Бекзада Муратбекова: Кыргызстанда психологиялык абал ыйлай турган абалда

Учурда социалдык тармактарда кастык тили көп колдонулуп келет. Колдонуучулардын талкууларга катышып кызыл чеке болушу, кайым айтышы, агрессияга алдырган учурлары арбын. Бул тенденцияны адистер кыргыз коомунда агрессиянын күч алышы менен байланыштырышат. Мунун себеби эмнеде? Эмне үчүн адам кызуу кандуу болот? Агрессиянын тамыры кайда жатат? Мына ушул темада учурда Америкада жашап, иштеп жаткан психолог, коуч Бекзада Муратбекова менен маектештик.

- Саламатсызбы, айтсаңыз, агрессияны илимий жактан кандай түшүндүрөт элеңиз?

- Саламатсызбы, Жанара? Агрессия – бул бир адамдын башка адамга же кандайдыр бир нерсеге болгон негативдүү реакциясы. Мисалы, кыйкыруу, коркутуу, бир нерсени атайылап сындыруу, мазактоо, адамдын укугун тебелөө, бир адамдын буюмун тартып алуу, уруп-согуу, ачуулануу, бир адамдын эркиндигин чектөө ж.б. Бул реакциялар болгону жүрүм-турумдун үстүнкү катмары.

Биринчиден, агрессивдүү жүрүм-турумдун тамырында сезимдер жана өзгөчө менчиктик сезим жатат. Тактап айтканда, бир адам башка адамдын сезимине, каалоосуна, оюна деги эле жашоосуна ээлик кылгысы келет. «Баары мен ойлогондой болуш керек», «мен каалагандай болуш керек», эгер андай болбосо агрессивдүү жүрүм-турумдун түрүн көрсөтөт. Мисалы, коомдо көп эле көрөбүз, тамак даяр болбосо эркектер кыжырланып аялына кыйкырып, сабаганга чейин барат. Бул кыйкырып, сабаганы агрессия, ал эми түбү «башкалар менин каалоомо жараша жашаш керек» деген менчиктик сезим.

Психологияда адам эркиндиги жана өзүнө жоопкерчилиги эң жогорку орунда. Анткени адам бул рух. Ар бир рухту (soul) урматтоо керек. Эми ошол агрессиянын түбүндө жаткан башка негативдүү сезимдерге токтололу. Бул сезимдерге ачуулануу, коркуу, көралбастык, кызгануу ж.б. сезимдер кирет. Мисалы, эгер бир адам аялын өлтүрүп койгон болсо, агрессивдүү жүрүм-туруму ошол өлтүрүп койгону. Ошол жүрүм-турумдун себеби кызгануу сезими болушу мүмкүн. Башка мисал катары, бир адамдын комментарий жазганын алууга болот. Ал сөздөр тигил адамга таптакыр тиешеси жок болушу мүмкүн. Ошол жазып жаткан агрессивдүү сөздөрдүн аркасында балким ич күйдүлүк жатат. Бирок ошол көрө албай жаткан адам, ошол өзүнүн көрө албай жатканын билбеши мүмкүн. Көпчүлүк учурда адам өзүнүн жакшы сапаттарын көрүп, жаман сапаттарын кабыл албайт. Дайыма көрө албаган сезимдин үстүндө жек көрүү жана агрессия бар. Муну менен эмнени айткым келет, “агрессия” дегенде үстүртөн жүрүм-турумду эле карабай, анын тереңинде кайсы сезим жатканын табышыбыз керек. Көп учурда агрессиянын астында коркуу сезими да болот. Мисалы, өзүн коргоо максатында, бир нерсе менен чаап алды. Бул жүрүм-турумдун астында коркуу сезими бар. Катуу корккондуктан агрессивдүү жүрүш-турушка барды.

Экинчиден, агрессия адамдын негизги муктаждыктары толбогон учурда пайда болот.  Бизде  физикалык муктаждыктарыбыз менен бирге психологиялык муктаждыктарыбыз бар. Адамдын өзүн адам катары сезүүсү, сыйга ээ болуусу, сүйүүгө ээ болуусу, аны башкалар кабыл алышы, адамдар менен жакын болушу (же бир коомго таандык болушу), коопсуздукта жашашы, адам социум менен болушу сыяктуу негизги муктаждыктары бар. Ар бирөөсү керек жана маанилүү. Ошонун ичинде көңүл буруу да бар. Эгер бала үй-бүлөсүнөн жетиштүү деңгээлде мээрим, жылуу сезим албаса, аны негатив жолу менен болсо да ата-энесинин көңүлүн бургусу келет. Психологияда кубануу – бул качан адамдын бардык негизги физикалык жана психикалык муктаждыктары орундалганда болот. Агрессивдүү адамдардан кубанууну дээрлик көрбөйсүң же өттө сейрек. Демек, ал адамда ошол негизги муктаждыгы толгон эмес. Өзгөчө сүйүүгө жана мээримге. Ошону күч аркылуу негативдүү жол менен адамдын көңүлүн бургусу келет.

Үчүнчүдөн, психологияда «Треугольник Карпмана” деген түшүнүк бар. Анда үч роль бар. Алар курман, агрессор жана куткаруучу. Бул психиканын байкалбай ойногон оюну. Мисалы, үй-бүлөнү алалы. Ата-эне жана бала. Бала бир нерсени сындырса – курман, апасы – коргооочу, атасы – агрессор. Бул жерде үч адам үч башка ролду аткарып жатат. Бул үч роль мезгил-мезгили менен алмашып турат. Бир күнү апасы курман, атасы агрессор, баласы апасына болушуп коргоочунун ролун ойноп жатат. Адамдар бул кайра-кайра кайталануучу оюндан чечүү жолун издебей жөн гана ойногондон ыракат алат.

Төртүнчү фактор бул, травма. Эгер адам балалык курагында травма алса, ал кайра травмасын чыгарат. Кичинекей кезинде зомбулук көргөн аял, кайра өз баласына зомбулук көрсөтөт. Мында адам уруп-согуу туура эмес экенин билиши мүмкүн. Өзүн башкара албайт. Согуп алып кайра өзүн жектеген учур. Мында агрессиянын тамыры травма. Психологдордун практикасында 80-90% зомбулук көрсөткөндөр, өздөрү мурун зомбулуктун курманы болгон.

- Эмне үчүн адамдар соцтармакта агрессиячыл болушат?

- Бул суроого жооп бериш үчүн, конкреттүү кырдаалды карасак жакшы болмок. Жалпысынан  жогорудагы төрт пункт боюнча жооп берүүгө болот.  Социалдык тармактагы агрессиянын көп болушу, адамдар агрессиясын эркин коё бергенге жакшы шарт түзүлүп жатат. «Мени көрбөйт», «мени билбейт» деп, болгон негативдүү сөздөрүн жазат. Менимче, жүзүн коргоочу механизмден арылып, чыныгы оюн, сезимин чыгарууда. Адам жүзүнө так ошол жазган сөздөрүн айта аларына көзүм жетпейт. Мен консультация онлайн өткөндө, интернетте жүзүн көргөзбөй сүйлөгөндө, адам көбүрөк ачыларын байкадым. Жүзүн көрсөтпөгөндө эң терең, оор жана кишиге айталбаган сырлары менен бөлүшөт.

Буга кошумча адамдардын бош болушу. Бир нерсе менен алек болгон адам өзүнө тиешеси жок нерсеге эмнеге көңүл бурат?! Адам оюн бирөөнүн эркиндигинде шек келтирбей эле, адамдын келбетине асылбай эле жөн гана билдирсе болот. Билим жөнүндө сөз болгон жерде негативдүү комменттарийлер аз. Көп негатив топтогон темалар ырчылар, саясат жана дин.

- Адис катары кыргыз соцмедиа сегментиндеги кастык тилин кандай баалайсыз?

- Мен кыргызстандыктардан башка адамдардын эркиндигин чектеген комментарийлерди көп көрөм. Бирөөнү мазактаган, шылдыңдаган комментарийлер көп жазылат. Бул комментарийлер ал адамдын ишине эмес, жеке сырткы келбетине карата жазылууда.

Соцтармакта негативдүү пост чыгарган адам өзү да негатив аркылуу өзүнө көңүл бурууга муктаж. Балким, бул нерсени ал билбеши мүмкүн. Кыргызстанда психологиялык абал адам ыйлагыдай деңгээлде. Балдарга, аялдарга болгон зордук-зомбулук жогору.

Ушуларды көрүп капа болосуң. Менимче, Кыргызстан өнүгөм десе, эң биринчи балдар жана аялдардын укугун коргошу керек. Анткени балдар бул Кыргызстандын келечеги, ал эми аялдар ошол кичинекей балдарды чоңойто турган роль модел. Эгер бала менен аялга зомбулук көрсөтүлсө, ошол проблема кийинки жылдары өлкөнүн көйгөйү болушу мүмкүн. Анткени зордук көргөн балдар чоңоёт. Алар өлкөнүн тагдыры.

- Агрессивдүүлүк бала куракта калыптанары айтылып келет. Анын кантип алдын алуу керек?

- Ооба, кичинекей кезде калыптанат. Балага ата-эне агрессивдүү эмес жашаган кандай экенин көрсөтүшү керек. Ата-эне өздөрү сүйүүдө, бири бирин урматтоодо жана уга билүүдө кандай экенин көрсөтсө, бала ошол жүрүм-турумду өзүнө сиңирет. Бизде проблема – ата-энелер өздөрү сүйүү көргөн эмес да. Баланын физикалык эле эмес, психикалык муктаждыктары да толуш керек. Аларды кучактоо, өбүү, «мен сени жакшы көрөм» деген  сөздөрдүн көп айтылышы, сезимдерин жана каалоолорун суроо, башка өзү менен тең балдар менен ойноосуна шарт түзүү зарыл. Чоңдор өздөрүнүн урушун балдарга көрсөтпөшү керек. Ата-энелер балдар менен чогуу убакыт өткөрүп, балдардын да өз алдынча болуусуна шарт түзүшү керек.

- Ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?

- Балдардын сезимдерин айтканга үйрөтүү керек. Мисалы, мен коркуп жатам, ачууланып жатам, мен үшүдүм, мен ачка болдум, мени кучактап койчу, мен толкунданып жатам ж.б. Бизде бул нерсени үйрөтпөйт. Адам сөз менен сезимин айтканда сезим менен акыл биригет жана өзүн түшүнүүсү жакшырат. Биздин Кыргызстанда адамдар сезимдерин ачык айтпайт. Каймана мааниде, жалпы жана бир нерсеге ороп айтат. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген макал бар эмеспи. Бул эң туура эмес, манипуляциялык жол. Сезимдерди түз айтканга үйрөтүш керек. Конкреттүү сен өзүңө эмнени сурап жатасың. Мисалы, Америкада баладан “How are you feeling?” (Өзүңдү кандай сезип жатасың?) деп кичинекейинен сурайт. Ага “I am happy, I am sad” деп жооп бериши мүмкүн. Ошол эле “I love you”  деген сөздү Америкада күнүнө 100 жолу айтат. Ал эми Кыргызстанда бул сөз дээрлик айтылбайт дагы. Бул өтө өкүнүчтүү. Бул сөз күнүгө жакындарыбызга айтыла турган сөз. Ошол эле, “Sorry” (кечирип кой) деген сөз дагы Америкада көп айтылат. Эгер капа кылып туруп, эч нерсе болбойт деп кетип калсаңыз, баланын  сезимин эсепке албай койгонуңуз.

Башка дагы бир кеңеш, эгер бала кайсы бир сезимин көрсөтүп жатса, андан ошол көрсөтүп жаткан сезимин айтып, анын сезимин сураш керек. Баланын сезимин күзгү катары кайра чагылдырыш керек. Мисалы, ыйлап жатасыңбы, эмне үчүн ыйлап жатасың деген сыяктуу. Бул аябай жакшы техника. Бала бул учурда, өзүнүн сезимдеринин маанилүү экендигин үйрөнөт, ата-энеси анын сезимдерин кабыл алып жаткандыгын билдирет жана өзүнүн сезимдерин таанып билет. Ата-энелерге акыркы кеңешим, балаңыз менчик эмес. Бул рух. Убактылуу ата-энесиндеги конок. Ошол коноктун жашоосу үй-бүлөсүндө түптөлөт.

- Балдарды кантип толеранттуу кылып тарбиялоо керек?

- Ата-энелер балдары менен чогуу толеранттуу болгонду үйрөнүшү керек. Эгер ата-энелер толеранттуу болсо, азыркы болуп жаткан жыйынтыкты көрбөйт элек. Бардыгы үй-бүлөдөн башталат. Улууну эле эмес, кичүүнү да урматтоо, ар бир адамдын өз ою, сезими, дене түзүлүшү жана каалоосу баалуу экенин үй-бүлөдөн үйрөтүү зарыл. Ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн ролу бузулбашы керек. Мисалга, агасы карындашына атанын же күйөөнүн ролун эмес, аганын эле ролун жакшы аткарышын. Эгер сүйлөшө турган сөз болсо, бала менен өзүнчө сүйлөшүп түшүндүрүү керек. Бала болсо деле башкалардын көзүнчө урушуу туура эмес. Кошумча, ата-энелер башка адамга жакшы мамиле кылгандыктын маанисин, башка динди, башка улутту, башка жыныстагы адамды сыйлоонун маанисин үйрөтүшү зарыл. Жаратылышты, жаныбарларды коргоо маанилүү экендигин үйрөтүш керек. Балага буйрук бербестен, ошол нерсени эмне үчүн кылбашы керектигин түшүндүрүү зарыл.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Маектешкен Жанара КАДЕНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз