Ханституция - чексиз бийликтин чеңгелине салар кошоматчылык

Ээй, кошоматчы кокуй күндөр! Президентке чексиз бийлик берип койсок эле баары өзүнөн өзү чечилип, кой үстүнө торгой жумурткалаган заманда жашап калабыз деген түркөй түшүнүк менен кур кыялыңарды токтоткула!

Жоопкерчиликти бир адам моюнуна алсын дегениңер бери жагы жосунсуз жорук, ары жагы акмакчылык иш. Чексиз бийликти чеңгелине алган президент мага окшогон же сага окшогон карапайым адамга эч качан жооп бербейт. Жооптуу болуп ал эмне келесоо беле? Дегеле кыргыз тарыхында "иттик менден кетти" кечирип койгула, камасаңар камагыла, сабасаңар сабагыла деп курун моюнуна салып келген бир башчыны көрдүңөр беле?

Эмики келе турган президенттер эмне алардан ыймандуу, алардан акылдуу, алардан абийирдүү болот деп ойлойсуңарбы? Күтпөгүлө! Желпилдеген жеңил оюңарды, жөнү жок жөө жомогуңарды тизгиндегиле, баатырлар!

Президенттик системада жашап, өнүгүп жаткан Америка, Франция ж.б. өлкөлөрдү мисалга тартып жатасыңар. Ал жакта эч кимге көз каранды эмес, кара кылды как жарган калыс СОТ деген "чоң киши" бар. Ал киши биздин СОТикдердей болуп президентке кошомат кылбайт, бүгүн бир чечим, эртең бир чечим чыгарып, өз чечимин өзү бузуп шерменде болбойт, коррупционерлерин актап, кожоюндарын мактабайт ал киши. Ал жактагы СОТ үчүн президент менен селсаяктын укугу бирдей. Ал бир жагы. Экинчи жагы, алар ким бийликке келсе ошонун кол куурчагы болуп калбайт. Президентке чапан жаап, ат мингизип, куйтуланып, кууланып, жагынып, жасакерленбейт. Кандай болгон күндө да чындыкты бетине айткандан тартынбайт. Аларда жердешчилик, жолдошчулук, пул мүнөздүк, кул мүнөздүк сезим жок. Ушуну түшүнгүлө!

Бир даарыбыз азыр президентке чексиз бийликти берсек, ал президент ууру, жегич, ичкичтин баарын камап, кустуруп, элдин таламын талашкан элпек, жөндү билген жөнтөк болот дегендей укмуштай бир утопияга берилип жатабыз. Бирок бизде тилекке каршы, таптакыр андай болбойт. Буга анчалык ашкан көзү ачыктын деле кереги жок.

Өзүңөр деле калыс болгулачы? Бүгүнкү элдин башын айлантып, реформанын "формасын" жамынып, куу түлкүдөй куйругун булаңдатып, Конституцияны өзгөртөбүз деп элге "камкор" болуп, кол койгон 80 депутат кечээ кимдер эле? Унутуп койдуңарбы бат эле? Кечээ эле Сокенин союлун чаап, мыйзамдын баарын талкалап, акча таратып, элдин добушун сатып алып, эрдик кылгансып эдиреңдеп турушпады беле? Жаны кашайган эл ошондой жүзүкаралыкка каршы чыкпады беле? Революция ошолордун азабынан болбоду беле?

Эгерде акыйкаттык орносо биринчи ирээтте дал ошолор жоопко тартылышы керек эле го? Эмне үчүн Даканса ошондой кадамга бара алган жок? Анан эле реформа, реформа деп ач айкырык саласыңар. Реформа кылыш үчүн Конституцияны өзгөртүүнүн анчейин не зарылчылыгы бар эле? Бир эмес, эбегейсиз эки бийлик колдо турганда Даканса коррупционерлерди, мыйзам бузгандарды короосу менен камап салса кол чаап коштоп турбайт белек...

Силер сөгүп жаткан оңбогон Теке, эски Конституциянын кайсыл беренесине "кылмыштуу топторду кылтакка илбегиле, мамлекетти тоноп талкалагандарды жазалабагыла, шайлоодо акча тараткандарды жоопко тартпагыла" деп жазып салыптыр? Ошондой жери бар болсо окуткулачы мага? Болбосо жаңы бийликтин колу-бутун кайсы мыйзам тушап турат? Айткылачы ыя?

Мен башында колдоюн деп эле ойлоп жаткам. Бирок кашайып даканса теңирден тескери кетпедиби... Баягы кудайдан жөө качкан шылуун, шумпайлардын баарын кайра эле жанына жыйнап албадыбы... Баягы кетмен менен арык чаап, баягы тырмооч менен жер тырмап баштабадыбы... Кайсы эмгеги, кайсы эрдиги, кайсы калыстыгы үчүн колдоюн?

Акча тараткан үч партиянын бири да суракка чакырылбай, аларга каршы чыккан адамдардын суралып жатканы үчүн колдоюнбу? 700 млн. доллар жегенге 2 млн. доллар төктүрүп, эркиндикке коё бергени үчүн колдоюнбу? Же, учурдагы президенттик статустун узун укуругуна ыраазы болбой, хандык системаны киргизүүгө жата калып жан үрөп жатканы үчүн колдоюнбу?

Ой, айлананайындар! Де-факто – СОТ, ПРОКУРАТУРА, СНБ, МВД, УВД, ГОВД, ФИНПОЛ баары азыр президенттин көзүн карайт, баары президенттин колунда. Мындан артык дагы кандай статус керек? Кыргыз айтмакчы, болочок президентти эмне жарып өлтүрөсүңөрбү?

Шабдан СУЛАЙМАНОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз