«РухЭшке» колдоо көрсөткөн Германиядагы мекендештерибизге ыраазычылык

Рухий агартуу ишине колдоо көрсөтүү максатында алыскы Германияда жашаган мекендештерибиз Аксана Исмаилбекова, Рахат Жолдошалиева, Айпери Боронова, Кундуз Качиева жана Асел Сайраан-Дамирге (жуптар) «РухЭш» сайтынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Арийне, алыстагы бул мекендештерибиз менен жеке менин жакындан тааныштыгым деле жок. Урук-тууган эмеспиз. Бири-бирибизге кадырыбыз өткөн деле эч кандай алакабыз жок жүрсөк да... социалдык тармактар аркылуу бири-бирибиздин максатыбызды колдогон тилектештер болуп чыктык. Тек гана алар учурдагы кыргыз коомчулугунун жакшысына сүйүнүп, жаманына күйүнүп; канткенде элибиздин келечегин оң жолго сала алабыз деген убайымга батып жүргөн кандаштарыбыз! Бизди бириктирген аруу мурат ушул гана...

Менин баамымда буларды: учурда Европанын ар кай бурчунда илим-билим багытында жүргөн мекендештерибиздин арасынан суурулуп чыгып, Кыргызстан үчүн агартуу айдыңына жарык нур чачар ыктыярчы топтордун мүчөлөрү десем тагыраак болот ко...

Бизди кубандырганы – Батыш жергесинде илим-билим артынан түшкөн кыргыз урпактарынын канаттары жетилип, бөлөк эл, бөтөн жерде жүрүп да, дүйнөнүн эң алдыңкы элдеринин университеттеринде окутуучу болуп иштеп, ал тургай илимдин ар кайсы салаасында ийгилик жараткан замандаштарыбыз экен!

Бул жакта бири-бирибиз менен тытышып, кокту-колот түшүнүгүнөн алыстабай, бөлүнүп-жарылып, ар кимиси өзүнүн тар түшүнүгүндө камалып жатса, а булар элибиздин ыдыраган ыркына тынчсызданган, мамлекеттик дөөлөтүбүздүн бүтүндүгү бүлүнбөй сакталуусуна санаа чеккен; дүйнөнүн кеңири чалкыган алкагында кенедей өз улутунун төбөсү көрүнгөнүн тилеген абыгерчил мекендештерибиз...

Биздин тилектештигибиз менен мындан ары карай келечек муунга туура багыт берер иш-аракеттерибизди үзгүлтүксүз уланта бермекчибиз. «РухЭш» сайтынан тышкары «РухЭш» ТВ каналыбыз аркылуу элибизге дүйнөнүн жаңы баалуулуктарын, жалпы адамзатка таандык демократиянын орток баалуулуктарын онлайн аркылуу кеңири тааныталы деген ниеттебиз.

Эң башкысы – биздин түпкүлүктүү келечекке максат койгон бүгүнкү өспүрүм курагындагы жаңы муунга көркөм чыгармаларды аудио, видео түрүндө жеткирүү менен бирге аларга онлайн аркылуу англис, немис, француз, испан, чех, араб, кытай ж.б... ж.б. тилдерин үйрөтүү үчүн «РухЭш» ТВ каналында агартуу аянтчасын түзүп бере алсак дейбиз... Эпаада, баба дыйкандын көктөм жазда сепкен үрөнү өз мезгили келгенде мөмө-жемишин берген сымак, биз бүгүнкү келечек муун үчүн билимге инвестиция жумшообуз маанилүү жараян эмеспи. Арийне, көпчүлүк карапайым эл чет өлкөдө сапаттуу билим алуу бир гана колунда барлар менен эле чоңдордун балдарынын бактысына буюргандай түшүнүк менен жашап келет.

Ошондон улам «РухЭш» ТВ каналында өспүрүмдөр менен мамиле түзүүнү баштаган себебибиз: аларга дүйнө элдеринин тилин үйрөнүүгө шарт түзүп, алар да кези келгенде чет өлкөлөрдөгү атактуу окуу жайлардан билим алуусуна багыт берер жолдорду көрсөтө алсак дейбиз. Алар менен чүкө атышып, көк жылгаяк тепкенибиз – саларга куш, кыларга ишибиз жогунан эмес. Тек гана аларга билим-тарбия берүү милдетин мугалимдерге гана жүктөп койбостон, жалпы коомчулук да ар бир кыргыз урпагынын келечегине кайдыгер болбоого чакырык таштоо...

Соңку жылдарда бала бакча, мектеп партасындагы балдарыбыздын сапаттуу билим алуусун оң жолго салалбай келгенибиздин кесепетин эми көрүп атканыбыз жокпу?! Канчалаган көчөт балдар-кыздарыбыз бой сунуп коомго аралашкан сайын түркөйлүк менен караңгылык элди каратаандай каптап, маалымат каражаттарында, соцтармактарда үрөй учурган жаңылыктар чарк учуп турган доорду башыбыздан кечирип атабыз.

Андыктан улуттун сапатын, аң-сезимин, маданиятын өстүрүүдө – жамаатык ынтымакта рухий агартуу ишине билек түрүнүп, улуттун келечеги үчүн жапатырмак иш-аракеттерди жүргүзөр абийирдүү азчылык катмарды калыптабасак, бийлик тобундагы көрчеңгел саясатчылардан канча мерте эл үмүтү сууду?! Аларга караңгы элди башкаруу маанилүү тура, – шайлоодо добушун сатып алууга; утулган тарабы удургуган топторду алдына салып акүйдү талкалап, караламан калк ичинде башаламандык жаратууга өлкөбүз абыдан ыңгайлашып калганын көрдүк. Андыктан коомдо абийирдүү азчылык катмар калыптанууга тийиш...

Ал эми жогоруда «РухЭш» сайтын колдоо максатында Германиядан 400 евро жөнөткөн мекендештерибизге ыраазычылык билдирип атканымдын дагы бир себеби: азыркы бийликтегилер чөнтөгүмдү санай албай куурап атышканынан улам чыккан кеп. Өткөндө Садыр Жапаров баш болгон саясый топ баскынчылык жол менен бийликке убактылуу ээлик кылган тушта анын танапташтары «Азаттык» менен «РухЭш» сайты Батыштын акчасын алган бузукулар, буларды өрттөп жок кылыш керек деген чакырыктар болгон эле. Андан көп өтпөй жакында «Чеч-Дөбө» кеңеши Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» наамын чындыктын тили менен сүйлөгөндүгү үчүн Сания Токтогазиевага; Ишенбай Абдуразаков атындагы «Улут үлгүсү» наамын мыйзамдын тили менен сүйлөгөндүгү үчүн Наталья Никитенкого тапшырып, эки лауреатыбызга тең 100 000 (жүз миң) сомдон бергенибизге куйкалары курушуп, бийликтин Бешинчи каналы аркылуу акчаны кайдан алганыбызды сураганына коомчулук күбө.

Андыктан «РухЭш» сайты башынан эле элдин колдоосу менен түптөлүп келаткан агартуу айдыңы экенин дамамат жарыялап келем. Ал тургай мындан төрт жыл мурда аталган сайтты негиздеп баштаганда эле атпай журтка эки чөнтөгүмдүн түбү тешик экенин жарыялоодон уялган эмесмин. Себеби менин уялганым эки чөнтөктүн түбү тешик экенинде эмес, менин уялганым – элибиздин рухий жакырчылыгы! Мен ачык коомдо жашап, ачык коомду түптөгүм келет. «РухЭш» сайты – диний уюм эмес, баарын жашырып-жабар. Башынан эле элге таянып, эл эсебинен адабий конкурстарды уюштуруп, эл мүдөсүн канааттандырар рухий дөөлөттөрдү коомдун кеңири катмарына жайылтууну көздөп келет «РухЭш» сайты.

Андыктан бизге тилектештик каалагандар, сайтыбызды колдоого алгысы келгендер үчүн 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсеби бар экенин эскертебиз...

Ал эми азыркы бийликти шектендирген «Чеч-Дөбө» кеңешинин сыйлык тапшыруу аземин береги шилтемеден толук көрө аласыздар>>>>>

О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз