Жетиген Асанбек: Ажолукту мелжеген кишинин адеби ушубу?

Октябрдын бешиндеги митингдин негизги талабы одоно мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу болчу. Ал эми тынчтык митинги тополоңго айланган алтынчы октябрдан баштап Садыр Жапаровду бийликке алып келебиз деген кыймыл күчүнө кирип, жаалданган тарапташтары максатка жетиш үчүн эч нерседен кайра тартпастыгын ачык билдиришти.

Ал эми соцтармактарда Жапаровдун жактоочуларынан жүйөлүү пикир табуу кыйын эле, оозго алгыс ыплас сөздөр, коркутуп-үркүтүүлөр басымдуулук кылып турду. Ушунун өзү бул кыймылдын тууралыгынан шек жаратпай койгон жок. Бул жагдай көптөрдө Жапаровдун ким экенине, эмне кылганына кызыгуу жаратты.

Адегенде эле Жапаров таанымал болгон Кумтөргө байланыштуу окуя эске келет. Ошондогу парламентте сүйлөгөн сөзү:

“...Ушул жылдын 15-февралында өзүңүздөргө белгилүү 80 добуш менен депутаттык комиссия түздүрүп, мен төрт ай бою Кумтөр алтын кениндеги проблемаларды иликтеп чыктым. 20-июнда отчёт менен чыктым, өзүңүздөр билесиздер. 22синде дагы карадык, 27-июнга добушка берели деп... мына бир канча депутаттар, айрыкча көлдүк депутаттар, ушул эле Иманкожоева, Жамгырчиева болуп сурандыңар, биз да добуш берип, Кумтөргө катышып калалы деп. 27сине добушка коюуга макул болдук. Добуш берүү күнүндө колдоого ээ болгон жокпуз... 45 депутат каршы добуш берип, бул маселе өтпөй калды. Мен таң калам, каршы берген депутаттарга таң калам. Он беш жылдан бери карай, бүгүнкү күнгө чейин 260 т алтынды Кумтөрдөн ташып кетип, бизге 1 т 400 кг алтын калтырыптыр, мына, кыргыз элинин пайдасы деп, ушуга кантип чыдап отурасыңар? Кантип ушуга дитиңер барып добуш берип атасыңар? Андан сырткары 77 т күмүш алып кетиптир, 1 кг калбаптыр, кайсы бетиңер менен добуш берип атасыңар?”

Кокту-колотту жаңырткыдай, өтө эле катуу айтылган билдирүү. Менимче, кен байлыктарыбыз, экология үчүн кабатыр болуп жүргөн көпчүлүк ушул кайрылуусун угуп алып, кыргыздын бир кырааны экен деген ойдо калса керек. Ошол таасир чындыкты жапкан туман болуп, көбүбүздү адаштырды өңдөнөт. Бирок жаңылбайын десеңиз, бул эл алдында айтылган жалындуу сөздөрдүн ары жагына баш багып көрүү керек.

Ошентип Садыр элге ошол алтындын азабынан жапа чегип келаткан, чындык үчүн күрөштүн курмандыгы катары көрүнүп келди. Ошол төрт айлык изилдөөсүндө “былык иштерди” ачтым деп, интервьюлардын биринде колундагы кагаздарды көрсөтүп: “Салянова 02.12.2009-жылы Кумтөрдүн 1,5 млрд сом салыгын төлөбөй эле койсун деп “справка” берип атат. Ошол справканын негизинде Данияр Үсөнов 15.12.2009-жылы 1,5 млрд сом салыгын списать этип салып атат... Мен буларды казып чыгып Салянованын өзүнө расмий жиберип атам, буларга чара көргүлө деп. Өзүнө өзү чара көрмөк беле...” деп экс-башпрокурорго оңбогондой эле чоң күнөө койгон.

Аида Салянова 2011-жылы башпрокурор кызматына келгенде жалпы элге таанылып, анын ишмердиги көпчүлүктүн көз алдында жүрдү. Анын чуулгандуу иш козгоолоруна байкоо салган жарандар кайсы бир мыйзамсыз ишке катыштыгына оңой менен ишене койбойт. Анткен менен, чындыкты таанууда жаңылуудан сактангандар адамга болгон алдын ала ишеним, мамиле боюнча жыйынтык чыгарбай, далилдерге, жүйөлөргө таянуусу зарыл. Чындыкты чындап издеген адамга ак-караны ажыратып алуу үчүн далил дээрлик бардык учурда табылат. Далилдер Салянованын чындап эле мыйзамсыз ишке кириптер экенин же бул кандайдыр бир максатта каралоо экенин так билүүгө жардам берет. Натыйжада чындык ким тарапта – Садыр Жапаровдобу же Аида Саляновадабы айкын болуп, окурман да өз тарабын тандап алат. Ал же чындык тарабын тандайт, же кандайдыр бир кызыкчылык болсо, чындыкка көз жумат да, жалган жалаакорлордун тарабын тандайт. Бул ар адамдын өз эрки жана өз тандоосуна Акыйкаттыктын алдында ар бир адам өзү жоопкер.

Эмесе, чечимди далилге берели, чечүүчү күч ошондо. Адегенде эле Жапаровдун жогорудагы сөзүнө токтолуп, документтердин даталарына жана аттары аталган Салянова менен Үсөновдун ээлеген кызматтарына, ыйгарым укуктарына көңүл бурсак: Салянова – Юстиция министрлигинде статс-катчы (министрдин орунбасары), ал эми анын “справкасы” боюнча “буйругун” аткарган Үсөнов – мамлекеттин премьер-министри. Премьер-министр статс-катчынын көрсөтмөсү менен иш кылабы? Бул акылга сыярлыкпы?  Ушунун өзү жетиштүү болуп, андан ары карабай да койсок болор эле, бирок адамга чындыктан адашуу мүнөздүү эмеспи. Чындык бекем болушу үчүн ага бир нече ырастоо керек болот.

Эми так ошол документтерге көңүл буралы.

Жакында ФБ баракчасында көптөн бери катталуучулары менен байланыша элек Аида Салянова түз эфирге так ушул маселе боюнча чыкты. Кардиологдордун көрсөтмөсү боюнча соцтармактарга чектөө койгон айым, бул кайрылууну жасоого мажбур болгонунун себебин түшүндүрдү. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ЖМКларга берген интервьюлары соцтармактарга чыкса, такыр башка суроо болсо деле ушул жалааны жабылып жазышууда дейт айым. Буга баарыбыз күбөбүз. Белгилей кетүүчү нерсе, Салянова бул жалган жалааны Жапаров ага 2012-жылы эле коё баштаганынан кабардар болгонун, бирок ал убакта башка маанилүү иштердин көптүгүнөн аны төгүндөгөнгө деле убактысы болбой, маани да бербегенин, кийинчере Жапаров өзү камалганына байланыштуу жооп кылбаганын билдирди. “Түрмөдө жаткан адамга айыбын тагуу менин принциптериме туура келбейт. Азыр бийликтин эң жогорку баскычына келди. Бул ушак ого бетер күчөп таратылып атат, төгүндөөнүн кези келип турат, чындыкты айтып коёюн дедим” деп кошумчалады экс-башпрокурор.

Салянова Садыр Жапаров көрсөткөн кагаз Өкмөттүн тескемеси (распоряжение) экенин, ал эмненин негизинде, эмне тууралуу чыккандыгын хронологиясы боюнча тактап берди. 

1. Өкмөттүн Кумтөр боюнча жаңыланган келишимдер туурасындагы жаңы токтому, 24.04.2009. Токтомго премьер-министр Игорь Чудинов кол койгон.

2. Жаңы шарттарды макулдашууну Жогорку Кеңеште ратификациялоо боюнча мыйзам, 29.05.2009. Президент Курманбек Бакиев кол койгон.

3. Конституциялык сот чечими, 02.06.2009. Конституциялык сот курамындагы соттордун баарынын аты аталып, төрага С. Сыдыкова жана секретары О. Мамыров кол койгон.

Мына ошондой баскычтардан өтүп минюстка келген токтомго: “Бул маселе жаңы нормаларды жараткан жок, макулдашуунун 6.2 пунктун аткарууга багытталган укуктук акт. Өкмөттүн тескемеси менен кабыл алсаңар болот” деп минюст Салянованын колу менен жооп берген. Жапаров айткандай “1,5 млрд салык списать этилсин” деген сөз жок. С. Жапаров ошону чала-була көрсөтүп, Саляновага жалган жалаа жаап, коомдун кайсы бир катмарында Салянова Кумтөрдүн 1,5 млрд сом салыгын жоюп салган деген пикирди жаратып койгон. Бул ажолукту мелжеген кишинин адебине ылайык жорукпу? Бүгүн ал бул коомдогу жалган пикирге жоопкер экенин сезеби?

Эми карап көрүңүз, бул чечим Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, Президенттин, Конституциялык соттун – Игорь Чудиновдун, Курманбек Бакиевдин, О. Сыдыкованын, О. Мамыровдун колунан өтүп келсе, Жапаров эмне үчүн күнөөнү Минюсттун статс-катчысы Аида Саляновага жүктөп атат? Бул суроого Жапаровдун өзүнүн жообу кандай болор эле, ошол кызык. Биз түзүлгөн кырдаалдарга жараша баамдасак болот.

Аида Салянова 2011-жылы генпрокурорлук кызматка келип, өлкөдө дээрлик биринчи жолу мамлекеттик деңгээлдеги коррупционерлерге, атминерлерге иш козголо баштаган. Алардын арасында Садыр Жапаров да бар эле. Ошол Салянованы айыптаган билдирүүсүндө: “Мурда эмне кылып жүрүштү эле, мен Кумтөрдү козгоп, булардын былыктарын чукуганда мага иш козгоп атышат” дейт, муну өз оозунан уксак болот. Эми даталарды карап көрөлү: бийлик алмашып, Максим Бакиев тике жана кыйыр (өзүнө жана башкаларга) менчиктештирген объекттер мамлекетке өтө баштаган жыл 2010-жыл экени ташка тамга баскандай маалым. Тергөө кызматтары тарабынан алынган “Азаттыктагы” маалыматка ылайык, Максим Бакиевге тиешелүү болгон, базар баасы боюнча 2 млн долларга бааланчу имаратты Жапаров 2010-жылдын жайында 500 миң долларга сатып алган. Андан кийин дагы сатылса да, жыйынтыгында лидери Садыр Жапаров болгон “Ата Журт” партиясынын штабы болуп турган.

Маалыматта: “Апрель окуясына чейин, тагыраак айтканда Бакиев учурунда Садыр Жапаров өкмөттөгү Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган кезде 34 жаштагы Элдар Мадылбеков анын кол алдында иштеп, экөө тааныш болгон экен” деп жазылат.

Ушу жерден Жапаровдун депутаттарга: “Кайсы бетиңер менен добуш берип атасыңар?” деген кайрылуусу эрксизден эске келет. Анткени өзү Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп туруп, “КАЙСЫ БЕТИ МЕНЕН” ушул иштердин бетин ачпай, кол алдында иштеген Элдар экөө “КАЙСЫ БЕТИ МЕНЕН” кийин бул имаратты өздөрүнө алышты? Андан кийин депутат болуп, кылмыштарынын бети ачыла баштаганда өзүн “Алтын баатыры” кылып, “КАЙСЫ БЕТИ МЕНЕН” депутаттык комиссия түздү?

Сентябрда ага кылмыш иши козголгондон кийин октябрда элди митингге чогултуп, ошо жерден Саляновага айып тагып, “былык чукуганын” баштап атат. Дегеле митинг менен кандай максатты көздөгөн деген суроо туулбай койбойт. Мыйзам боюнча өзүнүн иштери кылмышка жатарын билген соң, күч менен бийликти басып алып эле кутулуу жолу калганын, ал эми мыйзам боюнча иш алпарып аткан Салянованы элге жек көрсөтүү керек экенин мелжегенби деген гана тыянак чыгат.

Жакында ошол 5-чакырылыштын дагы бир депутаты Эркингүл Иманкожоева фейсбук баракчасына Кумтөр маселеси боюнча маанилүү маалымат чыгарды. Андан эмне үчүн депутаттар С. Жапаровдун сунушун колдобогонунун жүйөлүү себептерин көрүүгө болот. Бул маселеге кеңири токтолуп, коомчулукка так жеткирүү абзел. Буга дагы токтолобуз. Ошондо экология үчүн, эл үчүн күйүп чындап кызмат кылган ким экени белгилүү болуп, жасалма баатырлардын чыныгы жүзү дагы да ачылат. Бул жолу Эркингүл айымдын маалыматынан улам жаралган суроо бул: кесиптештери комиссия түзүп, иликтеп чечим чыгарып аткан чакта Садыр Жапаров кайда эле? Эмне үчүн ага Кумтөр боюнча депкомиссия ишин эми жыйынтыктаса, кайра дагы комиссия түзүү зарылчылыгы келди? Бул тууралуу Эркингүл айымдын өзүнө суроо салганыбызда мындай жооп алдык:

– Биз Кумтөрдүн көйгөйлөрүн көтөрүп, бийликтен куугунтук көрүп, бирок үнүбүздү угуза албай, аргабыз кетип Кумтөргө кеткен жолду жаптык. Апам канча ыйлады, ага “мындай кызды атып салыш керек” деп айткандар болуптур. Ошентип жүргөн кезде Жапаров депутат болду, андан кийин Коррупцияга каршы улуттук агентстводо комиссар болду. 2005-жылы мамлекеттик комиссия түзгөнбүз, ошондо депутат болуп туруп комиссияга кирген жок. Кийин суроо берсе, мени киргизбей коюшту дептир. Бул карандай калп. Эч кандай андай эмес, ал кезде премьер-министр Феликс Кулов болчу, Садыр барып суранган да эмес. Талаптарыбыз аткарылбаганынан 2006-жылы дагы жолду жаптык, 2007-жылы дагы жаптык. Ошонун натыйжасында айрым талабыбыз орундалды: биринчиден мамлекеттик комиссия түзүлдү, экинчиден азыр Ысык-Көлгө сатылган алтындан 1%дык үлүш берилет. Ошол биздин талабыбыздын натыйжасы болду. Үчүнчүдөн келтирилген зыяндар үчүн 4,5 млн $ өлчөмүндө компенсация берилди, төрт айылга трактор, комбайн алынды, шире чыгаруучу ишкана ачылды... Бирок баары бир талаптарыбызды аягына чейин аткарбай коюшту.

Кийин 2011-жылы парламентке депутат болуп келдим. Келип эле депутаттык комиссия түздүм.

– Ошол чакырылышта Садыр Жапаров да депутат эле да, ал депкомиссияга кирген жокпу?

– Ооба, депутат болчу, бирок комиссияга кирген жок. Биз дагы изилдөө, иликтөөлөрдү жүргүздүк... Ноябрда парламентте доклад жасадым. Эсимде, ошондо Садыр Жапаров залда отуруп уккан, кандай кемчиликтер бар, кандай иштер кылынды – баары айтылган. Андан кийин эле 2012-жылы ал кайра комиссия түздү.

– А сиздер изилдеп аткан кезде, кийин жыйынтыктап баяндама берип атканыңызда Жапаров тараптан сунуш, колдоо болдубу?

– Болгон жок да. Бир да сөз сүйлөгөн жок. Сунуш да берген жок. Стенограмманы карап көрсөк болот. Өзүнүн жыйынтыгында биз айткан маселелерди эле кайра алып чыкты. Жыйынтыгын баяндоону саат кечки алтыга коюптур. Токтомун таратып берген, анда комиссиядагылардын баарын директорлор кеңешине кошуп коюптур. Анан Кумтөрдөгү директорлор кеңешин жоёбуз, анын ордуна жаңы директорлор кеңешин киргизебиз деп, бир топ фамилияны киргизиптир. Биз каршы чыктык, Кумтөрдү улутташтырган күндө дагы токтомго конкреттүү фамилияларды киргизгенге укугуң жок деп чыктык бир топ депутаттар. Биз мурда изилдөөлөрдүн натыйжасында чечим чыгаргандай, азыр мөңгүлөр жылышы мүмкүн, муну коопсуз абалга келтирип, рекультивация жасап анан берсин, анан алалы дедик.

 Кызык, Эркингүл айым Кумтөр элдин кен байлыгы деп апасынын көз жашына кайыл болуп жүргөн ошол кездерде, Жапаров өзү айтмакчы “КАЙСЫ БЕТИ МЕНЕН” чыдап жүргөн? Так өзү Коррупцияга каршы агенттикти жетектеп турганда күйбөй анан кылмыштар ачыла баштаганда эле кандай күйүмдүү болуп чыга келди? Бу жагдайда так ушундай суроолор жаралышы калетсиз.

Алтын маселеси боюнча азыркы тапта кандай пикирде экенин жакында баарыбыз уктук: “Мындан эки жыл мурда, мен түрмөдө жатканда журналисттер адвокатым аркылуу суроо жөнөткөн экен. Анда Кумтөрдү мамлекетке алуу боюнча дагы эле ошондой ойдосузбу деп сурашкан. Сегиз жыл мурда алсак болот эле, азыр кеч болуп калды. Ошол кезде алтындын запасы көп болчу, азыр калбай деле калды, азыр алыштын кажети жок деп жооп бергем. Эми “Центерра Голд” аягына чейин иштетип, бузулган тоолорду калыбына келтирип (видеотасмадан сөзмө сөз алынды – Ж.А.) кеткендери туура болот дегемин. Биринчи ушул маселеден баштаймын. Аны мамлекетке алабыз деген ой жок. Кумтөрдү Кыргызстанда иштетебиз буюрса, сүйлөшүүлөр жолу менен”.
Койлор да түгөл, карышкыр да ток дей тургандай жооп. Мансаптын баш туман кылган касиетиби, ал жерди ойноп казып атышабы деп акылга төп ой жүгүртүүчүлөр бар экенин, дегеле адамда айтылган сөз жараткан суроого ээрчий ой жүгүрткөн жөндөмдүүлүк бар экенин унутуп койгондой. Элди оңой алдап көнгөндүк, балким. factcheck.kg маалымат сайты тактап, Жапаровдун айткандары калп экени ырасталды. “Суперинфого” берген интервьюсунда Кумтөрдү мамлекетке алуунун кереги жок дегенге кылайган ымдоо да, жаңдоо да жок экен. Ал эми алтын Кумтөрдө жетишердик эле экенин да шилтемеден окусаңыздар болот. Жапаровдун бул жообунан көбүрөк 2012-жылы депкомиссия түзүп жасалма баатыр болгону, анын баары популисттик иш-аракет болгону дагы да ырасталып отурат.

Дагы бир жагдайды айтпай кетүүгө болбойт. Жапаров Кумтөрдүн олчойгон салыгы төлөнбөй калды деп чырылдаганы чын болсо, былык чукууну 2008–2009-жылдары – КР Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, 2009-жылдан тартып 2010-жылга чейин КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп иштеген, салыктын жоюлушуна түздөн түз тиешеси бар досу Акматбек Келдибековдон эмне үчүн баштаган эмес? Тескеринче, ал досу менен коюндашып, 2011-жылы парламентке бир партия менен келишкен. Бул – элди эби-сыны жок алдоо.

Ушундан кийин мен акыйкат бийлик орнотом дегенине кантип ишенүүгө болот? Анын элге ак кызмат кылам деген ниетинен ченеми жок мансапкорлугу ашып түшпөйт деп кантип ишеним артса болот?

Ооба, коомчулукта ага ишенген адамдар арбын. А эгер ошолордун ишеничин актап, чын эле акыйкат жолду тандайм десе, адегенде бул одоно каталарын иретке келтирип, жалган жалаа жапканы үчүн Аида Саляновадан, Кумтөр маселеси боюнча чыныгы элдин көйгөйүн көтөрүп келаткан эмгегин тебелегени үчүн Эркингүл Иманкожоевадан кечирим сурашы абзел. Артында мына ушундай иштер туруп, көз ачып жумганча сотто акталгандай, эч себепсиз, акылга сыйгыс жагдайда сот иштери созулуп аткан Аида Саляновага сот адилеттигин камсыз кылып, анан элге өзү айтып келаткандай акыйкат бийлик кылууга аттанганы оң болор эле.

Окшош материалдар

Комментарийлер (4)

  • - Таанышбек уулу Актилек

    Чынын айтайын, катуу кетсем кечиргиле! Сыйлаган адамдарың ушинтип атса алды-артыңдан тал карма! Салянова деле бийликтин камчысын чаап, АШАнын арыгын тазалап жүргөн. Ушинтип бирөөнү жөн жерден каралаган акмакчылыкты токтотпойлубу!? Макул, силер го кыргыздын интеллегенциясы болуп, ошол акмактарга айтор жагыныпбы сөөгүн мүлжүп калгандырсыңар! А бул жакта тентиген, кордолгон кыргызды ойлоп койгулачы чириктер Кудай үчүн! Мүмкүнчүлүк бергилечи суранам бир эле жолу!??? Элдин башын айландыра бербегилечи акмактар суранам!!!

  • - Сардар

    Эркингүлдүн эжеси экөөнүн кылыктарын Барскоондук элден сурагыла

  • - Акылай

    Мен Садырды билбейм, эгер жакшы адам болгон болсо, Саляновага жакшылык менен кайтат. Аида эже эн таза адам экенин олигархтар билет

  • - Аса

    Иманкожоеваны деле Кумтор сатып алган болуш кереек. Бул катын СДПКдан депутат болгон кези келген жерде эле Садыр Нургожоевичти жамандап калчу негизи. Депутат эмес кезинде Кумторго жакшы эле асылган экен. Депутат болгондон кийин эле уну чыкпай калган.

Комментарий калтырыңыз