Алмаз Кулматов: Саясий жоопкерчиликтин баасы жана баркы

Мамлекеттик башкаруу формасын тандай албай, талашып-тартышып жатканыбыздын өзү саясий жоопкерчиликтин жоктугун айгинелеп турат. Башкара албаган эл бузат, бастыра албаган жол бузат.

Көөнө кыргыздын ушул акылын эске алмак тургай, түшүнбөптүрбүз, кыргыз аталган эмки калк. Мүлдө адамзат нечен кылымдык чайпалуудан соӊ макул болуп, кабыл алган бийликти бөлүштүрүү принциби бизде иштебей, факт жүзүндө жеке адамдын бийлиги, башкарууга чамасы жетпеген соӊ анархия, ал эми бийлик күч менен улам алмашкан учурларда охлократия жана олигархия өкүм сүрүп келди.

Эркиндик менен жоопкерчиликтин катышынан караганда биздин өлкөдө саясатчылар жана кызмат адамдары өз ишмердүүлүгүндө эркин эмес. Биринчиден, алардын көбү көз каранды жана күн карама. Кызыкчылыктар анын жүрүм-турумун, ишинин мазмунун, жасаган кадамдарын аныктайт. Аны колдогон, сүрөгөн адамдардын, топтордун, институттардын ж.б. субъектилердин мүдөөсү, талаптары, макулдашуулар, убадалар аны ээн-эркин коё бербейт, анын ишине, чечимдерине тике таасир этет. Жогорку саясий кызмат адамдары өзүн бийлике алып келген түркүн түстүү топтордун, аны каржылагандардын, паралагандардын, кара күчтүн, ал тургай уюшкан кылмыштын жетегинде калып, өлкөгө эмес, керт башынын жана жакындарынын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келет. Анткени колу байлануу, буту тушалуу, кимдир бирөөлөргө күнкор.

А эӊ негизгиси, өзүн элитабыз деп эсептеген жогорку кызматтагы формалдуу башкаруучулардын басымдуу көпчүлүгүндө интеллектуалдык эркиндик жетишсиздик кылат. Нобель сыйлыгынын алгачкы орус лауреаты, физиолог Иван Павлов акыл-эс эркин болгондо гана чыныгы эркиндик болот деген экен. Дал ушул акыл-эс эркин эмес, билим тайкы, абийир азыраак, нарк кем болгондуктан бийик кызматка келген инсандарыбыздын, журт башкарам деген саясатчыларыбыздын көбү коомду алдыга сүрөгөн идеяларга башы жетпей, өзүнүкү жетпегени аз келгенсип, өӊгөлөрдүн оюн укпай, акылды, ойду, билимди жерийт. Мурдагы президент Курман Бакиев тескери жолго сала баштаганда Турдакун Усубалиевден журт атасы катары кеп-кеӊешиӊизди айтып, ушунчасында токтот, акыры жаман болот деп эскертсеӊиз боло деген пикириме "Мындан алда канча акылдуу, билимдүү Аскар Акаев укпады да түшүнбөдү, эми бул кайдан бааласын сөзүмдү, дээринде жок болсо" деп кескин жооп кайтарды. Акылы эркин киши жоопкерчиликтен качат. Акылдан, ойдон, абийирден оолак киши процесстерди түшүнүп, аны башкарганга интеллектуалдык чамасы, эрки жетпегендиктен, өзүнө жаккан, өзүнүн тайкы түшүнүгүнө жараша иштерди жасайт, популисттик кадамдарга барат. А элди кыйнаган маселелерди өткөнгө, өӊгөлөргө, системага шылтайт, келечекке оодара салганча шашат, эптеп шылтоосун таап жоопкерчиликтен кутулгусу келет. Бийлик башындагы караӊгы, түркөй адам өтө коркунучтуу экенин тарых нечен ирет далилдеди. Эгер түркөйлүккө абийирсиздик менен жоопкерсиздик кошулса өлкө үчүн трагедия, журт башына түшкөн азап, кесепет, кутулгус куя. Өзү кетсе да залакасы "мураска" калат. Андан кийинкиси ага шылтайт. Кыргыздардын соӊку тарыхы буга күбө. Жоопкерсиздиктин, абийирдин жана акыл-эстин жетишсиздиги өлкөгө оор кесепетин тийгизип жатканына мисалдар бир да мамлекеттин тарыхында биздин өлкөдөгүдөй көп кездешпесе керек.

Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө, өлкө калкынын коопсуз, татыктуу жана бардар жашоосуна шарттар жетиштүү. Биз буга чейинки макалаларыбызда, интервьюларыбызда Кыргызстанда өнүгүүгө ресурстар, табигый байлык жетиштүү экенин, географиялык жактан туӊгуюкта эмес экенибизди, жакшы жашоого тарыхый жана моралдык укугу бар элибиз эмгекчил, намыскөй экенин, мамлекеттик башкаруу түзүмү, Конституция, мыйзамдар, коӊшулар, ички-тышкы коомчулук биздин өнүгүүбүзгө эч тоскоол эместигин тарыхый мисалдар, фактылар жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына негизденип далилдегенге аракет кылгам. Ошол макалаларымдын жана маектеримдин ар бир сөзү үчүн жооп беремин жана кандай гана аудитория болбосун интеллектуалдык дебатта айткандарымды айкындаганга даярмын. Дагы айтайын, журт башкаргандарда абийир, акыл-эс жана жоопкерчилик жетиштүү болсо гана өлкөбүз өнүгө алат. Ансыз таман астында жаткан кен байлык шорго айланат, колубуздагы оокат кор болот, мыйзамдар тургай эӊ мыкты деген конституция да иштебейт, элибиздин башынан жакырчылык кетпейт жана мамлекетибиздин эркиндигине, суверенитетине, акыры кыргыз улутунун келечегине оор сокку урулат.

Саясий жоопкерчиликке өӊгөлөргө түшүнүктүү, бизге чоочун көрүнүш. Кызматкерлердин, саясатчылардын, мамлекеттик, коомдук жана саясий институттардын юридикалык, административдик, материалдык жоопкерчилиги биздин мыйзамдарда кенен көрсөтүлгөн. Юриспруденцияда 20 чакты түрү бар. Бирок коомго таасири зор кубулуш болгон саясий жоопкерчилик маселеси ишмердүүлүктүн парадигмасы, жүрүм-турумдун эрежеси жана юридикалык, моралдык тереӊ мааниге чулу категория катары коомдук аӊ-сезимде орун таппай келет, саясий чөйрөдө али актуалдаша элек. Бирок буга суроо-талап жетиштүү. Ким жооп берет деп калайык, карапайым эл дайыма сурайт. Эч кимибиз так жооп бере албайбыз. Кайсы бир атка минер, саясий партиянын өкүлү, коомдук уюмдун мүчөсү бийлик алмашканда гана кайсы бир кылмыш "иши" үчүн укуктук жоопко тартылышы ыктымал. Бирок саясий жоопкерчилигин эч бири сезбейт, эч нерсе болбогонсуп билгенин кыла берет. Коом да бара-бара көз жумат. Макул дейли, кабыл алган чечим, жасаган кадам мыйзамга формалдуу түрдө каршы болбой, бирок өлкөгө зыяны, элге залакасы же коомго зыяны тийсечи, анда канттик? Адатыбызча мыйзамда так жазылбаптыр, система жаман, мага чейинкилер, глобалдык кризис күнөөлү, тышкы же үчүнчү күчтөрдүн кылганы деп, көнгөн шылтоону айтып кутулабызбы. Өлкөгө, коомго кыянатчылык кылса, бирок ал кыянатчылыгы мыйзамда көрсөтүлбөсө, бейжооп, жазасыз калса же болбогон башка бир ишке айыпталып, акчасын төлөмүш этип, ошону менен көксөө сууп, мына колу менен кылганын мойну менен тартты демиш болуп элди алаксытып келебиз. Жапонияда ишканамды уят кылдым, өзүмдүн абийириме шек келди деп мурда харакири кылса, азыр кызматынан дароо кетет, элден кечирим сурайт, өмүр бою күнөөсүн жууганга аракет кылат.

Америкада же Европада коомдук айыптоого тушугат, кызматынан кетет, журт алдында кечирим сурайт. Бизде андай окуя түшкө киргис нерсе. Туура, өз каалоосу менен кызматынан кеткендер болду, артынан кубалап барганда арыз жазып бергендер да бар. Бирок саясий жоопкерчилигин сезгендер барбы? 30 жыл ичиндеги президенттерибиз кетирген каталары, тийгизген кесепети үчүн кечирим сурап, айыбын эмгеги менен актаганга аракет кылдыбы? Же өкмөт башчыларынын ичинен менин конституциялык укугум жана милдетим эле, президенттин, оозун карап отуруп, жармачтык кылыптырмын, мени бийликке алып келгендердин айтканын чыга албай элимди кыйнаптырмын, журтумду убайга салыптырмын, калкыма келген ырыскыны тээптирмин, тууруна конгон кушун качырыптырмын деп кечирим сураганы болдубу? Аз айып, көп күнөө менде деген бир министр эсибиздеби? Билбей шайланып алыптырмын, үмүтүӊөрдү актай албадым, убадама тура албадым, өөдүк-сөөдүк сүйлөп, өөн иш кылып уят болдум деген депутат болдубу?

Биз шайлаган, дайындаган министр эле, бекер ишениптирбиз, колунан келбеди, кечиргиле деген партия барбы? Мен сунуштаган, күчкө салып шайлаткан өкмөт үмүт актабады, мен айыптуумун, кечир, калайык деген мамлекет башчысы болдубу бизде? Жок. Саясий жоопкерчиликке тике тиешеси бар суроолорго оӊ жооп табылбайт, кашайып.

Илимде жана юриспруденцияда саясий жоопкерчилик түшүнүгү негизинен эл аралык укуктун бир түрү, кээде бир ченеми катары белгилүү. Эл аралык укуктун ченемдерин бузган учурда кайсы бир субъектиге карата колдонулуучу санкциялар, репрессалийлер (мажбурлоо, кыстоо) жана башка жаза чаралар жалпы жонунан саясий жоопкерчиликке тартуу актысы катары аталат. Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу глобалдык же регионалдык, жалпы же адистешкен уюмдардын алкагында ошол уюмга мүчө мамлекеттер, субъекттерге карата уюм же жеке тараптар тарабынан колдонулат. Мисалы бир мамлекет тарабынан башка мамлекетке кайсы бир кадамы үчүн саясий жоопкерчилигин эскертип, шайкеш кадам - реторсия (айыптоо, зекүү) жасалат. Саясий жоопкерчиликти ишке ашыруучу эл аралык институттар, глобалдык, регионалдык жана утурумдук трибуналдар да бар, мисалы, Нюрнберг трибуналы, Токио трибуналы, Руанда трибуналы Гаага соту ж.б. Кыскасын айтканда, мамлекеттин же эл аралык мамилелердин субъектисинин макулдашылган, кабыл алынган эл аралык эрежелерди бузгандыгы үчүн саясий жоопкерчилиги алакалардын башкы принциби болуп эсептелет.

Дүйнөдө саясий жоопкерчиликтин теократиялык, автократиялык жана шарттуу түрдө демократиялык үлгүлөрү бар.

Теократиялык режимдерде мамлекет башчысы, падыша кудай, жараткан алдында гана жооп берет. Болду. Автократиялык өлкөлөрдө мамлекет башчысы эч кимдин алдында жоопкер эмес, бирок анын алдында баары жоопкер. Демократиялык режимдерде саясий бийлик эл алдында жооптуу болууга тийиш. Бирок айрым бийлик башындагылар, саясаттын акторлору жоопкерчиликтен ар кандай жол менен буйтаганга аракет кылышат. Демократиялык система өркүндөгөн сайын жоопкер саясий институттар да арбыды. Ошого жараша саясий жоопкерчиликтин партократиялык жана олигархиялык моделдери пайда болду. Саясий ишмерлер эл алдында жоопкермин дегени менен чындыгында саясий партиянын, топтун, уюмдун, финансылык корпорациянын, кыскасы кайсы бир уюшма топтун алдында жоопкер. Ошол топтун колундагы куурчакка айланат. Мындай көрүнүштөн Америка да куру эмес. Ошондуктан аларда айрым президенттерге импичмент жарыяланып, аткаминерлер ызы-чуу менен кызматтан айдалып турат.

Айрым орус аналитиктери Россияда саясий жоопкерчиликтин олигархиялык жана автократиялык аралаш модели өкүм сүрүүдө деп эсептешет. Түркүн механизмдерди, шылтоолорду ойлоп таап, ошол шылтоолорду юридикалык жоболор менен мыйзамдаштыруу аркылуу жоопкерчиликтен качуу ыкмасы эӊ кеӊири тараган ыкмалардын бири деп эсептешет саясат талдоочулар. Билими тайкы болгон менен биздин айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер, кызматкерлер муну абдан мыктап өздөштүргөн. Ал механизмдерди, жоопкерчиликтен буйтап кетүүнүн тажрыйбаларын өзү билбегени менен билимдүү инсандарды жалдап болсо да үйрөнүп алышкан. Билимдүү дегендери да митаам кеӊешчилеринин акылы менен эч нерсеге жооп бербей тышта жүрөт, билимсиздери кара күчкө салып, мамлекеттик бийликтин алсыздыгынан, а балким бийлик башындагылардын кайдыгерлигинен же кызыкчылыгы башка болгондуктан эч тоотпостон ээн-эркин жойлоп жүрөт. Саясий жоопкерчиликти мындай коёлу, укуктук жоопкерчилиги каралган, соттолгон жарандарыбыз жазасыз калууда. Израиль мамлекетинин "Моссад" атайы кызматы нацист, еврейлерди геноцидине активдүү катышкан Адольф Эйхманды 1960-жылы Аргентинадан башка ысым менен жашынып жүргөн жеринен издеп таап келип, соттоп, еврейлердин Рамла шаарында дарга аскан. Албетте, Аргентинанын өкмөтү өз убагында кескин нааразычылыгын билдирген. Еврей расмий бийлиги көрүнгөн шылтоону айтып, танып же буйтактаган эмес, кылганын мойнуна алган. Бирок кийин Аргентинанын премьер-министри Адольф Эйхманды уурдап кеткен айыптоолору негизсиз экендигин Тель-Авивге иш сапары убагында билдирген.

Албетте, Израиль мамлекети эски нацисти башка бир мамлекеттин аймагынан уурдап келгенине суктанбайлы. Бирок еврей геноцидине күнөөлүү, Нюрнберг процессинде жазасыз калган аскер кылмышкерин чейрек кылымдан соӊ еврей жеринде эл алдында жазалоо актысын ишке ашыруу менен коомдун көксөөсүн сууткан. Еврей элине кастык кылгандар эртеби-кечпи баары бир жазасын алат, Израиль мамлекети еврей элинин кызыкчылыгын кай жерде болбосун, кандай жол менен болбосун коргой алат деген ишенимди жараткысы келген. Еврей өкмөтү ушундай миссияга жарактуу экенин демонстрациялай алды. Анан ким эсептешпейт Израиль менен? Ушул операцияны уюштуруу менен еврей өкмөтүн жетектегендер саясий жоопкерчиликти мойнуна алды да татыктуу жооп берди. Азыр да качпайт, танбайт. Тескерисинче, сыймыктанышат. Мына, саясий жоопкерчиликтин үлгүсү.

Американын атактуу президенти Жон Кеннеди аскер күчтөрүнүн, чалгын кызматтарынын, саясий топтордун жана алардын артында турган ири корпорациялардын басым-кысымына карабастан Кубадагы СССР менен АКШ тирешүүдө куралдуу кагылыштан баш тартып, өзөктүк согуштан дүйнөнү сактап калган. Ушул кадам саясий жоопкерчиликтин накта үлгүсү. Андан тышкары, президент Кеннеди өзү өкүлү болгон финансылык, согуштук-өнөр жай компаниялардан көз каранды эместигин далилдей алган. А балким дал ушул өлкө алдында, эл алдында, ири держава болгон соӊ дүйнө астында жоопкерчилигин сезген, аны колдогон ар кандай күчтөрдөн көз каранды эмес президентти дал ошол эркин саясаты үчүн атып өлтүрүшкөндүр.

Жоопкерчилик дегенде эле укуктук жазаны түшүнбөшүбүз керек. Бул ири алдыда нравалык императив, моралдык баалуулук. Мисалы, билим берүүгө же калктын саламаттыгына жооптуу кызмат адамын жалпы билим сапаты же жарандардын ден соолугу үчүн укуктук жоопко тартуу кыйын. Кызмат адамы өз жоопкерчилигин сезмейин ага озуйпа артуу мүмкүн эмес. Ошондуктан өзүнө жүктөлгөн кызматты, мойнуна тагылган миссияны аткаруу милдети - саясий жоопкерчиликтин предмети жана маӊызы. Саясий жоопкерчиликти принципке айлантуубуз керек, а принципти реалдуу ишке ашыруунун механизмдери, жол-жоболорун, критерийлерин, үлгүлөрүн иштеп чыгышыбыз зарыл. Ансыз жоопкерчилик түшүнүгү менен кызыл кулактык кылып, мына, эл алдында жооптумун, эл талап кылып жатат деп, кыйкырыгы таш жарган уюшма бир ууч топту эл атап, өзү көксөгөн мүдөөсүн элге жамынып ишке ашырган учурлар да кездешет. Айрыкча Кыргызстанда мындай көз боёмоочулук адатка айланган, кеӊири тарган көрүнүш.

Ошондуктан саясий жоопкерчиликти тереӊ изилдеп, мыйзамдаштырып, коом үчүн түшүнүктүү, саясатчылар үчүн милдеттүү эрежеге айлантышыбыз керек. Моралдык жана укуктук жактан бекемдешибиз керек. Бул татаал, бирок зарыл иш. Саясий бийликке ээ адамдардын чечимдеринин жана аракеттеринин коомго жана өлкөгө терс таасири, зыяны, залакасы саясий жоопкерчилик катары каралыш керек. Саясий жоопкерчиликтин субъекттери - албетте кызмат адамдары, саясий жана коомдук уюмдар же жеке адамдар. Президентти, парламентти эл шайлаган, демек эл жооптуу деген куйтулукка жол бербөө зарыл. Шайлоодо берген убадаларын аткарбай коюу же жалган убадаларды берүү Германияда оор кылмыш деп эсептелет да "алдамчылык", "көз боёмоочулук", "шылуундук" (мошенничество) беренелери менен жазаланат.

Конституцияда жок укуктарды ээлеп алган, өзүнө керектүү партиялардын жана күн карамалардын парламентке келишине шарт түзгөн, жол берген президент, милдетин аткарбастан президенттин оозун караган, ансыз куурай башын сындыра албаган, укугу болгон менен эрки жок шалтурук өкмөт, мандаты туруп айдама же шылуун депутат үчүн партия, паракор же караӊгы министр үчүн өкмөт, элдин ыркын кетирген, аброюна көлөкө түшүргөн өкүлү үчүн коомдук уюм жоопко тартылышы абзел. Мына ушул нерселердин баары саясий жоопкерчилик тууралуу келечектеги мыйзамда камтылганы туура.

Саясий жоопкерчилик нравалык баалуулукка, ишмердүүлүктүн императивине, коомдук эрежеге айланмайынча өлкөбүз көйгөйдөн башы арылбайт, алга озбойт. Мындан ары мындан да начарлайбыз. Дагы бир нече жылдан соӊ да көрүнгөн шылтоону айтып, системаны күнөөлөп, алакан жайып аш сурап, аягыбыздан тайып ат сурап отуруп беребиз. Жеттигип бүткөндө чыдамы кеткен эл козголот. Анан кайра баштайбыз...Токтогон жерден эмес, тээ илгери, адеп кадам шилтеген жерден кайра баштайбыз да эски жолго кайра түшмөй. Кербен артындагы төө кербен артка кайрылса гана алдыда болот. Саясий жоопкерчиликтин баркына жетмейин, баасын билмейин көч артында илкип келе бермегибиз турулуу иш.

Би-Би-Си >>>>>

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Окурман

    Атаганат. Жоопкерчиликти мойнуна алган бычакка сап, журт башкараар киши таппай калат деген эмне, ыя?

Комментарий калтырыңыз