып, “н” тамгасындагы жанаша таяктардын ортосуна урунганын, шексине жыт алгансып, туура жыгачтын жанына матап койгондой токтоп калганын топурактагы тереӊ издери айтып турду. Капкандын чегинен чыгып кеткиче келген изи менен басууга аракет кыла артка кетенчиктей баштады. Аркасына бурулуп, жашырылган куралды көмүп, зыянсыздандырууга аракет жасай, таманы менен топурак, ташты челе баштады.

Тим ээрге кыӊырая олтуруп алып, иттин кылган ишин карап турду. Мына сага жооп. Аста күлүмсүрөгөн бырыш жүзүнө ойноп кетти.

Кийинки айларда өзү билген бардык айла-амалды жасап көрдү. Канга булганган мээлей менен иштеп, жаӊы мууздалган брамбинин этин тилип, ичине уу салып көрдү. Ал арып-азган брамбини гана өлтүрчү, этке нык тойгон ит уу жутканын сезип, кускусу келиши мүмкүн. Бирок Аксак Динго ууга тийбестен кесилген жерди тегерете кемирип жечү. Ал кекиртектеген койдун этин да уулаганга аракет кылып көрдү, ага жакындап койгон жок.

Ошентип ал каракчылык ишин уланта берди. Саздуу-Түздүктө, Богонг жээгинде, Сары-Уй боорунда ал жарып кеткен жандыктардын өлүктөрү кала берди. Келе жаткан коркунучту күн мурун сезгенсип, ысык канга болгон ышкысы ого бетер артты, болушунча айыгышкандык менен жара берди.

Тим ээрге байланган арканга койдун жыттанып кеткен шыйрактарын сүйрөп жүрдү. Ал итти жаӊы эле ууландырылган боорго алып барууга аракет кылып, оголе көп жол басты. Аксак Динго анын аркасынан татканткыч жемге чейин барып, анысын топурак менен көмүп койгон учурлары болду. Бир ирет бирөөсүн экинчисине ташып келип, ачык күнөс жердеги үчүнчүсү менен жаап, ал турсун жанына заӊдап койду.  

Бул эмне анын жек көргөн белгисиби? Тим дингонун кыгын буту менен тээп күлүп койду. Жок, анын буга акылы жетиши күмөн. Болгону эттин жыты башка иттер да келип калбасын деп өз белгисин калтырууга түрткү берген окшобойбу.

Тим ачык жерден суусу тунук көлмө таап алды. Көлмө үстүнө салаӊдаган жээгиндеги куу чөптөрдүн ичке сабактары сууга чагылат. Коюу чөптүн арасындагы ачык жердин чополуу топурагына Аксак Динго көптү көргөн тамандарынын изин калтырып кеткен экен.

Тим изди кылдаттык менен изилдеп, айланта көз жүгүрттү. Бул жерде дарактар жок, көлдөн жыйырма кадам алыстыкта бутактуу бир гана эвкалипт өсөт. Динго суусун кандырып, жакын турган бактын астына жортуп келип көлөкөдө бир аз дем алганы тура калат же жатат. Бакты көздөй из калбаптыр, бул жердин чөбү өтө коюу. Антсе да эвкалипттин астындагы чөптөрдүн уйпаланганы – иттин ал жерде болгонунун анык белгиси.

Тим бакты айландыра төрт капкан койду. Жумушун бүткөргөндөн кийин чөптөр, топурак, уйпаланган кыртышты киши колу тийбегендей жымсалдап койду. Тим өзүнө ыраазы болуп, эми жеӊиш аныкы болорунан күмөн санаган жок.

Эки күндөн кийин кайра ушул жерге келди. Динго топурак менен капкандарды көмүп салган экен. Көлдөн суусун кандырып алган ит эвкалиптти көздөй желе жортуп келип, ынтаалык менен жыт ала саамга турду. Анын жыт алгыч тумшугу Тимдин ишин билип калар менен коркунуч пайда болду, андан кийин ал коркунучтун булагын жок кылуу сезими жаралды. Тим мунун баарын билип турду. Капкандарын атына артынып, ачууланбастан же капаланбастан бул жерден алыстап кетти.

Ал дингону мылтык менен изине түштү, алыстан атып көрөт, бирок мындай аралыктан бутага тийгизишке көзүнүн курчу жетпейт. Анын жанынан көтөрүлгөн чаӊдын аркасынан жөнөйт, дингонун издери тоодогу таштарда жоголуп кеткенге чейин артынан калбайт. 

Аксак Динго сактангандан сактанып барат, мылтык чочулатат, Тимдин көзүнө сейрек учурачу болду.

Малчылардан кезектеги кол салуу тууралуу маалымат алаары менен Тим бир кепеден бийик тоодогу жайыттагы башкасына көчүп барып, малчылар салган окчун жердеги сарайда жумалап жатты. Бул сарайда малчылар жылына бир же эки жума гана жашачу.

Ханкобанга барчу жолдогу Гичи малчынын кепесинде кыштады. Керектүү азык-түлүктү Гичиге караштуу дүкөндөн сатып алат, андыктан тамак-аштан кем-карч болгон жок. Тоого көктөм түшкөндө чокуну көздөй кетенчиктеп бараткан кардын бучкактай жогору көтөрүлдү. Бир жумадан бери Аксак Дингонун изин издеп жүрүп, акыры тапты, тоого чубаган койлор таптаган жерде экен. Койлордон калып калган бирөөсү дингонун жеми болуптур.

Айрым учурда Тим дингону жеӊиш мүмкүн эместей, анын чеберчилиги иттин өзүн сактоо инстинктинин алдында алсыздай сезе баштады. Капкандарын койбогон тоо боорундагы жалгыз аяк жолдор, татканткыч жем менен кармоого аракет кылган ачык жерлер калбагандай сезилди.

Тоого жаӊы келгенде капкандар коюлгон эски кой жолго барып турууну чечти. Андан бери дээрлик бир жыл өтүптүр. Капкандарды кар жаап калыптыр, катуу шамал топуракты таптап койгон экен, күн, жаан-чачын, аяз кишинин изин өчүрүп, кой жол алыстап жогорулап кетиптир, бул жерде көктөм менен кошо жанданган бир гана көк чөп каӊылжаарды жарат.

Тимдин аты жолду жакшы билет, ээси каякка бастырарын тизгиндин учунан сезет. Өӊгүл-дөӊгүл түзөӊдө майда таскак салып барат, Тим болсо тизгинди жайына коё бере ээрде магдырайт. Ал эч нерсени күткөн деле жери жок, болгону ушинтип сейилдеген кадыресе адатка айланган.

Тим төмөн жылмыша айласыз жер тытмалап, куйругун кыпчый аптыга дем алган дингону көргөндө ооруга окшошуп кеткен толкундануу басты. Аттын оозун жыйды. Аба кыймылсыз. Өлүү тынчтыкта жерге ыргып түштү. Күчтүү шарап ичкенсип жеӊишке мас. Анын кулагына сүйүнгөн кыйкырыктар угулду, ал үндөр алыскы тоолордон келип, дем берип жатты... Бирок ал учур өтүп кетти, түшүнүксүз күнөө сезиминен улам ийини бүкүрөйдү. Аксак Дингого жакындап келди, аны кош капкан коё бербестен жылаӊач жаактары астыӊкы жана арткы шыйрактарын апчыган бойдон турат. Капкандар жер астында бир жылдан ашык туруп, топурактын жытына каныккан экен. Куткарчудай көрүнгөн бийик чөпкө дингонун жетишине жол бербей чынжыр катуу тартылыптыр.

Тим жакындады эле, динго чынжыр коё берген жерге чейин артка секирди, жерге боортоктоп жата кетти да, тумшугун көтөрбөстөн ага карап үнсүз ырылдады.

Алар бирин-бири тикирейе карап калышты – кары киши жана картаӊ ит-динго. Экөө теӊ өлтүргүч, экөөнө теӊ чек койчу учур келди. Тим азыр муну элес-булас түшүндү. Жүздөгөн өлүм тапкан динголор анын жалгыздыкта өткөргөн жашоо жолунда чачылып жатат. Ал эми Аксак Дингонун жолу – бул ал жарган койлордун аягы жок чубалган тизмеги. Ал туулган тоонун боорлору өлүккө толгон. Анын аянычтуу кебетеси Тимди таӊ калтырды, канча малдын канына забын болуп, кандуу булоон кылган жырткыч деп айтууга ооз барбайт. Чабандар андан өлтүргөндөн ыракат алган жырткычты көргөнүн, анан калса салкын кандуу, сак кылмышкер экенин ооздорунан түшүрүшпөйт. Ал эми Тимдин алдында капкандын чапканынан, аӊчы иттердин тишинен өлгүдөй корккон байкуш карыган макулук жатат. Ооба, өзү деле иттен аз айырмаланам деп ойлоп койду Тим, болгону коркконун жашыра билет. Өзүнө ишенген жылмаюусу, ушуга чейин өлтүргөнүнө сыймыктанганы менен коркконун жашырып келген. Азыр анын коркконун көрүп, Тим чынында сыймыктана турган эч нерсеси жок экенин түшүндү.

“Мен силерге терисин алып келип берем”, – деп чабандарга убада берген. Ооба, терисин алып келип берет, ал сөз берген.

“Мен аны өлтүрөм”, – деп Тим ойлоп жатты, – “аны менен кошо өзүмдү да өлтүрөм. Мага эмне калат, пенсионердин куруган жашоосубу? Эч кандай достор болбойт, сыраканада кандай сыйлашканын унут. Бай үйлөргө конокко чакырууну күтпө. Өз кепеме барам дагы өлөм, ушуну менен баары бүтөт”.

Тим күмөн санатып кыйнаган Аксак Дингону карап тура берди. Ал ушунчалык жашагысы, башын өйдө көтөрүп жашоонун агымында кадам таштагысы келди.

Капыстан үзүлгөн үмүтү чечим кабыл алууга түртүп, акыл калчоо артка кетенчиктеди.

Жерден жоон жыгачты колуна алды да, итке жакындады. Анын жүзүнөн оорунун белгилери байкалып турду, бирок күчтүү колу жыгачты коё берген жок. Аксак Динго жерге жабыша боортоктоп оӊтойлуу учурду күткөнсүп аны карап турду, күйгөн көздөрүндө үмүтсүздүк жанат. Ага чейин тиштерин үнсүз арсайтып жаткан, азыр ырылдай баштады. Тим урайын деп таяк менен тап берди эле, динго эки чынжырды теӊ тарта болгон күчү менен секирди, бирок чыкыйына тийген сокку жерге көмөлөнттү, ал эми тартылган чынжыр секиртпей матап калды. Бир капталына жыгылып, башын кейкейтти, жаны учтарынан чыгып бараткансып шыйрактары диртилдеди.

Тим ачуудан улам эмес, айласы куругандан дагы бир жолу урду да, шарт бурула атын көздөй басты. Басып баратып капысынан башына карылык түшкөнүн, абдан чарчаганын сезди, тим эле аягын араӊ шилтейт. Жасаган кылмышы үчүн бүлүк салган күнөөлүү сезими өтүп кеткиче башын ээрге жөлөй абадан сугалактык менен кере дем алды, кайра боюн түздөдү.

Жерде сулайып жаткан Аксак Дингонун сөөгүнө кайтып келип, капканда кыпчылып турган шыйрактарын бошотту. Өлүктү бир жакты көздөй тартты эле, иттин башы таштарга алсыз урунуп секирди. Өлсө дагы кыжырга тие тиштери арсаят, жедеп мокогон кылкыйма тиштери коркунучтуу ырсаят. Тим жүзүн ала качып кетти.

Акыры ал бир чечимге келди, аны калыӊ өскөн чөпкө көмө турган болду, капкандарын кандай койсо, ошондой кылдаттык менен жасайт.

Бейитинин үстүндөгү чөптөрдү акырын урган жел ыргалтат, ал эми кой жол Тим бул жерге өлүмдү алып келгенге чейин кандай болсо, ошол калыбында. Булутту ээрчиген көлөкөсү тоо боору менен Аксак Дингонун издерин эске сала жылып барат, чексиз көк асманда тоо бүркүтү айланат.

Тим Аксак Дингонун бейитине жакшы жер тандады.

Оодарган “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Эрмек Шоруков

2020-жылдын 27-октябры

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз