Билим үчүн башына чылапчын коюп уктаган Рамус

  • 26.11.2020
  • 3922

Француз философу Пьер де Ла-Раме (1515-1572-ж.ж. жармач аты – Петр Рамус) 21 жашында эле Европа элинин төбө чачын тик тургузган «илим жоокери». Бала күнүнөн тартып көгөргөн көктүгү менен илим-билимге баш байлаганын караңыз: 13 жашка толуп-толбой, киндик каны тамган элеттен Парижге качып, окуп-чокуганды баштаган.

Париж университетинин алдындагы колледжге өтүп алгандан тартып күнү-түнү тирмейип китептен башын көтөргөн эмес. Биротоло китептин кыныгын алган неме түнкүсүн жатар алдында дайыма төшөгүнүн башына калай чылапчынды көмкөрүп койчу экен. А чылапчындын үстүндө жипке салаңдап илинген таш байланып турган. Таш салаңдаган жиптин бир жак учуна болсо кадимки күйө турган биликти (фитиль) улап койчу экен. Качан гана карашалаган уйкусу келген кезде биликтин учун от менен жандырып коюп, жаздыкка кыйшайган.

Канча уктаганын ким билсин, калай чылапчындан «тарс» деген үн чыкканда секирип туруп, кайрадан китептен баш көтөрбөптүр.

Гёте айтмакчы, «Ким билимдүү болсо, ага карама-каршы чыккандар көп» дегендей, жаш Рамустун каршылаштары өтө эле арбын болгон. Ал 21 жашында (1536-ж) алгачкы диссертациясы менен илим чөйрөсүнө батыл аралашып, айжаркын ойлору бүтүндөй Европа элдеринин келмесин оозунан учурган. Болгондо да чоң илимий талкууларда «Аристотель айткандын көбү – калп» деген пикири менен кайым айтыштарды күчөтө берип, илимден жаңылык издебегендердин арасында суук тумшукка айланган.

Рамуска чейин мындай көз карашты айткан эч бир ээн баш болбогон үчүн чайыттай ачык күнгө чагылган тийгенден бетер, илим-билимдүүлөр жакаларын уучтаган. Акыры жүрүп Аристотелди ашкере баалаган илимдин агымын ээрчигендердин колунан киши колдуу болуп өлгөндүгү айтылат.

Кеп бул жерде: бүгүнкү замандаштарыбыз менен Рамустун билимге болгон мамилесин карайлычы! Чын-чынында бүгүн билим алууга өз эрки менен башына чылапчын коюп уктачу «апендини» арабыздан табуу мүмкүнбү?!

Даярдаган Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз