
Кыргызстанда көп алмашкан бийликтин мүнөзү ар башка болгону менен, алар «кыргыз зеригүүдөн өлбөсүн» деген бир гана ишти катырат.
♦ ♦ ♦
- Сизге бийлик бизди келесоо санап жаткандай сезилген жокпу?
- Ал турмак мага алардыкы туурадай туюлат…
♦ ♦ ♦
- Сиз 1ден 10го чейинки шкала боюнча өкмөткө болгон ишенимиңизди көрсөтө аласызбы?
- Шкаланы нөлдөн баштасак болобу?
♦ ♦ ♦
- Сиз бийликке ишенесизби?
- Ооба!..
- Бирок ал бизди алдап келатпайбы.
- Сөздү бөлбөңүз да! Мен анын бизди дагы да алдаарына ишенеримди айткым келет.
♦ ♦ ♦
Эгер биз бийликке калп айтсак – бул кылмыш. Эгер бийлик бизге калп айтса, бул – саясат.
♦ ♦ ♦
- Убакыт – бул акча!
- Акырын, эгер өкмөт укса ал үчүн да салык төлө дейт.
♦ ♦ ♦
Ийгиликтүү бийликтин бир белгиси – элди өзүн бактылуу сезгидей кылып алдай билүүсү.
♦ ♦ ♦
Үч жайда адамдар жаман жоруктары үчүн жооп беришпейт. Алар: бала бакча, жиндикана жана өкмөт үйү.
♦ ♦ ♦
Маяна бергенде бухгалтер өз акчасын берип жаткансып аябай санагандай эле, өкмөт да акча берчү болсо өз чөнтөгүнөн бергендей милдет кылат, айтып түгөтө албайт.
♦ ♦ ♦
Заң сыртка атылып чыккыча кетип калуу – бул начар сантехниктин эле эмес жакшы өкмөттүн да иш ыкмасы.
♦ ♦ ♦
Элдин эң аш кылымдуу азыгы кесме экенине биздин өкмөт бекем ишенимде.
♦ ♦ ♦
Өкмөттүн кыялы – жигиттердин аскерге чакырылуу жашын төмөндөтүү, адамдын карчарбага чыгуу курагын өлгөнүнө чейин көтөрүү.
♦ ♦ ♦
Эгер өкмөт маянаны баалардын өсүшү менен бирдей алып кеталбаса, анда жок дегенде айды отуз күндөн он беш күнгө чейин кыскартышы керек.
♦ ♦ ♦
Бийлик ак көңүл эле, ошон үчүн ал өзүн-өзү дайыма кечирип келет, силер гана аны сөгө бересиңер.
♦ ♦ ♦
Бизде бийликти кулатууга чакырык таштоо мыйзам боюнча кылмыш болуп саналат. Сурайын дегеним: бул мыйзамдын иштебеген бийликти кулатууга тиешеси барбы?
♦ ♦ ♦
Саламаттык сактоо министрлигинен 2014-жылдан кийинки балдарга тамеки сатууга тыюу салуу боюнча сунуш түштү. Ушул эле учурда Каржы министрлиги менен Пенсиялык фонд тарабынан 2014-жылдан кийинки балдарга тамекини бекер таратуу сунушталды.
♦ ♦ ♦
Өлкөдө кризис болуп жатса өкмөт чөнтөккө кол салган бойдон басып жүрөт да!
- Мынча катуу тынчсызданыштын кереги жок.
- Кантип тынчсызданбайм! Чөнтөк меники болуп жатпайбы!
♦ ♦ ♦
Өлкө жакшы эле, бир гана эл жаман – жалкоо, көрө албас, изденбейт... Ушундай элди башкарган байкуш өкмөт. Ага жолтандабастар менен хансарайларды эле эмес зыяндуулук үчүн сүт да бериш керек.
♦ ♦ ♦
Монетаризация, субвенция, дефляция, реновация — адамдардын акыркы мыдырын тартып алыш үчүн өкмөт эмне деген гана түшүнүксүз кооз сөздөрдү ойлоп таппайт.
♦ ♦ ♦
Эгер өкмөт мүчөлөрүнөн республикалык тест боюнча сынак тапшыртса, өкмөт мүчөлөрүнүн сабатсыздыгы байкалабы же тесттин кемчиликтери көрүнөбү?
♦ ♦ ♦
- Сиз баары уурдап жатат деп наалып жатасыз. А эгерде айлык акысы менен тапкан кирешесинин өлчөмү асман жердей айырмалангандардын баарын атсак же камасак уурулук тыйылат беле?
- Сен эмне мыйзамдуу отурган бийликти кулатууга чакырык таштап жатасың, ыя!
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ