Бир сүрөттүн тарыхы: «Кыргыз баласы» – Чуйковдун арзуусу...

“Советтик Кыргызстандын кызы”... Бул картинаны билбеген кыргыз көрүүчүсү аз чыгар. Чынында эле СССР эл сүрөтчүсү, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Семён Афанасьевич Чуйковдун элүүнчү жылдары тарткан ушул сүрөтү бүгүнкү күндө кыргыз искусствосундагы классикалык чыгармалардын бири болуп калды. Ал эми полотнодо тартылган кичинекей кыргыз кызы — Айымжамал Өгөбаева бүгүн тирүү болгондо 84 жашка толмок. Анда кеп башынан болсун...

... Күрдөөлдү күз күндөрүнүн биринде К.Баялинов атындагы Мамлекеттик балдар китепканасында кыргыз элинин чыгаан уулу, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевге арналган китептин бет ачарын өткөрүп жаткан элек. Иш-чара ийгиликтүү аяктап, китепкананын биринчи кабатына түштүк. Журналисттер жамаатынан аттуу-баштуу аксакалдар, жазуучулар, сүрөтчүлөр, киночулар, архитекторлор, кимдер гана жок... Ырдын алпы Ыр Аке - Рамис Рыскулов бакылдап, биринин сөзүн бири укпай күү-шаа түшүп жатканда, арык чырай ак жуумал келиндин көрүнгөн сүрөтчүгө барып китепче көрсөтүп жүргөнү көзүмө чалдыкты.

Айтылуу кыл чебер Нарын Турпанов менен таланты ташкындаган живописчи Жылкычы Жакыповдор ойлорун айтышты. Карап көрсөм, бала кезден көзгө тааныш “Советтик Кыргызстандын кызы”! Канча жыл болду бу китепти көрбөй калганыбызга. Совет доору тарых болуп калды го. Андан да кызыгы, ичинде менин бир кезде жазган макалам жүрөт. Китепченин эскизин элге тааныштырган “Советтик Кыргызстан кызынын” прототиби - Айымжамал Өгөбаеванын кызы Таалайкүл болуп чыкты. “Айымжамал апамын 80 жылдыгына карата ушу китепчени чыгарайын дедим эле. Сүрөтчүлөрдүн ой-пикирин угуп, анан толуктап туруп басмага берсемби деген ою бар?”- дейт.

Сүрөтчүлөрдүн баары эле китеп чыгара бербейт. Алар чыгармачылык менен гана алек. Китептин иши башкача. Колуман келгенче Таалайкүлгө түшүндүрдүм. Сексендеги апасын, анын арты менен өмүр бою кыргыз элине кызмат кылган С.А.Чуйковдун рухун көтөрүп жатканына таң бердим. Бали, эненин кызы болсо, сендей болсун! Балким, ал энем деп түн уйкусун бөлүп, китеп чыгара койсом дегенде ак эткенден так этип жүрүп, ошол эле мезгилде “Кыргыз баласы” аталган Семён Афанасьевичке гүлдесте даярдап жатканын билбесе да керек...

“Советтик Кыргызстандын кызы”. Кандай шаңдуу. Кандай керемет. Бу китеп кармаган кыз бала кезден жүрөккө жакын. Тээ совет доорунун 60-жылдарынан тартып мектеп босогосун аттагандардын баары ушу сүрөт тартылган китепти көтөрүп билим алышты. Алгач китеп колго тийгенде ак көйнөк, көк бешмант кийип, башына кызыл жоолук байлаган күнгө тотуккан кыздын сүрөтүн сыйпалап канча отурдук. Анда мунун зор чыгарма экенин ким билиптир. Болгону бизди сүрөтү гана кызыктырып, балалык баёо сезимдер менен китеп кармап биринчи класска киргенбизге төбөбүз көккө жетпей сүйүнүп жүрбөдүкпү. Кийин-кийин, мектептин жогорку классына барганда гана бала кезде тааныш китептин мукабасындагы сүрөттүн чыгарма экенине ынандым. Тагдыр буюруп, Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейине кызматка орношкондон кийин бу сүрөттү биротоло толугу менен өздөштүрүүгө туура келди...

“Кыргыз баласына” айланган С.А.Чуйковду кимдер гана билбейт. Кыргыз жергесинде төрөлүп, элдин жашоо-тиричилиги менен бала кезинен тааныш Семён үчүн кыргыз эли-журту абдан ыйык болгон. Он жашына чейин Пишпекте жашап, Бишкектин тегерек четиндеги айыл-кыштак, тоолуу адырларын жакшы билген. Апасы Евдокия Георгиевнаны беймазага салып, достору менен торпок минип, чигит чаап, койчулардын коюна аралаша жайлоого барган. “Түтүнгө ышталган боз үйлөрдүн кийиздери жалаң гана жамааачыдан жаралгандай көрүнчү. Эсимде, мындай боз үйлөрдө түнөп, кийиздин жыртыгынан асмандагы жылдыздарга оңой эле байкоо салса болот. Жылаңач балдардын өңү жердей жана кийиздин өңү менен бирдей эле. Бирок ушул боз үйлөрдө мен жүрөктү зыркыраткан сүйүү, бакыт жөнүндө ырларды уктум: ал жерден мен адамдын өмүрү, кубанычта жана өкүнүчтө жаткандыгын көрдүм. Оттору балбылдаган очокторду, койчулары бар кой короолорду, кедейлердин боз үйлүү айылдарын, мына ушуга окшогон мотивдеги сүрөттөрдү ушунчалык кызыгуу менен тарттым. Алакандай клёнканын кесиндисине жасаган бул этюддарга мен бардык жан дилимди жумшадым,”- деп эскерген Эр Семён Кыргызстанда калган балалыгы жөнүндө. Күндүзү кымыз ичип, ышкын терип, түн ичи жылкычылар менен койчулардын ырын да уккан Эр Семён...

Төтөн, Семён Афанасьевич достору менен Байтиктин Бозбөлтөгүнө чыгып алып жылып бараткан ак булуттарды карап жата бергенин көп эскерет. Бозбөлтөктүн жонунан Бишкек алаканга салгандай көрүнөт. Кыргыздын ыр-күүлөрүн тыңшап, манасчылардын алка-шалка тердеп манас айтканына да күбө болгон. Мына ошол бала чагынан берки элестер сезимтал баланын ышкылуу жүрөгүнөн түнөк таап, кыл чебер болгондо баары кайра ассоцияланып көөнөрбөс чыгармаларга айланды. С.А.Чуйков Ташкентке окууга барганда ал жактан өмүрлүк жары Е.А.Малеинаны тапты. Жубайлар 1921-жылы Москвадагы  ВХУТЕМАСка тапшырып, аны Семён Афанасьевич 1930-жылы бүтүргөн соң Кыргызстанга кайтып келишти. Келгенден тартып жаны тынган жок. Өз жердештеринин келечеги үчүн, алардын маданияты менен искусствосун өнүктүрөм деп каруусун казык, кара жанын азык кылып иштеди.

Москва менен Фрунзенин ортосунда күндү-күн, түндү-түн билбей чабагандап жүрдү. Акыры мээнетинин акыбети кайтып, бүгүнкү Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин пайдубалын түптөдү. Алгач 54 картинаны Москва менен Санкт-Петербургдун музейлеринин казыналарынан тандап алып келиштин өзү эле канча түйшүк. Орто Азияда жок Орус жана Совет сүрөтчүлөрүнүн уникалдуу коллекциясын түзүүгө жетишти. Бу не деген гана эмгек менен мээнетти талап кылат? Мына Семён Афанасьевичтин өз кыргыз элинин алдындагы Уулдук ПАРЗЫ! Азыр мындай парзды “орус” эмес кыргыздар да жасабайт. Кыргызың азыр бийликке жүгүнүп, байлыкка табынган эл.

1934-жылы Чуйковдун жеке сунушу жана демилгеси менен Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзу уюштурулган. 1935-жылы ошол кездеги Өкүмөттүн эшигин жыртып жатып Фрунзеде көркөм студия уюштурду. Акыры анын негизинде 1939-жылы Фрунзедеги  көркөм сүрөт окуу жайы ачылды. Бул С.А.Чуйковдун кыргыз элинин маданиятынын өсүшүнө кошкон зор салымы. Андан сырткары, жергиликтүү элден чыккан таланттуу жаштарды Москва менен Ленинградга окууга жөнөтүү жаатындагы эмгегинин чеги жок. Ал эми анын чыгармачылыгына келсек кышы-жазы Москвада, жайы-күзү Бишкекте жашап чыгармачылык жолун улантты. Мындай жашоо 40 жылга созулган. Москвадан келери менен бир күн турбай бала кезинен тааныш Байтиктин Бозболтөгүнө чыгат. Кээде жанында Евгения Алексеевна. Кээде жалгыз. Жонунда мольберт. Тааныш жер. Байтиктин Боз бөлтөгүнүн жылга жыбыты, шыбак менен куурайы, байчечекей менен сыя гүлү, шыраалжын менен мендубанасы, дагы толгон токой чөп-чарынын кайсынысы кайсыл жерде өскөнүнөн бери жадында. Коёндун жатагына чейин билет.

Борбую ката баштаган өспүрүм кезинен тартып Семён Афанасьевич өзү жасап алган боёк салгыч кутучасын көтөрүп, жылаңайлак тоо кыдырып, биринчи жолу этюд тарткан экен. Ошондо да чөп баскан жалгыз аяк жол менен Байтиктин боз адырына чыгыптыр. “Тестиер бала чагыңдагы жана да акыл токтотуп улан болуп калганда тийген таасирлер эсиңден түбөлүк кетпей күнү бүгүнкүдөй даана сакталып калаары баарыбызга белгилүү. Алар такыр унутулбайт жана да өмүр бою даана көзүңө элестеп турат,”- деп С.А Чуйков көп эскерет. Ырас, ошол бала чактагы элестер менен дүйнөнү  дүңгүрөткөн таланты ташкындап турган кезиндеги ой толгоолору синтезделип калган учурда кыргыз жерине арналган пейзаждык серияларын ”Кыргыз колхоз сюиталарын”—“Эртең менен”(1947), “Чак түш”(1944-1947), “Кеч”(1948,) “Советтик Кыргызстандын кызы” (1948 жаратып жатпайбы (серия СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган).

ЭРТЕҢ МЕНЕН

Кыл чебер чыгармасын айлап, жылдап тарткан. “Советтик кызды” жаратууда ал композициялык эскиздерден жыйырмадан ашуунун жазыптыр. Чоң-Арык менен Орто-Сайдын кыздарынан он этюд жасап, андан кийин гана картина жазууга киришкен экен. Мындай чыгарманы сюжеттик картина десек да болот. А бирок сүрөттүн түзүлүшү портретке жакындайт. Бизди таң калтырганы – кыл чебердин он кыздын арасынан Айымжамал Өгөбаеваны тандап алганы кызык. Башкалардан Айымжамал Чуйковго эмнеси менен жакты экен?! Кеп удулун картинага буралы. Чыгарманын баш каарманы - чымыр денелүү, нур жүздүү кыздын талаада кадам таштап бараткан учуру. Дене түзүлүшү зыңкыйып ишенимдүү арыш керет. Күнгө күйүп тотуккан жүзү менен маңдайы жарык кебетеси бир караган адамды өзүнө тартат. Бу бейтаныш кыздан өзүнчө бир жылуулук келип тургансыйт. Жаш кыздын сымбаттуу дене түзүлүшү эң сонун тартылган кыргыз пейзажынын фонунда рельефтүү ачык көрүнөт.

Каармандын гармоникалык биригиши тууган жердин жаратылышынын образы менен түстөр аркылуу жакшы ачылып берилген: ачык куйкалап тийген күндүн нуру кыздын денеси менен учу-кыйырына көз жетпеген талааны, таптаза көгүш тунук асманды, көгүлжүм болгон бешмантты жаркыратып турат. Оптимистүү образдын көтөрүңкү маанайы жалпы колориттик түзүлүш менен коштолуп көк-көгүш, кызыл-кызгылтым жана саргыч боёктор көп сандаган ыраңдардын кылдат мамилелеринен куралгандай. Образдын монументалдуулугу, анын каармандык-романтикалык маанайда чечмелениши, кээ бир деталдардын (бир байлам кызыл жоолук, кыздын колундагы китеп) жана жалпы символикалуулук, кеңири жалпылаштыруу – мунун баары кайталангыс чуйковдук жан дүйнөнүн жаңырышы эмеспи!

Картинаны карап отуруп, Семён аксакал эң биринчи Айымжамалдан чыныгы кыргыз кызынын жүзүн тапкан тура! Тоголок бет. Тотуккан жүз. Шыңга бойлуу, өткүр көз караш. Ал кезде Кыргызстан жаңыдан гана телчигип келатканда ушундай гана адам, так ушундай образ керек болчу. Муну Чуйков илгиртпей түшүнгөн. Анткени эпикалык жүзү бар Айымжамал аркылуу Советтик Кыргызстандын, анын илим-билимге умтулган жаштарынын жүзү ачылды. Айымжамалдын образы - Советтик Кыргызстанды символдоштуруп турбайбы. Айымжамал Семён Афанасьевичтин жүрөгүнөн өмүр бою түнөк тапканын анын жубайы Евгения Алексеевна Малеина көп эскерет. Алар Өгөбаеваны “Биздин кыз” деп эркелетчү тура. Жубайлар кызын бир жылда бир көрбөсө, көңүлдөрү тынчыбай турган.

Турмуш-шартка жараша, көбүн эсе колдору бошой калганда Газ-69 машинасын шоопуруна айдатып С.А.Чуйков менен Е.А.Малеина тоо тарапка А.Өгөбаеванын үйүнө көп келишет. Ошондогу алардын жолугушуусу күлкү менен кубанычка оролуп, сагынычтары тараганча бакылдашып калышар эле. Эпадам Е.А.Малеинанын колу бошобой же башка иштери чыгып калган кезде, Сүрөтчүлөр союзунан белгилүү сүрөтчү А.Даировду жанына алып жөнөп калчу дешет. Мына туугандык байланыш. Ата-эненин кызына болгон мамилеси. Арзуу сүйүүсү...

Эми сүрөттүн “Советтик Кыргызстандын кызынын” жаралыш тарыхына саресеп салалы...

— Эсимде, Семен Афанасьевич энем менен болгон өзүнүн сүйлөшүүсүндө: “Кызыңыздын өмүрү узак болсун, элдин эсинде сакталсын десеңиз сүрөткө түшүүгө уруксат бериңиз? Ушундай татынакай кызды чоңойткон сизге ыракмат!”- деп айтканы азыр да көңүлүмөн чыкпайт, - дейт Айымжамал Өгөбаева биз менен болгон аңгемесин сыймыктуу баштап: — Ошондон тартып сүрөтчү менин портеттеримди тартууга киришти. Семён Афанасьевич бүт үй-бүлөсү менен 1943-жылы Орто-Сайга көчүп келишкен. Биз анда жер кепеде турчубуз. Алар менен бат эле ымалалашып кеттик. Кийин да биздин бул мамилебиз үзүлгөн жок. Өмүрлүк жары Евгения Алексеевна Малеина жароокер аял эле. Бизди дайыма эркелетип, өзү да сүрөтчү болгондуктан колу бош боло калганда тарта калчу. Деги ал киши балдардын сүрөтүн көп тартты окшойт. Чуйковдор 1975-жылы Москвада жашап жүрүшкөндө бизди мейманга чакырышты. Бүт үй-бүлөбүз менен аныкында конокто болдук. Москваны кыдырдык. Кремлге бардык. Эки кабат үйүнө келген ардактуу коноктору (арасында ак чачтуу сүрөтчүлөр көп эле) менен чогуу чай ичтик. Евгения Алексеевна жетине албай меймандарына мени “биздин кыз” деп тааныштырып чыкты. Ошондогу уялганымды айтпа... Айтор биздин байланыш акыры барып чоң достукка айланган болучу...

– Кечиресиз, сизди алгач ирет сүрөткө тартканын айтып берсеңиз...

– Анда мен биринчи класста окуп жүргөн кезим. Ошондо тарта баштады. Мезгил күз эле. Үстүмдөгү ак көйнөк өзүмдүкү, ал эми чыптама менен жоолукту Семён Афанасьевич өзү алып келиптир. Ошентип улам тарта берди. Эгер ушул сүрөттү тартууга киришкенге чейинки түйшүктү айтсам, ал бир топ эле кыйын десем болот. Себеби ага чейин ар кандай кыздарды карап, тандап көргөн экен. Бирок тарыхта калчу сүрөткө түшүү бактысы менин тагдырыма туш келген белем. Эсимен чыгып кетпесе, менин портретимди бир нече жолу тартты. Бирок шашпай, үч ирет тартты окшойт. Ооба, үч жолу...

– Чуйков сизге кандай таасир калтырды?

– Ал киши абдан мээримдүү, карапайым. Өзгөчө балдарга жакын экен. Балдар менен бака-шака боло ойноп, каткырып күлүп калчу. Абдан камкор эле. Бир карап эле билип койчу. Абдан сезимтал. Кыраакы. Боорукерлигинин чеги жок. Ошо боорукерлиги менен жүрөгүмдө калыптыр. Семён Афанасьевичтер Москвада жашап турганда биздин Ысык-Ата районунун Калинин атындагы совхозуна келип-кетип турушту. Бир жолкусунда, 1958-жылы мейманга келгенде “Советтик Кыргызстандын кызынын” репродукциясын белек кылып таштап кетти. Артында мага арнаган кол тамгасы бар.

Айымжамал Өгөбаева эмнегедир ушул жерге келгенде сөз учугун улай албай көпкө тунжурап калды. Балким, көз алдына таланттуу сүрөтчүнүн ошондогу элеси тартылдыбы, айтор, оор улутунуп алгандай болду... Бул эми тарых. “Советтик” кыздын прототиби. Бир картинага катылган сыр. Улуу сүрөтчүнүн ондогон атактуу иши бар. Ар биринде өз тарыхы уюп жатат. Жаралыш жагдайын изилдесек учугу улана берет. Кебибиз узара берет. Сөздүн ток этер жери, мурунку классик кыл чеберлер чыгармаларын кантип жаратышкан? Чыгармага болгон мамиле канчалык? Мына ушу жагдайдан алганда “Кыргыз баласынын” чыгармачылыгы узун сабак сөзгө арзыйт.

СССР эл сүрөтчүсү С.А.Чуйков эч качан чыгармаларын шашып тарткан эмес. Баарын ийине жеткизип болгондо гана картинасын элге көрсөтчү экен. Ал “Койчунун кызы” (1948-1956-жылдар) жана “Тоодогу шоссе” (1950-1957-жылдар) чыгармаларын 7 жыл тарткан. Айымжамал Өгөбаева менен анын иниси Бакир экөөн атактуу “Кеч” (1948) картинасына прототип кылып алган. Семён Афанасьевич бу картинанын жаралышы жөнүндө минтип эскерет: “Мен кечке жуук күндүн батаар алдындагы нуру түшкөн эгин талааны аралап бараткан ак боз атчан колхозчунун эки баласы (эжеси жана иниси) жөнүндөгү сүрөттү тартууну ойлодум. Чыгармамдын композициясын эскиз түрүндө бүткөн соң, балдардын, аттын жана кечки талаанын этюдун кадимкисиндей бойдон тартып алышым керек эле. Бир айдын ичинде балдар менен жаратылыштын бир нече этюдун тартып алдым. Бирок атты тартууну уюштура албай койдум. Мага туш келгендердин баары тең эле тору, күрөң, жээрде, ал эми ак боз ат мен барган жерде сейрек. Анын үстүнө бошобойт. Тартуу жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Коңшу колхозго келсем дөңдө бир боз ат оттоп жүрөт. Эртеси, анын эртеси да ошол жерде оттоп жүрдү. Көрсө менчик ат экен. Менин кубанганымды айтпа. Бирок аттын ээси менен макулдашканга бир топ күн кетти. Эртеси күн батаардан бир саат мурда ал атын мен турган үйгө алып келмей болду. Эртең менен мен тура электе атын жетелеп келиптир. Кечинде деп сүйлөшпөдүк беле десем, кечинде менин колум бошобойт,- дейт.

 – Аксакал, азыр аттын кереги жок, кечинде керек. Баарын түшүндүрдүм. Кечинде болсо келбеди. Эртеси да күттүм. Кожоюндан дайын жок. Ат болсо баягы жерде оттоп жүрөт. Кайра макулдаштык. Сөз берди. Бирок аткарбады. Колу бошобой койду. Бир күнү шаарга кетти. Бир күнү конокто болду. Бир күнү конок күттү. Ошентип бир жума кармай албадым. Эки жумадан кийин барып ак боз атты өзүм жетелеп келдим. Он жашар кызды мингизип, жаңы эле тарта баштаганда күн уясына кирип кетти. Мен бар болгону 20 минут гана этюд жаза алдым. Бир жарым ай ушу ак боз аттын маселеси менен алектендим. Жыйынтыгы чыкпады. Тартканым 20 минуттук этюд. Болгону ушу гана. Башка жолум болбоду.

Кээде атты тапсам, кеч кирип кетет. Күндүз макулдашсам, кечинде күн бүркөлүп калат. Же, күндүн маалкы нуру жетишпейт. Бир жолу ат табылды. Аны кожоюндун тогуз жашар баласына мингизип коюп тарттым. Бирок мен жаңыдан кызуу иштеп калганда бала акырындап бышактап отуруп, акыры өңгүрөп кирсе болобу. Эмне болду деп сураганымда, аттан шып түштү да үйүн көздөй тыз койду... Ат качып кетпесин деп кистимди, тартып жаткан сүрөтүм менен боёк-соёгумду таштап, аттын чылбырына жармаштым. Бир аздан кийин бала сооронуп, кайта келип атты минди. Баягы абалында туруп берди. Күн болсо батып кетти. Ошентип этюдум саал башталган бойдон кала берди. Бүт жай бою, төрт ай бою мен ак боз аттын артынан жүрдүм...“.

Мына Семён Афанасьевичтин чын жүрөктөн айтылган чыгармачылыгынын сыры... Бир гана көз ирмем... Күндүн кечке жуук тийиши. Муну сүрөтчү өз оюнан чыгарып деле тартып койсо болмок. Аттиң, Семён аксакал андай адам эмес эле. Анда бул көз ирмем, кечки көз ирмем анча ишенимдүү эмес, кадимкидей чын көрүнмөй калмак тура! Чуйковдун Улуулугу ушунда. Талантынын сыры сыны кетпей уюп жатканы ушу эмеспи. Ал эми атка учкашкан Айымжамал менен анын иниси Бакирди кыл чебер жетер жерине жеткизе сыпаттаган. Кыйналып-кысталып жатып чогулткан этюддарынын аркасында акыры лирикалык маанайдагы “Кеч” картинасы жаралган...

Акыркы ирээт, 1977-жылы С.А.Чуйков Кыргызстанга келгенде Айымжамалдын энеси сыркоолоп жаткан. Байбиченин колун кармалап, ал-ахыбалын сурап, төшөк четинде Семён Афанасьевич бир топко отурат. Уютулган айран, жаңы тартылган каймак, дандырга бышкан нан. Кыл чебер шашпай баарынан ыракаттана ооз тийип, Е.А.Малеина берип жиберген белек-бечкектерин Айымжамалдын колуна карматат. Өгөбаеванын жолдошу Курманбектин аталаш инисинин баласына ак батасын берет (КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, сүрөтчү Талант Өгөбаев). Кыргыз элинин таланттуу уулунун өз эл-жерине болгон сүйүүсү чексиз болгон.

Кыргызстан Чуйковдун ата-журту, мекени. Ал байыркы жана бүгүнкү кыргыз түнөк кылган ааламдын ажайып сулуулугуна сүңгүп, журт жашоосун “ийне-жибине” дейре өздөштүргөн. Чуйковдун чыгармачылык жетишкендиги – кыргыз элинин жашоо-турмушун карандай нукура гана сүрөттөп берген десек жанылышкан болор элек. Себеби, ал полотнолорунда кыргыз чындыгын адамзат маданиятынын сересине бөтөнчө поэтикалык ой-толгоолорго сугарылган кыял сезим менен жеткиргендигинде. Анын ташкындаган талантынан улам кыргыз жаратылышы, эли, ар бир көрүүчү үчүн кызыктуу, тааныш болуп жатпайбы. Семён Афанасьевичтин чыгармалары натура менен идеалдардын керемет синтезинен жаралган. Буанорроти Микеланджело сыяктуу, Семён Чуйков да оомалуу-төкмөлүү жалган дүйнөнүн көз ирмемче тездигин, жашоонун аздыгын философиялык накыл ойлонот.

Москвалык искусство изилдөөчү, искусство таануу илиминин доктору Д. В. Сарабьянов: ”Чуйков жалгыз арзуусуна гана туруктуу... Анын себеби картиналарынын бардыгы Кыргызстанга арналганында эмес. Ар бир сүрөткердин сүйүктүү темасы, образдары, мотиви, мазмуну болот эмеспи. Анын көрүүчүгө айта турган сыры көп, эмне айтарын, кандайча айтарын ал билет... Чуйковдун кыял-сезими, өнөр кабылдоосу кайталангыс өзгөчөлүктүн үлгүсү жана анын жан дүйнөсү, жүрөгү, көздөрү искусствосу менен түгөйлөш, ажырагыс окшош”,- деп жазган. Д.В.Сарабьянов “кыргыз баласынын” чыгармачылыгын талдап келип, Чуйков “тоолорду жана өрөөндөрдү гана сүйгөн, орус токою ага тардык кылып, камалып кетүүчү, анын кооздугун түшүнө да, сезе да алуучу эмес”,- деген саптарынан улам эле Чуйковдун элине болгон арзуусунун баасы канчалык экенин түшүнсө болот.

С.А.Чуйков бир эскерүүсүндө мындай деп ой бөлүшөт: “Биздин жаратылыш – тоолор, талаалар, күндүн батышы, чексиз мейкиндик менин делебемди козгоп, шайдоот терең сезимдерге чакырат. Мен көргөн ал мотивдер ааламдын бүтпөс түбөлүктүүлүгүн дайыма оюма салып турар эле”.

Кыргыз Жери. Ата Журттун ар бир укуму. Табияты. Кыл чеберди бардык жерде коштоп жүргөн. Табияттын ар кандай көрүнүштөрүнө текши караган, күнгө тотуккан нур жүздүү жердештеринин ой санаасын илгиртпей түшүнгөн бул адам, табият менен жуурулушуп, камыр-жумур болуп кетүү үчүн талыкпай пленэрге чыгып, акыры ал жөнүндө сүрөтчүнүн минтип жазып кеткен жайы бар: “Кокустан өзүңө ушунчалык тааныш, жакын, түшүнүктүү, сүйкүмдүү мотивдерди көргөнүңдө кубанганыңдан жерге батпай кетесиң. Ушунчалык азгырык дем, толкундануу менен этюдду баштоого, табияттын сени элирткен ирмеми өзгөрүп кеткенче тартып калууга шашасың. Мезгилди да, мейкиндикти да, жарык дүйнөдөгү кыбыр эткендин баарын, өзүңдү да унутуп, жандалбастап иштей баштайсың...”

Чуйковдун көркөм талантынын залкарлыгы, накыл ойчулдугу “Түбөлүккө жалгашуу” деген эмгегинде башкы нота катары чагылдырылган. Күүгүм алдындагы бир ирмем өмүр, бийик өрүштө боз үй, бир короо кой табияттын керемет симфониясына термелип бала көтөргөн кыз. Чыгарманын күү толгоосу – асман. Чуйковдун калемине анча таандык болбогон жашыл түстөгү асман, жалгыз жылдыз. Ушунун баары анын талантынын, кыргыз жерине, элине болгон теңдешсиз чексиз сүйүүсүнүн, ТҮБӨЛҮК АРЗУУСУНУН далили.

ТҮБӨЛҮККӨ ЖАЛГАШУУ

Өлөр алдында Сёмен Афанасьевич: “Мени Байтиктин Бозбөлтөгүнө койгула. Ошол жерде балалыгым калган. Кыргыз жерин, топурагын жыттап жатайын. Менин жайым ошол жакта!”- деген керээзин айтыптыр. Кыргызстандыктар, керээзин эмес, кебетесин көрүп, маркум менен коштошуп калганга жараган жок. Бул эми кайдыгерликпи же жөн гана адамдын ишин баалабагандыкпы? Билбейм.

Кандай айткан күндө да С.Чуйков Москвада көптөрдүн бири болуп көмүлүп кала берди. Бир кезде кыргыз үчүн каны-жанын берген, кыргыздын тарыхын изилдеп көптөрдүн жинине тийген, акыры “улутчул” атыгып куулган Саул Матвеевич Абрамзонду барктай албагандай эле С.А.Чуйковду да өмүрүнүн акырында баалай албадык окшойт. Болбосо керээзди аткарыш колдон келет эле. И.Р.Раззаковдун сөөгүн деле алып келишти го?

Кайран гана канга сиңген кайдыгерлик! Акыры кыргыздын түбүнө жетет? Түбөлүгү түз болсун. “Кыргыз баласы” - Семён Афанасьевич Чуйковдун  жасап кеткен эмгегин эстей турган кез келер?

Сапалкан АРИПОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз