Улуттук адабиятыбыздын тирөөчү эле

Жеке мен үчүн Тилек байкеден айрылуу – жүрөгүмдү сыйрыган жоготуу болду. Улуттук адабиятыбыз үчүн ал киши баарыбызга жанар тоодой таяныч болуп калган эле.

Соңку жылдары Тилек байке экөөбүз тилектеш, санаалаштык менен улуттук адабиятыбыздын аянтчасын кеңейте турган болгонубузду “РухЭш” сайтында байма-бай жазып да келдим. Ал тургай турмушка ашырар иш-планыбыздын концепциясын “РухЭш” сайтына жарыялап, калемгерлер үмүтүн жандырып койгон элек. Ал ортодо Тилек байкебиз жүрөгүнө операция жасатып келмек болуп Германияга жөнөп кетер алдында экөөбүз бетме-бет олтуруп, иш-планыбызды биразга токтото турууну кеңешкен элек. Кийин операциясы ийгиликтүү бүткөнүнө кубанып, анда бир кездештик. Андан көп өтпөй эле дүйнөлүк апаат – пандемия илдети баарыбызды үй күчүк кылды. Отуруп калдык.

Болбосо иш-планыбыздын концепциясын Тилек байке менен ийине жете иштеп чыгып, төмөндөгү эки баскычтан турган идеябыз ишке ашар болуп турган...

Адабий агенттиктин 1-баскычтагы милдеттери:

  1. Ар жыл сайын 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнү белгиленген датада адабий эксперттер тарабынан үч авторго «Ак мөңгү» аталышындагы сыйлык ыйгарылат. Сыйлык өлчөмү бир миллион сом.
  2. Бул сыйлык кандай критерийдин негизинде аныкталат? Жашыруун ысымдагы адабий комиссия түзүлүп, окурмандар арасында «Учур талабына жооп берер кайсы акын же кайсы жазуучуну билесиз?» аттуу атайы сурамжылоонун негизинде ысымы эң көп аталган үч автордун рейтинги аныкталып, ошол үч автордун китеби “Турар” басма үйү тарабынан жарыкка чыгат.
  3. Сурамжылоонун негизинде эң жогорку рейтингтеги үч авторго «Ак мөңгү» адабий сыйлыгы ыйгарылып, бир миллион сом үч авторго бирдей суммада бөлүштүрүлөт.
  4. «Ак мөңгү» аталышындагы сыйлыктын жеңүүчүсү деп табылган автордун “Турар” басма үйү тарабынан жарыкка чыккан китеби «РухЭш» сайтынын алдында түзүлгөн котормо бөлүмүндөгү адистер тарабынан англис, түрк, француз, немис, кытай ж.б. дүйнөлүк тилдерге которууга берилет. Адабий агенттиктин алдындагы котормо бөлүмүнүн иш-максаты кандай өңүттө уюшулары жөнүндө кошумча маалымат жарыяланат жакында.

Түшүндүрмө: Адабий сыйлыктын аталышы эмне үчүн «Ак мөңгү»? Ак мөңгү – бул Кыргызстандын географиялык символу. О.э. Кыргызстандын кино өндүрүшүндө ийгилик жараткандар арасында «Ак илбирс» сыйлыгы эл аралык кино тармагына бренд катары белгилүү болуп калганы дайын. Андыктан Кыргызстандагы эң келечектүү адабий сыйлыктын аталышы да ак илбирстердин мекени болгон ак мөңгүгө байланды.

Адабий агенттиктин 2-баскычтагы милдеттери:

  1. Учурда өндүрүмдүү (активдүү) иштеп келаткан авторлор менен тыгыз кызматташтыкты бекемдөө.
  2. Активдүү авторлордун чыгармаларын “РухЭш” сайтынын жана “Турар” басылмасынын ортосундагы келишимдер боюнча сапаттык деңгээлде жарыкка чыгарып, адабий сындарды, рецензияларды жарыялоо, о.э. жалпыга маалымдоо каражаттарында адабий жаңылык, анонс, рекламалык иштерди жандантуу.
  3. Активдүү авторлордун китеп өндүрүшүн кирешелүү соодага айлантуу.

Тилек байкебиз жогорудагы пландарыбыз менен бирге борбор калаабызда үч кабаттуу китеп дүкөн курулушун баштап койгонун айтып, анын алдында адабиятта активдүү иштеп келаткан авторлор менен тегерек үстөл форматында жолугушуу уюштурууну пландап койгонбуз. Улуттук адабиятыбыздын базары кайнай турган кылганбыз...

Анан эле күтүүсүз суук кабардан – жер муштап отуруп калдым! Кыргызда айтылгандай, таянган тоом урагандай нестейдим. Улуттук адабиятыбызды жаңы этапка көтөрүшө турган бирден-бир өнөктөшүм Тилек байке болуп турбады беле! Ордумдан тегеренип өксүдүм! Болбосо максатыбызга эми-эми билек түрүнбөдүк беле!

Адатта, адабиятты, искусствону чыгармачыл адамдар гана жаратат деген түшүнүктө карайбыз чындыкка. Бирок “жандоочу кийип аттырат” болуп, Тилек байке өңдүү меценаттар болбосо улуттук адабиятыбыздын эгемендик жылдарындагы тагдыры кандай сыноолорду башынан кечиргенин көрдүк. Кайыштык баарыбыз. Муну Тилек байкебиз абыдан жакшы түшүнчү...

Мүңкүрөп отуруп калган жазуучулар журтуна жарык үмүт берген бирден-бир адам Тилек Мураталиев экенин кимибиз танабыз?! Ал киши коломтосунан оту өчүп дымыган “Ала Тоо” журналысыз отуруп калган басылмабызды кайрадан Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, “Турар” басылмасынын алдында “Жаңы Ала-Тоо” журналынын жүгүн тартып кеткендеги окуя эсимде: бир курдай белгилүү публицист Алым Токтомушев негедир ың-жыңсыз жок болуп кетти. Басма сөз беттеринде өзөктүү темаларды көтөрүп жүргөн мыкты аналитик Алыке туурасында сурап калды менден. “Ал киши кайда жүрөт? Өлкөбүздө саясий кризис болуп турганда ошондой кишилердин анализин окуп, туңгуюкка сереп салчу элек. Жазганын кубалап окуучу элем, ал киши азыр кайда?” – деп калды.

Ал убакта белгилүү журналист, саясатчы Мелис Эшимкановдун да көзү өтүп кеткенден кийин Алым Токтомушев чынында эч жерде туруктуу иши жок отуруп калган кези болчу. Депрессияга да алдырып койгон өзүн... А Тилек байкебиз Алыкенин мыкты адабий сынчы экенинен кабары жок экен мурда. Ошондон улам устатым Алыке илгери эгемендик жылдарына чейин “Кыргызстан маданияты” басылмасында эң курч сын макаларды жазган адабиятчы болгонун, азыр да эски адабий журтуна кайра келсе жаман болбос эле дегенимди уккан Тилек байкебиз, дароо телефон чалдырды. Күтүүсүз. Эртеси Алыкем менен Тилек байкени жакындан тааныштырып, ошол күндөн тарта устатым “Жаңы Ала-Тоо” журналынын бакыйган редактору болуп калды.

Анан уяттуу устатым бир күнү телефон чалат: “Мен аябай ыңгайсызданып атам. Тилектей берешен кишини көргөн эмесмин. Кайсы кыйратканым үчүн олчойгон айлыкты карматты билбейм. Бүгүн биринчи айлыгым колго тийди. Чоң акча. А кылган эч бир ишим деле жок. Үйдө жатып, анда-санда редакцияга бир келем. Кел, сага айлыгымды жууп берейин” деген устатым “Жаңы Ала-Тоо” журналынын айлыгын алган күндөн баштап, аталган журналдын ички мазмуну кыйла сапаттык деңгээлге көтөрүлүп, дүйнө адабиятынын өрнөктүү тексттери да байма-бай жарыяланчу болду. Алыкем котормочулук өнөрүнө билек түрүнө киришти ошондон тарта.

Аттиң дүйнө, бирок Алыкебиздин да өмүрү кыска экен, аталган журналга чоң күч болуп жүрүп эле, ал киши да одүйнө аттанып кете берди. Анда да Тилек байкебиздин көмөгү менен Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнөсүн” китеп түрүндө жарыкка чыгарып, ошондон бери Тилек байкебиз менен ийиндеш ага-ини, тилектеш, санаалаш жүрдүк эле. Арийне, ал кишинин маңдайына жазылган өмүр чеги ушул экен: ажырашып кала бердик. Бирок тирүүлүк парзыбыз үчүн: Тилек байкебиз тирүүсүндө ишке ашыра албай кеткен иш-паландарын турмушка ашыруу милдети али да мойнубузда туру...

Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз