Кеңеш Жусупов: Жалгыз арча

Ата-бабам тоо арасына жолун калтырды Таптадык аны. Үйүн калтырды. Кирдик ага. Багын калтырды. Көлөкөлөдүк. Тагдырын тоо ташка чегип калтырыптыр. Күн менен ай астындагы жер үстүндө мээнеттенген, турмуштун өлөрман момундарынын жазгандарын азыр окуй алабызбы?

Анда ошолордун ташка чеккен өмүрлөрү жөнүндө.

Өрөөндөгү сууну жээктеген Дуңкана: «Жолдун үстү-асты чегирткелерге кыргын салган кара чыйырчыктардын ызы чуусуна толуптур, – деп күңкүлдөдү. – Эх, дүйнө сен ызы-чуу, күйүттүү ыйдан бүткөнсүңбү?..»

Дуңкана күнгө даттанды: «О күн, сен да куру... Сордуң-го түгөл. Адамга болушпай, кактадың го... Билесиңби, менин көргөн күнүмдү?»

Күн баарына макул. Күн тоотпойт. Күн дайыма келет. Дайыма күйүткө келет. Анан адамды кантип билбесин. Үмүт дайыма күндү ээрчий жүрөт. Күн үмүттү азгырып ээрчитип жүрө береби? Үмүттүн, күндүн да карманаар, өргүүр жайлары жокпу?.. Силердин убайыңарды көрөбү деги адам?

Күн келе берчү. Күн кете берчү. Эртеңки күнү бактылуу боломун го дечү Дуңкана. Эртеси күн келчү. Күн бактыны сүйрөп келчү эмес. Сени кайнап-кыйнап, ага табасы канбай, эртеңкиге жалган убадалашып кете берет. Ал — дудук. Ал – туман. Ал — кайткыс ооруга окшош. Күн жөнүндө ушундай ойлойт Дуңкана.

Күн билет анын тагдырын. Сахнада жан-дили менен ойногон трагикти кантип билбесин, Трагик монологун айтып койду: «О күн, сен да куру...»

Жол кечмеликтен өйүзгө өтүп, төө куйруктуу төштүн таштуу кыясы менен жонго чыкты. Ары тоо башталат. Чубалган учуна жол адамды жетектеп жүрө берди.

Оң ыптада кызарган сепил таштар. Аларга кан чачырагансып, мала-кызыл. Ар кайсы агарган жеринде дубалап салгансып, көгүчкөндөр үргүлөп отурушту. Канаты болсо да, ушу макулуктар кең ааламдан коркуп, бүжүрөп, капаста коргологонун карачы, бечаралар.

Желе тартым жерден куюн жутунду. Дуңкана тизгинин туура тарта качты. Ойноок чагылгандын жолу менен куюн бураңдады, шуңшуйган кара тоонун чокусундагы ак карга дал келди. Аны өчүрүп салды. Куюн жогорулаганда ак чоку кайра тартылды. Жолдон тоскон каскакты илгебей бир кылчайып, бастыра берди атчан.

«Өлүп баратсаң суу тамызар чыкпайт ко” деп койду Дуңкана. Кана болбосо, кочуш дандын айынан Сактанбектин жалгыз торусун сурады. Тойтуктан сурагандан көрө таштан сура. Шорпо-шолоңго катыктагандай чымчым талкан табылса, эне байкушка чаңыткытып берсем кантээр эле деген үмүт да. Тамырчыга карматса ушундай дебедиби. Ууч талкан табылбады. Адамдардан ырыскы качты. Бул дүйнөдө жалгыз гана адамдын сурагандан көңүлү кала элек чыгар. Мамбеткан Тойтуктун кордугунан кайырчы болуп калган Мамбеткан. Айыл пааналап, көрүнгөндөн «садага берчи», деп элеңдеп алат Колуна тийе электе шарт бурулат да, башка бирөөнө кыйкырат: «Ай, садагаңы берчи». Ит жолукса тапкан-ташынганын сала берет. Айылдагы иттер аны жабалакташа ээрчип алышат, көрдү дегенче, куйруктарын шыйпактатышып алдын торой чыгышат. Мамбеткан гана эртеңкиге кайыл жашайт...

Мындан ары тоо кетет. Колунда барлар, алдуулар,—бөксө тоолор. Ар кайсы жерде журттар калыптыр. Кырка-кырка жашыл тоолор создуккан. Бирин-серин арчалар. Жол кырдап жүрүп отурат. Жол алдында капчыгай. Карагайдын баштары көрүнөт. Каргалар конуп алыптыр. Тигил өйүздүн төрүндөгү көл көрүндү. Бул жерде «пайгамбардын келиндери» — аңырлар айланышат.

Жол таманынан көгөргөн жаш арчалардын арасында бийик куу арча селейди. Жалгыз. Ага боор ооруп койду Дуңкана. Желге желпинтээр бүчүрү кана?! Тарбаят. «Сен мага болушуп жүрбө, - деди Дуңкана жалгыз арчага,— өчүмдү алып мага бакыт берип жүрбө!?»

- Сен мага болушуп жүрбө, жалгыз арча... Күндөн го түңүлдүм...

Торунун куйругунан топ тал кылды сыдырып колуна ороду. Тору кайыша кыйкаңдай түшүп оңолду. Кыл колдо калды. Жалгыз арчанын сенек бутагына торунун куйругун салпылдата байлады.

Бөксөдөн айыл көрүндү.

- Тойтуктун тоосу...

- Тойтуктун малы...

- Тойтуктун үйлөрү...

«Сеники кана Дуңкана? Буюрган эмеспи сага?..» Жерди орой карады. Чөбүн аткыды. Алымсынбады. Жерди тээп жиберди. Көксөсү суубады. Анан токмоктой берди.

Игхи! Жер — пил. Тоотпойт аныңды.

II

Айылга жеткөн кабар жөнүндө. Ал ай нуру тоолорго тийгендей жылып тарагандыр. Эликтин түнкү бакырыгындай угулгандыр бу кабар же кургак чөлгө жыгылган бир байлам булактай билинбей жайылгандыр.

 

Имишти Базарбай молдо укканда парсын таштап Дуңкананын үйүнө барды.

Базарбай төрдө жаткан оорулуу кемпирдин жанына отурду.

— Салыйка, кантип калдың?

– Кудая шүгүр, молдоке...

«Жакшы дей берет. Өлүмдө жатса да жакшы дей беришет»,— капаланды Дуңкана. Буга эки жылдан бери жалынып-жалбарып жүрүп, энесине дем салдыра албай койбоду беле. Эми көр!

Базарбай кемпирдин тамырын кармалап, теспесин эрмектеди.

- Салыйка, суугуң өтүнүптүр.

«Ыйманыңды жебе!»

Кемпир байкуш тамтыгы жок төшөктө онтойт. От ичкелештирген таш-пышын көп тарткан уулун жалооруй карайт.

– Эл эле уу-дуу— И, айтчы, өз оозуңдан угайын дедим балам.

«Калп деп турасың го! Өнчү жерди билесиң сен да, жуукур». Ары митаам, ары аңкоо молдону байкайт Дуңкана.

Анын көзүндө от ойноп турду.

- Кечүүдөн өтүп, кыялап келаттым. «Жакшынанын» кырынан ак тайлак алдыма түшсө болобу. Жака-белден төө, киши деле көрүнбөгөн. Көрүнчүсүбү деп, келме келтирдим. Тобокел деп бастырдым. Тайлак туу жондогу куураган жалгыз арча бар го, ошону үч айланды да, кайым этти. Качып жөнөбөй, түшүп куран окудум. Бастыра берерде тайлак боздоду. Артымды карасам, карагайдын учуна чейин келгенимди бир билемин... Көзүмдү ачсам талаада жатамын...

Кемпир кургур уулуна үмүткөр каранат.

Молдо куран окуду.

– Тайлак — жалгыз арчанын ээси. Мазар тура. Баарыга көрүнө бербейт. Кудайдын амири. Сенин атаң да бакшы чалыш неме болчу. Азыр сага өткөндүр — а. Ие, бата ал, элден...

Эртеси Дуңкана Тойтуктун койчусунун жалгыз улагын алды. Тим болмок. Кемпир безилдеп болбоду. «Мүмкүн ошол улак башка үйүлгөн балааны айдап кетээр» деди. Соор менен белин кынжырдай бууп, теңселе тешөктөн турду. Казан-аяк ташыган унаа менен эптеп келди.

Тойтук айткандан кийин айылдагылар самсып жөнөштү. Кемпирлер сокпой калган өрмөк үстү эми балдарга тийди. Тополоңдун артынан иттер менен аралаша Мамбеткан кетти. Топтон обочолоп, тургандарды «Силер жиндисиңер» деп мазактап, иттерден сөөк талашып обочодо жүрдү.

Ойдон келген шакылдак сагызгандар арчалар үстүнө жакындай конушту. Айры куйрук, жорулар опур-топурга айланат.

Базарбай куран окугандан кийин келгендер жалгыз арчага  чүпүрөк байлашып, арчанын коңулуна колдо барларын ырымдап ташташты.

Арча жаш баланын түшүнө кирген жезкемпирлерге окшоду. Кечээ эле талаада калган куу сөөктөй капарга алынбаган эме, азыр элди чөгөлөтүп, сыйынтып жатты өзүнө.

III

Кайрадан эртеңки күн жөнүндө. Ал чубалжып кайрадан келет. Кайрадан күдүрөгөн турмуштун зындан таштары үйүлөт башка. Кайрадан безгек турмуштун беймаал куру талаштары. Опасыз дүйнөнүн эртеңки бактысыздгын күтмөй.

Тоолордон өрөөнгө көлөкө түшүп, бээлердин бир сааны калган. Тойтуктун жанында беш-алтоо мамыры жыттанган дөбөдө малдын жайыты жөнүндө кобурашты. Дуңкана ошолорго бара койгон курган жаны.

- Кыядан үч киши түштү, — деди аңгыча,— бу кимдер?

Үч караан жакындады.

- Сапарбай шөкүлдү. Баягы жээн.

Тойтуктун мындайыраак жэээни. Эр жетип турган кези чамгарактап. Күн өткөрүп айылдан-айыл кыдырып, куш салып, таякесинин аркасы менен күүлдөмөйү бар. Ай кашка аты тобурчак сындуу келишимдүү. Байчертмегинен жазбай, жалын силкип, жерге тийбей ойсоктойт. Жанындагы эки жигити ага жете бербей салпакташат. Жээн бээ саадырган келин-кызга кылчактап, ансайын атын ныкый теминет.

- Ай кашканын көкүлүндө от күйөт. Көрдүңбү?

Отургандар жолоочуларга жабырай карашты.

- Тигине от соорусуна барды!..

Дуңкана сообу? Не болгон буга?

- Як, койчу!..

- Мен анда көрүп турамын. Тигине, тигине ботом... Ай кашканын жалына келди, — деди Дуңкана көрөгөч.— Соо болбойт ко бул атың...

- Сенин олуялыгыңды анда көрө жатарбыз, — деди отургандардын бирөө. Мазардын ээси бекер көрүнбөгөндүр саа...

Көлөкө түшүп кулундар агытылды. Отургандар этек-жеңдерин кагып үй-үйлөргө басышты.

Кырда сокойгон караан Мамбеткан. Бечарада күн менен түн сыяктуу. Кээде кадимкисиндей. Кээде чечинип алып кырлардан соксоңдоп элирип чуркайт. Азыткысы бар деп коюшат.

Ит жоголсо жоктомой бар, а Мамбеткан жоголсо издемек кайда.

... Түн ортосунда кара алачыктан Дуңкана сойлоп чыкты. Ай батайын дептир. Ушунуку өттү. Кабактагы токулуу аттын бирин минди. Демейдеги сак кулак иттер үрбөдү. Саз башынан коктуга түштү. Өңөргөн союлу бар.

Ай кашка кеч отко коюлган көрүнөт. Өтө узабаптыр. Дуңкананы көргөндө жаман жорукту сезди белем, адамга үйүр Камбар атанын тукуму селт дей түштү. Тушалуу жаныбар жалт берди. Бышкырып, коктуну көздөй өкчөңдөдү. Атчан кашкага демите жете келгенде чалманы торой ыргытты. Ай кашка качырган адамдын арканына тегеренди. Жөргөмүштөй жылып келе жаткан адамдын сүрүнөн мал жаныбар удаа-удаа кишинеп, куюндай ойноп турду. Аркан улам жулкунуп, аттын башы атчанга оюнчуктай тартылды. Ай кашка мүдүрүлүп, оңкочук атты. Көрсө, Дуңкананын көк союлу шилтелиптир.

Тыбыраган аттан арканды сыйрып, канжыгага олжодой салпактата байланды. Малга кароо жан эле Дуңкана. Эми, жаны чыгып бараткан ак малды адалдап, кулагын жара тилип койгонго жарабады го чиркин.

Коктудан чыкканда гана айылдын иттери үрдү.

Муңайым айдын сапары арыптыр. Көк асманга ширеле кадалган алтын жылдыздар жыбырап туйлап калышты.

Кайрадан момурап эртеңки күн келет. Эч күнөөсү жоктой, көлөкө сыңары басып калат. Ал кечөөкү бактысыздыгын сүйрөп алган. Кечөөкү кереңдиги. Кечөөкү жуукурлугу. «Эртең жакшы болор бекем» дедирмеги...

Сапарбайдын аты өлгөндөн кийин Дуңкана бат эле бакшы атка конду. Молдо жокто ар кайсы чакырган үйлөргө дем сала коёт. Жалгыз арчага сыйынып келип-кеткендер Дуңкананын кабарын жерге батырышпай, деле көкөлөтүп жиберишти. Сайышта өлгөн Асанбайдын Дуңкана деген уулу болуптур. Эмдигиче аял албай жалгыз энеси менен жашаптыр. Кезегинде Тойтуктун токолун алганы жүргөн дешет. Күндөрдүн биринде жалгыз арчанын ээси көрүнүптүр ага. Сүйлөшкөн имиш. Тумар чийип бериптир. Ошондон кийин бакшы болуп кетиптир. Адамды көрөр замат пешенесине жазганын окуп берет дешет, ботом. Айтканы айткандай, дегени дегендей төп келип жатыптыр. Төгөрөктүн төрт бурчунан барат экен эл...

Ат туягы жеткендер антип «Самаркандан саман учурушса», беш белес ашкандар үйгө отургузбады Дуңкананы.

IV

Күкүк менен Зейнептин жомогу жөнүндө. Жер үстүндө Күкүк менен Зейнеп деген бирине-бири жетпей зарлаган куштар жашашат. Бирөө көрүнгөн тоонун берки бетинде, экинчиси тоонун аркы бетинде жүрүшсө да, алар ушуга дейре жүз көрүшпөптүр. Куш болсо да кантсин. Алар жетүүгө канчалык зар тилешип, далай жолу асманга учушуп, далалат кылышат. Кара ниет тоо улам бийиктеп, жолду бөгөп каргаша болот. Алардын тагдырына ушундайча жазылыптыр: табышпас болушуптур. Экөө биринин атын бири жер каймактагандан бери зарлап чакырып келишет экен.

Дуңкана кабактагы бийик өскөн ат кулак арасында булакка түшкөн кыяны тиктеп жатты.

Асманда бүркүт шаңшып айланат.

Жерде кумурска уясына курт ташып бара жатып, жолдо бели сынды...

Чака алган аял үйдөн узады...

- Сейнеп!..

Дүйнөгө назарсыз аял жыт сезген кийиктей тикчийди.

- Менмин. Бери бас!..

Аял кургур кантсин, учуп жетти. Жашырынган эркектин кучагына боюн таштады.

Ах, дүнүйө жыргалы ай! Ах, дүйнө жыргалы ай! Бу дүйнө курсунчу. Ээ, жараткан, сен кучакташууну, өбүшүүнү гана берчи! Арманды, күйүттү жоготчу!..

Сейнебим, менин Сейнебим! Эсиңдеби! Эсиңдеби жашыл коктунун ичинде көпөлөк кууп, гүлдөр терип ойногонубуз? Тиричилик бизсиз өтпөчүдөй болгону эсиңдеби?! Сейнебим, менин Сейнебим, менин сүйүүм сенден башталып, сенден бүтөт...

Бозоюм, менин бозоюм! Сен бар, мага күн бар дечү эмес белем! Менин жоготкон барчыным, учурган торгоюм, баарысы эсимде. Бакты табабыз деп качканыбыз, укуругу узун Тойтук оңбогур кармап, сени өлтүрөбүз дегени, мени зордоп малга сатканы эсимде. Эмне үчүн жаралдык экен. Бу куу дүйнөгө!?.

Сейнеби ыйлап жатты эрдин көкүрөгүндө.

Дүңканасы сооротуп жатты жаш аял жүрөгүн.

Өксүп кал, Тойтук. Өксү! Балыкты суудан чыгарып, жээкке таштадың. Көпөлөктүн элпек канатын кыркып койдуң. Гүлдү таш менен бастырдың. Кийиктер чуркаган тоо үстүнө келген айды тутулттуң сен! Айга, күнгө окшош Сейнеп менен Дуңкана да бирөөлөрдүн жалгыздары эле го! Өксүп кал, Тойтук! Өксү!..

Бул өрөөндө тулпарлар тушунда туйлаган. Бул өрөөндө кылычтар жалаңдаганда, жаанын учу уулуу чыккан. Бул өрөөнгө жут келгенде карышкырлар короого түшө качып күч эле. Эй-а, адам бактысын байлаган кара ниеттик тажаал чыккан.

Тулпарлардын туягы адамдын башын чыркырата басса да, эч качан анын көңүлүн тепсеп кетпес. Кылычтар адамдын башын сары чөптөй шыпырса да, жаанын учу жүрөктү тешсе да, адамдын сүйүүсүн, үмүтүн, кыялын соолто чукуп салбас. Бул өрөөнгө адам курсагына жут түшөөр, жаш көңүлгө түк жут түшпөс. Оу, суу соолуп, тулпар туягы талыыр, жаанын, кылычтын күчү кайтаар, акыры адам көңүлү карыбас, өлбөс!..

Тоолорго бүркүт айланып тоорулду. Канатын куушурду. Шуулдактан бадалдагы элик элеңдеди. Ээрчиген улагы эч нерсени сезбеди. Ал аңгыча болбоду, бүркүттүн тырмагына кетти макулук!.. Дүйнөдө эч нерсе болбогондой... Ылаачын шыраалжын башындагы капарсыз сайрап турган чымчыкты илди, уясында балапандардын канаты жетилбей чыйпылдап калышты... Дүйнөдө эч нерсе болбогондой... Ушул өрөөндөн Тойтук ата-энеси жок Сейнепти тайлакча боздотуп токолдукка алды... Дүйнөдө эч нерсе болбогондой...

Жер үстүнөн Күкүк Зейнебин жоктойт! Өксүп кал, Тойтук! Өксү!..

— Өз колуң менен өлтүрчү.

- Оозго алчу сөзбү ушул!

- Кийинчерээк оюма өлүм кирет... Сенин колуң барбаса өз жанымды езүм кыям...— Аял жалооруй сүйлөдү.— Сен гана кармап турасың. Жер үстүндө сенин болуп калганыңа ыракмат. Жаратканга сен үчүн гана ыраазымын. Ошончо бактыны айтып койгонго дагы шүгүр...

- Көлгө качалы...

- Тойтуктун жетпеген жери барбы? Экөөбүзгө мейли эле. Оорулуу эне байкушчу. Эки кадам бассак, Тойтук жетет. Энесиз бактылуу болбойбуз, Дуңкана.

- Анан бу дүйнөгө кантип жашоого болот?! — Жигит душманга туу таштагансып жерге башын салды.

Ой, жер! Ой, кара мүртөз жер! Сага булуттун көз жашы жетишпейби! Эми сага адамдын көз жашы керекпи? Эми сага Дуңкана менен Сейнептин көз жашы эле калдыбы?

Аял этек-жеңин күбүндү. Булакка түштү.

Жигит солуп жата берди. Анын шилисинде канатын каккан күйкө гана шылдыңдап турду. Кошок менен коштогон көч боздоп өтүп баратты... Аялдары кара жоолук салынган көч. Чубалжыган кайгы. Аялдардын созгону кайгынын кошогу.

Дуңкана башын көтөрдү.

Көк асманды көтөрүп турган арсак-терсек улуу тоолор мистейген... Силерде адам сүйүүлөрү... Силерде адам күйүттөрү...

V

Кара чаар жылан үйдүн керегесине оролуп калыптыр. Жамандыгынабы же жакшылыгынабы мунусу?.. Салыйка баканга илип, кабакка таштайын деди. Жылан чыкпай койду. Кемпирдин шаштысы кетти. Табакка сүт куюп келди. Ак чачты. Ошондон кийин гана жылан жумшардыбы керегеден түштү. Табактагы сүттү көмөрүп ичип таштабаспы! Туруп, көздөн кайым болду. Салыйка табакты алайын десе, түбүндө тыйын жатыптыр. Караса алтын экен, укмушуң куру! Салыйканын ушундай түшү жөнүндө.

Түн чоюлган жылдыздуу кара этегин тоолордун үстүнөн кыпындай жылчык чыгарбай таштап койду. Ошентсе да адам түйшүгү түгөнбөй калсын... Адашкандарга белги койгонсуп, туурдуктун жыртыктарынан чыккан оттун карааны тээ алыстан бүлбүлдөйт.

— Уктай албадым,— деди Салыйка оодарылып.

- Эмне үчүн? — Жыртыктан жылдыз санаган уулу бейкапар сурады. «Түндөн тажады го.»

- Жүрөгүң дагы кысабы?

- Ыраматылык атаң байкушту эстейм.

«Жакадагыларга караганда тоо башындагылар жылдызга бир кадам жакын го, — деп ойлоду Дуңкана.— Жерде алтын жылдыздар чачылып жатсачы. Анда да жетишпес оокат өтмөк.»

- Бүгүнкү күнү атаң өлгөн. Аяк оонанын бир жаңысында. Ала көөдөк эмес беле, шордуу. Сайышка Тойтук тукуруптур. Кеч бешимде Жамалбек келип Асанбай ооруп келе жаткан окшойт деп үйдүн жанынан үңүрөйүп бастырып кетти. Сездим балээни. Кечинде атка таңып келишти. Өлгөндүн өз шору экен да. «Дуңканамды адам катарына кош» деп какшаган...— Кемпир экинчи оодарылганга чейин унчукпады.— Ошондо Тойтук, ий,— капыр, «Асанбай байгеге жыкты, мени, Мамай тукуму тогузду төлөгүлө» дебедиби. Дагы журт, айланса болот, эптеп алты бодого түшүрдү. Мына мен өлгүчө, сен ушунча болгуча моюндагыдан кутулбадык. Тойтук шум канча адамды кишендебеди...

Эртеси Салыйка көжөрдү:

- Түндө түш көрсөм Асанбай кирди. Жалгыз арчага сыйыналычы...

Баласы көкүрөгүн дарт баскан энесин аяй тиктеди.

- Конуп-түнөп сыйынып жүрөт жумурай журт, баралычы, уулум.

Кемпир көптөн бери какшайт муну. Кайрадан оорусу күч алды. Түйтөйүп деле үрөйү учту. Уулу энесин дүйнөдөгү эч нерсеге кыйгысы келбейт. Жалгыз медерин далысына таңып, ааламды алты жолу айланып чыгар эле.

Айдын жарыгында кемпирди атка таңды. Атты жетелеп, Дуңкана жалгыз арчага келди.

Кемпир кургур куран окуп арчанын түбүндө. Оорусуна эм, жалгыз уулуна бакыт тилейт.

Жалгыз кемпир. Жалбарат.

Жалгыз арча. Местейет.

Дуңкана экөөнү окшоштурду. Бул экөө арбашып жаткандай.

Тээ түн бир маал. Кемпир кирпик ирмебейт. Дагы эле арбашат. Ал жалгыз арчадан аян күтөт. Ах, байкуш кемпир... Уулу аяйт энесин.

- Уктуңбу?— деди уулу энесине.— Тыңшачы, чакырып жаткансыйт!?

Кемпир кулагын түрдү.

- Тигине!.. Тигине!..— кемпир тура калды,— уктум...

А, кемпир карып... Төмөнкү карагайдан эликтин бакырганын айра албады. Кантсин, карыптыр... Аян берди деп сүйүнсүн! Дуңкана энесине калп айткан жан эмес өмүрүндө. Бул сапар ичинен алдадым деди. Карыганда, өлөр алдында, таап алган жакшы олжосунан айыргысы келбеди.

Таңга жуук кайтышты эне-бала.

Салыйка кирип-чыккандарга жалгыз арча аян берди деп жатты.

VI

Ушул маалда канаттуу арча-карагай пааналап, бутактарында бөгүп куш уйкуларында чыгар.

Бир гана жалгыз арчага куштар түнөшпөйт.

Ушул маалда күндүзгү түйшүгүнөн сергиген жан-жаныбар жай тапкан чыгар.

А Мамбеткан жайсыз. Шорлуу жалгыз арчага боору ооруган Мамбеткан жөнүндө.

Түн кезегин күнгө бербейт. Кайрадан торун жайып түнөрөт.

Дуңкана жыттуу арчанын түбүндө кулуят. Өткөнүн ойлойт. Кайдандыр өзүнүн ыйлаган кейиштүү үнүн угат. Адегенде наристенин ыйы, бара-бара созулуп чоң кишиники. Өмүр канча узак болсо, ый да ошончо чубалжып басылбайт.

Жалгыз арча селейет таш үстүндө. Ал да ыйлайт. Жалбырактары болсо ыйлабайт эле.

Караңгыдан жылгыз караан сорок деп чыга калды. Мамбеткан. Арчаны айланды. Тизелеп көпкө олтурду.

- Соомун мен. Качпа, жалгыз арча. Куландай соомун. Мени жөн гана жинди кылып жиберишпедиби!.. Тойтук сабаткан. Билесиңби?.. Уктуң беле? Сен мага болушпайсыңбы?! Мен киши болбоюмбу!.. Айтсаң!?

Арчаны кучактады.

Дүйнөдө бейкут тынчтык.

Таш да, арча да, Дуңкана дагы катып калышты.

Бул жан айласына Дуңкананын оозу ачылды.

- Арчасыңбы сен! Арчадай кейпиң барбы?..

Үн: Арчамын. Болгондо да касиеттүүмүн.

Мамбеткан ха-халап каткырып тирилди.

- Дарагың бачырап көгөрбөсө... Ырымга жашыл... бүчүрүң болбосо... Канаттуу корголой албаса... ушу да, арчабы — я?!. Э-ээй,карагыла муну!.. Арчамын дейт. Касиеттүүмүн дейт. Ай, кызыгың соолгурай!.. Ха-ха!

«Ха-ха!..» — Тоолор коштоду.

Мамбеткан арчанын чүпөрөгүн жулкуп бутактарын сындырып ийди.

- Мен Мамбеткан, кудайыңмын! — Тоону жарып каткырды дейсиң!— Ээй, иттерим, талагыла мобуну! Алгыла!..

Дуңкана тайлакча боздоп койду.

Мамбеткан тоотподу. Арчаны муштагылады.

- Ыйлаба! Ыйлаба дейм! Иттериме талатам!.. Апп!..

Үн: Тийбегин Мамбеткан! Тарт колуңду! Ээси менмин....

- Сен кишиче сүйлөбө! — Мамбеткан сөгүндү.— Өлтүрүп коёмун. Кишилер жок, барысы өлгөн.

Мамбеткан секирип-секирип каткырат. Жаңы жыл тосоордо оттон секирген түнкү тартаңдашкан көлөкөлөргө окшош.

Үн: — Мамбеткан кеткин!..

- Иттер алгыла!.. Ой-да-айт!.. Алгыла!..

Үн: Мамбеткан, тийбе!..

- Оозуңду кара! Жиндисиңби сен? Иттерим ачка...— Тегеректеги сөөктөрдү жыйып, арчанын чүпүрөктөрүн тоноп, Дуңкана жай гана жолго чыкты.

«Үү!..» — Куру калгансып үкү салпылдак коркутту.

Анысын токумушун дебеди Мамбеткан. Иши эмне!..

VII

Жоорулар тарп талашышат. Иттер сөөк талашат. Адамдар эмне талашат? Ошо ач көздөр жөнүндө.

Жайлоонун илеби кайтып калды. «Эл кайда көчөт» ылдый бурду башын. Чөптөргө кыроо турду.

Алыстан аттан түшүп алды бирөө. Улам жалгыз арчага жылып бериледи.

–  Кудай менин күнөөмдү кечир. Кембагалмын тентиген.

Багар-көрөрүм жок...

Дуңкана муну тааныды. Молдо эле. Молдону жин урганбы? Ушунун багар-көрөрү жокпу? Жүздөгөн туяк малы кайда? Не болгон буга?..

- Кечир кудай-таалам. Колумда болсо келбейт элем...

Молдо жылды. Куран окуду. Элеңдеп эки жагын каранды. «Кезекти берди. Сениби, өч алам» деди Дүңкана.

Отура калды Базарбай. Үкү экенин сезгенде гана утурлады. Арчаны сылады. Жараңкасына шап кол салды, кайраным. Андагы шалдырактарды койнуна солоп, шаштысы кетти.

- Кечир кудай күнөөмдү. Мен муну аргасыздан жасадым. Ичээр-жээрге эч нерсем жок. Сообума кал!..

Үн: — Токто, Базарбай!

Базарбай мамыдай катты. Базарбай — таш.

Үн: — Сен Базарбай молдо эмессиңби, ыя?!

Базарбай чөгөлөдү.

Үн: Сенин малың бар эмеспи?.. Жооп бер! Уктуңбу?

- ... бар.

- Үйүң да бар!

- ... бар.

Үн: Кана ыйманың?

– ...

Үн: Айтчы, эмне дейсиң?

- Ке... кечир... кудай-таалам... лй-ли-иллалла...

Үн: — Канча адамды алдадың?

- Куран урсун алдаган эмесмин...

Үн: Жаныңды алам ыймансыз! Далайды алдабадыңбы?

Молдо бышактады.

Үн: Басыл! Чеч киймиңди! Бүт чеч!

Молдо кийимдерин заматта чечип салды.

Арчалардын арасынан калдайган эме...

- Ааа!!!

Үн: Кет, өлө элегиңде!..

Базарбай бети менен тийди. Жан соогалап, жер тырмап тыбырчыктады.

Үн: Жогол дейм!..

Молдо шап тура качып, безгектей түйүлдү.

- Ааа! — Сөлөкөт качып баратты.

Молдо Базарбай беш-алты күн тилсиз жатты. Өлдү акыры. Малдары молдонун артында калды.

VIII

Дуңкана билегин түрө, эңишке чыккан. Кокусунан акырегин сындырган. О, ошондо намыскөй уул ыйлады беле?

Жок!

Дуңкана аюу менен кармашкан учурунда, тоодо үч күн адам караанына зар болуп, ит-куш арасында үч кун, уч түн кокуйлап жаткан. О, ошондо коркуп ыйлады беле?

Жок!

Сүйгөнү менен безе качкан Дуңкана. Экөөнү тең кармап алышкан. Эр жигит төрт жума казыкта чатырата байланып, төрт жума курдай камчыга ийленген. О, ошондо азамат башын ийип, ыйлады беле?

Жок!

Анда эмесе ыйлап жатпайбы азыр! Эр азаматтын ыйы тууралуу.

Түн кирсе таң атары кеч эмес. Таң атса, кеч келери кеч эмес.

А Дуңканага дайыма кеч болбойт. Күн болсо маалкатып туруп алды.

Эликтер өтөктөргө отко чыгышкан маал. Жыттуу арчалардын арасынан үлпөттүү жылдыздар көрүнө башташты.

Чу-чулаган үн. Дуңкана адатынча тайлакча боздоду.

Караан эки киши болду. Эркеги атты байлаганча, аял жылбады. Сактанбек менен аялы — Дилде. Куран окушту. Ай батарына аркан бою калганча, арча түбүндө түнөккө келген куштардай, үтүрөйүп отура беришти.

Арчага жакын аял келди. Ичиндеги бугун эбиреп какшады.

- Я жараткан, айланайын... Эмнебизден жаздык сага. Мынча эмне тагдырга оор жаздың. Боздотуп коёсуңбу ушинтип... Жандууга күлкү бердиң. А бизгечи? Жандууга денсоолук бердиң! А бизгечи? Жандууга бала бердиң? А бизгечи? Барысынан кем айтып коёсуңбу?! Андан көрө жашатпай койсоңчу!?

Сактанбек эр сайыштан жеңилгенсип, таш үстүндө күбүрөп үңкүйөт.

Дуңкананын денесинен жөргөмүш чуркап баратты. Аялдын ар какшаганы зыңылдата башка койгулап кетти. Денесин кайышка карматкансыды. Дуңкана жан айласынан арчанын арасынан бакырып чыгып багынып берчү коркок душманга окшоду. Мамбеткандай ачуу үн менен жалгыз арчаны тегеренип, дейдиленгиси келди.

- Биз да пендебиз го... Эмнеге тегиз бак айтпадың. Бирөөнүн ичи деңиз, бирөөнүн ичи доңуз болду. Бирөөнүн ичерге ашы батпайт, бирөөнө сурарга аш табылбайт. Жокчулук бердиң. Кудуретиңе өйдө караган жан эмес элек. Кем тарттың бактыбызды мынча неге? Эмнеге тирүүлөй куураттың?..

Сактанбек да Дуңканадай кембагал эмес беле. Шордуу. Жашка, жокко тең орток. Дуңкана экөө ымалаш. Жалгыз атын көрүнгөн жакка сурап мине калчу. Жакында Сактанбектикинен оорулуу аялына дем салганын эстеди. Анда алсыз аял Дуңкананын жер сабап чамынганына, алда эмнелерди булдурап, секирип, күрпөң-шарпаң түшкөнүнө көзү жайнай шалдырап отура берген. Дуңкана айылдагылардын жаман алачыктын сыртынан тыңшап, котурашканын билген. Ансайын булардын көздөрүнө көрүнөйүн деп албууттанган. Дилденин оорусуна ылаажы деле болбоптур. Башаламан сөздөр эмненин эмин түшүрмөк!?. Жөн гана Сактанбекти кыйбай барган да. Сактанбек кечке Дуңкананы жылдырбай, этегин бек басып, ыйлап отуруп албады беле!..

— Эмнеге пешенебизге бактыны тайкы кылдың?! Адам деп чын жаратсаң, зар какшаганды укчу?! Жокчулугуңду көтөрөлү деги, шорубуз экен. Айланайын кудай, өзүң бизди пендебиз десең, баланын ыйын угузчу. Биздей байкуштарды жок дегенде куу баш атка конгузбачы?! — Аялдын шорлоп, эринин тизесин кучактап сыздашы Дуңкананы өрттөдү. Жалынга күйдү. Тобо, Дуңкана кадимкидей өрттөнүп баратты. Кайдан чыккан бул аял? Эмнеге өрттөйт адамды?..

Тура калды бир кезде Дуңкана. Муздак сууга чаап алгандай силкинди. Өзүн да, арчаны да, булутту ... көргүсү келбеди. Жек көрдү. Мамбетканды эстеди, кайда ошо? «Жыргал экен ошонуку...»

Дуңкана дейдиленип тоодогу арчаларды аралап, калдактап жөнөдү. Сороктоп чыккан караандар, «карма эле муну, карма!..» деп чаңырып саксаңдап чуркашты...

"Кантет?.. Кантет!.." — Өзүн токтотту ал. Көл-шал болуп кара терге түшүптүр.

Тоолор, карагайлар, арчалар дагы секирип көчүп жүрүштү.

Алыстан кара булут чекесинен төгүлүп кирди. Булут арасында чагылган — от жалын ойноп жүрөт. Адам карагай учуна жеткенче кара булут адегенде талпакка, барган сайын этеги жайылып, качып бараткан качкынга окшоп калды.

Дуңкана отуруп, өксүп-өксүп ыйлап кирди...

IX

Уюган түн. Тозоку түн. Дүйнөнүн өңүн өчүргөн түн. Тоонун көркүн кетирет. Гүлдүн түрү билинбейт. Сулуунун жүзү көрүнбөйт. Түндү муң баскан. Муң адамдын үнүндө. Түн отту баса албаган сыяктуу, сүйүүнү, кыялды, үмүттү баса албайт. А жүрөктөрдү да түн баса албайт. Анда от жүрөктөр жөнүндө.

- Энең жакшы киши эле...

- Жер үстүнө дагы бир көлөкө түшпөй калды! Өүх!..

- Аста...

- Акыбетин кайтарбадым.

- Аялдар талаанын чымчыгыбыз. Уя гана керек... Балапан учурсак каниеттенебиз...

- Барысы тыйпыл. Сенден башка жакшы көргөн эч нерсем калбады.

Тоодон гүл көрсөм сен деп коём. Торгой таңшыса сен деп коём. Булактан суу ичсем сен деп коём. Менин жашоом сенсиң...

- Байкуш энем өлөрүндө «өмүрлүгүңдү тапсаңчы” деген. Акыркы керези.

- Ошент... Мен торгойду жакшы көрөм. Эмне үчүн чындап чымчык болбой калдым экен. Учат элем. Жерге эч качан... эч качан түшпөйт элем...

- Анда деле душманың болмок.

- Жер ушунча тарбы?

- Кантип талпактай тар болуп калсын. Кантип экөөбүздү койнуна ката албасын!? Кантип эле...

- Сен тумтак башкасың. Айтчы, эмне өзгөрдүң? Эмне үчүн? Мынча неге түнөрүп кеттиң? Түндөсү келбейсиң... Күттүрөсүң... Сүйлөчү, үнүңдү уккум келет... Тунжурайсың да түнгө окшоп...

- Көлгө кетели, Сейнеп...

- Эртеңби? Тойтук келгиче... Тойдон жакында келет.

- Душманымдан өч алайын... Анан...

- Жакшылыкпы? Кимден?

- Адегенде өз баласын өлтүрчү жаман ойлуу атадай болдум. Ач душман экенин кийин билдим. Эми өч алам...

- Айлам барбы!.. Таң атайын деди. Тойтук келгиче шаш... Бар! Заки кемпир иттен сак кулак. Аста...

X

Арчалар арасында таштар жатат. Мерес таштар. Жокчулукка, ысык-суукка иши жок, кагыраган таштар. Ташталган жериндө жылбай кала беришет. Түбөлүк кыймылсыз. Алар адам өлгөндө гана үстүнөн үйүлүп сулк басып калышат. Оор басышат. Ушул. Алар гүлдөрдү, арчаларды тепсешет. Ошентсе да кээ гүлдөр, арчалар таштарды как жарып чыгышат. Бали! Таштар аларга туруштук бере алышпайт. Ой- ой-оой! Андай убакта өмүрлөр салтанат курушат. Ташты жарып чыккан улуу өмүр! Биз адамдар таназар албаган улуу жеңиш! Кыска өмүрлөр улуу өмүр сүрдү. Адамдарда ушундай улуу өмүрлөр болот. Ошол өмүрдү сүргөн адам жөнүндө.

Айдын жарыгында Дуңкана солдойгон көлөкөсүн чубалжытып, жол таманында сүйрөп келатты. Аны жаман көрүп койду. «Жалгыз арча да ушу сыңары» деди ал.

Бөксөнүн карагайынын кылда учундагы кайкыга жете бергенде тээ ылдый капчыгайдан аңылдаган жел урду.

Ааламдын айы өжөр адамдын шумдугун көрбөйүнчү деп, булутка жашынды. Жалгыз арча адамды жанына жолотпой, денесиндеги байлангандарын делбектете желпип жанталашты.

- Көрөсүң сонунду, кызталак! Минтип бакпадым жанды! Урдум ошо жашооңду! Дуңкана — көк. Дуңкана — долу.

«Мен сени бакпадымбы. Мен болбосом сага бакыт деген кайдан келмек?» — Жалгыз арча шуулдады.

- Канча адамды үмүткөр кылдың!? Ошончо адам сенден бакты тиледи жалдырап. Эмне дедиң аларга?! Катып калган сага жалынышат. Кайтадан үмүт кылышат. Деле өмүр, бакыт, бала, жан берчүдөй болосуң сен аларга. Тфу!

«Ага сен күнөөлүсүң...»

— Күнөөлүмүн. Мени адамдар кечирсин. Аларды мындай болот деп ойлогон эмесмин. Кайдан билдим куураганда. Мага болушар бекенсиз дебедимби. Тойтук, Базарбайдан өчтү аламын дегем. Алар алдыма жалынып-жалбарып келип, колго түшөөр дегемин. Жаңылдым. Келбей коюшту. Иши жок алардын сени менен. Колунда жоктор гана кыйналды. Мен күнөөмдү сездим. Күнөөмдү жууйм.

«Кантип жууйсуң?»

- Өч алам сенден!..

«Койчу. Сени бактылуу кылган менмин да. Малың болот, байыйсың. Жанымды кой.»

- Кантип мен бактылуу болдум? Сүйгөнүмө жетпейм. Ушу бактыбы? Өзүм куу арчанын ээси болдум, кишилерди алдадым. Сен үчүн ушу бактыбы? Кандай жүзү каралык. Өзүмдүн кыйналганымды билесиңби...

«Дуңкана, ойлон. Адамдар алдап жашайт бирин-бири...»

- Жок. Мен таза жашагым келет. Мейли Тойтук алдасын. Бирок ошончонун кээри чыгат. Адамдарды алдап келгеним жетишет. Эч качан адамдарды алдаган эмесмин. Сен үйрөттүң. Сен кылдың ошону... Мына сага...

«Жан соога...»

Каардуу адам жулунду. Балтасы жарк деди. Төмөнкү капчыгайдан «чак» деди жаңырык.

Илбирстей балта кайрадан шилтенди. Чамындылар туш-тушка зуулдап учту.

«Жан соогалап» жалгыз арча солкулдайт.

- Мына сага... Мына сага... — Кекенди адам.

Дуңкана солкулдап титирейт. Арчалар секиришет. Адам менен жердин кармашыбы?..

— Мына сага ыйык болсоң... Мына сага дүйнө болсоң... Мына сага ач көз болсоң... Мына... Мына...

О, бир оокумда жалгыз арча качырап келип, тулку боюн ташка карс чаап алды. Арча куу бутактарын туш-тушка чачты.

Дуңкана таш үстүндө отурду. Жеңиштен кийинки майдан талаасындагы шер. Балта дүмүргө матыра чабылуу турду. Терин жеңинин учу менен сүрттү. Жап-жаш көк арчаны сындырып кумарлана жыттады.

Адам жаткан арчага душман өлүгүн көргөн адамдай табалай да, жийиркеничтүү да, оңурая карап, теңселе жөнөдү. Ушул кейпинде түмөн кол душманды чаап келаткан сүрдүү эрдин сымбатындай эле.

Дагдайган көөдөнүн желге тосо, шоокум салган таңды көздөй баратты ал. Таң атайын дейт. Ай сулуу батпай калчу болду. Мейли. Аны күн өрттөп кетет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз