Муса аба: Окурмандын дооматы жана жаш жазуучунун позициясы

  • 18.11.2020
  • 3090

Нууман Сайдуллаевдин «Муса аба» деген аңгемеси менен адегенде «Ленин жолу» (№30, 1988), андан соң «Кыргызстан маданияты» газетасынан (№14, 1988) таанышып чыккам. Биринчисинде, областтык газетада, окуя «Саякат» мейманканасында өтсө, экинчисинде, «Маданияттагыда» Ала-Бука районунун конок үйүндө өтөт.

Ырасын айтканда, окурман катары аңгеме мага жаккан. Башкысы ал катардагы бир окулуп, кайра унутулчу, жанрдын атына жамынган, эптеп чүргөлө калган, гезит бетинен учурай жүрчү майда-чүйдө бир нерсе эмес эле.

Кийин Ала-Бука районуна барып калып, мейманканада куду ошол аңгемедеги каарман Муса абаны турмуштун өзүнөн кезиктирдим, жаш жазуучунун каарманына окшош бир топ белгилерди ошол кишиден таптым, автор адамдардагы биз байкабаган майда, көрүнбөс нерселерди көрө алганына, жинди чалыш, акыл жагынан кем кишини адабиятка алып чыга билгендигине ыраазы болдум.

Ырас, андан бери бир жылдай мезгил өттү. Кайра куруунун кадамдары улам арбып отурду, жакында Ош областтык «Ленин жолу» газетасына (11-февраль, 1989-ж.) «Кайра куруунун каарманы ушулбу?» деген макала жарыяланды. Анын автору – Кыргызстан Компартиясынын Ала-Бука райкомунун экинчи секретары А.Кадыров. Ушул макала колума калем алдыртты, себеби ал окурмандын катында (райкомдун секретары менен илимий кызматкер катары гана сүйлөшүүнү эп көрүп турам) менин «Муса аба» жөнүндө жылуу пикириме, аңгемеге ыроологон таза оюма карама-каршы көз караштар айтылган, аны үчүн мен, албетте, айкындыктын мезгилинде макаланын авторун күнөөлөй албайм, ал өз оюн айтты, бирок мен да өз оюмду айтып, позициямды билдирүүнү милдетим деп сезем.

Талаш – Мусанын образына байланыштуу. Аңгемеде ал мындай бир караганда акыл-эси кем, кадыресе көптүн бирине окшобогон киши, бир мандеми бар адам, ал биз түзүп алган «нормадагы», эрежедеги каармандарга сыйбайт, Павел Власов, Павел Корчагиндерден эмес, «күндүн ысык саратан экендигине карабастан үстүнө кышкы кара жүн пальтону кийип, башында болсо көөнө тумак. Тумагы байланбай эмелекисиндей бир кулакчыны сербейип кыймылдаса күчүктүн кулагындай делбектеп жүрөт». Дал ушул акылы ойнооку кишиден жазуучунун көрө алганы, кармаганы эмне? Бул биринчи кезекте – акыл-эси ойнобогон, туруш-турпаты менен андан өзгөчөлөнүп турган, ал кишини жиндиге, делбеге чыгарган бизди салыштырып кароо. Муса аба жана биз! Биз деген – аңгемедеги мейманкананын нөөмөтчү администратору, спорт кийимчен, шыңга бойлуу жаш жигит, командировкалап барган баяндоочу каарман, аманат кассасынын кассири. Мына ушундай каармандарды алакалаштырып, мамилелештирип, Мусага карым-катыш түзүү аркылуу адамдардын ыймандык маселелерин көтөрүп чыккан. Алар баары биригип өздөрүн ар кандай шартта көрсөтүү менен Мусанын образын ачууга кызмат кылат. Дал ушул жагы менен аңгеме аңгеме болуп турат. Майда деталдардан, диалогдордон көрүнгөндөй Муса аба ыйман-ынсап жагынан башка каармандардан кыйла өйдө.

А.Кадыров минтип жазат: «Н.Сайдуллаевдин «Муса аба» аңгемесинин башкы каарманы элүүлөрдөн ашып калган, үй-жайы кайда, кайсыл жерде туулган, улуту ким экендигин билбеген, акыл-эсинен ажырап, көчөдө калган, ар кимден кийим, акча, тамак сурап, кечке көчөдө жүрүп күн өткөрүп, түндөсү район борборундагы «Саякат» мейманканасынын от жаккан жеринин эшигинде жүрүп түн өткөргөн, башкача айтканда, конституциялык иштөөдөн, окуудан, үй-бүлө күтүүдөн, дем алуудан, шайлап-шайлануудан ажыраган адам». Көрүнүп тургандай, окурман жазган катынын мазмунуна караганда анын оюна аңгемедеги адабий каарман эмес, турмуштагы – Ала-Буканын мейманканасындагы реалдуу киши – Муса аба түшкөн. Аңгемеде автор каарманы үй-жайын, улутун билер-билбесин, от жаккан жерге түнөр-түнөбөсүн, конституциялык укугу жөнүндө айтпайт, деги эле каармандын ал жактары кызыктырбайт, аны адамдардын арасынан, адам катары канчалык даражада экенин көргүсү келет. А рецензент анын коомдук турмуштагы активдүүлүгүнө, анын өндүрүштүк мүнөздөмөсүнө, чарбалык иштерге катышуусуна карап, ошол жагына качырып, андан кристаллдай тазалыкты издейт. Бул деген адабияттын милдетин, маани-маңызын өтө тар, бир беткей түшүнүүнүн бир көрүнүшү болуп жүрбөсүн?!

А эмне үчүн жогорудагыдай, А.Кадыров айткандай кишилер гана адабий каарман болушу керек? Кезегинде М.Гапаровдун «Кара-Көлдүн каздары» аңгемесиндеги ичкич чал биздин замандаш эмес деп, авторго каршы жазылган сын газета бетинде жарык көргөндө андай пикир окурмандар тарабынан жана адабий сында адилет баасын алган. 60-70-жылдарда В.Шукшиндин «чудиктери», «артисттери», «кыялкечтери», «хахальдору», «аракечтери» биринин артынан бири – «нормосуз» кишилер пайда болуп атканда орус окурмандарында да түшүнбөстүк келип чыккан, бирок ошол эле кезде ал автор менен адабиятта жаңы үн – табигыйлыктын, ак ниеттиктин, жөнөкөйлүктүн, турмушка жакындыктын үнү угулганын адабий сын да, окурмандар да илгерилетпей сезди.

А.Кадыровдун дагы бир дооматы жаш жазуучунун (оппонентим айткандай журналисттин) «...райондук сактык кассада көп жылдардан бери эл кызматында ак ниет иштеп жаткан кызматкерди жаманатты кылып, Мусанын элден сурап-тилеп алган 20 сом акчасын алдап жеп койгонун» баяндагандыгында. Ырас, адабий каарман Муса аба менен ала-букалык Муса чалдын көп жактары дал келип калышы, прототиптик жайы болушу мүмкүн, бирок бул жерде ар бир эле адабий каарманды турмуштан издей берүү керек эмес, автор ага сөзсүз түрдө алымча-кошумчалар кошот, эгерде чындап эле Мусаны алдап жүргөн киши табылса, ал бир эмес, бир нече киши болсо, ар ким өзүн, же өзгөлөрдү көрө алса, анда жазуучунун ийгилиги. Деги адабияттын башкы кызматтарынын бири ошондо. Аңгеме, албетте, документалдык чыгарма эмес, айталык, фельетондун кызматын кылбайт, анда А.Кадыров айткан «эл кызматында» ак ниет иштеп жаткан кызматкердин аты аталбайт, өңү-түсү, кийим-кечеси сүрөттөлбөйт. Чынында образды ачуунун кредосу ошол жерге топтолгон.

- «Бу киши бир кызык жан. Жинди дешке оозуң барбайт. Акыл-ою айрым акылдуусунган адамдардан алда канча өйдө. Мисалы ошол узносун эле алалы. Аны жалаң гана өңчөй өз кишисинен бир сомдон узнос чогултат. Ашык берсең да, кем берсең да албайт. Ал бир сомдуктан башка акча аттууну тааныбайт. Анан ошол топтогон акчасын аманат кассага алып барат. Ал жерде бир катын иштейт имиш. Иштегенине көп болуптур. Мен аны көргөн эмесмин. Мындагылар айтышат. Мусанын тилин кассир катын билет дешет. Ошол аркылуу Муса чал кассага кайсыл бир жылдары жыйырма сом салган имиш. Андан бери да ал чогултканын үзгүлтүксүз ошол катынга алып барып турат дейт. А бирок, Муса абанын акчасы ошол алгачкы салынганы боюнча бир сомго кемибептир да, бир сомго көбөйбөптүр да.

- Бу кандайча? - дедим таңдана.

Жигит күлдү:

- Мунун эмнесине түшүнбөйсүз. Ал катын жеп жатат да. А Муса чал болсо узнос толгондо ал айрыпланга айланып, анан ага олтуруп алып, зуу этип энеме учуп кетем деп жүрөт, бечара. Энеси айрыпланга олтуруп учуп кетип калган имиш. Мунун баарын ошол кассир катын айткан дешет. Анын сөзүн Муса кыңк дебей аткарат. Бул чөлкөмдө Муса баш ийген жалгыз ошол. Ал катын да бир курган неме окшойт. Айрыпланга олтуруп экөөбүз учкан боюнча энеңе барабыз, энеңе мен келин болом деген экен. Байкуш ошого үмүттөнүп тынбай узнос чогултуп жүрөт».

Адамдагы балалык кездегидей ишенчээктик, баёолук, а түгүл романтика менен болор-болбос, арзыбас нерсеге азгырылып кишинин ишенимин алдоо, кишидеги адалдыкты уурдоо, жеке кызыкчылык үчүн кем акылдыкты пайдалануу сыяктуу сапаттар мына ушундай кыска контрасттарда табигый берилген. Дал ушул замандаштарыбыздагы нравалык кыйроону, ымандык пастыкты ачып берүүдө Мусанын образы авторго керек болгон. Эмне үчүн аңгеменин каармандарынын бири жаңы төрөлгөн наристесине ошол чалагайым Мусанын атын коюуну ыроолоду? Бул деталь – балага ат тандоо, кокустук эмес, анда Муса жөнүндө, аны сыйлап-урматтагандар да көп экендиги жөнүндө айтуу менен уулдуу болгонун сүйүнчүлөп келген жигитке Мусанын башындагы көөнө тумагын жулуп бериши, бул анын адамгерчилигин андан бетер арттырат, тилекке каршы, наристе төрөлгөндөн берки сөөлөттүү адамдар – баяндоочу каарман да сүйүнчү катары жигитке эчтеке бере албайт, кала берсе жакшы сөз айтуу да колунан келбейт, дежур аял кайра сүйүнчү берүү ордуна майлап-жууп кетишин талап кылат, демек, алардан башындагы тумагын жулуп берген Муса алда канча адамдык жактан бийик турбайбы?

Мына ушул жигиттин сүйүнүч кезиндеги дежур аялдын ага карата «наристени киринтиш керек», демек бир нерсе менен белгилөө зарыл деген сөзүн А.Кадыров минтип түшүндүрөт: «...Ала-Букадагы магазиндерде ичкилик эркин ичип жатат деп көрсөткүсү келип, алкоголизм жана аракечтикке каршы райондук партиялык жана советтик органдардын жүргүзүп жаткан иштерин жокко чыгаргысы келгендигин төмөнкүчө далилдейт. Наристени киринтиш керек деген келиндин сөзүн жигит саамга түшүнбөй турду да: «Ой албетте, албетте, мен азыр барып келем деп чуркап чыгып кетти», - дейт». Деги эле мында Ала-Бука районунун партия комитетинин, советтик органдардын кандай тиешеси бар? Акыр аңгеме деген юридикалык документ эмес го? Ысык-Көлдөгү Базарбайды жазганы үчүн, же Моюн-Кумдагы хунтарларды сүрөттөгөнү үчүн партиянын Ысык-Көл обкому же Казакстандын өкмөтү Ч.Айтматовду айыптап кат жазбаганына кудайга шүгүр.

Чыгармаларга оң образдарды, же партиянын мүчөлөрүнүн сөзсүз киргизүү, ураалатып бүтүрүү, терс каармандарды милицияга салып берүү менен тамам кылуу, кынтыксыз кишилерди сүрөттөө – бул адабиятта биз басып өткөн жараксыз жол экенин бүгүн түшүнгөндөй эле болдук ко деп жүрдүм эле, бирок али анын күүсүнөн арыла албай жаткан экенбиз?! Аңгеме деген аңгеме, ал көркөм адабий чыгарма, анда жазуучулук көркөм токуу (чыгармачылык фантазия) деген болот, алымча-кошумчалар киргизилет, а аны «өксүк өзүнө алат» болуп, конкреттүү район, айыл көрсөтүлүп калганы үчүн ошол райондун, же айылдын жашоочулары авторду кайра куруунун душманы катары көрүп, анын чыгармасын «эч кимдин кызыкчылыгын жактабаган, идеялуулугу төмөн, тарбия берүүдөн алыс элдин көңүлүн иренжиткен...» чыгарма катары эсептөө, ушундай чыгарманы чыгарган газетаны айыптоо бери болгондо эле адабияттын функциясын бурмалоо, анын сүрөттөө объектисин тарытып кысуу.

Анан да рецензент авторго өз пикирин таңуулап, көрсөтмө берет: «...биз эл арасына барып калган мезгилде суроо беришет: «Эмне, Ала-Бука районундагы ар бир уйдан 5000 килограммдан сүт саап алган алдынкы саанчыларыбыз – Равза Шербаева, Неверекан Орозова, Айнура Оролова, Асылкан Момунова, ар жүз тубар койдон 3,5-4 килограммдан жүн кыркып калган алдыңкы чабандар Асыранкул Артыкбаев, Көчкөнбай Абдыраимов, Турду Кочкорбаев, Рыскул Койчуманкулов, 100 бээден 100дөн кулун алган Тажимамат Кабалов, Тайирбек Узаков, Токтобай Дуулатов жана башка эмгектин алдыңкылары жөнүндө жазбайт?» Ушул жерден соболду кайра А.Кадыровго койсок: Эмне себептен жазуучу өз аңгемесинде эмгек алдыңкылары жөнүндө гана жазышы керек? Н.Сайдуллаев жогорудагы тизмеге катталгандар тууралуу гана жазууга милдеткерби?

Эң негизгиси автор жөнөкөй, дубана чалыш кишини көрсөтүү менен ал окурмандарды тарбиялап атат. Муса абага окшогон билинбеген, турмуштан түртүлүп, рецензент айткандай «конституциялык укуктан ажырап калган» дегендей көз караштардын курмандыгы болгон адамды түшүнүүнү, андай инсандарга көңүл коё жүрүүнү, ар бир адамды аздектөөнү үйрөтүп жатат. Муну менен ал адам факторун алга сүрөөдө.

Аңгеменин тарбиялык күчү, кайра курууга салымы, менимче ушунда.

Абдыкерим МУРАТОВ

«Кыргызстан маданияты», 1989-жыл, 6-апрель, №14. – 11-бет

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз