Рахат Аманова: Табылдынын окурманга жете элек кол жазмасы табылды

Табылды Муканов: “Баса,  философиялык категорияларды колуңа кармап жүрбөдүң беле!”

Акын ушинтип өзүнө  айткан экен.  Адатта ички монологдун эрксизден сыртка атып чыгып,  кагаз бетинде калганы сейрек көрүнүш.  Табылды Мукановдун баа жеткис дүйнөсүн: кол тамгасы менен китептерди,  каттарын,  сүрөттөрүн аяр сактап жүргөн жары Тамара Токтомамбетова эжеге ыракмат.  Тамара эже – Табылды агайдын сүйүп алган өмүрлүк жары,  экинчи никеси.  Адал нике буюрган ак сүйүүсүнүн бири.  

Түтүн булаткан түгөйлөр он эки жыл чогуу өмүр сүрүп,  бактылуу ирмемдерди,  ачуу-таттууну бирге татып,  эки уул,  бир кызга ата-эне болушат.  Эр жеткен эки уулу менен кызы Табылды Мукановго куюп койгондой окшош экен. Тамара эже айтылуу Алайкуунун кызы,  экинин бири дей турган сулуу айым.  Жетимиштен ашса да,  аппак жүзүндө бырышы жок ажары алдемейдей!.. Акындын ыр дүйнөсү жөнүндө окурман журту кабардар.  Азыр болсо Табылды Мукановдун буга дейре бизге белгисиз дүйнөсү менен бөлүшкүм келди.  

Тамара Токтомамбетованын сүрөтү Досу Данакан Адашканова тарткан

Акындын акыны катары Табылды Муканов белгилүү.  А бирок үлкөн акындын башка касиеттери да чекене эмес экен.  

Советтер Союзу башында турган социалисттик система менен капиталисттик системанын “кансыз согуш” атыккан тымызын тирешүүсү идеологиялык-информациялык майдан талаасына айланганы эсибизде.  1970-жылы Андрей Лебедевдин “К спорам об абстракционизме в изобразительном искусстве” деген китепчесин Табылды агай жашыл сыя менен чиймелеп-сызып,  жазып окуп,  эки сүрөттүн тушуна ойлорун жазыптыр.  (Акындын китепти чийип-сызып,  жазып окуганы ушинтип окуган мага куп гана жакты!)

Лебедев икусстводогу абстракционизм багытын капитализмдин калбыры чыккан “искусствосу” деп талкалаган экен.  “Название “абстрактное”,  или “абстракционизм”,  происходит от латинского слова “abstracktio”- отвлечение.  От чего же отвлекается абстрактное искусство? Оно отвлекается от действительности,  от жизни,  не имеет ясно выраженной темы,  сюжета,  в нем нет правдивого изображения предметов,  людей,  явлений.  Оно уходит также от разума,  от мысли” дейт Лебедев.  Андан ары “Первую премию по скульптуре получил итальянец У.  Мастроянни.  Его “творение” “Материя”,  которое здесь воспроизводится,  напоминает какой-то немудрящий мотор после того,  как он был сброшен на землю с огромной высоты.” дейт.  Эми да дал ушул “Материя” (Италия,  1957) деген Мастрояннинин эмгегинин тушуна Табылды Муканов жашыл сыя менен мынтип жазат: “Баса,  философиялык категорияларды колуңа кармап жатпайсыңбы!

Мындан мен нени түшүнөм? Материя эски,  байыркы.  Анын тарпы чыккан.  Ал адамдар каякка ийсе,  ошоякка ийилет.  Чойсо чоюлат.  Бирок материя да жашап калыш үчүн адамдар менен күрөшүп жатат: муну анын курч бурчтары,  миздери айгинелейт.  Бул чыгарма мага ушунусу менен жагат.  Ал-Жер! Ал-катып калган цивилизация!..

Келечектеги согушту эске алганда!!” Муканов Т.

Мына эмесе! Шумдуктай ой чабыт ээ?.. Ушул айткандары эле акындын мурунку,  өз учурундагы жана келечек жөнүндө ойлорун, билимин  боолголосо болот: байыркы цивилизациялар,  учурдагы келишпестик жана ошол келишпестиктин айынан мүмкүн деген алаамат коркунучу,  анын кесепети... Бул сөздөрдө жан дүйнөсү бай акындын көрөңгөсү катылган: билим,  интеллект,  эрудиция,  логика,  интуиция...  

Белгилей кетүүчү нерсе, Табылды агай “ошоякка” деп жазып атат.  Демек,  бул сөздүн түштүк диалектисинде айтылышы кулагына сиңип калган маалда окуган экен деп койдум-Тамара эже менен бирге жашаган кезинде.

Андан ары Андрей Константинович Лебедев минтип улантат:“Вторую премию по живописи получил американец М.Тоби,  а вторую премию по скульптуре - испанец Э.  Чиллида,  создавший причудливые,  но лишенные всякого смысла изделия из металлических стержней.”

А Э. Чиллиданын скульптурасы тартылган сүрөттүн тушуна Табылды Мукановдун жазганы:

Нур” деген бул чыгарма мага жагат.  Ал эмнеден кабар берет? Нур жашоонун капиталисттик дүйнөдөгү символу.  Жашоо жарадар.  Ал сынган,  ийилген. Оорулуу.  Бирок ал ошонусуна карабай башын көтөрүп,  дүйнөгө жыландай сыймык менен суктанып карап турат.  Ал мезгил менен таканчыктар жер таппай кармашып да жатат!! Ал өлгүсү, өчкүсү келбейт!”

Көрдүңүзбү, окурман,  жаш жигиттин ой-чабытын? Акындын А. К. Лебедевдин айткандарына каршы чыкканы, СССР деген улуу державанын дүйнөлүк масштабда жүргүзгөн идеологиясына каяшабы же кандай? Менимче, каяша эмес.  Анткени автор менен дегинкиси макул.  Анысы автордун айрым айткандарынын тушуна “Даа!” деп жазгандары күбө.  Бирок “Даа!!” дегендин жанына толук макул эместигин билгизип,  “Луч”,  “Материя” деп жазып, суроо белгисин коюп койгон.  

Менимче, бул сөздөр акындын сынчыл көз карашынын канчалык эркин жана масштабдуу экенин айгинелейт.  Бирок ушунусу да оңойго турбайт.  Анткени ошо кезде СССР деген улуу державанын идеологиясына ашыкча бир ооз сөз айттыра койбогон КГБнын колуна бул китеп ушул жазуулары менен тийсе эмне болорун бир Кудай билет.  Аныгында Советтер Союзу абстракционизмди  формалдуу искусство,  капиталисттик идеологиянын коом үчүн зыянкеч,  бүлдүргүч агымы  деп тааныган.  Мамлекеттик идеологияда бир гана советтик реализмди жана илимий атеизмди туу туткан СССРде абстракционизмди жактап айткан айып болчу.

Баса,  Андрей Лебедев советтик реализмдин үлгүлөрү деп,  баарыбыз билген В. М.  Мухинанын “Рабочий и колзозница” деген монументалдуу чыгармасын баш кылып мисал келтирген бир канча эмгектер баса белгиленген.  Алардын арасында С. А.  Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөтү да бар.  Табылды Муканов сыймыктануу менен ушул сүрөттүн астына орусча жазып:Уверенность,  чувства достоинства…” деп көп чекит коюптур.  Сыймыктанган ушу сөздөрүн улай түшсө канакей деп ичим  ачышты...  

В. И.  Мухинанын “Рабочий и колзозница” дегенине “Суть нашей жизни”,  Т.  Н.  Яблонскаянын “Хлеб” деген сүрөтүнө “Коллективный труд советского человека” дептир.  Ал эми Гитлердин өмүрүнүн акыркы ирмемдери чагылдырылган “Конец” деген Кукрыниксынын сүрөтүнүн астына “Иной мир…” деп көп чекит коюп койгон.

Андан аркысы да кызык.  Акын белгилүү советтик сынчы-адабиятчы Сергей Митрофанович Петровдун “Социалистический реализм” деген китебин казып окуганы.  Адатта мындай саясий идеологиялык өңүттөгү эмгектерди совет доорундагы окурмандардын көпчүлүгү студенттик кезинде окуйт эле.  Бул чындык.  Кийин окуса да окумуштуулар,  саясат таануучулар,  саясатчылар окуй турган.  Ал эми Муканов 1965-70-жылдары студент болгон,  китеп 1977-жылы чыгыптыр да,  80-ж.  окуганы көрүнүп турат.   Адатынча акын бул китепте да сызып белгилеп койгон жерлери бар: “Манас” эпосу тууралуу Чыңгыз Айтматов жана кыргыз акын-жазуучулары жөнүндө.

Окурман балким макаланын узундугунан тажап кеткендир? Бирок эми ушунча киришкенге жараша мисалдарды толук келтирейин.

И. Селвинский рассказывает о влиянии на его творчество киргизского эпоса “Манас”: “Эпопея по самой форме произвела на меня такое сильное впечатление, что свою трагедию “Орла на плече носящий” я написал стихом,  какого в русской поэзии не бывало.  Это был стих,  принятый в тюрской поэзии.  Даже в своей эпопее “Три богатыря” в образе Идолища поганого я внес черточки из “Манаса”,  которых русские былины не знали”.  (“Вопросы литературы”1967, 11, с. 92)

Улуттук баалуулуктарды баалай билген акын,  орус окумуштуусунун мынтип “Манас” тууралуу агынан жарылып айтканын сыймыктануу менен  сызып белгилегенинен көрүнүп турат.  

Акындын окугандарынын арасынан  дагы бир китеп көзүмө урунду “Против маостиских фальсификаций истории Киргизии” (1981-жылы чыккан). (Табылды Муканов 1983-жылы каза болгон – Р.А.) Бул китепти казып окуганы көк-жашыл сыя менен кыйма белгиленгенинен эле көрүнүп туру.  Китептен аз-маз мисал келтирейин. (Азыркы күндөгү Кытайга карыз маселеси,  дегеле мамиле баарыбыздын көңүлүбүздүн чордонунда.  Андыктан кытай тараптын айбаттуу СССРдин тушундагы амбициясына караңыздар. Кыраакы окурман сөз төркүнүн дароо түшүнөт.  Баса,  кытайлардын бул өңүттөгү идеологиясы,  амбициясы саясат таануучуларга,  кесипкөй тарыхчыларга бештен белгилүү.  Ал эми эл-журтка ачыкка чыккан факт - “Манас” эпосун кытай тарап кыйды жол өзүнө менчиктеп алгысы келгени көпчүлүктүн эсинде.  

“Так, на страницах журнала “Лиши яньцзю” встречается уже такие недвусмысленные выражения,  “как наше озеро Балхаш”,  “наше озеро Тэмурту” (Иссык-Куль),  “наше озеро Зайсан”,  “наша река Чу”.  (кыскартуу) “ Особое внимание пропаганда КНР и некоторые китайские историки уделяют в последнее время Советскому Памиру. Этот район, как считает,  например,  Чжен Ши в статье опубликованной на страницах журнала “Лиши янъцзю”, есть, мол “западная часть Синьцзяна” и “испокон веков был территорией Китая”.  (Чжэн Ши.  “Подлинная история вооруженного вторженного вторжения и захвата царской Россией Памирского района Китая”- “Лиши яньцзю,  1977, 6,  с. 113)

 “...агрессивные силы России вторглись в район нашего государства (Китая) в бассейне р. Чу и озеро Тумуэрту (Иссык-Куля) …такие действия вызывали одесточенное сопротивление нашего казахского и нашего киргизского народов”. (Си Да.  “Первые анрессивные акты царской России в западных районах Китая.  “Лиши яньцзю”, 1976, 5,  с. 125, 127)

 “Во всех китайских источниках 18-19вв.  Киргизов называют “фань” или “вай фань” (“вассалы” или “внешние вассалы”).  Реальные факты,  содержащиеся в источниках,  не потверждают существования вассальных отношений между киргизами и династией Цин. ”

Мынакей,  жалпы окурман журтуна махабат ырларын оттуу саптар менен жазган Мажнун акын катары таанылган Табылды Мукановдун дүйнөсү канчалык ар тараптуу болгонуна күбө болдук.  Болгондо да саясат болобу,  тарых болобу,  искусство болобу – баарын казып окуган.  Окуганда да профессионал кесипкөйдөн бешбетер казып окуган.  Айрыкча кыргыз элинин тарыхына,  дүйнө элинин тарыхына,  учурдагысына,  келечегине өтө кызыгып иликтегени көрүнүп турат. Бул келтирилген мисалдар бир эле чети...

Акындын ыр китептерди окуганда кыраакы сын көз менен карап,  оңдоп-чийип,  суроо коюп окуганын көргөндө... Табылды Муканов эгерде белсенип жазса,  белдүү адабий сынчылардын катарын толуктамак экен деп койдум.  Өзүнө да,  башкаларга да катуу талап коюп,  сындай билгени жөнүндө да буюрса сөз болот.  

Дегинкиси,  бул макалада айтайын дегеним: Табылды Мукановдун бир ооз сөз жазса да,  кыргыз тилинин бардык жазуу эрежелерин сактаган сабаттуулугуна баа бердим.  Искусствонун түрүнө кызыкканына жана “Баса,  философиялык категорияларды колуңа кармап жатпайсыңбы!” деп өзүнө айткандай,  жеке көз карашын сабаттуулугу менен, жүйөөлүү аргументтер менен (окуган китептеринен улам айттым) далилдей алганына баа бердим.  Окуп эле тим калбай,  авторлор менен макул боло бербей, көз карашын түз айтып,  жазып калтырганына баа бердим.  

Азыр сынчыл ойду өстүрөбүз дейбиз баарыбыз.  Сынчыл ойдун маданиятын,  өзүн ар тараптан өстүрүп,  билимин билгичтик менен талантын өстүрүүгө пайдалана алган сапатты ушул Табылды Мукановдон көрдүм.  

21. 11. 2020, Ош

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз