Талантка таазим: Тамиланын Айтматову

Кыргыз кыздарынан станкалык скульптура жаатында эмгектенген кыздар өтө сейрек болгон. Экөө болгон дешет. Бири окутуучу болуп иштеп кетсе, экинчиси прикладдык искусствого ооп кетиптир. Үчүнчүсү биздин каарман Тамила Маматова.

Тарыхка сереп салып карасак, кыргыз скульптурасына чыйыр салган венгр Ласло Месарош менен О.М.Мануйлова болгон. Кыздардан чыккан бедизчи Кыргызстанда Кыргыз эл сүрөтчүсү Ольга Александровна Мануйлова гана эле. Ольга Александровна Германиянын Мюнхен шаарынан таалим алып, кыргыз жергесине келгенден тартып кыргыз жаштарына өз өнөрүн үйрөткөнү баарыбызга маалым. Ырас, О.М.Мануйлованын мектебинен өткөндөр майда пластикадан тартып көчө эстеликтерине чейин жасашкан айкелчилердин бир тобуна айланды.

60–90-жылдары республикабызда ар кандай пластикалык формалардын өсүп-өнүгүүсү Т.Садыков, З.Хабибулин, А.Мухитдинов, В.Шестопал, С.Ажиев, А.Усукеев, Т.Медеров, У.Садыков, Д.Жолчуевдердин чыгармалар менен шартталат. Карасаңыздар, жалаң жигиттер. Мындай болгондон кийин станкалык жана монументалдык скульптурада батынып иштеш кимдин колунан келет? Ага кан менен жанга сиңген батылдык керек эмеспи. Түмөн түйшүгү бар бедизчилик өнөрдү таланты ташкындаган гана кыл чебер тандап алышы мүмкүн. Деги эле скульптура көптөгөн мээнетти талап кылат. Кескич, балка менен иштөө кыз кишиге бир топ ынгайсыздыкты жаратат. Күн-түн дебей узанып иштеген жумушту аткарган адам гана скульптор боло алат.

Өтө оор бедизчилик. Бир нерсенин көчүрмөсүн жасаш үчүн канчалаган чопону майын чыгара ийлеш керек. Колуң суудан чыкпайт. Ал эми мрамор менен жыгачтан кескилеп, оюп, жылмалап өзүң ойлогон теманы ишке ашырыш не деген гана убакытты алат. Бир караганда көрүүчүнү толкунданта турган өзүңдүн жан дүйнөңдөн жаралган сезимдерди чоподон куюп портрет жаратуу, колодон татаал композиция түзүү ар бир эле адамдын колунан келер иш эмес. Муну жүздөн бирөө гана аткарат. Табийгаттан берилеген талант, ага кошул-ташыл шык-жөндөм, көз май коротуп кол жооруткан эмгек, мунун баары биз кеп кылган Тамилада синтезделип калыптыр. Табигаттан ыроолонгон талант адамдын генетикасына да байланыштуу экени баарыбызга маалым.

Т.Маматова дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн чыкканы менен чоң атасы айылга атагы чыккан зергер-уста, тай энеси колунан көөрү төгүлгөн уз болуп жатпайбы. Бул касиеттер муун алмашып кайталанат дегенди Тамила ырастап койду окшойт. Скульптура искусствосу менен Тамила бала чагынан тааныш. Тирмейип телевизордон Бишкекте болуп өткөн сүрөт көргөзмөлөрүнөн репортаждарды көрүп, кичине чоңоюп баштаганда айылдагы китепканага барып журналдарды барактачу экен. “Советская скульптура” деген китепти  кайталап окуп, башына жазданып кыялдардын ааламына саякатка чыккан күндөрү да болуптур.

Бир жолу район борборундагы советтик партиялык ишмердин бюстун көрүп келгенден кийин чопо, мык, бычактын жардамы менен 12 см аялдын скульптурасын жасап, акварель менен боёп коёт. Кызынын колунан жаралган ишти көргөн энесинин: “Скульптор болосунбу?” деген суроосун түшүнгөн да эмесмин деп эскерет. Бедизчи болом деп дегдөөсүнө ата-энеси ак батасын берген экен. Орто мектепти бүткөндөн кийин да бу оюнан кайтпаптыр. Бала кездеги ышкысы бара-бара жетилип, акыры аны скульптор болууга түрткөн. Өз максатына жетиш үчүн Т.С.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм академиясынын станкалык скульптура факультетине тапшырды. Көркөм өнөрдүн бул түрүнүн сырларын үйрөндү. Теориясы менен кенен-кесири таанышты. Айкелчилердин ааламына сүңгүп кирүү оңойго турган жок. Анын үстүнө кыз кишинин бул искусствону өздөштүрүп кетиши өтө татаал экени айдан ачык.

Дүйнөлүк практикада кыздардан чыккан айкелчилер өтө аз. Жалгыз бедизчи О.М.Мануйлованын чыгармачылыгын терең талдап чыкты. Тамила акырындап бедизчи болуу, кандай түйшүктү талап кыларын түшүндү. Талыкпаган мээнет. Көжөлгөн көктүк. Табиятынан канына сиңген талант. Мына ушу үчилтик Тамиланы искусство дүйнөсүнө кадам ташташынын башаты.

Скульптура искусствосунун ары татаал, ары сырдуу дүйнөсүнө сүңгүп кирүүдө Тамиланын орус жана англис тилдерин өздөштүрүшү өз ролун ойногон. Өткөн кылымдардын улуу бедизчилеринин чыгармалары менен таанышуу, дүйнөнү дүңгүрөткөн музейлердеги куну жок айкелдер, скульптуралык чыгармаларды жакындан билип, алардын жасалыш тарыхы менен аткарылышын туура түшүнүү жаш бедизчи Тамилага ары түйшүктүү, ары машакаттуу жолду басып өтүүгө түрттү. Улуттук көркөм академияда окуп жүрүп атактуу Т.Садыковдон алган ак бата жаш бедизчинин чыгармачылыгынын шыгын арттырды. Күчүнө күч кошуп, демине дем берди. Устаты, эл сүрөтчү, профессор В.А.Шестопалдын берген таалим тарбиясы, анын кыбыраган кыймылынан бери байкаган  кыраакылыгы да өз жемишин бербей койгон жок.

Виктор Арнольдовичтин кеп-кеңеши Тамиланын талантынын бир өңүрүнүн ачылышына түрткү болду. Устатынан натураны абдан көңүл буруп изилдөөнү жана ар кандай скульптуралык материалдар (таш, мрамор, жыгач, метал, керамика) менен иштөөнүн сырларын билди. Жеңилин жерден, оорун колдон алган В.А.Шестопалдын өз учурунда колдоп чыгармачылыктын кыйын кезендериндеги устаттык камкордугу, акыры барып Тамиланы Санкт-Петербургдагы И.Е.Репин атындагы Көркөм сүрөт өнөр институтуна тапшырууга көмөк болду. Ал жерден профессорлор А.С.Чаркин, П.А.Шевченко, Б.А.Петров, И.Б. Корнеевдерден скульптура жанрынын сырларын тереңдеп үйрөндү. 2012–2018-жылдары Питерден жайкы каникулга келгенде бир жолу короого чопону жабыштырып арыстандарды жасаган. Ошондон тартып жаныбарлардын келбеттерин жасоого кызыгат. Ышкысы күчөйт. Жылкыларды, илбирстерди, аюулардын анималисттик скульптураларын жасайт. “Анткени жаныбарлардын анатомиясы деле адамдыкындай болуп жатпайбы. Сөөктөрү, муундары. Академияда анатомияны эки жыл окутат. Ал сабактан төрт алуу бул зор жетишкендик”- деп эскерет бедизчи.

Академиядан алган теориялык билим, Санкт-Петербургдун дүйнө шедеврлерине толгон Эрмитажы Т.Маматованын жан дүйнөсүн байытты. Канына сиңген көшөкөрлүк жогорку окуу жайда талапка ылайык профессионалдык деңгээлде билим алууга өбөлгө түздү. Ал баш-аягы 12 жыл билим алды. Бала кезинен идеал туткан Вера Мухинанын эмгектерин көрдү. Орус скульптору Анна Голубкинанын өмүр баяны менен чыгармаларын жатка билчү. Голубкинанын эмгектери жандуу, көрүүчүлөргө абдан таасир калтыра тургандыгына суктанды.

Ааламга атагы чыккан Родендин чыгармалары, анын окуучусу жана жандай сүйгөнү Камилла Клоделдин эмгектерин жогору баалайт. Ошентип Тамила өзү элестеткен идеялары менен темалар жан дүйнөсүн козгоп, ар кыл материалдардан сюжеттерди, композициялык табылгаларды ишке ашыра баштады. Акыры теория менен практиканы айкалыштырып студент кезинде эле эл алдында өздүк көргөзмө ачууга жетишти. Студенттик куракта жеке көргөзмө ачуу миңдин биринин кылар турган иши. Менин билишимче, кыргыздардан жалгыз “суриковчу”, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, таланттуу живописчи Ж.Жакыпов гана 3-курста окуп жүргөндө Москвада жеке көргөзмөсүн ачканына күбө болгонбуз. А чынында Питерде И.Е.Репин атындагы институттун ар бир эле студенти мындай кадамга бара бербеси айдан ачык.

Жеке көргөзмө ачууда көрүүчүгө көргөзөр иштер болушу зарыл. Жөн эле арыдан бери чампаланган иштер эмес, көргөзмөнүн критерийинге ылайык иштер иргелет. Андай иштер таланты ташкындаган чыныгы өнөр ээлерине гана таандык. Жаш бедизчиде көрүүчүлөр менен баарлаша турган эмгектер арбын экен. Алар толук кандуу чыгармага айланган “бышып” жетилген эмгектер. Жаш болсо да эл алдында Тамила кызыбыздын мындай батылдыгы жүрөк сүйүнтөт. Анын эмгектерин карап туруп келечекте кыргыздын дагы бир “Мануйловасы” чыгып келатканына жан дилиңден ишенесиң. Кубанасың. Үмүт артылат. Талантына таазим кыласың.

Андан дагы жеке көргөзмөсүн О.М.Мануилованын мемориалдык музейинде көрүүчүлөрдүн сынына коюшунун өзү да символикалуу болгон. Пластикалык сюжеттери, портреттер, алардын көркөмдүк сапаты жаш бедизчинин келечегинен көптү үмүттөндүрөт. Репинде окуп жүргөндө Ч.Айтматовдун монументалдык өлчөмдөгү портретин дипломдук иши катары ийгиликтүү жактаган. Ч.Айтматовго кайрылуу Тамиланын бала кезинен берки кыялы эле... Ал кыялды аткаруунун удулу Питерде болду.

“... Бул адам дайыма өзүнө тартып турчу. Анын портретин натурадан жасап койсом дегем. Болбой калды. Акыры эске түшүрүп, элестетип жасадым. Менин мектептен берки сүйүп окуган жазуучум. Чыгармаларын окуп алып толкунданам, ыйлайм. Жакында эле “Чынгызхандын ак булутун” окуп чыктым. Аябай таң калдым. Таасирлендим. Анан жасай баштадым”, - деп эскерет Тамила.

Акыры идеянын жаралышы менен алгачкы сомдоп жабыштыруудан (набросоктон) скульптура даярдоого чейин 1 жыл өтөт. Диплом жактаганга чейин ал жакта өрт да болуптур. Бирок Тамила иштеген өнөркана эч нерсе болбой Ч.Айтматовдун модели толук сакталып калганы кызык. Бийиктиги 3 метр келген монументалдык ишти кичинекей Маматованын бүтүрүп койгону кимди да болсо таңгалтырбай койбойт. Дипломдук иштин конструкциясынын негизин 2 тонна чопо түзгөн. Ошончолук чоң көлөмдөгү материалды колдон чыгарыш мендеген бедизчинин колунан келе бербейт. Муну да айтып коюшубуз абзел. Андан сырткары пенопласт, жыгач, кездеме пайдаланылган. Айкелчинин эң биринчи көңүл бурган нерсеси адамдын жүзү го. Адамдын жүзү аркылуу жан дүйнөсү ачылат. Акыры Тамила жанын үрөп иштеп жүрүп түнкү саат 11ге чейин жазуучунун толук бет келбетин жасайт. Жакшы портрет болду окшойт деген кыязда бул иштин фотографиясын Болот Шамшиевге салып жиберген экен. Айтматовду көрбөгөн Маматованын Чыңгыз Айтматовду жандап жүргөн Болот Шамшиевден пикир күтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш эле...

Албетте, Ч.Айтматовду жакындан билген Б.Шамшиевге эмгек аябай жагыптыр. Тамиланын ишин көргөн Болот агабыз чыгарма ХХ кылымдагы Евроазиянын чыныгы сүрөткери Ч.Айтматовдун жандуу элесин толук бере билгендигине ынанып, келечек муундар көрө тургандай жер издеген экен. Кыргыз киносунун мэтри Б.Шамшиев бедизчи жараткан кеменгер Ч.Айтматовдун монументалдык эстелигин Европанын чок ортосу, миллиондогон туристтердин сүйгөн жайы, дүйнөгө белгилүү шаар Берлинге коюлса деген тилекте болгонун айтышат. А эмне үчүн Берлинде? Анткени Ч.Айтматовдун чыгармалары 235 жолу немис тилинде китеп болуп чыгып (журналдарга кайра-кайра басылганына сан жетпейт), 60тан ашык немис окумуштуу, жазуучу, котормочу, сынчы, режиссёрлор менен басмалардын өкүлдөрү жазуучуга өз пикирин айтышкан. Алар менен чыгармачылык алакада болгон. Ч.Айтматовдун ар бир айткан сөзү, жазган макаласы, маалымат каражаттарына берген маеги немис коомчулугунун көз кырында болгон. Ч.Айтматовдон алар Чыгыштын Улуу философун көрүшкөн. Кептин ачыгы, Ч.Айтматов кыргыз жазуучусу эмес немис элинин сүйүп окуган улуттук жазуучусуна айланган. Бул кашкайган чындык. Фактылар толтура. Муну Б.Шамшиев жакшы билген. Болот аганын тилеги тилек бойдон кала берди. Б.Шамшиев да жазуучунун артынан акка моюн сунду...

Ч.Айтматовдун образына кимдер гана кайрылбады. Арасында атактуусу да, карапайымы да бар. Мен кыргыз элинин даңктуу уулу Ч.Айтматовду образын жараткан 20дай бедизчинин эмгектерин карап чыктым. Бир да бирөө Тамиладай иштебептир.

А бирок Т.Маматова жараткан “Айтматов” баарынан башкача. Бул жерде улуу жазуучубуздун романтикалык духу уюп жатат. Кептин ачыгы, бедизчи Ч.Айтматовдун 70 жаш курагында тоодо таш үстүндө отурган фотосун пайдаланган. Ким эмнени пайдаланат. Ал ар кимдин өз иши. Тамила жазуучуну жыгач отургучка жайгаштырган. Кыргыз адабият алпы Айтматов ойлуу. Отурушу монументалдуу. Тулку бою абдан кылдат иштелген. Көп бедизчилер моделдин тышкы кебетесин куюп койгондой беришкени менен образдын ички туюму ачылбай калат. Мында тескерисинче, көбүрөк басым жазуучунун жүзүнө жасалган. Окшоштук да, образ да бар. Автор кейипкеринин чыгармачылык кыялдануу атмосферасын тыкыр тапкан. Акыйкаттыктан тайбай айтсак буга чейин эч ким мынчалык Айтматовду ачып бере алган эмес. Андыктан бул ишти Бишкектин көрүнүктүү жерине коюш мезгил талабы. Деги кыргыздар көзгө толоорлук Бишкек шаарына бир эстелик коюшабы?

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бир кезде кыргыз скульпторлорунун эмгектерине мындайча баа берген экен:

“Анык таш жарган таланттын, сыйкырдуу өнөрдүн иши деп ушу скульпторлордун эмгегин айтсак куп жарашар жөнү бар. Жансыз материалдан жасалса да, алардын жүрөк эргүүсүнөн бүткөн айкелдерден жашоонун илеби уруп, тирүү жандай кыймылдап, ичке сыйбаган сезимдин күчү тулкусуна чыгып чытырап, ар бир өзүнчө мүнөзү менен, өзүнчө кыяпаты менен көрүнөт. Адам рухунун пластикасын ушунчалык керемет ийге келтирип, табиятында кандай болсо, дал ошол түспөлүнөн түшүрбөй, жандуу абалга жеткирип жасап берер өнөр скульптордон бөлөк дагы кимде бар? Анан дагы мезгилдин элесин кайталангыс көрүнүшү менен ташка чегип, тынымсыз агылган турмуштун “көз ирмемин” түбөлүккө токтотуп, өчпөс кылып койгонун айтпайсызбы[1].

Бул өңүттөн алып караганда Т.Маматованын иштери буга толук кандуу жооп берет. Жазуучунун айтканы менен бедизчинин жасаган иши бири-бирине төп. Тактап айтканда, Айтматовдун түспөлүн жандандырып жаткан Тамилага таазим... Тамиланын Бишкектеги Улуттук көркөм академиядагы дипломдук иши - “ Шамал” композиясы да өтө кызыктуу. Анда жалгыз аялдын шамалга карата жасаган кыймыл аракетин баяндаган келбети иштиктүү жасалган. Жандуу кыймыл. Ички драматизм. Тамила Санкт-Петербургдагы Улуттар Үйү (2016) менен Таврия Салтанат Сарайында (2018), жана И.Е.Репин атындагы Көркөм сүрөт академиясынын Өнөрканасында (2018), Кыргызстандын Москва шаарындагы Маданият Үйүндө (2016) 4 жолу жеке көргөзмөлөрүн көрүүчүлөрдүн сынына коюуга жетишти. Ар кыл кептерди укту. Арасында сындаганы да, мактаганы да болду.

Мунун баары анын айкелчи-бедизчи болуп калыптануусуна өбөлгө түздү. Устаттарынын жардамы менен Италиянын Флоренция аймагындагы Санта-Петродогу жайкы практикасы да өз таасирин берди. Окуу учурунда жемиштүү иш жүргүзүүнү шарттады. Флоренция (Италия) - “Кеч” (мрамор), Ысык-Көл - “Айкөл Манас” (кум), Түркия (Датча) - “Афродита”, Италия (Венеция) - “Ашык болгон кыз” (мрамор), Алмата - “Көөкөр” (травертин) Казакстанда болуп өткөн эл аралык симпозиумдарга өз иштери менен катышып, көрүүчүлөрдүн жылуу пикирине арзыды.

Бул да болсо жаш скульптор кызыбыздын эл алдында алган баасы. Туура багытта бараткандыгынын күбөсү. Т.Маматованын “Жан дүйнөнүн кылдары” терракота. 2017., “Чыңгыз хандын ак булуту”. гипс.тон.2018-ж., “Ашык болгон жаш селки”. гипс.2018., “Чынгызхан”. Папье маше. 2017., “Контробасист”. Гипс.тон.2016., “Көк бөрү”. Пластилин. 2017., эмгектери кимди да болсо суктандырбай койбойт. Бул эмгектерин көркөм сүрөт музейинин көргөзмө залынан көрдүк. “Чыңгыз хандын ак булуту”. гипс.тон.2018-ж. философиялык ой-толгоолордун жыйындысы болсо, “Жан дүйнөнүн кылдары”.терракота. 2017. иши камердүү келип сезимдерге таасир берет. Кыймыл, драматизмге сугарылган “Көк бөрү”. Пластилин.2017 иши эрендердин эр таймашы болгон көк бөрүнү - жаш бедизчинин улуттук оюндун духун таасын сезе билишин кабарласа, “Контробасист”.Гипс.тон.2016.моделдин психологиясын ачып берүүгө болгон аракети байкалат.

Тамила жаш болсо да скульптор уруна турган ар бир материалдын мүмкүнчүлүгүн туура, так эсептеген кыл чебер. Сүйгөн материалы мрамор. Чопону алгач сомдоп (набросок) кылганга пайдаланат. Мраморго аяр мамиле кылат. Болбосо иш оңунан чыкпай калышы ыктымал. “Вечерний Бишкек” гезити бир кезде Т.Маматованы “Микеланджело на каблуках” деп жазган. Туура жазыптыр. Тамила таш менен иштеп жатпайбы? Ташка жан киргизип сүйлөтүп коюш кимдин колунан келет? Тамиланын талантынын сыры али ачыла элек. Колу бош калганда музей кыдырып, классикалык музыканы, бөтөнчө операны угуп, скульптура боюнча китептерди окуп, тан куланөөк тартканда таңды тоскон Тамиланын талантынын эң башкы кредосу – бул өз чыгармачылыгы менен кыргыз элине кызмат кылуу. Уккандын кулагы сүйүнсүн. Жаш болсо да Т.Маматова зор иштердин үстүндө иштеп жатат. Акыркы жылдары кыргыз скульпторлорунун ичинен жалгыз Т.Маматова гана эл аралык деңгээлде кыргыз бедизчилеринин чыгармаларын даңазалап келүүдө. Ак жол, сага Тамила!

Сапалкан Арипов

Бишкек шаары. 2020-ж.

[1] Ч.Айтматов “Чегелөө өнөрүнүн чебери”. 1976-ж. Китепте: Классикалык изилдөөлөр жана тексттер. Искусство I-том. Бишкек., “Полиграфбумресурсы”-2018.528-бет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз