
Кандай сапат эң сейрек жолугат? – Бере билүү.
* * *
Кандай сапат эң мыкты? – Кечире билүү.
* * *
Кайсы сапат эң кыйын? — Унчукпай коюуну билүү.
* * *
Кайсы сапат эң маанилүү? — Сурай билүү.
* * *
Кайсы сапат эң керектүү? — Уга билүү.
* * *
Кайсы сапат эң жагымсыз? — Текеберчилик.
* * *
Кайсы сапат эң зыяндуу? — Көп сүйлөө.
* * *
Кандай адам эң күчтүү? — Чындыкты түшүнө билген адам.
* * *
Кандай адам эң алсыз? — Өзүн күчтүү сезген адам.
* * *
Кандай адам эң акылдуу? — Жүрөгүн тыңшай билген.
* * *
Кандай көзкарандылык эң коркунучтуу? — Өз денесинин кулу болуу.
* * *
Кандай адам эң кедей? — Баарынан акчаны жакшы көргөн адам.
* * *
Кандай адам Кудайга эң жакын? — Кайрымдуу адам.
* * *
Кырсыкты кантип жеңсе болот — Күлкү менен.
* * *
Кыйналууга кантип каршылык кылса болот? — Чыдай билүү менен.
* * *
Жан-дүйнө тазалыгынын белгиси кайсы? — Ишеним.
* * *
Жан дүйнө оорусунун белгиси кайсы? — Үмүтсүздүк.
* * *
Жакшы иштерди жасагандын белгиси кайсы? — Көңүлдүн жай болушу.
* * *
Кандай адамды тирүүлөй өлүк десек болот? — Кайдыгер адамды.
* * *
Кандай адам эч качан өлбөйт? — Башкаларды сүйө билген адам.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ