Калык Ибраимов: Шоколадка-мулаткалар

  • 18.11.2020
  • 3574

Алар бүткөн канынан негрлердин,
ацтек, инки, мая, испандардан.
Чыгарып ышпалдасын, ыштандарын –
ыркырап ит сыяктуу тыткандардан.

Басылып азоо айгыр мустангдарга,
баш уруп конкистадор душмандарга,
шору көп шоколадка-мулаткалар –
айланган аласы жок ыштандарга...

Жай кылып анан алар перрондорду,
портторду, отелдерди, борделдерди.
Кайф кармап кокаинден, героинден –
шоколаддай сорушат келгендерди.

Империя, мамлекет, президенттер –
кези келсе, ким билет, кулап калат.
А презерватив, мулатка-шоколаддар –
адамзатка ар качан мурас калат.

Нимфетка-конфеткалар

Теӊтуштарын теӊине албас кокеткалар.
Сүлк-сүлк этип бийлешет дискотека-аянттарда.
Тар болуп кушеткалар, чыдатпай ышкы-кумар,
бар күчүн чыгарышат аяктарга...

Психоз-шамандардай дуулдап шоктонушат.
Аларда жок эч кандай – комплекс.
Көргөндө кай бир жандар “шок” болушат:
анткени алар – ажайып комплект.

Эси-көөнүн бүт ээлеп эрос-секс,
эзилишет бүлкүлдөп – жан жерлери.
Акселерант-абийирсиз ал селкилер –
акчасы көп аӊгилердин – ангелдери.

Оо шайкелеӊ шар мүнөз нимфеткалар,
теӊтуштарын теӊсинбей какшаткандар.
Силерди күсөйт дайым мажнундардай,
махабатка мас болгон какбаш чалдар...

Негритянка-африканка

Кара аялды караӊгыда,
Карайлайсыӊ көрө албай.
Кайда эле деп өпчү жери,
Кайсалайсыӊ өбө албай.

Дама карга – негр катын,
Көздөрүндө от ойнойт.
Бою бойго бир жабышса,
Оӊой  менен бошонбойт.

Көкүрөгү, балтыр-саны,
Кумарыӊды кандырат.
Сүйгөн сайын, ого бетер
Сүйгүӊ келет калтырап.

Коштошордо колун берип,
Билериги жалтырайт.
Кой көздөрү каканактап,
Кетпечи деп жалдырайт.

Айтор, аял карабы-акпы,
Ал эмес го башкысы.
Эӊ кыйыны баарынан да –
Жүрөгүнүн ачкычы...

Секретарша-феялар

Секретарша-секелек кыз, жаш айымдар –
Атка минер акчалууга телингендер.
Алар куунайт кучагында боссторунун,
жолой албайт аларга – көрүнгөндөр.

Тоос куштай жасанып олтурушса,
кенен кеӊсе, кабылдама, офистерде.
Алардын бир көз-караш жылмайганы:
эӊ болбоду дегенде – отуз теӊге.

Ачып коюп төштөрүн, балтырларын,
шаракташат ар кечте шефтер менен.
Шарап ичип, шапар тээп алар азыр –
Фея болуп алышкан лөктөр менен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз