Эл аралык саясый маданият төмөндөп кетти

“РухЭш” сайтынын туруктуу авторлорунун бири, белгилүү журналист жана котормочу Амирбек Азам уулу (Усманов) учурда Американын Гейтерсберг шаары, Мэриленд штатында жүргөндөн улам Амирбек мырза менен АКШнын президенттик шайлоосунун күңгөй-тескейи туурасында маегибизди сунуштайбыз...

- Учурда жалпы дүйнө кулак түрүп отурган жаңылыктардын бири Америкадагы президенттик шайлоо жыйынтыгы эмеспи. Андыктан кыргызстандыктар үчүн өрнөк болор шайлоо туурасында Сиз менен маек курууну эп көрдүм. Себеби өзүңүздүн айтымыңызда ушул күндөрү Америкада окшойсуз. Сиздин оюңузда шайлоо тууралуу кандай өңүттө кеп курганыбыз маанилүү? Дегеле кыргызстандык саясатчылар жана жалпы эле шайлоочулар үчүн эмнеге көңүл буруулары керектигин баяндап бергениңиз дурус болор беле дейм...

- Суроону экиге бөлүп карашыбыз керек. Башкы көңүл бурчу нерсе, АКШдагы шайлоо менен Кыргызстандагы шайлоонун айырмасы абдан чоң. Мына, 4-ноябрдагы президенттик шайлоодо президент Д. Трамп же мурдакы вице-президент Ж. Байден кайсы талапкер жеңерин алдын ала эч бир саясат таануучу, эч бир изилдөө борбору алдын ала так айтып бере албады. Мен 2016-жылы 4-ноябрда да АКШда элем. Ошондо Хиллари Клинтон тигинче % добуш менен президент шайланат деген прогноздор тескери чыкты. Ошон үчүн быйыл эксперттер абдан этият болушту. Жо Байден шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн жеңиш үчүн зарыл 270 добушун алганы маалым болгондон кийин гана анын жеңгени айкын болду. Башкача айтканда, АКШда бийликтеги президент административдик ресурсту биздегидей пайдалана албайт жана пайдаланууга “ыйманы” жол бербейт деп айтаар элем.

Бизде 1991-жылдан бери президенттикти жалаң бийликте отурган адам жеңди. Аскар Акаев үч мертебе: 1991, 1995, 2000-жылкы шайлоого катышкан кезде президент макамы менен катышты. Бул деген колундагы бийлигин 100% пайдаланды деген кеп. Эсиңизде болсо керек, 1995-жылкы шайлоо алдында президенттин маалымат катчысы Камил Баялинов кабагым-кашым дебестен туруп, Аскар Акаевич 72% добуш менен жеңет деп жарыя кылып жиберген. Ал айткандай эле Аскар Акаев 71,5% добуш алган. Айтмакчы, ошондо Апсамат Масалиевди добуш берген шайлоочулардын 58% колдогону тууралуу акыркы жылдары ачыкка чыкпадыбы.

2005-жылы Курманбек Бакиев шайлоого премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу ирети, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткарып жатып катышкан. Бул феномен бул жолу да кайталанганы турат.

2017-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликтен кетип, шайлоо өнөктүгүнө жумушсуз ирети катышкан. Бирок анын сүрөөнчүсү президент А. Атамбаев болгон.

Экинчи өзгөчөлүк, америкалыктар үчүн добушун сатуу нонсенс! Бул ар-намысын сатуу дегенге барабар! Америкалык шайлоочулардын жоон тобу ата-бабаларынан келаткан салт боюнча республикачылар жана демократтар болуп бөлүнөт. Мисалы, демократтар лагеринен да, республикачылар лагеринен да досторум бар. Соңку үч шайлоодо алар өз партиясынын талапкерлерин такай колдоп жүрүшөт.  Андай шайлоочулар каршы тараптын талапкерин оңойлук менен колдошпойт. Буга соңку шайлоо да далил.

– Шайлоо башталганга чейинки жана шайлоо учурундагы кандай кызыктуу окуяларга күбө болдуңуз экен?

- Мен мурда президенттик шайлоого “Республикачылар” партиясы менен “Демократтык” партиянын талапкерлери гана катышат деп ойлочумун. Бул ирет бул эки партиянын өкүлдөрүнөн башка да “Либертариандар” партиясы, “Жашылдар” партиясы, “Нан жана роза” социалисттик саясый партиясынын талапкерлери, ошондой эле өзүн өзү көрсөткөндөр болуп, 28 адам президент болом деп чамынып чыкканын билдим.

Алардын ичинен Мэриленд штатында “Либертариандар” партиясынын талапкери 25 миңден көбүрөк, “Жашылдар” партиясынын талапкери 12, 9 миң, социалист-талапкер 5 миң чукул, а башка талапкерлердин арасында 82, 66, 4, атүгүл 1 добуш алгандар болду.  Ошон үчүн бизде саясый мейкиндикте мурда аты эч угулбаган адамдардын президенттик шайлоого катышып жатканын кадыресе көрүнүш экен деп койдум өзүмчө.

Жо Байдендин рекорддук көрсөткүч - 74 миллион добуш менен президенттикти утканы, а Дональд Трамптын рекорддук көрсөткүч - 70 миллиондон ашуун добуш менен уттурганы да өтө кызык факт. Себеби мурда эч бир талапкер бул экөөндөй көп добушка ээ болгон эмес.

Камала Харрис АКШ тарыхында вице-президент шайланган биринчи аял болду. Анын апасы индус, атасы ямайкалык.

Сиз Кыргызстанда титулдук улуттан башка элдин өкүлү жакынкы чейрек кылымда президент болуп шайланат десе ишенесизби? Мен ишенбейм.

АКШда экинчи жолу президенттик шайлоого күбө болуп, өнөктүк кандай өткөнүн өз көзүм менен көрдүм деп жогоруда айтпадымбы. Быйыл дагы төрт жыл мурдакыдай эле президенттикке же Конгресске талапкерди колдоого чакырган же алардын сүрөттөрү тартылган килейген баннерлерди, плакаттарды көргөнүм жок.

Ошондой эле талапкерлердин он-жыйырмадан зубун-зубун тизилип,  партиянын байрагын желбиретип көтөрүп жүргөн үгүтчүлөрдү да көргөнүм жок.

Добушкана жайгашкан мектептин алдындагы шайлоо баннери.

- Демейде шайлоо өнөктүгү чоң акчаны талап кылат эмеспи. Бизде да капчыгы жука адамдын президентти кой, Жогорку Кеңешке депутат болуусу мүмкүн эмес. АКШ президенттигине талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө жүз миллиондогон доллар сарпташчу эле. Бул жолу да чыгым чоң болду окшойт?

- Жакшы суроо. 4-ноябрда президенттик шайлоо жана Конгресстин эки палатасына шайлоо чогуу өттү. Ошон үчүн чыгымдарды кошуп эсептөө абзел. Эскерте кетчү нерсе, шайлоого тараптар короткон каражат боюнча эки түрдүү маалыматтарды кезиктирдим.

Бир маалымат боюнча, жалпысынан 14 миллиард доллар жумшалган. Анын 6.7 миллиарды президентти шайлоого, 7.2 миллиарды Конгресстин эки палатасы: Сенат жана Өкүлдөр палатасына  шайлоого коротулган.

Мурдараак быйылкы шайлоо өнөктүктөрүнө 11 миллиард доллар кетет деп прогноздолгон. Бул акча Экваториалды Гвинея  же Чад мамлекетинин 2019-жылкы ички дүң жыйымына тете сумма.

Төрт жыл мурдакы шайлоо циклинде талапкерлер, саясый партиялар жана көзкарандысыз шайлоо топторунун жалпы чыгымы 6.5 миллиард долларды түзгөн. Бул акча Монако, Косово же Лихтенштейдин 2016-жылкы ички дүң продукциясына барабар. Ал эми Либериянын ички дүң жыйымынан эки эседен чоң сумма.

АКШдагы шайлоого кеткен акча биз үчүн көптөй көрүнөт. Эгерде АКШнын ички дүң жыйымы 14 триллион доллар экенин эске алсак, 11 миллиард же 14 миллиард доллар ашып барса анын 1% барабар болот.

Айтмакчы, Жо Байден азырынча Кошмо Штатардын тарыхындагы эң кымбат президент болду. Ал 14-октябрга карай демөөрчүлөрдөн шайлоо фондуна дээрлик 1 миллиард доллар (938 миллион)  чогулткан. Дональд Трамптын болсо шайлоо коруна 596 миллион доллар жыйналган. Байдендин жеңиши үчүн бул акчалар да салым  кошту да.

Жо Байден менен Камала Харристин жактаган баннер. Гейтерсберг шаары, Мэриленд штаты.

– Шайлоонун үгүт иштериндеги атаандаштардын саясый маданиятына да токтоло кетсеңиз. Кимиси ариеттүү, салабаттуу жүрүм-туруму менен айырмаланды? 

- Чынын айтсам, атаандаштардын экөө тең шайлоо өнөктүгү маалында бийик маданиятын көрсөттү деп айта албайм. Дегиниси, шайлоо өнөктүгү кайсы гана өлкөдө болбосун, саясый шоуго айланып кетет эмеспи. Менин байкашымча, соңку жыйырма жыл ортолугунда эл аралык саясый маданият бир кыйла төмөндөп кетти.

Эсиңизде бардыр, 1999-жылы Владимир Путин премьер-министр кезде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер террористер туалетте колго түшсө, «в сортире их замочим» деп айтканы. Ошондо В. Путин саясатчынын сүйлөө этикасын орой бузду деп, эл аралык басмаларда кызуу талкуу жүргөн. Кийин президент Атамбаев да бул жосунду улантты. Аксакалдарды «ак шакалдар» деп, Жогорку Кеңештин депутаттарын «чимкириктер» атап...

Бул жагынан Филиппиндин президенти Дутерте Родиго, Белорус президенти Александр Лукашенко, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Франция президенти Эмманюэль Макрон, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон башкаларды алдына өткөрүшпөйт.

Саясатчылардын орой лексикасы коомго, өзгөчө, жаштарга тескери таасир этет. Алар саясый лидерлердин андай сөздөрүн колдонууга алып, кыргызча айтканда, улууларга каяша сүйлөгөндү норма катары көрүп калышат. Муну социалогиялык жана лингвистикалык изилдөөлөр көрсөттү.

– Алдыда бизде да президенттик шайлоо турат. Андыктан биздеги шайлоо атаандаштыгында кандай кызыктар болушу ыктымал деп ойлойсуз?

- Биздин президенттик шайлоо дайыма кызыктуу өтөт. Мисалы, акыркы төңкөрүштө бийликтен оогон Сооронбай Жээнбековдун президент шайлануусу өзү көпчүлүк жарандарыбыз үчүн кадыресе көрүнүш болду. Бирок саясаттан жана саясый оюндардан анча-мынча кабары барлар С. Жээнбековдун жеңиши досу Атамбаевдин эмгеги экенин ачык  эле айтып жүрүшпөйбү. Ага карабай республикалык деңгээлде ал киши демократиялуу  шайлоодо жеңди деп эчен ирет шардана айтылды. Мунун өзү кызыктын кызыгы да.

Президенттик шайлоого аттангандардын айрымдары шайлоого катышпай коюшу толук мүмкүн. Андай кызыктар жөнүндө шайлоодон кийин сөз кылган жөндүү деп ойлойм.

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Keldibay Alymkulov

    Эми Америка менен Биздеги шайлоолордун айырмасы Асман менен жердейда, Биздеги Элдин Ансезими менен Америкадагы Элдин ансезимин салыштырып болбойт. Ал жакта эн негизинен Курош Эки партиянын ортосунда болот. Ал жакта добуш Сатуу деген тушунук жок. Бул жерде Трамп женилсе деле Бет тырмачылык кылып- мойнуна албаганы Уят иш Болду. Трамп со цмедиа менен Кайым айтышкандары, караларды кемсинткени- полициянын Негрди Муунтуп олтургону Кытай менен мамилеси начарлаганы да да таасир этти окшойт. Эмнеси болсо да Улуу адам Жок Байдын жеңгени жакшы болду деп эсептеймин. Биздеги Президенттик шайлоо Административдик күчтү пайдалануу менен өтүп келген жана Ал улана берет. Элди алдоо эч качан жакшылыкка алып келбейт- Муну Акаевдин Масалиевди 1995 жылы алдаганы утулсада, Атамбаевдин Жээнбекову күч менен шайлатканы да Мисал боло алат.!!!

  • - Keldibay Alymkulov

    Уландысы: Эми негизинен Элди алдаган, Убадасында турбаган Адам оңбойт окшобойт экенго.Акаевди айттым. Бакиев да Россиядан 200000 млн доллар алып АКШнын Манас аэропортундагы базасын чыгарам деп убада бергенин аткарбай койгондо, анан баласын туугандарын Чоң койгондо- Атамбаев жблар Путч уюштуруп атайын Аны жөнөтүштү, анан Атамбаев жеке бийлигин уюштуруп -Элдин байлыгына кол салып,анан Жээнбекову бийликке алып келип Өзүм бийлейм деди Андан майнап чыкпады, Жээнбеков Өзүнүн Инисинин партиясын, Матраимов үн партиясын Жогорку кеңешке турткондо мындан да Майнап чыкпайт Өзү кетти,Тыянак Элди алдагандар - Эч качан оңбойт. Эми жагын көрө жатабыз ,Аманчылык болсо!!!

Комментарий калтырыңыз