Кайнар Булак: Кеп түйүнү системаны тандоодо

Президенттик шайлоо алдында элибиз алдыга өнүгүүнүн кайсы жолун тандайт? Кыргызстан үчүн кайсы багыт опурталдуу – президенттик башкаруубу же парламентардык система куруубу?

Арийне, дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү парламентардык системага өткөнү дайын. Ал эми президенттик башкаруу бийлиги жеке адамдын каалоосунан көзкаранды экенин алыс барбай; коңшу өлкөлөрүбүздүн мисалынан эле алалычы. Эсеби маселен, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан өңдүү коңшу өлкөлөрдүн тагдыры биз суктанар абалдабы азыр? Албетте, бул өлкөлөр экономикалык жактан бизден алда канча кубаттуу экенин айныгыс далилдей бетке карманчулар четтен табылар, бирок экономикалык көрсөткүчтөн да баалуу адам эркиндиги менен, адам укугунан бийик эмне баалуулук бар?

Кыргызстан бүгүн экономикалык жактан канчалык чабал дегенибиз менен адамдык ресурстардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн демократия институттарын жаңыдан калыптап келаткандыгы менен Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен алдыга алда канча озуп кеткенин баса белгилеген эл аралык пикирлер арбын. Өзгөчө 2010-жылкы кандуу жол аркылуу бийлик алмашуусунан кийин өлкөбүз парламенттик башкаруу жолуна түшкөнү – жогоруда сөз болгондой, коңшу өлкөлөрдүн жеке басарлык бийлигинен айырмаланып, президенттик башкаруу системасынан баш тарта алгандыгында.

Өкүнүчтүүсү, өнүккөн коом, өнүккөн өлкөлөрдүн үлгүсү менен өз багытын так аныктаган Кыргызстанды кайрадан артка кадам шилтөөгө багыттаган күчтөр чыкты. Алар парламенттик башкаруу жолуна түшүү бизге эртелик кылат, андыктан президенттик башкаруудан өтөрү жок деген далил менен алдыдагы КР Президенттигине ат салышуу камылгасын көрүшүүдө. Мындай опурталдуу багытты беттегендер азырынча Президент менен Өкмөт башынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Садыр Жапаров жана белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров болууда. Эң кейиштүүсү: элибиз А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамбаев жана С.Жээнбековдун мезгилиндеги президенттик башкаруудан канчалык көңүлү калганы С.Жапаров менен А.Мадумаровго эч кандай сабак болгон жокпу?

2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин өлкөбүз парламенттик башкаруу жолуна түшөрү Башмыйзамда жазылганы менен иш жүзүндө А.Атамбаев да, С.Жээнбеков да жеке басар бийлик жүргүзүп, тилекке каршы, парламент курамынын дээрлик басымдуу бөлүгү Президенттик аппараттын гана бармак басты, көз кысты тапшырмасынан чыкпай келгенинин айынан, акыры 3-жолку мамлекеттик төңкөрүшкө тушугуп отурабыз! Мамлекет башкаруудагы соңку тарыхыбыздан сабак албаган С.Жапаров менен А.Мадумаровдон кескин айырмаланган билдирүүнү азырынча ачык, так билдирген саясатчыдан бирөө гана чыкты. Ал – Президенттик шайлоого аттангандардын арасынан белгилүү коомдук ишмер жана кинорежиссёр Садык Шер-Нияз.

Анын ырастоосунда: мамлекетибиздин шору – буга чейинки президенттик башкаруунун айынан жеке басар бийлик улантылып келди. Андыктан Кыргызстан революциялык жол менен эмес, эволюциялык жолду тандоосу керектигин эң алгачкылардан болуп баса белгилеген үчүн азырынча Садык Шер-Нияз прогрессивдүү күчтөрдүн колдоосуна ээ болуп турат. Бул инсан президенттик ат салышка эмне максатта аттангандыгын жарыя кылган күнү эле: Кыргызстанда парламентаризм түзүмүн жактаган күчтөрдүн үмүт шамын кайрадан жандыргандай маанай жаралды коомдо. Садык мырза парламенттик башкаруу жолу менен гана өлкөбүз өнүгүү жолунан тайбай тургандыгына басым койду.

Алдыда прогрессчил күчтөрдүн үмүтүн жандыра турган дагы кандай талапкерлер чыгат – аны жакынкы аралыкта көрө жатарбыз.

Эң негизгиси, өлкөбүздүн тагдыры опурталдуу сыноого кептелген учурда биз да Президенттик тактыга татыктуу талапкерлердин ар биринин саясий багыты туурасында мындан ары карай кыскача баяндама берип турууну көздөйбүз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз