Калык Ибраимов: Айша, кел!

  • 11.11.2020
  • 4112

Эсил кайран каркыбар Салижан  Жигитов агайымын жаркын элесине

НОВЕЛЛА

Пролог

Аӊыздарда айтылган он сегиз миӊ ааламда кандай экенин билбейм, бирок биздин “Шаркыратма” айылында азыр да шардана болуп, эл оозунда жүргөн бир окуя болуп өткөн экен. Ошонун жайын колдон келишинче айтып берейин. Биздин айыл - Совет бийлигинин 60-жылдарынын башталышында ирилештирүү ишине моюн сунбай, ата-бабалары жаткан ыйык жайды, мөлтүр суу аккан шаркыратмасын таштай албай, ылдыйкы “Ылай-Талаага” көчпөй көгөрүп калып калган отуз-кырк түтүн журт. Башталгыч класстарды бүткөндөн кийин балдар “Ылай-Талаадагы” “Карл Маркс” атындагы орто мектепке барып окушат. Мектепке ар кимиси үй-бүлөсүнүн чама-чаркына жараша бир даары атчан, айрымдары эшекчен, калгандары жөө-жалаӊ катташат. Ошо эшекчендердин арасында 7-классты ардак грамотасы менен аяктаган Айша аттуу чыракдандай жанган чырайлуу кыз ата-энесинин айткан-дегенинен чыкпай тартиптүү өсөт.

Айшанын айткандары

“Коом таануу” сабагынан берген Ысман деген агайыбыз бар эле. А киши кезинде Ош педагогика институтунун тарых факультетин кызыл диплом менен бүтүрүп, үч жыл аспирантурада окуп, анан кандайдыр бир себептерден кандидаттык диссертациясын жактабай калып, “Ылай-Талаага” келе бергенин угуп калчубуз. Ошол агайыбыз Карл Маркстын атын алып жүргөн мектептин окуучулары анын окуусун, эмгектерин беш колундай билүүгө тийиш деп, бизди өзү кыйнаганы аз келгенсип, бир күнү 9-класстан Асан Жолдошов деген баланы ээрчитип келип тааныштырды. Мына, Асандан үлгү алгыла, мындан ары ар апта сайын силерге менин ордума кошумча сабак өтөт. Асан марксизм-ленинизм классиктеринин кыргызча которулган томдорунун баарын окуп чыкты, вундеркинд, менден да ашып, “асс” болуп кетти деп жарыялады. Ал биз Индия кинолорунан көрүп, ашык болуп жүргөн Радж Капурга окшош орто бойлуу, бөйтөйгөн эрининин үстүнө жаӊы гана жарашыктуу чырымтал түк чыга баштаган сулууча жигит экен. Бир көргөндө эле, эмнегедир жүрөгүм элеп-желеп болуп, кызыктай абалда калдым. Алгачкы кошумча сабагында Маркс менен Энгельстин “Коммунистик партиянын манифести” деген эмгеги боюнча лекция кылды. Кийинкисинде Энгельстин “Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы” жөнүндө жазган китебин ушунчалык бир эргүү менен түшүндүрүп айтып бергени, башкаларды билбейм, мага аябай жакты. Айрыкча, Морган менен Бахофендин үй-бүлө, ургаачы-эркек мамилеси, жыныстык катнашуулар маселеси боюнча байыркыдан баштап ар кайсы коомдордогу каада-салттарды, ырым-жырымдарды баяндаган жерлери жөнүндө кайра-кайра суроо берип, ошо шылтоо менен Асанга жакындашка өттүм. Экинчи сменде окучубуз. Анан мен мектепти алтын медаль менен бүтүшүм керек, коом таанудан мага өзүнчө кошумча сабак берип туруӊуз деп Асанды кеч күүгүмгө чейин алып калганды адат кылдым. Ошондой түнгө калган күндөрдүн биринде жол алыс, ит-куш  деген болот, тил алсаӊ, мен жеткирип коёюн деп, өзү мага кошулуп алды. Менин да көптөн күткөнүм ушул болчу. Короодо аркандалган кара эшекке ал минип, мен учкашып, түн кезип “Шаркыратмага” жөнөдүк. Оо, ошондогу айлуу түндүн ажайып сулуулугун айт. Көк бетинде көктөмдөгү көк гүлдөрдөй ай-ааламга керемет көрк берип, жаркырап жайнаган жылдыздар. Тоонун салкын жели менен мурунду өрдөп, өнө боюӊду сергиткен ар түркүн чөп-гүлдөрдүн, эрмен-шыбактын эсти эӊги-деӊги кылган жыпар жыты. Кара эшек өрдө кайкалай калса, көт жагына жылмышып, Асандын белине жармашам. Ылдыйда ынтылып, кайра эле бек кучактап калам. Ошентип эшектин ысык кырарка чычаӊында чыйпылыктап ойдолой берип, алам кызып дуулдап, суум агып кеткенин да сезбей калам. Алансайын Асандын аркасына жабышып, эркектин эс эӊгиретип эӊсеттирген жытын искеп, эс-мас абалда магдырап бараттым...

Асандын баяны

Ысман агай “Шаркыратмадан” жаӊы окуучулар келип кошулду, аларга кошумча сабак өтүп, мага жардам бербесеӊ болбой калды. Адегенде биздин мектепке аты коюлган “Карл Маркс” деген ким экенин, анын коммунизм жөнүндө окуусун жалпы жонунан түшүндүргөндөй болдум. А бирок кийинки теманы: Энгельстин “Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы” туралуу эмгегин көзү бозоргон бозойлор менен эркекти эӊсеп эрсиреген селкилерге ачыктан ачык, кеӊ-кесири чечмелеп берүү ата сакалы оозума бүткөн мага ыӊгайсыз болуп атат. Ал изилдөө китебинде, илим деген эми  илим да, көп маселелер - көт көйгөйлөрүнө чейин көтөрүлгөн. Бүтүн жер жүзүндө орун алган, ошолорду далилдеп көрсөткөн фактылар келтирилет. Арасында азыркылар үчүн өөн көрүнчү көрүнүштөр бар. Аларды өзүӊ деле окугансыӊ да. Ал жагын сага тапшырууну эп көрүп турам деп маселени кабыргасынан койду. Бул тема 14-15 жаш өспүрүм курагына келип, курту козголуп, көзү бозоруп, ышкысы кутуруп тургандарга кызыктуу болуш керек. Аны теӊтуштарыӊа өзүӊ каалаганыӊдай ачык айта берсеӊ болот да деди.

Ошо менен алгачкы сабагымы Ысман агай баштап койгон коммунизм тууралуу баянды улантып, Маркс менен Энгельстин “Коммунистик партиянын манифести” эмгеги боюнча лекция окудум. Байкашымча, буга окуучулар анча деле баам салып, кызыгышкан жок. Тек гана сыр билгизбей, сыпайы тейде олтурушкандай болду. Лекциям кандай таасир этип атат болду экен деп ара чолодо астыртан класска көз кыйыгымы салсам, жаагын кош колдоп таянып, мажүрүм талдай тармал чачы тал-талынан уюлгуган бир жакшынакай кыз менден көзүн албай, кой көздөрүн жалжылдатып, өзүнчө эле алда немедей бир ой-кыялдарга батып, телмирип олтурганын көрдүм. Ошо көргөндөн эле менде да бир белгисиз ышкы каалоо-сезимдер козголуп, алиги кыз жүрөгүмдү азезил-шайтандай бүт ээлеп алды. Бассам-турсам оюман кетпейт. Уктасам түшүмө кирет. Кызыктын баары экинчи кошумча сабагыман кийин башталды. Ысман агайдын атайын тапшырмасы менен ага дыкат даярданган элем. Балээнин балээсине ошондо кабылдым. Мага жанагы жалжылдаган жаш бийкеч үстөкө-босток суроо берип, таза жабышып алса болобу. Моногамия, полигамия, проституция, гетеризм эмне дейт? Эптеп-септеп жооп берсем, эртеси Ысман агай айткан эмприокритицизм дегенди такыр түшүнө албай койдум, ушу боюнча мага кошумча сабак өтүӊүз деп талап кыла баштаса болобу. Айлам кетти.

Ошондой кошумча сабактардын биринде кеч калдык. “Шаркыратма” жолунда эшекчен учкашып өйдө-ылдый өпөӊ-чычаӊ кетип баратабыз. Айша улам-улам кучактап, кежигеме жабыша калат. Анын уй сүтүндөй ууз жыты мурунума буруксуп, эшектин өӊгүл-дөӊгүл өйдө ылдыйда өпөӊдөп желиши менен чурайым ээрге ыйкала берип, чымырап чыӊалган “чыбыгымын” суусу бырт-бырт атып кетет. Ошентип жүрүп олтуруп айылга кире бериштеги “Муз-Булакка” жете келдик. Ошо жерде бираз эс алалы дедик. Мөлтүр кашка муздак суудан оозанып, албырып кызыган бети-башыбызды чайынып, жакасындагы жашыл майсада чалкабыздан жатып ай-асманга көз чаптырабыз. Ал аӊгыча оттосун деп бош койгон эшегибиз аӊгырап айкырып ийсе болобу. Не болду деп чочусак, айгыр эшек чочогун салаӊдатып, анысын улам-улам чандырына чапкылап, бизди карап турган экен...

Билмексен болуп, алагды кылайын деп, Айша, оо асманды карачы дейм. Ал дагы эмне болду деп, таӊ калгансып, обого көз тигет. Көрдүӊбү дейм, сени, мени, эшек үчөөбүздү ааламдын канча көзү карап турат. Сансыз жылдыз-көздөр, галактикалар бизди байкап турушат дейм. А эмне үчүн дейт? Эмне үчүн болмок эле, бизди сүйүшсүн деп атат да дейм. Эшек дагы сүйөбү дейт. Сүйгөндө да кандай сүйөт, биз адамдар ал жагынан эшек менен атааӊдаша албайбыз дейм. Өзүм эшектикинен бетер кооп коройгон кургурумду колум менен басып жашырып, калп эле ай-асманды айтып, Айшаны алагды кылыш амалындамын. Аӊгыча Айша ай-аалам, жылдыздар дүйнөсүнө өзү да билип-билбей сүӊгүп кетти белем, Асан, оо ободогу жайнаган жылдыздар Жердеги кишилердин жаны дешет ко. Ушу чынбы деп мага суроолуу көзү менен жооп издегендей жалооруй карайт. Чын дейм. Чоӊ атам, ага чоӊ атасынын чоӊ атасы айткан: асмандан жылдыз учуп жылас болгондо, бүгүн бир киши өлдү дешкен. А биздин жылдызыбыз кайда? Ал дагы учканда биз дагы өлөбүзбү? - дейт. Биздин жылдызыбыз кайсы экенин, ал качан жылас болуп учаарын билбейбиз, кептин баары ошондо дейм. Ага чейин аны-муну ойлобой, “күлүк күнүндө, тулпар тушунда” деп жашай бериш керек дейм. Анан Айшанын жылдыздар жайындагы кыялдарын уланткым келип: тээтиги жаркыраган топ жылдызды көрдүӊбү дейм. Кайсы-кайсы дейт? Сөөмөйүм көрсөткөн жакты карасаӊ дейм. Ии-ии, көрдүм дейт. Эми ошол топ жылдызды колум менен айландыра көз алдыӊа тартам. Көрдүӊбү дейм. Чөмүчкө окшош бекен? Анын аты - “Чоӊ жетиген”. Кичинеси да бар, бирок ал бүлбүлдөп жакшы көрүнбөйт. “Чоӊ жетиген” – чөмүчкө окшош. Ошол чөмүч менен бүт жылдыздарды сузуп алып, алдыӊа тартуу кылайынбы дейм. Колуӊуз жетпейт да дейт. Туура айтасыӊ, асылым Айшам, аттиӊ арман, ой жеткен менен чын эле кол жетпейт да дейм. Ошол түнү экөөбүз алгач ачыкка чыгып, каалашыбызча өбүшүп жытташтык, өмүр бою бирге болуп, өлгөнчө бири-бирибизден ажырабаска антташтык.

Айшанын аӊгемеси

Асан экөөбүздүн ашыктык ышкы мамилебиз күн-айлап күчөп, эгиздердей ээрчишкен керемет кездер да бат эле артта калып, орто мектепти алтын медаль менен аяктадым. Мектепти менден бир жыл башта мыкты баалар менен бүтүп чыккан Асан ал ортодо жардам берер жакын тууган-туушканынын жогунан жогорку окуу жайына баралбай, трактористтерди даярдоочу кыска мөөнөттүү курстан окуп, айылдагы жалгыз апасын трактор айдап багып жүрдү. Аттестат алаарым менен Асанга борбор калаага жөнөп, жогорку окуу жайына документ тапшырарымы айтууга аргасыз болдум. “Сен да жүрү, окууга тапшыр, чогуу билим алалы» – дедим. Асан оорукчан апасын жалгыз таштап, окууга кете албасын айтты. «Окууну кийин сырттан окуйбуз, сен да кетпе, мен да барбайын, андан көрө баш кошуп бирге түтүн булатып, жаңыртып там салалы, жер-жемиш айдайлы, мал багалы» деген сунушун, ичим туз куйгандай ачышып, кабыргам канчалык кайышып турса да, кабыл алалбадым. «Алтын медаль менен окууну бүткөн кыз болсоң, окубай кайда барасың, окууңду улант», – деп ата-энем да намыстанып туруп алды. Ошо менен: «Сен эмне кылсаң өзүң бил, мен кеттим» – дедим да, эртеӊки тагдырымды тобокелге салып, алдыдагы азгырма жашоомду карай элирип кадам таштадым. Кыялкеч жаным, адабиятка айрыкча кызыгып, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын көп окучумун. Өзүм да алардын таасири менен анда-санда ыр жаза калчумун. Адабияттан сабак берген Эргеш агайыбыз биз өмүрү угуп-билбеген дүйнөлүк адабият классиктеринин белгилүү чыгармаларын мисал келтирип, алардын алда кандай ажайып сырдуу сюжеттерин айтып бергенде, бүт классыбыз менен арбалып, нес болгондой муюп угаар элек.

Агай апта сайын бизге эркин темада сочинение жаздырчу. Ал жагынан да алдыма эч кимди чыгарчу эмесмин. Агайым, Айша, сенден куда кааласа, келечекте чоӊ жазуучу чыгат деп көтөрө чалып мактап калчу. Көӊүлдөгү көксөөм менен документими Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырдым. Кабыл алуу шарты боюнча, мектепти алтын медаль менен бүтүргөндөр өздөрү тандаган кесипке тийиштүү негизги предметтен беш алса, калгандарынан бошотулуп, дароо студент болуп калат экен. “Кыргыз адабияты” сабагынан кирүү экзаменинде белет алсам: “Аалы Токомбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы”, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романы”, “Чыӊгыз Айтматовдун “Жамийла” повести” деген суроолор келиптир. Аларды билсем да, ой токтотуп, опколжуган жүрөгүмүн демин бираз басып алайын деп, маалкатып олтура бердим. Көз айнегинин үстүнөн мени баятан бери тикчийе тиктеп тирмийген отуз жаш чамалуу экзаменатор бир маалда убакыт бүттү, Койбагарова Айша, келгин деди. Биринчи суроого жооп берип атып, Аалы Токомбаевдин 16-жылкы Үркүндө орустан качкан эл менен кошо Кытайга ооп барганын, ал ошо жакта да жөн жүрбөгөнүн айтып оозуму жыйгыча эле агай: “Болду-болду, баары түшүнүктүү, а киши бул жакта да жөн жүргөн жок”,- деп сөзүмдү тык токтотту. “Экинчи суроону тим эле кой, өзүӊ алтын медаль менен тоо арасынан келипсиӊ, мен аны сурабай-ак койдум”,- деди. “Андан көрө айтчы, согушта жарадар болуп, жакын арада госпиталдан кайтып келээри анык болуп турган эрин күтпөй, жамгыр себелеп, күн күркүрөп, чагылган жарк-журк эткен добулдуу кеч күүгүмдө Жамийла үймөк самандын түбүндө жаткан Даниярга өзүм келдим, сеникимин, жалгызым, секетим деп жалбарып жатып бергенин кандай түшүнөсүӊ?”- деп демитти. Мындай капылет суроону күтпөгөн жаным эмне дээримди билбей эндиредим. Ии деди, он жыл окуп, кыйратып койгонсуп алтын медаль алып келесиӊер. Бирок өзүӊөрдүн ким экениӊерди, айбандык табигый инстинктериӊерди, ички табиятыӊарды билбейсиӊер. Эзелде Грек философу Сократ айткан: “Эй киши, алды менен өзүӊдү-өзүӊ аӊдап бил, андан кийин башканы ойлоп, башыӊды оорута бер” деп. Эротика ышкысы, секс сезими, жыныстык катнаш кумары деген болот, алар сенде да, менде да, жан-жаныбар макулук аттуунун баарында бар. Ошол оргазм ырахаттын арты менен турмуш токтобой, тукум уланып турат. Муну силердин биология мугалимиӊер түшүндүрүшү керек эле да. Аныӊар институтту эптеп-септеп бүткөн бир кемпай окшойт. Ошон үчүн мына, эӊ жөнөкөй, адам-зат жашоосунун маӊызы болгон маселени сурасам, асмандан жаӊы эле түшө калгансып элейесиӊ. Анан силерге алтын медалды кимдер берип жүрөт. Ошолор да илим-билимден бечел калган бир байкуш бечаралар бейм. Өздөрүнүн түбү макулук экенин түшүнбөгөн түркөйлөр да деп шуу үшкүрдү. Баарыбыз айбанбыз, карындашым, капа болбо, беш коё албайм, бу жагынан сага кошумча сабак керек экен. Эгер макул десеӊ, ал көйгөйдү өзүм колго алайын, иш жүзүндө көрсөтөйүн, сени жакшылап практикадан өткөрөйүн, калганын ошондон кийин байкаштыралы, балким кандидат кылып студенттикке кабыл алдырууга аракет кылам деп көз айнегин сөөмөйү менен өйдө итерип койду. Эки беш, бир төрт деген баа менен конкурстан жыгылып, университетке өтпөй, ара жолдо калдым. Мектепти алтын медаль менен бүтүп алып, анан Университетке өтпөй калдым деп айылга кантип барам деп ардандым. Эмне кылаар айламы таппай мукурап, алдастап калган учурда Университеттин алиги менден экзамен алган шылдыӊкор жаш мугалими студенттикке кандидат кылып өткөрөм деп ичи-койнума кирип ээрчитип жүрүп, ыгын таап, ишенимиме кирип, акидей асылды да калды. Кошумча сабак өтөм дейт. Факультетте чет элдер адабияты боюнча атайын курс окуйт экен, өзү окууну лениндик стипендият болуп бүтүрүптүр. Туулуп-өскөн түбү Тажикстандын кыргыздар жашаган “Мургаб” чөлкөмүнөн экен. Алгачкы лекцияны Ренессанс доорундагы айтылуу Италия жазуучусу Джованни Боккаччонун «Декамерон» деген атактуу чыгармасынан баштайбыз деди. Анда сага туура жол көрсөтчү көп көрүнүштөр, окуялар бар деди.

Адегенде кошумча сабакты Университеттин ээн аудиторияларында өтүп жүрдүк эле, кийин алар бош болбой калып, агайым Москва көчөсүндөгү аспиранттар үчүн курулган жатакананын жетинчи кабатында жашайт экен, мени ошол жакка ээрчитип барып, окута баштады. Эзилишип ээрчишкен күн-түндөрдө Асан да мага Шахразааданын миӊ бир түн жомокторун эргий-эргий эреркеп айтып берип, эт-жүрөгүмдү элжиретчү эле. Агайдын “Чума” тумоосунан качып, бейпил жайда таӊ-тамашага батып, ар кимиси бири-биринен өтүп, аӊгеме дүкөн салган жаш ургаачы-эркектердин сайран күн-түндөрү, андан да сүйүү, жыныстык кумарга чөмүлүү тууралуу аӊгемелер, көрсө, ажал коркунучу алдында адам пендеси башканын баарын унутуп,  болушунча ошол аял-эркек махабат лаззатынан ырахат алып, анан өлсөм өлө берейин дейт турбайбы деген ойлор жүрөгүмү мыжып, санаамы санга бөлдү. Кийинки сабактарында Данте менен Петрарканын өмүр баяны, чыгармалары тууралуу айтып берип, алар сүйгөн Беатриче, Лаурага байланыштуу махабат таржымалын саймедиреп, аӊгеменин асери дене-боюмду талыкшытып-балкытып баратканын байкап, анда-санда сен да менин Беатричемсиӊ, Лаурамсыӊ, сени алардан ашык сүйсөм сүйөм, кем сүйбөйм деп белимден бек кучактап, өөп-жыттайт. Өзүмө-өзүм ээ боло алалбай, эрксизден эзилип берилип кетем.

Бир күнү агай сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчүмө эмне бересиӊ, бересиӊби деп белимен сыга кучактап, чачымы жыттагылап, алкымымы аймалап, эмчегими кармалап көкүрөгүнө бек кысып, мени тик көтөрө калып, айлан-көчөк кылып ийсе, эмне болуп кетти деп, эч түшүнө албай апкаарып калдым. Бересиӊ, бересиӊ деди. Эмнени берем, анчалык эмне болду, теги тынчылыкпы деп тымпыйдым. Куда кут кылсын, тынчылык-тынчылык, бүгүн сенин маселеӊ боюнча деканга, андан биротоло бышык болсун деп ректорго кирип чыктым. Алыскы тоолуу айылдан мектепти алтын медаль менен бүтүрүп келген зээндүү кыз экен, күнөө менде, алтын медалды чын эле татыктуу болгону үчүн алганбы же жалганбы деп сынамакка кычык суроо берсем жооп бере албай калганынан төрт койдум эле, конкурстан өтпөй калды. Азыр убалына калганыма жаным кейип, уялып турам. Жок дегенде кандидат кылып кабыл алганга уруксат бериӊиз деп сен үчүн жалдырап сурандым. Алар макул болушту. Ураа! Муну атайын белгилебесек болбойт да, Кудай да кечирбейт, буюрса, студент болдуӊ, кеттик-кеттик деди.

Бөлмөсүндө шампан-шараптарды, закускаларды жайнатып, шатыра-шатман. Бүгүн ичпеген, качан ичебиз дейт. Оозума шампан куюлган бокалды такап, “до дна, до дна” деп кыстайт. Өмүрүмдө шарап ичпеген жаным, эсим эӊгиреп, эмне болгонумду билбей, мас болуп, керебетке сулк куладым. Эртеси ойгонсом, энеден туума дырдай жыпжылаӊач жатыпмын. Шейшеп терге чыланып, жоон саныма аккан кызыл кан катып калыптыр. Өлдүм дедим, өлгүм келди. Жан ширин экен өлө албадым. Агайдын эркине эрксизден багынып, анын ар түн сайын жатканда “Декамерондон” айтып берген аӊгемелерине, Пампинеям-пампушкам деп жалынып-жалбарып, Элизам деп эркелетип жан-тенимди жыргатканына көнө баштадым. Бир күнү кылаарга ишим жок, “Дзержинский” бульварында басып келатып желге чайпалган дарактардын ала-телек көлөкөсүнө кирип барганда теңселип башым айланып, кызыктай абалда болуп жатканымы боолголоп, жүрөгүмүн үшүн алган бир коркунучту сездим. Кез-кез башым айланып, кускум келет. Шаардагы “Октябрдын 40 жылдыгы” атындагы тигүү фабрикасында иштеген таежем доктурга алып барып текшертсе, боюма болуп калыптыр.

Гинеколог алдырсаӊ өмүр бою тукумсуз өтөсүӊ, ар жагын өзүӊ ойлонуп чеч деди. Агайга боозуп калганымы айтып, эми кандай кылабыз деп кайрылсам, кайдыгер гана “сактаныш керек болчу” деп койду. Ошондон тартып ал экөөбүздүн мамилебиз сууй баштады. Кээ күндөрү жатаканага келбей, башка жакта түнөп, мени жалгыз калтыра баштады.  Андайда мен да фабриканын жатаканасында жашаган таежеме кетип калчу болдум. Бир күнү келсем, столдо “Мен Москвадагы Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтуна эки жылдык стажировкага кеттим, андан ары үч жыл аспирантурада калам, комендатка айтып койдум, бир жумадан кийин бөлмөнү бошотуп, ачкычын тапшырып кетишиӊ керек” деп жазылган записка калтырыптыр. Керебетке күп кулап, кечке соороно албай солуктап ыйладым. Таежем өзү иштеген цехке пол жуугуч кызматка орноштуруп, экөөбүз жатаканада чогуу жашай баштадык. Дендароо болуп, эс-акылым жайында эмес. Буулугуп ыйлай берем, өзүмдү өзүм аябай кыйнай берем. Асанды эстегенде кирээрге жер таппай калам. Көзүмдө жаш, акылым эс-мас. Балконго чыгып көккө көз салсам, карааны карайган канаттуулар убай-чубай кайдадыр учуп баратышат. Алар эмнегедир мага Асанды карай бараткансып сезилет. “Оо каркыралар, Асаныма салам айткыла, менден белги-белек болсун, ага канатыӊардан таштап кеткиле” деп делөөрүп кыйкырып атсам, таежем, эмне, айнып калдыӊбы, алар каркыралар эмес, тээ шаардын таштандысынан тоюп алып, тоону көздөй кетип бараткан каргалар, каргалар деп капшыра кучактайт. Ого бетер өпкөм-өпкөмө батпай өӊгүрөп ыйлайм.

Эпилог

Айылда эртели-кеч нөшөрлөп жамгыр төкпөй, булут катат. Айлана жашыл ыраңынан жана элек. Тоо жашыл, талаа жашыл. Ыңкыган эгин. Көк жайыкта жайнаган кыпкызыл кызгалдактар. Тоонун өрдөшүндөгү Айша менен Асандын айылынын төштөгү апай бетинде: «Айша кел!» – деп Асан соко менен жер айдап жазуу жазган айдоого эгилген күн карамалар тирелип коюу чыгып, тегиз гүлдөп, күн таажысындай болгон сапсары желекчелерин желге желбиретип жай бою: «Айша, кел!» – деп ай-ааламды жаңыртып азыр да айгайлап айкырып  турат...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз